Сарай айылдык кеңешинин «Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XVI сессиясы 2022-жылдын 18-ноябры № 3 Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №131 негизги мектебине балдар үчүн ашкана куруу жөнүндө Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылындагы ата-энелердин суроо-талаптарын эске алып, мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу максатында Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык кеңеши токтом кылат;
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Присавай айылындагы ата-энелердин суроо-талаптарын эске алып, мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн мектепке ашкана курууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы №376 токтомуна жана “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө Типтүү Жобого” ылайык Кара-Суу районунун өнүктүрүү фондуна айыл өкмөтүнүн долбоорун киргизүү Сарай айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетектөөчү адиси Э.Токуровго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы
А.Салимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-октябрындагы № 220 "Региондорду…Постановление · 12.07.2022 · № 376 · Күчүн жоготкон