# Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-февралындагы № 14 "Алга айыл өкмөтүнүң мобилизациялык даярдык жана "Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга даярдык көрүүгө чыгымдар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-февралындагы № 14 "Алга айыл өкмөтүнүң мобилизациялык даярдык жана "Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга даярдык көрүүгө чыгымдар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/177935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14063/edition/1272794/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-февралындагы № 14 "Алга айыл өкмөтүнүң мобилизациялык даярдык жана "Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга даярдык көрүүгө чыгымдар жөнүндө" токтому (04.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/177935

---

АЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Алга айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги он үчүнчү сессиясы 2023-жылдын 4-февралы № 14 Алга айыл өкмөтүнүң мобилизациялык даярдык жана “Коопсуздук-2023” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга даярдык көрүүгө чыгымдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө”Мыйзамынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы № 125 Мыйзамына ылайык (КР 2008-жылдын 13-октябрындагы № 209, 2013-жылдын 30-июлундагы № 174, 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 Мыйзамдарына ылайык Алга айыл өкмөтүнүн мобилизациялык даярдык жана “Коопсуздук-2023” биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга даярдык көрүүгө чыгымдар жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Алга айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө” 1998-жылдын 30-сентябрынлагы № 2125 Мыйзамынын 14- беренесинин 3-бөлүгүнө негиз аймактык коопсуздукту сактоо боюнча Алга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты ажыратылсын.

2. Токтомдун аткарылышы Алга айыл өкмөтүнө (Ж.Дыканов) т апшырылсын.

.3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрайым:

Р .Арынова
