# Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3 "Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3 "Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/177914>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14042/edition/1272550/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-августундагы № 3 "Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (05.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/177914

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 5-августу № 3 Нарын шаарына электробустарды алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №242-т тескемесине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу финансы-кредиттик фондунун жана Нарын шаардык мэриясынын 2022-жылдын 15-июлундагы №01-22/1768 чыгыш каттарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Экологиялык таза шаардык коомдук транспортту ишке киргизүү максатында Нарын шаарына республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттер аркылуу 76,0 млн.сомдук 5 (беш) бирдик электробустарды жана кубаттагыч инфратүзүмүн бөлдүрүп алууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага

А.Молдосалиев
