# Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Индия-кыргыз маалымат технологиялар борборун" түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү Меморандуму (КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги №51 Мыйзамы менен ратификациаланган)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Индия-кыргыз маалымат технологиялар борборун" түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү Меморандуму (КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги №51 Мыйзамы менен ратификациаланган)
- Актынын түрү: Меморандум
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17791>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17791/edition/297877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17791.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Индия-кыргыз маалымат технологиялар борборун" түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү Меморандуму (КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги №51 Мыйзамы менен ратификациаланган) (20.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17791

---

КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги №51 Мыйзамы менен ратификациаланган

Бишкек шаары

2006-жылдын 20-марты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы "Индия-кыргыз маалымат технологиялар

борборун" түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

МЕМОРАНДУМУ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-

на Индия Республикасынын Өкмөтү, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле-

лерди жана маалымат технологиялары тармагындагы эки тараптуу кызматташ-

тыкты андан ары чыњдоо ниеттерин эске алып,

Индия Республикасынын Өкмөтүнүн Бишкек шаарында "Индия-кыргыз маа-

лымат технологиялар борборун" түзүү аркылуу Кыргыз Республикасындагы

маалымат технологияларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү сунушун баса белгилеп,

ушул максатты ишке ашыруу үчүн Индия Республикасынын Өкмөтү Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө 47,80 млн. рупий өлчөмүндөгү грант бөлүп берүү

чечимин кабыл алгандыгын көњүлгө алуу менен,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

Көз караш

Борбор программалык камсыздоону иштеп чыгууда жана окутууда жогор-

ку чеберчилик институту болуп, билим берүү тармагына олуттуу салым ко-

шушу керек.

Мындан тышкары, ал:

жогорку тажрыйбалуу адистерди даярдайт жана ишке орноштуруу үчүн

мүмкүнчүлүк түзөт;

Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жана экспорт аркылуу

кирешелердин көлөмүн көбөйтүү максатында компьютер технологиялары тар-

магындагы дүйнөлүк дењгээлдеги адистерди даярдайт;

электрондук өкмөттү түзүүгө көмөктөшөт.

Максаттары жана милдеттери

- кыска мөөнөттүү компьютердик курстарды өткөрүүнү камсыз кылуу;

- мамлекеттик кызматкерлерди маалымат технологияларына үйрөтүү;

- Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү мекемелериндеги Маа-

лымат технологиялар факультеттеринин окутуу методдорун өркүндөтүү;

- дизайн жана программалык камсыздоону иштеп чыгууга окутуунун

жањы методдорун өткөрүп берүү;

- долбоордун толук программасы боюнча тренингдерди өткөрүү: дизайн

жана иштеп чыгуу, тестирлөө, ылайыкташтыруу, өндүрүп чыгаруу, ишке кир-

гизүү, тейлөөнү камсыз кылуу ж.б.;

- маалымат базасы, веб-дизайн, Интернет технологиялары ж.б. неги-

зинде программалык камсыздоо боюнча өзгөчө долбоорлорду ишке ашыруу.

1-статья.

M/s HTM (International) Ltd Жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК)

Индия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Аткаруучу агенттик болуп сана-

лат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

(КР ТжКМ) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Аткаруучу агенттик

болуп саналат.

2-статья.

Индия Республикасынын Өкмөтү техникалык экспертизаны, компьютердик

жабдууларды, программалык камсыздоону, электрондук тармак системасын,

Индия Республикасында стажировкаларды өткөрүүнү, тренингдерди жана

курстарды өткөрүү үчүн маалымат технологиялары тармагындагы индиялык

эксперттерди жиберүүнү өзүнө камтыган толук пакетти берүүгө макул.

Долбоордун сунушталып жаткан аталышы "Индия-кыргыз маалымат техно-

логиялар борборун түзүү".

Индия Республикасынын Өкмөтү:

1. Кыргыз Республикасында программалык камсыздоо жана маалымат

технологияларын өнүктүрүү боюнча тренинг борборун түзүүгө көмөктөшөт;

2. Борбордо пландаштырылган курстарды өткөрүү үчүн зарыл болгон

шаймандарды, тиешелүү программалык камсыздоону, операциялык системалар-

ды, тармактык элементтерди, компьютердик жабдууларды алып келет;

3. Борбордогу Кыргыз факультети үчүн трениг уюштуруу жана өткөрүү

үчүн мөөнөтү 84 киши-айга барабар болгон убакытка маалымат технология-

лары боюнча индиялык 13 экспертти жөнөтөт;

4. 10 кыргызстандык адисти Индияда жалпысынан 48 киши-ай

мөөнөтүнүн ичинде окутат.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Борборго төмөнкүдөй жардам көрсөтүшү

керек:

1) керектүү бош аянты, жасалгасы, байланышы, электр энергиясы, су-

усу, ошондой эле жылыткычы, кондиционери ж.б. бар имарат бөлүп берүү.

2) офистик эмерек, ошондой эле офистер, класстык, факультативдик

бөлмөлөр үчүн зарыл болгон тийиштүү жабдуулар ж.б. менен камсыз кылуу.

3) Борборду түзүү жана иштетүү үчүн керектүү болгон бардык анык-

талган нормаларды аткарууга жана уруксаттарды алууга көмөктөшүүнү кам-

сыз кылуу.

4) Индиядан келген эксперттерге төмөнкүдөй жардам көрсөтүлөт:

i) турак-жай, офис, транспорт жана медициналык тейлөө;

ii) коммуникациялык тейлөө, визаларды алууга көмөктөшүү, эмгек

иш-аракеттерин жүргүзүүгө тиешелүү уруксат алуу ж.б.;

iii) англис тилиндеги котормочулар жана адистердин иштөөсүнө

көмөктөшө турган ар кандай башка жардамдар;

5) Борбордун ишкердигинин гранттын каражаттарына жүргүзүлгөн

бөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында алына турган салыктардан жана

төлөмдөрдөн бошотулат. Индиялык гранттын каражаттарынын эсебинен им-

порттолгон жабдуулар жана материалдар салыктардан жана бажы

төлөмдөрүнөн бошотулат.

6) Борборду башкаруу үчүн жергиликтүү персоналды ишке тартууну

камсыз кылат.

7) Борбордун күнүнкү башкаруусун жана иштөөсүн камсыз кылат жана

аны тейлөөгө кеткен чыгашаларды жабат.

4-статья.

Борбордун жумушчу тилдери болуп орус жана англис тилдери саналат,

бардык программалык камсыздоо, окутуучу материалдар жана окутуу англис

жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

5-статья.

Тараптар долбоорду ишке ашырууга тиешелүү майда-бараттарды андан

ары макулдашуу жана ушул өз ара түшүнүүнү Меморандуму боюнча маселелер-

ди чечүү үчүн бири-бири менен үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүп ту-

рушат. Ушул максатта эки Тараптын тењме-тењ өкүлдөрүнөн турган Жетекчи-

лер кењеши түзүлөт. Жетекчилер кењешинин толук курамын эки Тарап макул-

дашып тузөт.

6-статья.

Өз ара түшүнүшүү Меморандуму кол коюлган күндөн тартып, ал эми

Кыргыз Республикасы үчүн тиешелүү ички мамлекеттик жол-жоболор аткарыл-

гандан кийин күчүнө кирет.

7-статья.

Ушул Меморандумду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон долбоорду аткаруу

мөөнөттөрү, жабдуулардын, программалык камсыздоонун, тармактык элемент-

тердин өзгөчөлүктөрү ж.б. майда-чүйдөлөр өзүнчө Тиркеме менен таризде-

лет.

Бишкек шаарында 2006-жылдын 20-мартында эки түп нускада, ар бири

кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-

дей юридикалык күчкө ээ.

Кыргыз Республикасынын Индия Республикасынын

Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
