Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Казакстан Республикасынын аймагында убактылуу иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу иштеп жатышкан Казакстан Республикасынын жарандары эмгекчи-мигранттардын эмгек ишмердүүлүгү жана укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги №50 Мыйзамы менен ратификацияланган
Астана шаары
2006-жылдын 4-июлу
Казакстан Республикасынын аймагында убактылуу иштеп жатышкан
Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз
Республикасынын аймагында убактылуу иштеп жатышкан Казакстан
Республикасынын жарандары эмгекчи-мигранттардын эмгек
ишмердүүлүгү жана укуктарын коргоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-
нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
Эларалык Эмгек Уюмунун алкагында иштелип чыккан принциптерге жана
адам укуктары тармагында негиз түзүүчү Бириккен Улуттар Уюмунун доку-
менттерине таянуу менен;
Алматы шаарында 1997-жылдын 8-апрелинде кол коюлган Кыргыз Респуб-
ликасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук
жөнүндө келишимдин принциптерин жетекчиликке алып,
Москва шаарында 1994-жылдын 15-апрелинде кол коюлган Эмгекчи-миг-
ранттардын эмгек миграциясы жана аларды социалдык жактан коргоо тарма-
гындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жоболоруна негизденип,
эки мамлекеттин аймагында убактылуу иштешкен Кыргыз Республикасы-
нын жарандарынын жана Казакстан Республикасынын жарандарынын эмгек иш-
мердүүлүгү жана социалдык жактан коргоо жагында эки тараптуу кызматта-
шуунун укуктук негиздерин өнүктүрүү максатында,
Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу
кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу маселелери артыкчылыктуу экенди-
гин эске алып,
мыйзамдуу эмгек миграциясын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-статья.
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөн терминдер
төмөндөгүлөрдү билдирет:
"эмгекчи-мигрант" - чыгып кете турган Тараптын аймагында туруктуу
жашап, жумушка орноштуруучу Тараптын мамлекетинин аймагында акы
төлөнүүчү эмгек ишмердүүлүгү менен мыйзамдуу негизде алектенген адам;
"Чыгып кете турган Тарап" - эмгекчи-мигрант туруктуу жашаган мам-
лекеттин аймагы жана жумушка орноштуруучу Тарапка акы төлөнүүчү эмгек
ишмердүүлүгү менен алектенүү үчүн жөнөйт;
"Жумушка орноштуруучу Тарап" - чыгып кете турган Тараптан келишкен
эмгекчи-мигранттар акы төлөнүүчү эмгек ишмердүүлүгүн убактылуу жүзөгө
ашырган мамлекеттин аймагы;
"жумуш берүүчү" (жалдоочу) - эмгекчи-мигрант эмгектик мамиледе
турган жумушка орноштуруучу тараптагы юридикалык жактары же жеке адам-
дары;
"жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттик" - Тараптардын мамлекет-
теринин мыйзамдарында бекитилген тартипте каттоодон өткөн, Тараптардын
мамлекеттеринин жарандарын жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүчү юриди-
калык жак же жеке адам.
2-статья.
Бул Макулдашуу эмгекчи-мигранттарга карата колдонулат. Бул Макул-
дашуу төмөнкүлөргө карата колдонулбайт: качкындарга жана аргасыз көчүп
келгендерге;
жеке ишкерлик менен алектенген адамдарга, артисттерге жана спорт-
смендерге.
3-статья.
Өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана адам укуктары тарма-
гындагы эларалык ченемдерге ылайык Тараптар эмгекчи-мигранттардын укук-
тарын сыйлоого жана коргоону камсыз кылууга, жынысы, жаш курагы, тили,
этникалык жана социалдык теги, атуулдугу, үйбүлөлүк жана мүлктүк абалы,
ошондой эле башка ар кандай белгилер боюнча дискриминациянын бардык
түрлөрүнө жол бербөөгө милдеттенишет.
4-статья.
Бул Макулдашууну аткарууга ыйгарым укуктуу органдар болуп
төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Миграция жана жу-
муштуулук боюнча мамлекеттик комитети;
Казакстан Республикасында - Казакстан Республикасынын Эмгек жана
калкты социалдык жактан коргоо министрлиги.
Бул Макулдашууну аткарууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн Та-
раптардын ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын башка компетенттүү ор-
гандарын тартууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү зарыл болгон учурда бул Макулдашуу-
нун нормаларын аткарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын
Казакстан Республикасындагы Элчилигинин алдында ыйгарым укуктуу орган-
дын өкүлчүлүгүн түзүүгө укуктуу.
5-статья.
Жумушка орноштуруучу тараптын аймагына эмгекчи-мигранттардын кели-
ши, алардын эмгектик ишмердүүлүктөрү, аймакта болуусу жана кетүүсү жу-
мушка орноштуруучу тараптын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Тараптар жумушка орноштуруучу тараптын мыйзамдарын бузган учурлар-
да эмгекчи-мигрантты мөөнөтүнөн мурда эмгек мамилелерин токтотууну та-
лап кылууга жана чыгып кете турган тарапка кайра кайтарууга укуктуу.
6-статья.
Эмгекчи-мигранттын эмгек ишмердүүлүгү бир же андан көп тилде жумуш
берүүчү тараптын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жеке эмгектик келишимдин
(контракттын) негизинде жүзөгө ашырылат.
Жеке эмгектик келишим (контракт) жумуш берүүчү менен эмгекчи-миг-
ранттын милдеттерин, жумуш берүүчү менен эмгекчи-мигранттын негизги ма-
алыматтарын, акыркы жолу жумушка орношкондогу кесибин/адистигин, жумуш-
тун мүнөзү, квалификацияны жогорулатуу, эмгек шарттары жана айлык акы-
сы, негизги жумуш убактысынын жана эс алуу убактысынын узактыгы, жашоо
шарттары, транспорттук чыгымдарды жабуу тартиби, медициналык кызмат
көрсөтүү жана өндүрүштөгү кырсыктардан камсыздандыруу, эмгектик та-
лаш-тартыштарды чечүү жолдору, жеке эмгектик келишимдин колдонулуш
мөөнөттөрү жана аны токтотуу шарттары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Жумушка орноштуруучу тараптагы мамлекеттин аймагында эмгектик иш-
мердүүлүктү жүзөгө ашырууга тартылган эмгекчи-мигранттар 18 жаштан жаш
болбошу керек.
Эмгек мамилелери токтотулган кезде эмгекчи-мигранттын талабы боюн-
ча жумуш берүүчү иштеген ишинин мөөнөтү жана ай сайын алынган айлык
акысын көрсөткөн, мөөр менен тастыкталган мааламкатты бериши керек.
7-статья.
Тараптар эмгекчи-мигранттар эмгек ишмердүүлүктөрүн жүзөгө ашыруу-
лары үчүн ыњгайлуу жана өзара ылайыктуу шарттарды түзүү максатында:
эмгектик миграция тармагында өз өлкөлөрүндөгү улуттук мыйзамдар
жана Тараптардын мамлекеттеринин эмгек рынокторунда жумуш күчүнө болгон
суроо-талаптар жөнүндө бири-бирине маалымдап турушат;
Чет өлкөлүк жумушчу күчүн чет өлкөгө чыгарууга жана/же киргизүүгө
байланыштуу ишмердүүлүккө лицензиясы (уруксаты) бар жумуш менен камсыз
кылуучу жеке агенттиктердин тизмелерин алмашып турушат;
Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү тиешелүү
лицензиясы (уруксаты) жок ортомчулардын эмгекчи-мигранттарды жумушка
орноштуруусун болтурбоо максатында зарыл чараларды көрүшөт;
Тараптардын мамлекеттеринин региондоруна тиешелүү ыйгарым укуктар-
ды өткөрүп берүү менен эмгек миграциясы тармагында региондук кызматта-
шууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
8-статья.
Тараптар чыгып кете турган тараптан жумушка орноштуруучу тарапка
жумуш берүүчү койгон квалификациялык талаптарды эске алуу менен эмгек-
чи-мигранттарды тандоого жана жумушка орноштурууга жумуш менен камсыз
кылуучу жеке агенттиктерди тартуу аркылуу мыйзамдуу эмгек миграциясын
камсыз кылуучу механизмдерди түзүүгө жардам көрсөтөт.
Жумуш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер мамлекеттик органдар,
жумуш орундарын түзүүдө жана жумуштуулук программаларын ишке ашырууда
ишке орноштуруу маселелери боюнча жумуш берүүчүлөр менен өз ара аракет-
тенишет.
Жеке агенттиктердин ишмердүүлүгү жумушка орноштуруучу тараптын
мамлекетинин аймагында ал мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан
көзөмөлдөнөт.
9-статья.
Эмгекчи-мигранттар жумуш берүүчү тараптын мыйзамдарына ылайык со-
циалдык камсыздандыруудан пайдаланышат.
Эмгекчи-мигранттарды медициналык жактан тейлөө, эгерде бул эмгек
келишиминде (контрактта) каралган болсо, жумуш берүүчүнүн каражаттары-
нын эсебинен жүзөгө ашырылат.
10-статья.
Тараптар эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон дипломдор-
ду, билим тууралуу күбөлүктөрдү, наам, разряд, квалификация ыйгаруу
жөнүндө документтерди жана башка тиешелүү документтерди, ошондой эле
чыгып кете турган тараптын аймагында белгиленген тартипте жумушка ор-
ноштуруучу тараптын мамлекеттик тилине же орус тилине которулган жана
күбөлөндүрүлгөн котормосун мыйзамдаштыруусуз таанышат.
11-статья.
Бул Макулдашуунун негизинде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн эмгек-
чи-мигранттар жумушка орноштуруучу тараптын ички валюталык рыногунда
чет өлкөлүк валютаны сатып алууга, ошондой эле жумушка орноштуруучу та-
раптын мыйзамдарына ылайык туруктуу жашаган мамлекетке иштеп тапкан ка-
ражаттарын чет өлкөлүк валютада которууга жана алып кетүүгө укуктуу.
Эмгекчилердин кирешелерине салык салуу жумушка орноштуруучу тарап-
тын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө ишке ашырылат.
12-статья.
Эмгекчи-мигранттын жумушка орноштуруучу тараптын аймагында зарыл
боло турган жабдууларды жана техникалык каражаттарды алып келүүсү жана
чыгып кеткен тарапка кайрадан алып кирүүсү, ошондой эле жумушка орнош-
туруучу тараптын аймагында сатылып алынган товарларды эмгекчи-мигрант-
тын ташып кетүүсү Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ыла-
йык ишке ашырылышы керек.
13-статья.
Эмгекчи-мигрант жумушка орноштуруучу тараптын жарандары менен ка-
тар төмөнкү укуктарга ээ:
коопсуздукка жана эмгекти коргоого;
медициналык тез жардам алууга;
эмгек милдеттерин аткаруу учурунда өмүрүнө жана ден соолугуна кел-
тирилген зыяндын ордун толтурууга.
Эмгекчи-мигрант эмгек милдеттерин аткарышына байланыштуу алынган
зыяндын же кандайдыр-бир ден соолукка келтирилген башка зыяндын натый-
жасында эмгек жөндөмдүүлүгүн жоготсо же кайтыш болсо, жумуш берүүчү жа-
быр тартканды же кайтыш болгонду чыгып кеткен тараптын аймагына ташып
жеткирүүнү камсыз кылат, буга кеткен бардык чыгымдарды тартат, кайтыш
болгондугу, кырсык же кесиптик оору тууралуу, эгерде башкасы жеке эмгек
келишиминде (контрактта) каралбаса, ошол Тараптын мамлекетинин диплома-
тиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине мааалымдайт.
14-статья.
Эмгекчи-мигранттын туруктуу жашаган жеринен жумуш берүүчүгө бары-
шына жана кайра келишине кеткен чыгымдарды, ошондой эле жол жүргөндө
ооруп калгандыгына же зарыл стационардык дарыланууга байланыштуу чыгым-
дар, эгерде башкасы жеке эмгек келишиминде (контрактта) каралбаса, жу-
муш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен төлөнүшү мүмкүн.
Эгерде башкасы жеке эмгек келишиминде (контрактта) белгиленбесе,
анда жеке эмгек келишими (контракт) эмгекчи мигранттын демилгеси боюнча
бузулган учурда эмгекчи мигрант жогоруда аталган бардык чыгымдарды тар-
тат.
15-статья.
Мамлекеттердин биринин аймагында жашаган эмгекчи-мигранттар ушул
Макулдашуудан келип чыккан бардык суроолор боюнча түздөн-түз же жашаган
жери боюнча бийликтин тийиштүү органдары аркылуу башка өлкөнүн компе-
тенттүү органдарына кайрыла алышат.
Тараптардын биринин компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча
башка Тараптын компетенттүү органдары өз өлкөсүнүн улуттук мыйзамдарына
ылайык зарыл документтерди, анын ичинде ушул Макулдашууну аткарууга
байланыштуу маселелер боюнча архивдик материалдарды бериши керек.
16-статья.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп
саналган жана ушул Макулдашуунун 17-статьясынын жоболорунда каралган
тартипте күчүнө кирген атайын протоколдор менен таризделет.
Бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан
бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер ыйгарым укуктуу орган-
дардын ортосундагы консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу
менен чечилет.
17-статья.
Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири анын күчүнө кириши үчүн зарыл
болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу
жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып
күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири
ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндөгү ниетин билдирген
билдирүүсүн экинчи Тарапка тиешелүү мөөнөт аяктаганга чейин алты айдан
кеч эмес убакта жөнөтпөсө, өзүнөн-өзү кийинки беш жылдык мөөнөттөргө
узартыла берет.
Мындай учурда бул Макулдашуу Тараптардын бири экинчи Тараптын тие-
шелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан тартып алты ай өткөндөн ки-
йин өз күчүн жоготот.
Бул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда анын жоболору жу-
мушчу менен жумуш берүүчүнүн (жалдоочунун) ортосунда түзүлгөн эмгек ке-
лишимдерине (контракттарга) карата алар түзүлгөн мөөнөт аяктаганга че-
йин күчүндө кала берет.
Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда эки түп нускада, ар бири
кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-
дей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан
учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.