Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык салуу жаатында салык салуудан четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 7-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана
кирешеге салык салуу жаатында салык салуудан
четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтү,
Кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык салуу жаатында салык
салуудан четтөөнү болтурбай коюу жөнүндө макулдашуу түзүүнү жана эконо-
микалык, илимий, техникалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү жа-
на чыњдоону каалоо менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-статья. Ушул Макулдашуу колдонула турган жактар
Ушул Макулдашуу бир же эки Макулдашкан Мамлекеттердин резиденттери
болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-статья. Макулдашуу колдонула турган салыктар
1. Ушул Макулдашуу салыктарды алуунун ыкмасына карабастан, киреше-
лерден алынуучу салыктарга карата Макулдашкан Мамлекеттин, анын адми-
нистрациялык-аймактык бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын аты-
нан колдонулат.
2. Кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин айрым элементтеринен
алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү
ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар, ошондой эле
капиталдын өсүшүнөн түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар кирешеден
алынуучу салыктар деп эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу колдонула турган орун алган салыктар, атап айт-
канда:
а) Кыргызстанда:
(i) юридикалык жактардын пайдасынан жана кирешелеринен алынуучу
салык;
(ii) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы;
(мындан ары "кыргыз тараптын салыктары" деп аталат).
Ь) Латвия Республикасында;
(i) ишканалардын кирешесинен алынуучу салык (unsemumu ienakuma no-
doklis);
(ii) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы (iedzivotaju ienakuma
nodoklis);
(мындан ары "латыш салыктары" деп аталат).
4. Ушул Макулдашууга кол коюлган датадан кийин орун алган салык-
тарга толуктоо катары же алардын ордуна алына турган ар кандай окшош же
мањызы боюнча ушул сыяктуу салыктарга карата да ушул Макулдашуу колдо-
нулат. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн тие-
шелүү салыктык мыйзамдарына киргизиле турган ар кандай олуттуу
өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлап турууга тийиш.
3-статья. Жалпы аныктамалар
1. Эгерде контекстен башкача келип чыкпаса, ушул Макулдашуунун
максатында:
а) "Макулдашкан Мамлекет" жана "экинчи Макулдашкан Мамлекет" деген
термин контекстке жараша Кыргыз Республикасын же Чех Республикасын бил-
дирет;
Ь) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Геог-
рафиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Респуб-
ликасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын
жүзөгө ашырып жаткан, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдону-
луп жаткан аймакты билдирет.
с) "Латвия" деген термин Латвия Республикасын билдирет жана геог-
рафиялык мааниде пайдаланганда латыш мыйзамдарына жана эл аралык укук-
тардын нормаларына ылайык Латвия Республикасы дењиздин түбүнө, анын ка-
зынасына жана жаратылыш байлыктарына карата өзүнүн эгемендүү укуктарын
жүзөгө ашырып жаткан Латвия Республикасынын аймагын жана Латвия Респуб-
ликасынын аймактык сууларына жанаша жаткан ар кандай районду билдирет;
d) "жак" деген термин жеке жакты, компанияны же жактардын ар кан-
дай башка бирикмесин камтып турат;
е) "компания" деген термин салык салуу максаттары үчүн корпора-
тивдүү бирикме катары каралган ар кандай корпоративдүү бирикмени же ар
кандай уюмду билдирет;
f) "Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашкан
Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө Макулдашкан Мамле-
кеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы жана экинчи Макулдаш-
кан Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы билдирет;
g) "эл аралык ташуу" деген термин" дењиз, аба кемеси, жол же жерде
жүрүүчү транспортту экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги пункттардын орто-
сунда жана пайдаланылгандан башка учурларда, Макулдашкан Мамлекеттин
ишканасы тарабынан пайдаланылган дењиз, аба кемеси, жол же жерде
жүрүүчү транспорт тарабынан ар кандай ташууну билдирет;
h) "компетентүү орган" деген термин:
(i) Кыргызстанда - Экономика жана каржы министрлигин же анын ыйга-
рым укуктуу өкүлүн;
(ii) Латвияда - Каржы министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн
билдирет;
i) "улуттук жак" деген термин:
(i) Макулдашкан Мамлекеттин граждандыгына ээ болгон ар кандай жеке
жакты;
(ii) Макулдашкан Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык
өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, шериктикти же ассоци-
ацияны билдирет.
2. Эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, Макулдашкан Мамлекет
тарабынан ар кандай учурда ушул Макулдашууну колдонууда, анда аныктал-
баган ар кандай термин ушул Мамлекеттин ушул Макулдашуу колдонула тур-
ган салыктарга карата мыйзамдары боюнча ошол учурда ал ээ болгон маани-
ге, ушул Мамлекеттин тиешелүү салык мыйзамдарында аныкталган ар кандай
мааниге ээ болуп, ушул Мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган маа-
ниге караганда басымдуулук кылат.
4-статья. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максатында "Макулдашкан Мамлекеттин резиден-
ти" деген термин анын туруктуу жашаган жеринин, туруктуу турган жери-
нин, башкарган жеринин, себептери боюнча же ушул сыяктуу мүнөздөгү баш-
ка критерийлер боюнча ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ал жерде са-
лык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты билдирет, ошондой эле ушул
Мамлекеттин ар кандай администрациялык бөлүмүн же бийликтин жергиликтүү
органдарын камтып турат. Бирок бул термин ушул Мамлекеттеги киреше бу-
лагынан салык салына турган ар кандай жакты камтыбайт.
2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак эки Макулдашкан
Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анын статусу төмөндөгүдөй анык-
талууга тийиш;
а) ал туруктуу жашаган турак-жайы бар Мамлекеттин резиденти деп
эсептелет; эгерде анын эки Мамлекетте туруктуу турак-жайы болсо, ал
өзүнүн алда-канча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштары (турмуштук
таламдарынын борбору) бар Мамлекеттин резиденти деп эсептелет;
Ь) эгерде анын турмуштук таламдарынын борбору бар Мамлекетти анык-
тоо мүмкүн болбосо, же болбосо анын мына ушул Мамлекеттердин биринде да
туруктуу турак жайы болбосо, ал өзү адатта жашаган Мамлекеттин резиден-
ти деп эсептелет.
с) эгерде ал адатта эки Мамлекетте же болбосо алардын биринде жа-
шаса, ал өзү гражданы болуп эсептелген Мамлекеттин резиденти деп эсеп-
телет;
d) эгерде ал эки Мамлекеттин гражданы болуп эсептелсе, же болбосо
алардын биринин да гражданы болуп эсептелбесе, Макулдашкан Мамлекеттер-
дин компетенттүү органдары бул маселени өз ара Макулдашуу боюнча чечи-
шет ушундай жакка карата Макулдашууну колдонуунун тартибин аныктайт.
3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак болуп эсептелбеген
жак эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, Макулдашкан
Мамлекеттердин компетентүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу бо-
юнча жөнгө салат жана ушул жакка карата Макулдашууну колдонуунун тарти-
бин аныктайт.
5-статья. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максатында "туруктуу мекеме" деген термин
ишкананын ишкердик кылуу иши толугу менен же жарым-жартылай жүзөгө ашы-
рылып жаткан иштин туруктуу ордун билдирет.
2. "туруктуу мекеме" деген термин негизинен:
а) башкара турган жерди;
Ь) бөлүмдү;
с) кењсени;
d) фабриканы;
e) чеберкананы, жана
f) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ре-
сурстары алына турган башка жерди;
j) айыл чарба, жайыт же токойчулук иштери жүзөгө ашырыла турган
ферманы, жайытты же токойчулукту камтып турат.
3. Ушундай иш 9 айдан ашык улантылган учурда гана, курулуш аянтча-
сы, курулуш монтаждоочу жыйноочу объект туруктуу мекеме деп эсептелет.
4. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, "турукту мекеме"
деген термин:
а) курулуштарды жана жабдууларды ишканага таандык болгон товарлар-
ды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында гана пайдалануу-
ну;
Ь) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын
сактоо көрсөтүү же жөнөтүү максатында гана күтүүнү;
с) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын
башка ишканаларга кайра иштетип берүү максатында гана күтүүнү;
d) иштин туруктуу ордун товарларды же буюмдарды сатып алуу, же
болбосо ишкана үчүн маалымат жыйноо максатында гана күтүүнү;
e) иштин туруктуу ордун ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү
ар кандай иштин башка түрүн жүзөгө ашыруу максатында гана күтүүнү;
f) ушундай комбинациянын натыйжасында келип чыккан иштин туруктуу
ордундагы жыйынды иш алдын алуучу же көмөкчү мүнөздө болгон шартта, иш-
тин туруктуу ордун a)- e) пунктчаларында айтылган аракеттердин ар кан-
дай комбинациялары үчүн гана күтүүнү камтыбайт.
5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде өзүнө карата
6-пункт колдонула турган көз карандысыз статусу бар агентке караганда
жак - ишин ишкананын атынан жүзөгө ашырса жана Макулдашкан Мамлекетте
ушул ишкананын атынан контракттарды түзүүгө ыйгарым укуктуу болсо жана
адатта ушул ыйгарым укуктарды пайдаланса, эгерде ушул жактын иши 4-пун-
кта айтылган туруктуу мекеме чектелгенден, эгерде ал иштин туруктуу ор-
ду аркылуу жүзөгө ашырылгандан, ушул пунктун жоболоруна ылайык иштин
ушул туруктуу ордун туруктуу мекемеге айландырбагандан башка учурларда,
анда ушул жак ишкана үчүн жүзөгө ашырып жаткан ар кандай ишке карата
алганда бул ишкана ушул Мамлекетте туруктуу ишканасы бар ишкана катары
каралат.
6. Ишкана мына ушул Мамлекетте көз карандысыз статуска ээ болгон
брокер, комиссиялык агент же ар кандай башка агент аркылуу ишкердик кы-
луу ишин жүзөгө ашыргандыктан, ушундай жактар өзүнүн адаттагы ишинин
алкагында аракеттенген шартта гана ишкананын Макулдашкан Мамлекетте ту-
руктуу мекемеси жок деп эсептелет.
7. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания
экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компанияны
контролдошунун же контролдонушунун же мына ушул экинчи Мамлекетте иш-
кердик кылуу ишин жүзөгө ашырышынын фактысы (же болбосо туруктуу мекеме
аркылуу, же болбосо башкача жол менен) өзүнөн өзү ушул компаниялардын
бирин экинчисинин туруктуу мекемесине айландырбайт.
6-статья. Кыймылсыз мүлктөн түшкөн киреше
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан
Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (анын ичинде айыл жана токой
чарбасынан алынган киреше) алынган кирешесине мына ушул экинчи Мамле-
кетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан Ма-
кулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келген мааниге ээ болот. Бул
термин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө карата алганда көмөкчү мүнөздө
болгон мүлктү - айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу малды жана
жабдууларды, жерге болгон менчикке карата жалпы укуктун жоболору колдо-
нула турган укукту, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык ре-
сурстарды, табигый булактарды жана башка кендерди иштеп чыгуу же иштеп
чыгуу укугу үчүн компенсация катарындагы өзгөрүлмө же так белгиленген
төлөмдөргө болгон укукту камтып турат. Дењиз, аба жана ошондой эле жер-
де жүрүүчү транспорту кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү тикелей пайдалануудан,
ижарага берүүдөн же кандайдыр бир башка формада пайдалануудан алынган
кирешеге, ошондой эле кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган ки-
решеге карата колдонулат.
4. Эгерде компаниянын акцияларына же башка корпоративдүү укуктары-
на ээлик кылуу ушул акциялардын жана корпоративдүү укуктардын ээсине
ишканага таандык болгон кыймылсыз мүлктү пайдаланууга мүмкүнчүлүк бер-
се, анда ушундай укукту тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же кан-
дайдыр бир башка формада пайдалануудан алынган кирешелерге ушул кыймыл-
сыз мүлк жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. 1 жана 3 жана 4-пункттардын жоболору ишкананын кыймылсыз
мүлкүнөн алынган кирешелерге жана көз карандысыз жеке кызматтарды
көрсөтүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелерге кара-
та да колдонулат.
7-статья. Ишкерлик кылуу ишинен түшкөн пайда
1. Эгерде ушундай ишкана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан
туруктуу мекеме аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырбаса, Макулдаш-
кан Мамлекеттин ишканасынын пайдасына ушул Мамлекетте гана салык салы-
нат. Эгерде ишкана ишин жогоруда айтылгандай жүзөгө ашырса, ишкананын
пайдасына ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок салык
анын ушундай туруктуу мекемеге таандык болгон бөлүгүнө гана салынат.
2. 3-пункттун жоболоруна ылайык, эгерде Макулдашкан Мамлекеттин
ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркы-
луу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдашкан Мамле-
кетте ал өз алдынча жана өзүнчө ишкана болгондо, ушундай же ушул сыяк-
туу шарттарда, ушундай же ушул сыяктуу иш жүргүзгөндө жана өзү туруктуу
мекемеси болуп эсептелген ишканага толук көз карандылыкта аракеттенген-
де алышы мүмкүн болгон пайда ушул туруктуу мекемеге таандык кылынат.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеменин мак-
саттары үчүн тартылган чыгашаларды, анын ичинде бул чыгашалардын турук-
туу мекеме жайгашкан Мамлекетте же ар кандай жерде тартылгандыгына ка-
рабастан, башкаруучулук жана жалпы администрациялык чыгашаларды чыгарып
салууга жол берилет. Бирок туруктуу мекеме тарабынан роялти, сый акы же
башка ушул сыяктуу төлөмдөр катары патенттерди же башка укуктарды пай-
далануунун ордуна же көрсөтүлгөн кызматтар же башкаруу үчүн комиссиялык
төлөмдөр катары ишкананын башкы офисине же анын ар кандай башка офисте-
рине төлөнгөн (фактылай чыгашалардын ордун толтуруудан башка) суммалар-
га карата мындай чыгарып салууга жол берилбейт, буга банк мекемелеринин
туруктуу мекемеге заем катары берилген суммасына пайыздарды төлөшү кир-
бейт.
4. Эгерде Макулдашкан Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге таандык
болгон пайданы ишкананын ар кандай бөлүмдөрү боюнча пайдасынын жалпы
суммасын пропорционалдуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкташы адаттагы
практика болуп эсептелсе, ушул статьянын 2-пунктундагы жоболор Макул-
дашкан Мамлекетке салык салынуучу пайданы адатта кабыл алынгандай ушун-
дай бөлүштүрүү аркылуу аныктоого тыюу салбайт; бөлүштүрүүнүн тандалып
алынган практикасы ушул статьяда камтылган принциптерге ылайык келген
натыйжаларды берүүгө тийиш.
5. Эч кандай пайда ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн то-
варларды же буюмдарды сатып алуунун себеби боюнча туруктуу мекемеге
эсептелбейт.
6. Эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн олуттуу жана жетиштүү
негиздер жок болсо, мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу меке-
меге таандык кылынган пайда жыл сайын бир эле ыкма менен аныкталат.
7. Эгерде пайдага ушул Макулдашуунун башка статьяларында өзүнчө
карала турган кирешенин элементтери киргизилсе, анда ошол статьялардын
жоболоруна ушул статьянын жоболору тиешелүү болбойт.
8-статья. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан эл аралык ташууда
дењиз, аба кемелерин, жол же жерде жүрүүчү транспортту пайдалануудан
алган пайдасына ушул Мамлекетте гана салык салынат.
2. 1-пункттун жоболору пулеге, биргелешкен ишканага, же болбосо
транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл аралык уюмга катышуудан
алынган пайдасына карата колдонулат.
9-статья. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгерде:
а) Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттин
ишканасын башкарууга контролдоого же анын капиталына тикелей же кыйыр
түрдө катышса; же
Ь) бир эле жактар Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын, ошондой эле
экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же
анын капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса
жана ар бир учурда эки ишкананын ортосундагы коммерциялык жана
каржылык өз ара мамилелерде көз карандысыз эки ишкананын ортосунда боло
турган шарттан айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишкана-
лардын биринде топтолгон, алардын бирине эсептелиши мүмкүн болгон, би-
рок ушул шарттардын болушунан улам ага чегерилбеген ар кандай пайда
ушул ишкананын пайдасына киргизилиши жана тиешелүү түрдө салык салынышы
мүмкүн.
2. Эгерде Макулдашкан Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайда-
сын салык салууга киргизсе жана тиешелүү түрдө экинчи Макулдашкан Мам-
лекеттин мына ушул Мамлекетте салык салынган пайдасына салык салса жана
ушундай жол менен киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишкана-
сына эсептелиши мүмкүн болгон пайда болуп эсептелсе, эгерде эки ишкана-
нын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосунда
орун алган шарттар сыяктуу болсо, анда экинчи Мамлекет ушул пайдадан
алынуучу салыктын суммасына карата тиешелүү корректировкаларды жасайт.
Ушундай корректировкалоону аныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболору
каралууга тийиш, ал эми Макулдашкан Мамлекеттердин компетентүү органда-
ры зарыл учурда бири-бири менен консультация өткөрүп турушат.
10-статья. Дивиденддер
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон компания тарабынан
экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн дивиденддерге мына
ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге дивиденддерди төлөгөн компания рези-
денти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте да, ушул Мамлекеттин мый-
замдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш
жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептел-
се, анда ушундай жол менен алынган салык:
а) эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденддерди төлөгөн
компаниянын капиталынын кеминде 25 пайызына түздөн-түз ээлик кылган
компания (шериктиктен башка) болуп саналса, дивиденддердин жалпы сумма-
сынын 5 пайызынан;
Ь) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 10 па-
йызынан ашпайт.
Бул пункт компанияга дивиденддер төлөнө турган пайдага карата са-
лык салынышына тиешелүү болбойт.
3. "Дивиденддер" деген термин ушул статьяда пайдаланганда акция-
лардан, "жуиссанс" акцияларынан же "жуиссанс" укуктарынан, кен казып
алуу өнөр жайынын акцияларынан, уюштуруучулардын акцияларынан же карыз-
дык милдеттенмелер болуп эсептелбеген, пайдага катышкан башка укуктар-
дан түшкөн кирешелерди, ошондой эле башка корпоративдик укуктардан жана
пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Мамлекеттин
Мыйзамдарына ылайык салык салуу жаатында акциялардан түшкөн кирешелерге
тењештирилген башка кирешелерди билдирет.
4. Эгерде дивиддендердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин
резиденти болуу менен дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп
эсептелген экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме ар-
кылуу мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу база-
дан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө же көрсөтүп келсе жана ди-
виденддер төлөнүп жаткан холдинг чындыгында туруктуу мекеме менен бай-
ланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай
учурда жагдайларга жараша 7 же 14-статьянын жоболору колдонулат.
5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген ком-
пания экинчи Макулдашкан Мамлекеттен пайда же киреше алса, эгерде мын-
дай дивиденддер ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине
төлөнгөндөн же эгерде дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг мына ушул
экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге чынында эле таандык кы-
лынгандан башка учурларда, мына ушул экинчи Мамлекет дивиденддерден ар
кандай салыкты жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан ар кандай
салыкты, атүгүл эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда
мына ушул экинчи Мамлекетте келип чыккан пайдадан же кирешеден толугу
менен же жарым жартылай түзүлсө да ар кандай салыкты ала албайт.
11-статья. Пайыздар
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашкан
Мамлекеттин резидентине төлөнгөн пайыздарга мына ушул экинчи Мамлекетте
салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай пайыздарга алар келип чыккан Мамлекеттин мыйзамда-
рына ылайык Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде
пайыздарды иш жүзүндө алуучу экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти
болуп эсептелсе, анда ушундай жол менен алынган салык пайыздардын жалпы
суммасынын 10 пайызынан ашпайт. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү алуучу-
су банк же башка каржылык мекеме болсо жана пайыздар башка банка же
башка каржылык мекемеге заем берүүгө байланыштуу төлөнүп жатса, анда
алынуучу салык пайыздардын жалпы суммасынын 5 пайызынан ашпайт.
3. 2-пункттун жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте келип
чыккан жана иш жүзүндө экинчи Макулдашкан Мамлекеттин Өкмөтү, анын
ичинде анын администрациялык-аймактык бөлүмү, жергиликтүү бийлик орган-
дары, Борбордук Банкы же башка каржылоо мекемеси тарабынан алынуучу па-
йыздар же Өкмөт тарабынан кепилдикке алынган заемдордон төлөнүүчү па-
йыздар биринчи аталган Макулдашкан Мамлекетте салык салуудан бошотулат.
4. "Пайыздар" деген термин ушул статьяда пайдаланганда күрөө менен
камсыз кылынган же камсыз кылынбаган, карызгорлордун пайдасына катышуу-
га жана атап айтканда, Өкмөттүк баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерге
жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерге,
ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча
сый акыларга жана утуштарга укук берген же укук бербеген ар кандай
түрдөгү карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерди билдирет. "Пайыз-
дар" деген термин 10-статьянын жоболорундагы дивиденддер катары алынган
башка кирешелерди камтыбайт. Ушул статьянын максаты үчүн өз убагында
төлөбөгөндүгү үчүн айып акылар пайыздар катары каралбайт.
5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашкан Мамлекет-
тин резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан ту-
руктуу мекеме аркылуу пайыздар келип чыккан Мамлекетте ишкердик кылуу
ишин жүзөгө ашырса, же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан
туруктуу базадан пайыздар төлөнүп жаткан карыздык талаптарды жана көз
карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, алар чынында эле ушундай туруктуу
мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, 1, 2 жана 3-пункттар-
дын жоболору колдонулбайт. Мындай учурларда жагдайларга жараша 7 же
14-статьянын жоболору колдонулат.
6. Эгерде пайыздарды төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болуп са-
налса, пайыздар макулдашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок
эгерде пайыздарды төлөөчү жактын Макулдашкан Мамлекеттин резиденти бол-
гон же болбогондугуна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте туруктуу меке-
меси бар болсо, ушуга байланыштуу карыз келип чыкса, ал боюнча пайыздар
төлөнүп жатса жана ушул пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларды ушундай ту-
руктуу мекеме тартса, анда ушундай пайыздар туруктуу мекеме жайгашкан
Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет.
7. Эгерде төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосун-
дагы же анын экөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө
мамилелерге байланыштуу, негизинде пайыздар төлөнүп жаткан карыздык та-
лапка таандык болгон пайыздын суммасы пайызды төлөөчү менен анын иш
жүзүндөгү ээсинин ортосундагы ушундай мамилелер жок болгондо макулдашы-
ла турган суммадан ашык кетсе, анда ушул статьянын жоболору акыркы эс-
кертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ар бир Макул-
дашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболо-
рун тиешелүү түрдө эске алуу менен төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө салык
салынууга тийиш.
12-статья. Роялти
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан
Мамлекеттин резидентине төлөнгөн роялтиге мына ушул экинчи Мамлекетте
салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Ма-
кулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок роялтинин иш
жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болсо, анда
ушундай жол менен алынган салык роялтинин жалпы суммасынын 5 пайызынан
ашпоого тийиш.
3. "Роялти" деген термин" ушул статьяда пайдаланганда адабияттын,
исскуствонун ар кандай чыгармасына же илимий эмгекке, анын ичинде кино-
фильмдерге, фильмдерге же телекөрсөтүү же радиоуктуруу аркылуу
берүүлөргө автордук укуктарды пайдалануу же пайдалануу укугун берүү
үчүн, ар кандай патенттерди соода маркаларын, дизайнды же моделди,
планды жашыруун формуланы же процессти пайдалануу же пайдалануу укугун
берүү же өнөржайлык же коммерциялык же илимий жабдууларды пайдалануу
укугун берүү же өнөр-жайлык же коммерциялык илимий тажырыйбага тиешелүү
маалымат үчүн сый акы катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү
билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин ре-
зиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу
мекеме аркылуу роялти келип чыккан жерде ишкердик кылуу ишин жүзөгө
ашырса жана роялти төлөнүп жаткан укук же мүлк чынында эле ушундай ме-
кеме менен байланышта болсо, 1 жана 2-пункттун жоболору колдонулбайт.
Мындай учурда жагдайларга жараша 7 же 14-статьянын жоболору колдонулат.
5. Эгерде роялти төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болсо, роялти
Макулдашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Бирок эгерде роялти
төлөгөн жак өзүнүн Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон же болбо-
гондугуна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеге ээ бол-
со, ага байланыштуу роялти төлөө милдеттенмеси келип чыкса жана ушул
роялтини төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме тартса, анда
ушундай роялти туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте келип чыкты деп
эсептелет.
6. Эгерде роялти төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин же алар-
дын экөөнүн же кандайдыр бир башка жактын ортосундагы өзгөчө өз ара ма-
милелерге байланыштуу негизинде роялти төлөнүп жаткан укукту же маалы-
матты пайдаланууга таандык болгон роялтинин суммасы роялтини төлөөчү
менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашыла турган суммадан
ашып кетсе, анда ушул статьянын жоболору акыркы эскертилген суммага ка-
рата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө ар бир Ма-
кулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жо-
болорун тиешелүү түрдө эске алуу менен салык салынууга тийиш.
13-статья. Мүлктүн наркынын өсүшүнөн түшкөн кирешелер
1. 6-статьяда айтылган жана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгаш-
кан кыймылсыз мүлктү же активдеринин жарымынан ашыгы компаниянын
мүлкүндө турган үлүштөрдү ээликтен ажыратууда Макулдашкан Мамлекеттин
резиденти тарабынан алынуучу кирешелерге мына ушул экинчи Мамлекетте
салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте
ээ болуп турган туруктуу мекеменин ишкердик кылууга тиешелүү мүлкүнүн
бир бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн киреше-
лерге, анын ичинде ушундай мекемени ээликтен ажыратуудан (өзүнчө же
бүткүл ишкана менен бирге) түшкөн кирешелерге мына ушул экинчи Мамле-
кетте салык салынышы мүмкүн.
3. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин эл аралык ташууларда пай-
даланылуучу дењиз, аба кемелерин, жол жана жерде жүрүүчү транспортту же
ушундай дењиз, аба кемелерин, жол же жерде жүрүүчү транспортту пайдала-
нууга байланыштуу дењиз, аба кемелерин, жол же жерде жүрүүчү транспорт-
ту ээликтен ажыратуудан алган кирешелерине мына ушул Макулдашкан Мамле-
кетте гана салык салынат.
4. 1, 2 жана 3-пункттарда айтылган кандайдыр бир мүлктү ээликтен
ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резиденти
болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
14-статья. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жак тарабы-
нан кесиптик кызматтарды көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка
ушул сыяктуу иштен алган кирешесине ушул Мамлекетте гана салык салынат.
Бирок эгерде:
а) жак иш жүргүзүү максатында экинчи Макулдашкан Мамлекетте өзүнө
ар дайым мүмкүн болгон туруктуу базага ээ болсо; ушул туруктуу базага
таандык болгон кирешенин бир бөлүгүнө гана; же
Ь) каралып жаткан фискалдык жылдын башталышындагы же аягындагы ар
кандай 12 айлык мезгилде жыйынтыктап алганда 183 күндөн ашкан мезгилдин
же мезгилдердин ичинде жак экинчи Макулдашкан Мамлекетте болсо; мындай
учурда анын мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги иштен алган кире-
шесинин бир бөлүгүнө гана экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы
мүмкүн.
2. "Кесиптик кызматтар" деген термин атап айтканда көз карандысыз
илимий, адабий, артистик, билим берүү же педагогикалык ишти, ошондой
эле врачтардын, юристердин, инженерлердин, архитекторлордун, стомато-
логдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишин камтып турат.
15-статья. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашы-
рылбаса, 15, 17 жана 18-статьялардын жоболорун эске алганда, Макулдаш-
кан Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган эмгек
акысына, маянасына жана башка ушул сыяктуу сый акысына ушул Мамлекетте
гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашы-
рылса, ушуга байланыштуу алынган сый акыга мына ушул экинчи Мамлекетте
салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, эгерде:
а) сый акы алуучу каралып жаткан фискалдык жылдын ичинде башталган
же аяктаган ар кандай 12 айлык мезгилдин ичинде жыйынтыктап алганда 183
күндөн ашпаган мезгилдин же мезгилдердин ичинде экинчи Мамлекетте бол-
со;
Ь) сый акы экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоо-
чу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө, жана
с) сый акы жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме
тарабынан төлөнбөсө, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин экинчи Макул-
дашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданып иштөөгө байланыштуу алынган
сый акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат.
3. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан, эл аралык ташуу-
ларда пайдаланылган дењиз же аба кемесинин, жерде жүрүүчү транспорттун
ичинде жүзөгө ашырылуучу жалданма жумушка байланыштуу алынган сый акыга
дењиз же аба кемесин, жерде жүрүүчү транспортту пайдаланган ишкана ре-
зиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
16-статья. Директорлорго сый акы төлөө
Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан директорлор кењешинин
же экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания-
нын ага окшош органынын мүчөсү катары алган директорлук сый акысына жа-
на ага окшош төлөмдөрүнө мына ушул экинчи Мамлекетте салык алынышы
мүмкүн.
17-статья. Артисттер жана спортчулар
1. 14 жана 15-статьянын жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамле-
кеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн ар-
тисти же музыкант сыяктуу искусство кызматкери же өзүнүн жеке иши бол-
гон спортчу катары экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жеке
ишинен алынган кирешесине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы
мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул са-
патта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматке-
ринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 7, 14
жана 15-статьялардын жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство
кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашкан Мам-
лекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эгерде мына ушул Макулдашкан Мамлекетте болуу толугу менен же
негизинен Макулдашкан Мамлекеттин биринин же экинчисинин же администра-
циялык бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын мамлекеттик
фонддорунан каржыланса, же Макулдашкан Мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн ор-
тосундагы маданий макулдашуу колдонулса, 1 жана 2-пункттардын жоболору
Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан Мамле-
кетте жүзөгө ашырылган иштен кирешеге карата жайылтылбайт. Мындай учур-
да артист, спортчу же тренер резиденти болуп эсептелген Макулдашкан
Мамлекетте гана салык салынат.
18-статья. Пенсиялар
1. 19-статьянын 2-пунктунун жоболорун эске алганда, Макулдашкан
Мамлекеттин резидентине мурда жалданып иштегендиги үчүн төлөнгөн пенси-
ялар жана башка сый акыларга мына ушул Мамлекетте гана салык салынат.
19-статья. Мамлекттик кызмат
1. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык аймактык
бөлүмү же бийликтин жергиликтүү органы тарабынан жеке жакка ушул Мамле-
кетке же анын администрациялык бөлүмүнө же бийликтин жергиликтүү орга-
нына кылган кызматы жаатында төлөнгөн пенсиядан башка, эмгек акыга, ма-
янага жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ушул Мамлекетте гана салык
салынат.
Ь) бирок эгерде кызмат мына ушул экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана
жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ал;
(i) Ушул Мамлекеттин гражданы болсо; же
(ii) кызматты жүзөгө ашыруу максатында гана ушул Мамлекеттин рези-
денти болбой калса, анда ушундай маянага, эмгек акыга жана башка ушул
сыяктуу сый акыларга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
2. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык аймактык
бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы же алар тарабынан түзүлгөн фонддор-
дон ушул Мамлекет же анын администрациялык аймактык бөлүмү же жерги-
ликтүү бийлик органы үчүн жүзөгө ашырылган кызматы үчүн жеке жакка
төлөнүүчү ар кандай пенсияга мына ушул Мамлекетте гана салык салынат.
Ь) эгерде жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти жана гражданы болуп
эсептелсе, мындай пенсияга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык са-
лынат.
3. 15, 16, 17, жана 18-статьялардын жоболору Макулдашкан Мамлекет-
тин же анын администрациялык аймактык бөлүмүнүн же жергиликтүү бийлик
органынын ишкердик кылуу ишин аткарууга байланыштуу жүзөгө ашырылган
кызматына карата маянасына, эмгек акысына жана башка ушул сыяктуу сый
акысына жана пенсияларына карата колдонулат.
20-статья. Студенттер
Макулдашкан Мамлекетке келээрдин алдында түздөн түз экинчи Макул-
дашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана би-
ринчи аталган Мамлекетте окуу же билим алуу максатында гана жүргөн сту-
дент же үйрөнчүк тарабынан алынуучу жана жашоо, окуу жана билим алуу
максаттарына арналган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ушул Мамлекеттин че-
гинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга аталган
Мамлекетте салык салынбайт.
21-статья. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун түрлөрүнө, ушул Макулдашуунун мурдагы стать-
яларында айтылбаган алардын келип чыгуу булактарына карабастан Макул-
дашкан Мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрүнө мына ушул Мам-
лекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Эгерде ушундай кирешелерди алуучу бир Макулдашкан Мамлекеттин
резиденти болуп эсептелип, экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан ту-
руктуу мекеме аркылуу ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса жана аларга
байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чынында эле ушундай туруктуу
мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, 1-пункттун жоболору
6-статьянын 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшүүчү кирешелер-
ден башка кирешелерге карата колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга
жараша 7 же 14-статьянын жоболору колдонулат.
3. 1 жана 2-пункттун жоболоруна карабастан, экинчи Макулдашкан
Мамлекетте келип чыккан кумар оюндарынын жана лотереялардын утуштары
түрүндөгү ар кандай кирешелерге мына ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте
салык салынышы мүмкүн.
22-статья. Кош салык салууну четтетүүнүн ыкмалары
1. Кыргызстан боюнча алынган учурда кош салык салуу төмөндөгүдөй
четтетилет:
а) Эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна
ылайык Латвияда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, Кыргызстан
ушул резиденттин кирешесинен алынуучу салыктан Латвияда төлөнгөн киреше
салыгына барабар сумманы чыгарып салууга мүмкүнчүлүк берет.
Жогоруда келтирилген жобого ылайык чыгарылып салынган салыктын
суммасы Кыргызстанда колдонулган ставкалар боюнча ушундай кирешеге че-
герилген салыктан ашпоого тийиш.
Ь) Эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна
ылайык Латвияда гана салык салына турган киреше алса, Кыргызстан бул
кирешени салык салуу базасына киргизиши мүмкүн, бирок ал Кыргызстанда
салык салына турган ушундай кирешеге же капиталга салыктын ставкасын
белгилөө максатында гана жасалат.
2. Латвияга карата алганда кош салык салуу төмөндөгүдөй четтети-
лет:
а) Эгерде Латвиянын резиденти ушул Макулдашууга ылайык Кыргызстан-
да салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, эгерде алда-канча жагымдуу
режимге улуттук мыйзамдар тарабынан мүмкүнчүлүк берилсе, Латвия ушул
резиденттин кирешесинен алынуучу салыктын суммасынан Кыргызстанда
төлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы чыгарып салууга мүмкүнчүлүк
берет.
Бирок мындай чыгарып салуулар Латвияда сунуш кылынган чыгарып са-
лууларга чейин эсептелген, Кыргызстанда салык салынышы мүмкүн болгон
кирешелерге таандык кылынган кирешеден алынуучу салыктардын ушул
бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
Ь) а) пунктчасынын максаты, мында Латвиянын резиденти болуп эсеп-
телген компания Кыргызстандын резиденти болуп эсептелген компаниядан
дивиденддерди алып турса жана эњ жок дегенде компаниянын добуш берүү
укугунун 10 пайызын контролдосо, Кыргызстанда төлөнүүчү салыктар диви-
денддерден төлөнүүчү салыктарды гана эмес, ошондой эле дивиденддерди
төлөгөн компаниянын негизги пайдасынан төлөнгөн салыктардын тиешелүү
үлүшүн да камтыйт.
23-статья. Басмырлоого жол бербөө
1. Макулдашкан Мамлекеттин улуттук жактары экинчи Макулдашкан Мам-
лекетте бирдей эле жагдайларда, атап айтканда резиденцияга карата ал-
ганда ушул экинчи Мамлекеттин улуттук жактары тартылган же тартылышы
мүмкүн болгон салык салууга же ага байланыштуу милдеттенмелерге кара-
ганда башка же алда канча оор салык салууга же ага байланыштуу милдет-
тенмеге тартылбайт. 1-статьянын жоболоруна карбастан ушул Жобо бир же
эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденттери болуп эсептелбеген жактарга
карата да колдонулат.
2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген граждандыгы
жок жактар бирдей эле жагдайларда, атап айтканда резиденцияга карата
алганда Макулдашкан Мамлекеттердин биринде дагы ушул Мамлекеттин улут-
тук жактары тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга же ага
байланыштуу милдеттенмелерге караганда, салык салууга, же болбосо ага
байланыштуу башка же алда-канча оор милдеттенмелерге тартылышы мүмкүн
эмес.
3. Бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамле-
кетте ээ болгон туруктуу мекемеге салык салуу ушул экинчи Мамлекеттин
ушундай эле ишти жүзөгө ашырып жаткан ушул экинчи Мамлекеттин ишканасы-
на салык салууга караганда алда-канча жагымсыз болушу мүмкүн эмес. Ушул
Жобо бир Макулдашкан Мамлекетти экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиден-
тине алардын граждандык статусунун же үй-бүлөлүк абалынын негизинде өзү
жеке резиденттерине берип жаткан салык салуу боюнча кандайдыр бир жеке
жењилдиктерди, чыгарып салууларды жана арзандатууларды берүүгө милдет-
тендирүүчү жобо катары чечмеленбөөгө тийиш.
4. 9-статьянын 1-пункутунун, 11-статьянын 7-пунктунун же 12-стать-
янын 6-пункутунун Жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Макул-
дашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттин
резидентине карата жүзөгө ашырылган пайыздар, роялти жана башка төлөм-
дөр ушундай ишканалардын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында
алар биринчи айтылган Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй эле, ушундай
эле чыгарып салууларга дуушар болууга тийиш.
5. Капиталы толугу менен же жарым жартылай экинчи Макулдашкан Мам-
лекеттин резиденттерине таандык болгон же тикелей же кыйыр түрдө конт-
ролдонгон Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы биринчи аталган Мамлекетте
биринчи аталган Макулдашкан Мамлекеттин башка ушул сыяктуу ишканасы
тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салууга же ага байланыштуу
милдеттенмеге караганда кандайдыр бир салык салууга же ага байланыштуу
башка же алда канча оор милдеттенмелерге тартылбоого тийиш.
6. 2-статьянын жоболоруна карабастан ушул статьянын жоболору ар
кандай тектеги жана түрдөгү салыктарга карата колдонулат.
24-статья. Өз ара макулдашуунунун жол-жобосу
1. Эгерде жак бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин аракеттери ушул
Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келди же
алып келет деп эсептесе, бул жак ушул мамлекеттердин улуттук мыйзамда-
рында каралган коргонуу каражаттарына карабастан, эгерде ага байланыш-
туу учур 23-статьянын 1-пунктунун аракетине, башкача айтканда өзү граж-
даны болуп эсептелген ушул Макулдашкан Мамлекетке туура келсе, өзү ре-
зиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органына
ишти кароого бере алат. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык кел-
беген салык салууга алып келген аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоо бе-
рилген учурдан тартып 3 жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Эгерде компетентүү орган дооматты негиздүү деп эсептесе жана
эгерде өз алдынча канааттандырарлык чечимге келе албаса, ушул Макулда-
шуунун жоболорунун көз карашынан алганда укукка жат салык салуудан ка-
чуу максатында экинчи Макулдашкан Мамлекеттин компетентүү органы менен
аны өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Ар кандай жетишилген ма-
кулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган кан-
дайдыр-бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.
3. Макулдашкан Мамлекеттердин компетентүү органдары ушул Макулда-
шуунун жоболорун чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан ар кандай кыйынчы-
лыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулушат.
Алар ошондой эле ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салу-
унун четтетүү максатында бири-бири менен консультация өткөрүшү мүмкүн.
4. Макулдашкан Мамлекеттердин компетентүү органдары өздөрүнүн
өкүлдөрүнөн же алардын өзүнөн турган биргелешкен комиссиялар аркылуу
мурдагы пункттар боюнча макулдашууга жетишүү жана аларды түшүнүү макса-
тында бири-бири менен тикелей байланышка чыга алат.
25-статья. Маалымат алмашуу
1. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул мыйзам-
дар боюнча салык салуу Макулдашууга карама-каршы келбеген даражада ушул
макулдашуунун жоболору колдонулган ушул Макулдашуунун же Макулдашкан
Мамлекеттердин, же анын администрациялык аймактык же жергиликтүү бийлик
органдарынын улуттук мыйзамдарынын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон
ар кандай түрдөгү жана тектеги салыктарга тиешелүү болгон маалыматтарды
алмашып турушат. Маалымат алмашуу 1 жана 2-статьянын жоболору менен
чектелбейт. Макулдашкан Мамлекет тарабынан алынган ар кандай маалымат,
ошондой эле ушул мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын алкагында алынган
башка маалымат сыяктуу эле жашыруун маалымат болуп саналат жана биринчи
сүйлөмдө көрсөтүлгөн салыктарды эсептөө же жыйноо, өндүрүп алуу же сот-
тук куугунтукка алуу же аларга карата апелляцияларды кароо боюнча иш
жүргүзгөн жактарга же органдарга (анын ичинде сотторго же администраци-
ялык органдарга) гана маалымдалат. Ушундай жактар же органдар бул маа-
лыматты ушул максаттар үчүн гана пайдаланат. Алар ушул маалыматты сот-
тун ачык жыйынынын жүрүшүндө же соттук чечимдерди кабыл алууда ачыкка
чыгара алышат.
2. Эч качан 1-пункттун жоболору Макулдашкан Мамлекеттин компе-
тентүү органына төмөндөгүлөргө:
а) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына жана адми-
нистрациялык практикасына карама каршы келген администрациялык чаралар-
ды көрүүгө;
Ь) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же адат-
тагы администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга болбой турган маалы-
матты берүүгө;
с) кандайдыр бир соода, экономикалык, өнөр-жайлык, коммерциялык же
кесиптик сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгара турган маалы-
матты берүүгө, же болбосо ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка ("ордр
публик") карама-каршы келген маалыматты берүүгө милдеттендирүү катары
чечмеленбөөгө тийиш.
26-статья. Дипломатиялык жана консулдук кызматтардын кызматкерлери
Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу дипломатиялык миссиялардын жана
консулдук мекемелердин мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы нормалары же
атайын макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына
тиешелүү болбойт.
27-статья. Күчүнө кириши
1. Макулдашкан Мамлекеттер дипломатиялык каналдар аркылуу алардын
мыйзамдарында ушул Макулдашууга мыйзамдын күчүн берүүнү талап кылган
жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө кабарлайт.
2. Ушул Макулдашуу ушул статьянын 1-пунктунда айтылган акыркы ка-
барлоо берилген датадан тартып күчүнө кирет жана анын жоболору:
а) киреше булагынан кармалуучу салыктарга карата - ушул Макулдашуу
күчүнө кирген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же
биринчи январынан кийин алынган кирешелерге карата;
Ь) кирешеден алынуучу башка салыктарга карата - ушул Макулдашуу
күчүнө кирген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же
биринчи январынан кийин баштала турган ар кандай салыктык жылга карата
колдонулат.
28-статья. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин бири анын колдонулушун
токтотконго чейин күчүндө болот. Макулдашкан Мамлекеттердин ар бири
ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып беш жыл аяктагандан кийин
башталган ар кандай календарлык жыл аяктаганга чейин кеминде алты ай
калгандан кечиктирбестен Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө дипломатия-
лык каналдар аркылуу кабарлоо жиберүү менен Макулдашуунун колдонулушун
токтото алат. Мындай учурда Макулдашуу:
а) киреше булагынан кармалуучу салыктарга карата - кабарлоо берил-
ген жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же биринчи ян-
варынан кийин алынган кирешелерге карата;
Ь) кирешеден алынуучу башка салыктарга карата - кабарлоо берилген
жылдан кийинки календарлык жылдын биринчи январында же биринчи январы-
нан кийин баштала турган ар кандай салыктык жылга карата колдонулат.
Ушуну ырастоо менен буга тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилген
төмөндө кол койгондор ушул Макулдашууга кол коюшту.
_____________ "__" __________2 нускада кыргыз, орус, латыш жана
англис тилдеринде жазылды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ болот.
Чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст
колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.