Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймагында укук коргоо жана атайын органдарынын кызматкерлеринин болуу жана биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө (Бишкек шаарында кол коюлган) (Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы №196
Мыйзамы менен ратификацияланган
Бишкек шаары
1998-жылдын 6-майы
Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан
Республикасынын аймагында укук коргоо жана
атайын органдарынын кызматкерлеринин болуу
жана биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Бул документ орусча редакцияда "Договор" деп берилген.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы мындан ары Тарап-
тар деп аталып,
Тараптардын аймагында кылмышка каршы натыйжалуу күрөштү камсыз кы-
луу, ошондой эле жасалган кылмыш үчүн сөзсүз жазалануу принцибин ишке
ашыруу максатында,
түзүлгөн кырдаалда Тараптардын кылмышка каршы күрөшүүдөгү макулда-
шылган аракеттери чукул зарылчылыгы болуп эсептелээрине ынанып,
эки мамлекеттин тењ укук коргоо жана атайын органдарынын биргелеш-
кен аракетинин укук негизин өрчүтүүгө умтулуп,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Ушул Келишимдин мааниси боюнча төмөндө аталуучу ар бир термин тө-
мөнкүдөй мааниге ээ:
Кыргыз Республикасы тараптан - "укук коргоо жана атайын органда-
ры":
- Башкы прокуратура;
- Ички иштер министрлиги;
- Улуттук коопсуздук министрлиги;
- Мамлекеттик бажы комитети;
- Мамлекеттик министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекци-
ясы.
Тажикстан Республикасы тараптан:
- Башкы прокуратура;
- Мамлекеттик тергөө комитети;
- Коопсуздук министрлиги;
- Ички иштер министрлиги;
- Финансы министрлигинин Мамлекеттик салык комитети;
- Мамлекеттик бажы комитети.
"укук коргоочу жана атайын органдар" - Тараптар өз ара тааныган,
улуттук мыйзамдарга ылайык оперативдүү-издөө, сурап-билүү жана ал-
дын-ала тергөө ишин ишке ашыруучу мамлекеттик органдар;
"байкоо" - кылмыштын даярдалышына шектүү жана аны жасаган адамдар-
дын байланыштарын, кылмыш иштерин жана ошол адамдарды издөөгө багыттал-
ган оперативдик-издөө иши;
"изине түшүү" - укук коргоо же атайын органдарынын кызматкерлери-
нин шектүү, күнөөлөнгөн, соттолуп жаткан же соттолгон адамды кармоого
багытталган, чек ара областынын чегинде жер үстүндө жылып жүрүү каража-
ты аркылуу ишке ашырылуучу аракети;
"кайтарууга алынган адамдарды жеткирүү жана күзөтүү" - кайтарууга
алынган адамдарды кызыккан (сураган) Тарапка өткөрүп берүүгө чейин мам-
лекеттердин аймактары аркылуу куралдуу жеткирүү жана күзөтүү;
"жүктөрдү коштоп баруу жана кайтаруу" - укук коргоо жана" атайын
органдар тарабынан Тараптардын аймагы аркылуу баалуу жана атайын жүк-
төрдү куралдуу коштоп баруу жана кайтаруу.
2-статья.
1. Тараптардын укук коргоочу жана атайын органдары улуттук мыйзам-
дарга, Тараптар катышкан эл аралык макулдашууларга, ушул Келишимге
ылайык өз укуктарынын чегинде оперативдик издөө-ишиндеги; күчтөрдү жана
каражаттарды өз ара алмашууну кошкондо бири-бирине кылмыштарды аныктоо-
до, болтурбоодо, ачууда жана тергөөдө, ошондой эле кайтарууга алынган
адамдарды жеткирүүдө жана күзөтүүдө жүктөрдү коштоп барууда жана кайта-
рууда көмөк көрсөтүшөт.
2. Тараптардын укук коргоо жана атайын органдарынын кызматкерлери
тийиштүү суроо-талаптардын негизинде жана уруксат алгандан кийин кыз-
маттык тапшырмаларды аткаруу, оперативдик-издөө чараларын жана процес-
суалдык аракеттерди жүргүзүүдө көмөктөшүү, ошондой эле кайтарууга алын-
ган адамдарды жеткирүү жана күзөтүү, жүктөрдү коштоп баруу жана кайта-
руу үчүн Тараптардын аймагына командировкага жиберилиши мүмкүн.
Процессуалдык аракеттер Тараптардын мыйзамдарына жана граждандык,
үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укук жардамы жана укук мамилелери
жөнүндө 1993-жылдын 22-январында Минск шаарында кол коюлган Конвенция-
нын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
3. Тийиштүү укук коргоо жана атайын органдардын жетекчилери Тарап-
тардын укук коргоо жана атайын органдарынын кызматкерлеринин өзүлөрүнүн
органдарында болушуна уруксат берүү тартибин аныкташат.
4. Тараптардын укук коргоо жана атайын органдарынын башка Тараптын
аймагына белгиленген тартипте келген кызматкерлери ушул Келишимдин жо-
болоруна ылайык өзүлөрүнүн милдетин ошол келген Тараптын мыйзамдарына
жана нормативдик актыларына ылайык аткарышат.
3-статья.
1. Ушул Келишимдин 2-статьясынын 1-пунктунда аталган чараларды иш-
ке ашыруу үчүн кирүү жөнүндө суроо так отчет берүүчү документ болуп са-
налган, белгиленген үлгүдөгү бланкта жазылат.
Ушул Келишимдин 2-статьясынын 2-пунктунда аталган чараларды ишке
ашыруу үчүн кирүүгө уруксат так отчет берүүчү документ болуп саналган,
белгиленген үлгүдөгү бланкта жазылат.
2. Ушул Келишимде аталган чараларды ишке ашыруу үчүн кирүү жөнүндө
суроо, ошондой эле кошумча маалымат орус тилинде түзүлөт же орус тилине
которулган ырастама менен коштолот.
3. Суралып жаткан Тараптын аймагына кирүүгө уруксат, мунун ичинде
табелдик курал жана атайын каражаттар менен кирүү уруксатын, ошол Та-
раптын укук коргоо же атайын каражаттар менен кирүү уруксатын ошол Та-
раптын укук коргоо же атайын органы суроо келип түшкөн учурдан кийин
беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбей берет жана бул жөнүндө сурап жаткан
Тараптын укук коргоо жана атайын органына билдирилет. Мындай уруксат
анык бир шарттар менен эскертилиши мүмкүн.
Суралып жаткан Тараптын аймагына кирүүдө табелдик куралды жана
атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого себебин билдирүү менен
уруксат берилбеши мүмкүн.
4. Эгерде уруксат алуу боюнча суроо жогоруда аталган талаптарды
эске албастан түзүлсө же маалымат толук берилбесе, анда суралып жаткан
Тараптын укук коргоо жана атайын органы кошумча маалымат сурап алууга
укуктуу.
5. 3-статьянын 1-пунктуна ылайык жасалган уруксат укук коргоо жана
атайын органдарынын кызматкерлеринин чектен өтүшүнө, табелдик куралды
жана атайын каражаттарды алып өтүшүнө, келип жаткан Тараптын аймагында
ушул Келишимде каралган чараларды өткөрүүгө негиз болот.
6. Ушул Келишимде каралган чараларды өткөрүү үчүн келген укук кор-
гоо жана атайын органдардын кызматкерлери бир сутканын ичинде катталуу-
га жана уруксатты жергиликтүү укук коргоо жана атайын органында белги-
лөөгө милдеттүү. Антпесе уруксат жараксыз болуп таанылат.
7. Табелдик курал, анын ок-дарысы жана атайын каражаттар милдеттүү
түрдө кайра чыгарылып кетүүгө тийиш.
4-статья.
Укук коргоо жана атайын органдарынын өкүлдөрү жасаган укук бузуу-
лар жөнүндө ишти тергөөдө ошол өкүлдөр гражданы болуп саналган Тарап
экинчи Тарапка зарыл жардамды жана көмөктү көрсөтөт. Мындай учурларда
укук бузгандарга карата кылмыш тергөөсү өтүнүч боюнча ошол өкүлдөр
гражданы болуп саналган Тарапка, Тараптардын мыйзамдарына жана Граждан-
дык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укук жардамы жана укук мами-
лелери жөнүндө 1993-жылдын 22-январында Минск шаарында кол коюлган Кон-
венциянын жоболоруна ылайык өткөрүлүп берилет.
5-статья.
1. Бир Тараптын укук коргоо жана атайын органдарынын экинчи Тарап-
тын аймагында кылмыштарды даярдоодо же жасоодо шектүү деп саналган
адамдарга байкоо жүргүзгөн кызматкерлери (мындан ары - байкоочулар)
эгерде экинчи Тараптын укук коргоо жана атайын органы шарттын өзгөчөлү-
гүнө жана шашылыштыгына жараша чектен өтөөрү жөнүндө эскертилбесе,
экинчи Тараптын аймагында байкоосун уланта алышат.
2. Байкоо төмөнкү шарттар сакталганда гана ишке ашырылышы мүмкүн:
а) байкоочулар ушул Келишимдин талаптарын аткарууга, өзүлөрү тур-
ган Тараптын аймагында айын мыйзамдарын сактоого, ошондой эле жергилик-
түү укук коргоо жана атайын органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш
ийүүгө милдеттүү;
б) байкоочулар кандай гана учурда болбосун өзүлөрү расмий адамдар
экендигин далилдөөгө даяр болууга тийиш;
в) байкоочулар байкоо жүргүзүп жаткан адамды анык кылмыш кылгандан
башка учурларда кармоого укуксуз; байкоочулар кармалган адамды жерги-
ликтүү укук коргоо жана атайын органдарына дароо өткөрүп берүүгө:
г) байкоочулар өзүлөрү байкоо жүргүзүп жаткан Тараптын укук коргоо
жана атайын органдарынын талабы боюна аларга тийиштүү маалымат берип
турушат.
3. Аймагында байкоо жүргүзүлүп жаткан Тараптын тийиштүү коргоо жа-
на атайын органы талап кылаары менен байкоо токтотулат.
6-статья.
1. Тараптардын биринин өз Тарабында кылмыш жасаган адамдын изине
түшүү (мындан ары - изине түшкөндөр) издөөнү ишке ашырган укук коргоо
жана атайын органдары шашылыш учурдан улам чектен өтөөрү жөнүндө эскер-
тилбеген учурда экинчи Тараптын аймаганда мурдатан уруксатсыз изине тү-
шүүнү уланта алышат. Ушул жобо изине түшкөн адам кайтарууда болуп же
эркинен ажыратылган түрүндө жазасын өтөп жатканда качкан болсо да жай-
ылтылат.
Чектен өткөндөн кийин изине түшкөндөр аймагында ошол изине түшүү
жүрүп жатканда Тараптын жергиликтүү укук коргоо жана атайын органдарына
дароо кайрылышат, Изине түшкөндөрдүн өтүнүчү боюнча жергиликтүү укук
коргоо жана атайын органдары изине түшкөн адамды аны аныкташ үчүн жана
анын белгиленген тартипте өткөрүп берүү маселеси чечилгенге чейин кар-
машат. Аймаганда изине түшүү жүрүп жаткан Тараптын укук коргоо жана
атайын органы талап кылары менен изине түшүү токтотулат.
2. Изине түшкөн адам аймагында ал турган Тараптын укук коргоо жана
атайын органы тарабынан кармалат.
Эгерде жергиликтүү укук коргоо жана атайын органдары изине түшкөн
адамды кармоодо жетишээрлик тез жардам бере алышпаса, изине түшкөндөр
бул адамды аймагында изине түшүү жүрүп жаткан Тараптын жергиликтүү укук
коргоо жана атайын органына анын өзү жана андагы буюмдар менен докумен-
ттерди дароо өткөрүп берүү менен кармоого укуктуу. Ошол орган жеткирил-
ген адамдын өзүн аныктайт жана зарыл учурда камакка алат. Шектүү адамды
кармоодо изине түшкөндөр куралды жана атайын каражаттарды колдонууга,
кармалган адамды текшерип чыгууга, жеке буюмдарын жана документтерин
алып коюуга укуктуу. Куралдын колдонгондугу жөнүндө эки Тараптын тењ
укук коргоо жана атайын органдарына билдирилет.
3. Изине түшүү төмөнкү шарттар сакталганда гана ишке ашырылышы
мүмкүн:
а) изине түшкөндөр ушул Келишимдин жоболорун жана аймагында өзүлө-
рү турган Тараптын мыйзамдарын сактоого жана жергиликтүү укук коргоо
жана атайын органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө тийиш;
б) изине түшкөндөр өзүлөрүнүн атайын укуктарын ырастоого даяр бо-
лууга тийиш;
в) изине түшүү аяктагандан кийин изине түшкөндөр аймагында өзүлөрү
издөө жүргүзүп жаткан Тараптын жергиликтүү укук коргоо жана атайын ор-
гандарына тийиштүү маалымат беришет; бул органдардын талабы боюнча из-
дөө жүрүп жаткан аймакта алардын аракеттеринин шарттары аныкталганга
чейин калышат; бул шарт эгерде издөө изделген адамдын кармалышы менен
аяктабаган учурда да колдонулат.
4. Аймагында изине түшүү жүргүзүлгөн Тараптын укук коргоо жана
атайын органынын өтүнүчү боюнча өзүлөрүнүн изине түшкөндөр жиберип жат-
кан Тараптын укук коргоо жана атайын органдары зыяндуу кесепеттер келип
чыккан учурда аларга тергөөдө жардам беришет.
7-статья.
1. Тараптардын биринин укук коргоо жана атайын органдарынын кайта-
рууга алынган адамдарды өткөрүп барууну ишке ашырган кызматкерлери,
конвой (караул) тийиштүү укук коргоо жана атайын органынын мурдатан
уруксаты алынган учурда экинчи тараптын аймагында жеткирүүнү жана кай-
тарууну уланта алышат.
2. Кайтаруу төмөнкү талаптар сакталганда гана ишке ашырылат:
а) конвой (караул) ушул Келишимдин талаптарын аткарууга, аймагында
турган Тараптын мыйзамдарын сактоого, ошондой эле жергиликтүү укук кор-
гоо жана атайын органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө милдет-
түү;
б) конвой (караул) аймагында кайтаруу ишке ашырылып жаткан Тарап-
тын укук коргоо жана атайын органдарынын биринчи эле мыйзамдуу талабы
боюнча өзүлөрүнүн атайын укуктарын ырастоого тийиш;
в) конвой (караул) аймагында кайтаруу ишке ашырылып жаткан Тарап-
тын укук коргоо жана атайын органдарынын талабы боюнча анын укук коргоо
жана атайын органдарына тийиштүү маалымат берет.
8-статья.
1. Тараптардын биринин укук коргоо жана атайын органдарынын экинчи
Тараптын аймагында жүктөрдү коштоону жана кайтарууну ишке ашырган кыз-
маткерлери (мындан ары - караул) тийиштүү укук коргоо жана атайын орга-
нынын мурдатан уруксаты алынган учурда экинчи Тараптын аймагында жүк-
төрдү коштоону жана кайтарууну уланта алышат.
2. Жүктөрдү коштоо жана кайтаруу төмөнкү талаптар сакталганда гана
ишке ашырылат:
а) караул ушул Келишимдин талаптарын аткарууга, аймагында турган
Тараптын мыйзамдарын сактоого, ошондой эле жергиликтүү укук коргоо жана
атайын органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө милдеттүү;
б) караул аймагында кайтаруу ишке ашырылып жаткан Тараптын укук
коргоо жана атайын органдарынын биринчи эле мыйзамдуу талабы боюнча
өзүлөрүнүн агайын укуктарын ырастоого тийиш;
в) караул аймагында кайтаруу ишке ашырылып жаткан Тараптын укук
коргоо жана атайын органдарынын талабы боюнча анын укук коргоо жана
атайын органдарына тийиштүү маалымат берет.
9-статья.
Эгерде Тараптардын биринин укук коргоо жана атайын органдарынын
экинчи Тараптын аймагында турган кызматкерлеринин аракеттеринин натый-
жасында ошол Тараптын жеке адамдарынын же юридикалык жактарынын ден
соолугуна, менчигине, мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыгына зыян кел-
тирилсе, аларды командировкага жиберген Тарап аймагында зыян келтирил-
ген Тараптын мыйзамдарына ылайык ошол зыян үчүн жооп берет жана зыяндын
ордун толтурат.
10-статья.
1. Бир Тараптын укук коргоо жана атайын органдарынын кызматкерле-
ринин экинчи Тараптын аймагында ушул келишимдин чегинде болушуна байла-
нышкан чыгымдарды эгерде башкача тартип белгиленбесе, ошол жиберген Та-
рап тартат.
2. Кабыл алуучу Тарап командировкада жүргөн кызматкерлерге алардын
кызматтык тапшырманы аткарган убагында тийиштүү жашоо жана иштөө шарт-
тарын камсыз кылууда көмөктөшөт.
11-статья.
1. Ушул Келишимдин жоболору Тараптардын ортосунда ошол Тараптардын
укук коргоо жана атайын органдарынын биргелешкен аракеттенүү тартиби
дагы тагыраак регламенттелген башка келишимдердин түзүлүшүнө тоскоол
болбойт.
2. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу
келип чыгууну кайчы пикирлер кењешүү жана сүйлөшүү аркылуу чечилет.
12-статья.
Ушул Келишим Тараптардын ортосунда ратификациялоо грамоталары ал-
машылган күндөн отуз сутка өткөндөн кийин күчүнө кирет.
13-статья.
Тараптардын ар бири экинчи Тарапка чыгаарын 6 ай мурда жазуу тү-
рүндө билдирүү менен ушул Келишимден чыга алат.
1998-жылдын 6-майда, Бишкек шаарында эки нускада, ар бири кыргыз,
тажик жана орус тилдеринде аткарылды, мында тексттердин баардыгынын кү-
чү бирдей.
Ушул Келишимдин жоболорунун түшүнүгүн берүүдө келишпестиктер чык-
кан учурда негиз болуп орус тилиндеги текст кабыл алынат.
Кыргыз Республикасы үчүн Тажикстан Республикасы үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.