Коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүүсү жөнүндө (Бишкек шаарында кол коюлган) (Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы №196
Мыйзамы менен ратификацияланган
Бишкек шаары
2006-жылдын 27-январы
Коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын жана
Түндүк Ирландиянын Бириктирилген Королдугунун
Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүүсү жөнүндө
МЕМОРАНДУМ
Бул жерде жана мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү жана Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Бириктирил-
ген Королдугунун Өкмөтү;
эки мамлекеттин ортосунда болгон өнөктөштүктүн жана кызматташтык-
тын духун аркалап;
ишенимди, туруктуулукту жана коопсуздукту күчөтүүнүн каражаты ка-
тары коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын маанилүүлүгүнө өзгөчө көњүл
бөлүп;
коргоо чөйрөсүндөгү "мамилелерди терењдетүү жана түзүлгөн өз ара
урматтоону жана ишенимди арттыруу максатында;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Кызматташтыктын максаттары
Тараптардын ортосунда кызматташтык региондун жана бүткүл дүйнөнүн
тынчтыгы менен туруктуулугуна салым кошуу мүмкүнчүлүгү менен Эл аралык
укуктун жана адам укуктарынын принциптерин аркалоо менен көз карандысыз
демократиялык мамлекет катары Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнү колдо-
ого багытталат.
2-статья. Меморандумдун мазмуну
Меморандум кызматташтыктын негизги чөйрөсүн, ошондой эле бул доку-
менттин 6-статьясына ылайык Тараптардын ортосунда коргоо чөйрөсүндөгү
эки тараптуу кызматташтыктын программаларын жүзөгө ашырууга тиешелүү
болгон өбөлгөлөрдү жана жоболорду сүрөттөйт.
3-статья. Аныктамалар
Төмөнкү аныктамалар бул Меморандумга колдонулат:
- "командировкага жиберүүчү уюм" командировкалануучу персонал тие-
шелүү болгон министрликти, департаментти же аскерлер түрүн билдирет;
- "кабыл алуучу уюм" коргоо жана контакттар, ошондой эле бул
чөйрөдө кайсы бир башка иш-чаралар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын
программаларына ылайык башка өлкөнүн командировкалануучу персоналы жи-
берилүүчү министрликти, департаментти же өлкөнүн аскерлер түрүн билди-
рет;
- "командировкалоочу өлкө" командировкалоочу уюм тиешелүү болгон
өлкөнү билдирет;
- "кабыл алуучу өлкө" кабыл алуучу уюм тиешелүү болгон өлкөнү бил-
дирет.
4-статья. Кызматташтык чөйрөлөрү
Тараптар төмөнкү чөйрөдө эки тараптуу аскердик кызматташтыкты
өнүктүрүшөт:
- куралсыздануу, ишенимди жана эл аралык коопсуздукту күчөтүү ме-
нен байланышкан маселелер боюнча пикирлер жана маалыматтар менен алма-
шуу;
- улуттук аскер доктриналарын киргизүү боюнча маалыматтарды кош
тараптуу берүү;
- өздүк курамды жана командачылыкты даярдоого, ошондой эле аскер-
лерди көзөмөлдөөгө тиешелүү маселелерде тажрыйбалар менен алмашуу;
- аскердик даярдоо курстарында аскер персоналын даярдоо жана даяр-
доо борборлорунун ортосундагы кызматташтык;
- Кыргызстандын аскер кызматчылары үчүн англис тилин үйрөнүү боюн-
ча курстарды уюштуруу;
- аскердик медицина чөйрөсүндө кызматташуу;
- аскер кызматынын абалына тиешелүү юридикалык маселелерде тажрый-
ба менен алмашуу, аскер кызматчыларынын жана жергиликтүү жарандардын
ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу куралдуу чыр-чатактар
чөйрөсүндөгү нормативдик-укукгук актыларды изилдөө;
- куралды жана аскердик жабдууну кайра колдонуу чөйрөсүндө, ошон-
дой эле курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө тажрыйбалар менен алма-
шуу;
- аскер тарыхы жана аскердик каадалар чөйрөсүндө байланыштарды
өнүктүрүү;
- Тараптар ортосунда өз ара макулдашууга мүмкүн болгон башка
чөйрөлөр.
5-статья. Кызматташтык формалары
Кызматташтык төмөнкү формаларда ишке ашырылышы мүмкүн:
- Тараптардын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы консультациялар, жо-
лугушуулар же тажрыйба алмашуулар;
- сүйлөшүүлөр, конференциялар, семинарлар жана симпозиумдар;
- Тараптар ортосунда өз ара макулдашууга мүмкүн болгон башка фор-
малар.
6-статья. Кызматташтык программасы
1. Бул Меморандумдун негизинде Тараптар кызматташтыктын өзгөчө иш-
чараларын, алардын кантип, качан жана кайда аткарыла турганын, ошондой
эле башка маселелерди аныктоочу кызматташтыктын жылдык программаларын
жыл сайын түзүшөт.
2. Кызматташтыктын ар бир жылдык программалары өтүп бара жаткан
жылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө даярдалат.
3. Бир мамлекеттин министринин, штаб башчыларынын жана жогорку да-
ражадагы расмий адамдардын башка мамлекетке расмий сапарларын даярдоо
өзүнчө сүйлөшүлөт.
7-статья. Кызматташтыкты жүзөгө ашыруу
Кызматташтыктын программаларында каралган ишчараларды аткарууда
Тараптар төмөнкү принциптерге таянат:
- бул Меморандумга ылайык өткөрүлүүчү ишчаралардын жыйынтыгында
келип чыккан бардык чыгымдар командировкалоочу уюмдун милдеттери болуп
эсептелет;
- командировкалоочу уюм төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
а) командировкаланган персоналдын жарадар жана жаракат алган
мүчөлөрүн командировкалоочу өлкөгө кайра жеткирүүгө даярдоо;
б) жумушчу күчкө чыгашалар, командировкаланган персонал, жол
жүрүүлөргө байланышкан камсыздандыруу төгүмдөрү, ошондой эле иш-чара-
лардын - аныкталган түрлөрүнө персоналды даярдоого байланышкан бардык
чыгашалар;
в) кабыл алуучу өлкөдөн чыгуу жана кирүү үчүн кабыл алуучу өлкөнүн
бийликтери, талап кылуучу документтерди командировкаланган персоналга
берүү;
- кабыл алуучу уюм өзүнүн кароосуна бардык чыгымдарды же чыгымдар-
дын бир бөлүгүн төлөөнү сунуштай алат;
- бир мамлекеттин министрлеринин, штабдардын начальниктеринин баш-
ка мамлекетке расмий сапарларын ишке ашыруу боюнча чыгымдар өзүнчө
сүйлөшүлөт.
Подразделение же окутулуучу топтордогудай көп сандагы сапарларды
каржылоо Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ар бир өзүнчө учурда
чечилет.
8-статья. Шашылыш медициналык жардам
Шашылыш медициналык жардам жана тиш доктурдун кызматы, зарыл бол-
гон учурда, командировкаланган персоналга кабыл алуучу өлкө тарабынан
көрсөтүлөт. Мындай жардам кабыл алуучу уюмдун мүчөлөрүнө көрсөтүлүүчү
стандарттары менен өлчөмдөш болот жана командировкалоочу уюм үчүн бекер
болот. Ар кандай шашылыш эмес медициналык жардамдын жана тиш доктурдун
кызматынын чыгымдары командировкалоочу уюм тарабынан төлөнөт. Ар бир
командировкалоочу уюм ар кандай визит, алмашуу же командировка башталар
алдында анын персоналдарынын мүчөлөрүнүн ден соолугунун чыњ болушун
камсыз кылышы керек.
9-статья. Коопсуздук жана визиттер
1. Тараптар бүткүл жашыруун маалыматтарды же башка жашыруун мате-
риалдарды сакташат, алар өз мамлекетинин улуттук коопсуздук мыйзамдары-
на жана эрежелерине ылайык ушул Меморандумдун жоболору боюнча алмашылат
же чогултулат.
2. Тараптар бул Меморандумга ылайык берилүүчү же чогултулуучу жа-
шыруун. маалымат же жашыруун материалдар өкмөткө, улуттук (мамлекеттик)
органга же үчүнчү тараптын башка органдарына бул маалыматты же матери-
алды берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз берилбешин камсыз кы-
лынат.
3. Бүтүндөй командировкаланган персонал кабыл алуучу өлкөнүн кооп-
суздук эрежелерине макул болот. Тараптар келүүчүлөр тарабынан ачылган
же берилген каалаган маалымат менен бул Меморандумдун жоболоруна ылайык
мамиле кылуусун камсыз кылышы керек. Визиттер боюнча - суроо-талап өк-
мөттүк каналдар аркылуу координацияланат жана кабыл алуучу өлкөнүн ви-
зиттерди уюштуруу боюнча белгиленген жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
10-статья. Талаш маселелерди жөнгө салуу
Интерпретацияга же бул Меморандумду колдонууга тиешелүү болгон ар
кандай талаш маселелер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен че-
чилет жана жөнгө салуу үчүн кайсы бир улуттук же эл аралык трибуналга
же үчүнчү тараптын кароосуна жөнөтүлбөйт.
11-статья. Толуктоолор
Бул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча анын ажы-
рагыс бөлүгү болуп эсептелген жана ушул Меморандумдун 12-статьясында
каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12-статья. Күчүнө кириши жана бузулушу
Бул Меморандум анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекет-
тик жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө Тараптардын акыркы билдирүүсүн
алган күндөн баштап күчүнө кирет жана анын күчүн токтотуу жөнүндө
өзүнүн ниети тууралуу башка Тарапка жазуу жүзүндө 90 күндөн аз эмес
убакытта Тараптардын бири билдиргенге чейин колдонула берет.
2006-жылдын 27-январында Бишкек шаарында эки нускада, кыргыз, анг-
лис жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Улуу Британиянын жана
Өкмөтү үчүн Түндүк Ирландиянын
Бириктирилген
Королдугунун Өкмөтү үчүн
Исмаил Исаков Пол Браммел
генерал-лейтенант Кыргыз Республикасындагы
Кыргыз Улуу Британиянын жана
Республикасынын Түндүк Ирландиянын
Коргоо Министри Бириктирилген
Королдугунун Өзгөчө жана
ыйгарым укуктуу элчиси
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаарында 2006 - жылдын 27 - январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы…Закон · 05.12.2006 · № 194
- Бишкек шаарында 1998 - жылдын 6 - майында кол коюлган Укук коргоо органдарынын жана атайын органдардын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын…Закон · 05.12.2006 · № 196