Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 12-декабрындагы №846
токтому менен бекитилген
Крыница шаары
2006-жылдын 7 сентябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
экономикалык кызматташуу жөнүндө
Макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Польша Республикасынын
Өкмөтү, мындан ары «Макулдашуучу Тараптар» деп аталуучу,
1998-жылдын 19-ноябрында Варшава шаарында кол коюлган Польша
Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосунда достук
мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө
Декларациянын жоболорун жетекчиликке алып,
келишим түзүүчү тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык
келишимдердин экономикалык кызматташтык жагындагы жоболорун эске алып,
Польша Республикасынын Европалык Союзга мүчөлүгүн эске алып,
Кыргыз Республикасы менен Польша Республикасынын ортосундагы
экономикалык мамилелерди мындан аркы бекемдөө жана өнүктүрүү
максатында
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-статья
1. Макулдашуучу Тараптар тараптардын мамлекеттеринин улуттук
мыйзамдарына ылайык өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты
өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
2. Ушул Макулдашуунун чегинде ишке ашырылчу кызматташтык
төмөнкүлөргө багытталат:
1) экономикалык потенциалды эки тараптуу экономикалык мамилелерди
бекемдөө үчүн пайдаланууга,
2) эки тараптуу экономикалык мамилелерди, тактап айтканда
экономикалык иш чараларды инвестициялоо, инновациялоо жана каржылоо
чөйрөсүндө ургалдаштырууга.
2-статья
1-статьяда айтылган кызматташтык төмөнкүдөй жолдор менен ишке
ашат:
1) Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин чарба субьектилеринин
ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү,
2) Макулдашуучу Тараптардын бир мамлекетинин чарба субьекттеринин
макулдашуучу тараптардын башка мамлекетинин аймагында объектилерди
долбоорлошу, куруушу, реконструкциялашы, ошондой эле технологиялык
модернизациялашы же Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин аймагында
же үчүнчү мамлекеттердин аймагында биргелешип катышышы,
3) экономикалык иш чараларды каржылоо, камсыздандыруу жана
кепилдиктерди берүү менен байланышкан механизмдерди киргизүү,
4) сертификациялоо жана стандартизациялоо жагында бири-бирине
жардам берүү,
5) келишим түзүүчү тараптардын чарба субьектерди бириктирүүчү
уюмдарынын ортосундагы байланыштарга көмөк көрсөтүү,
6) Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин, ошондой эле үчүнчү
мамлекеттердин аймагында консалтинг, укук, банктык жана техникалык,
анын ичинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү
кызматтарды өнүктүрүү,
7) жармањкелерди, көргөзмөлөрдү, семинарларды уюштуруу жана
өткөрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү,
8) Макулдашуучу Тараптардын- мамлекеттеринин экономикасын туруктуу
өнүктүрчү тажрыбайларды, анын ичинде экономика тармагында
делегацияларды жана эксперттерди алмашуу,
9) туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү.
3-статья
1. Макулдашуучу Тараптардын компетентүү органдары экономикалык
ишмердүүлүктү ишке ашыруучу өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды жана башка
мекемелерди түзүүгө жана алардын иштешине көмөк көрсөтүшөт.
2. Экономикалык иш жүргүзүүчү өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды жана
башка мекемелерди түзүүнүн жана иш жүргүзүүнүн принциптери аймагында
иш жүргүзүлүп жаткан Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдары
менен аныкталат.
4-статья
Макулдашуучу Тараптар мамлекеттердин колдонуудагы мыйзамдарына
ылайык төмөнкү тармактарда маалыматтарды алмашышат:
1) экономикалык ишкердүүлүктүн шарттарын, инвестицияны,
стандартизациялоону, сертификаттоону, лицензия, концессия жана уруксат
берүү шарттарын, интеллектуалдык жана өнөр жайлык менчикти, автордук
жана аны менен байланыштуу укуктарды коргоо жана өз ара кызыкчылыкты
пайда кылган башка чөйрөлөрдү жөнгө салуучу мыйзамдар тармагында,
2) Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин чарба субьектилеринин
ортосунда жана ошондой эле көргөзмөлөрдү, жармањкелерди, жана
экономикалык миссияларды өткөрүү тармагында контакттарды түзүүгө көмөк
көрсөтүүчү иш чаралар жагында.
5-статья
1. Макулдашуучу Тараптар мындан ары «Комиссия» деп атала турган
соодалык - экономикалык кызматташуу боюнча, Кыргызстандык-Польшалык
Өкмөттөр аралык комиссия түзүшөт.
2. Комиссиянын милдеттери төмөнкүдөй, атап айтканда:
1) экономикалык кызматташуунун абалына мезгилдүү кароо жана баалоо
жүргүзүү,
2) экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнү чектөөчү проблемаларды
идентификациялоо жана аларды жок кылуу максатындагы чараларды
сунуштоо,
3) экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды
даярдоо,
4) ушул макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө тийиштүү талаш
маселелерди талкуулоо.
3. Комиссия төрагалар жетектеген кыргыз жана польшалык
бөлүктөрүнөн турат. Макулдашуучу Тараптардын ар бири бөлүктүн
төрагасын дайындайт. Төраганын ар бири орун басарын жана бөлүктүн
катчысын дайындайт. Кээ бир маселелерди кароо үчүн Комиссия өзүнүн
компетенциясына ылайык жумушчу топторду түзүп, милдеттерин аныктай
алат.
4. Комиссиянын жыйыны зарылдыгына жараша бир жылда бир жолудан кем
эмес, Польша Республикасында жана Кыргыз Республикасында кезек менен
өткөрүлөт. Ар бир төраганын демилгеси боюнча Комиссиянын кезексиз
жыйыны өткөрүлүшү же төрагалардын жолугушуусу демилгелениши мүмкүн.
Бөлүктөрдүн төрагалары Комиссиянын кезектеги жыйынын, чакыруу
маселесин жана анын күн тартибин каралып жаткан жыйынды өткөрүүдөн бир
ай мурун өз ара макулдашышат. Төрагалардын макулдугу менен күн
тартибине мурдатан каралбаган маселелер киргизилиши мүмкүн.
Комиссиянын жыйынында ар бир бөлүк өзүнүн каалоосу боюнча кењешчилерди
жана эксперттерди чакыра алат.
5. Комиссиянын жыйыны поляк, орус жана кыргыз тилдеринде протокол
менен таризделет.
6. Комиссиянын жыйындарынын аралыгындагы мезгилдеги иштерге
байланыштуу маселелерди жумуш тартибинде Комиссиянын төрагалары же
алардын тапшырмалары боюнча алардын орун басарлары жана катчылары
талкуулашат.
7. Комиссиянын ишин жүрүшү ал бекитилген регламент менен
аныкталат.
6-статья
1. Бул Макулдашуунун Жоболору Макулдашуучу Тараптардын Польша
Республикасы жана Кыргыз Республикасы мүчөлөрү болгон эл аралык
келишимдерден, жана ошондой эле эл аралык уюмдарда мүчөлүктөрүнөн улам
тиешеси болбойт.
2. 1995-жылдын 9-февралында Брюссель шаарында кол коюлган, биринчи
тараптан Европалык коомчулук жана ага мүчө мамлекеттер менен Кыргыз
Республикасынын экинчи тараптан ортосундагы өнөктүктү түзүүчү кол
коюлган Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуу андан кийинки
бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен ушул Макулдашуу жөнгө
салуучу маселелерге карата артыкчылык күчкө ээ.
3. Бул Макулдашуунун Жоболору Польша Республикасынын Европалык
Союздагы мүчөлүгүнөн пайда болгон укуктарына жана милдеттерине тиешеси
болбойт.
7-статья
Бул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптардын керектүү жол-жоболор
аткарылганы тууралуу жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү алынган күндөн
тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучу
Тараптардын бири макулдашуучу башка тараптан Макулдашуунун
жарактуулугун токтотуу тууралуу жазуу түрүндө билдирүүнү алган күндөн
тартып алты ай бүткөнгө чейин жарактуу болот.
Макулдашуучу Тараптар бул макулдашууга өз ара макулдашуу боюнча
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн, алар анын ажырагыз
бөлүгү болуп эсептелет, өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул
статьянын биринчи пункту менен каралган тартипте күчүнө кирет.
2006-жылдын 7 сентябрында Крыница шаарында, эки нускада ар бири
поляк, кыргыз, орус тилдеринде түзүлдү, мында баардык тексттер бирдей
күчкө ээ.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо,
Макулдашуучу Тараптар артыкчылыктуу болуп орус тилиндеги текстке
таянышат.
Кыргыз Республикасынын Польша Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Сабырбек Молдокулов Петр Возняк
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.