# Соглашение между Правительством Кыргызской Республики Правительством Республики Казахстан о сотрудничестве в области образования (подписано 4 июля 2006 года в г. Астана) (Ратифицировано Законом КР от 28 апреля 2007 года №47)

- Актынын түрү: Соглашение
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17758/edition/1189103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соглашение между Правительством Кыргызской Республики Правительством Республики Казахстан о сотрудничестве в области образования (подписано 4 июля 2006 года в г. Астана) (Ратифицировано Законом КР от 28 апреля 2007 года №47) (04.07.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17758

---

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 28-апрелиндеги №47

Мыйзамы менен ратификацияланган

Астана шаары

2006-жылдын 4-июлу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн

ортосундагы Билим берүү тармагындагы

кызматташуу жөнүндө

МАКУЛДАШУУ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-

на Казакстан Республикасынын Өкмөтү,

эл аралык нормаларга таянып, эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарын эске

алып,

билим берүү тармагындагы кызматташтыкты терењдетүүгө умтулуп,

Тараптардын ортосунда түзүлгөн позитивдүү билим берүү байланышта-

рын жана билим берүү тармагындагы тењдеш кызматташууга болгон өз ара

кызыкчылыкты эске алуу менен,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-статья.

Тараптар төмөнкү тармактардагы кызматташууну жүргүзүшөт:

- билим берүү системасы жана билим берүү тармагында жүргүзүлүп

жаткан реформалар жөнүндө маалымат алмашуу;

- окутуучу, окутуу-методикалык, аудио жана видео материалдар менен

алмашуу;

- билим алуучулар, педагогикалык жана илимий-педагогикалык кызмат-

керлер менен алмашуу;

- билим берүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды алма-

шуу;

- билим берүүчү уюмдардын аттестациясын жана аккредитациясын

өткөрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга

көмөк көрсөтүү;

- Тараптардын мамлекеттеринин билим берүүчү уюмдарынын ортосундагы

бардык дењгээлдеги кызматташууну кењейтүүгө жана терењдетүүгө

көмөктөшүү.

2-статья.

Тараптар адистерди, илимий-педагогикалык кадрларды өз ара алмашуу,

аларды даярдоо, кайрадан даярдоо жана тажрыйбасын жогорулатуу, Тарап-

тардын мамлекеттеринин кызыкдар уюмдарынын ортосундагы түздөн-түз кели-

шимдерди түзүп, алардын ичинде мындай уюмдардын укуктарын, милдеттерин

жана жоопкерчиликтерин аныктоону жүргүзүүнүн негизинде ишке ашырыла

турган биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана иш-чараларды өткөрүү тарма-

гындагы кызматташууну өркүндөтөт.

3-статья.

Тараптар жыл сайын эквиваленттүү негизде бакалавриат жана магист-

ратура программалары боюнча билим алуучуларды өз ара алмашууну ишке

ашырышат.

Тараптардын мамлекеттеринин ар биринде эквиваленттүү негизде билим

алгандардын жыл сайынкы жалпы саны 5 кишиден ашпайт.

Билим алгандардын бул категориясы боюнча окутуу мөөнөтүн кабыл

алуучу Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык аныктайт.

4-статья.

Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин жарандарына орто билим алууга

бирдей укуктарды жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат жана эне тилин

үйрөнүүгө шарттарды түзөт.

5-статья.

Бул Макулдашууну ишке ашыруунун финансылык шарттарын Тараптар

төмөнкүдөй жол менен аныктайт:

- бул Макулдашууда каралган алмашуу программасы боюнча жөнөтүлгөн

адамдардын жол кире чыгымдары окууга бара жаткан адамдын жеке каражат-

тарынын же аны жөнөтүп жаткан уюмдун эсебинен жүргүзүлөт;

- кабыл алуучу Тарап билим алгандарды окугандыгы, китепканаларды

(окутуу пособиелерин, илимий-техникалык документацияны, изилдөө шайман-

дарын) пайдалангандыгы үчүн акча төлөөдөн бошотот, ошондой эле улуттук

мыйзамдарга ылайык стипендия жана жатакана бөлүп берет;

- кабыл алуучу Тарап алмашуунун катышуучуларын саламаттыкты сактоо

тармагында колдонулуп жаткан улуттук мыйзамдардын алкагында медициналык

тейлөө менен камсыз кылат, ал эми жөнөтүүчү Тарап аларда бөөдө кырсык-

тардан камсыздандыруу полисинин бар болушун камсыздайт;

- Тараптар алардын мамлекеттеринин аймактарында билим алгандардын

үй-бүлө мүчөлөрүнүн болушуна байланышкан чыгымдарды тартышпайт, ошондой

эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун жана иштөөсүн камсыз кылышпайт.

Бакалаврлар жана магистранттар менен алмашуунун шарттары өзүнчө

протоколдордо такталат.

6-статья.

Бул Макулдашуу Тараптар катышуучусу болуп саналган башка эл аралык

келишимдерден келип чыккан алардын укуктары менен милдеттенмелерине та-

асирин тийгизбейт.

7-статья.

Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс

бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.

8-статья.

Бул Макулдашууда каралган иш-чараларды ишке ашыруу Тараптардын

мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

9-статья.

Бул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча келип чыккан Тарап-

тардын ортосундагы талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы кењешүүлөрдү

жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет.

10-статья.

Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири анын күчүнө кириши үчүн зарыл

болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу

жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана бир Тараптын ушул

Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндөгү ниетин билдирген тиешелүү

жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Тарап алган күндөн тартып алты ай

өткөнгө чейин колдонулат.

Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда эки нускада, ар бири кыргыз,

казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө

ээ.

Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан

учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын

Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
