Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Республики Казахстан об урегулировании прав собственности Республики Казахстан на объекты курортно-рекреационного хозяйства, расположенные на территории Иссык-Кульской области Кыргызской Республики (Подписан 4 июля 2006 года)
Астана шаары
2006-жылдын 4-июлу
Кыргыз Республикасынын ЫсыккӨл областынын аймагында
жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объектилерине
Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жӨнгӨ салуу
жӨнүндӨ Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү менен Казакстан
Республикасынын ӨкмӨтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү жана
Казакстан Республикасынын ӨкмӨтү,
Менчик укуктарын Өз ара таануу жана менчик мамилелерин жӨнгӨ салуу
жӨнүндӨ 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууну жана Кыргыз
Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объектилерине Казакстан
Республикасынын менчик укуктарын таануу жӨнүндӨ 2003-жылдын 25-
декабрындагы Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү менен Казакстан Республикасынын
ӨкмӨтүнүн ортосундагы протоколду жетекчиликке алышып,
тӨмӨнкүлӨр жӨнүндӨ макулдашты:
1-статья
1. Кыргыз тарабы:
1) Бул Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып беш айдын ичинде анын
күчунӨ кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарууга
милдеттенет;
2) бул Макулдашуу күчүнӨ кирген күндӨн тартып бир айдан кеч эмес
убакытта Кыргыз Республикасынын ЫсыккӨл областынын аймагында жайгашкан
имараттар менен курулмаларга Казакстан Республикасынын менчик укугун
тариздейт, атап айтканда:
«Олимп» спорттук-ден соолукту чындоо борбору» Республикалык
мамлекеттик ишканасы спорттук-ден соолукту чындоо базасы (мурдагы
«Автомобилист Казахстана» эс алуу үйү, Корумду айылы);
«Самал» эс алуу үйү (Бостери айылы);
«Казакстан» санаторийи (Чолпоната шаары);
«Университет» спорттук-ден соолукту чыњдоо лагери (Бостери айылы).
2. Казакстан тарабы бул Макулдашуунун 1-статьясынын 1-пунктунун 2-
пунктчасында белгиленген обьекттерге анын менчик укугу таризделгенден
кийин тӨмӨнкүдӨй чараларды кӨрӨт:
мүмкүн болушунча тӨмӨнкүлӨрдү жыл бою иштей турган 3 жана 4 жылдыздуу
дењгээлдеги отелдерге чейин жеткирүү:
«Казакстан» санаторийин -эки жылдын ичинде;
«Олимп» спорттук-ден соолукту чындоо борбору» Республикалык
мамлекеттик ишканасы спорттук-ден соолукту чындоо базасын (мурдагы
«Автомобилист Казахстана» эс алуу үйүн), «Самал» эс алуу үйүн,
«Университет» спорттук-ден соолукту чындоо лагерин - тӨрт жылдын ичинде;
жогоруда аталган обьекттерди курууда жана пайдаланууда жумушчу күчтүн
80 пайызынан кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен алууга.
2 – статья
Тараптардын Өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга ӨзгӨртүүлӨр жана
толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бӨлүгү
болуп саналган ӨзүнчӨ протоколдор
менен таризделет.
3 – статья
Бул Макулдашуу Тараптар мамлекет ичиндеги керектүү жол-жоболорду
аткаргандыгы жӨнүндӨ жазуу түрүндӨгү билдирүүлӨрдүн акыркысы алынган
күндӨн тартып күчүнӨ кирет.
Астана шаарында 2006-жылдын « 4 » июлунда эки түп нускада, ар бири
кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей
күчкӨ ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелӨӨдӨ кайчы пикирлер келип
чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн ӨкмӨтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-майындагы №179 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Постановление · 17.05.2007 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-январындагы №4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2006-жылдын 4-июлунда Астана…Постановление · 10.01.2007 · № 4