# Евразиялык экономикалык коомдоштукту түзүү жөнүндө 2000-жылдын 10-октябрындагы келишимге Өзбекстан Республикасынын кошулушу жөнүндө Протокол

- Толук аталышы: Евразиялык экономикалык коомдоштукту түзүү жөнүндө 2000-жылдын 10-октябрындагы келишимге Өзбекстан Республикасынын кошулушу жөнүндө Протокол
- Актынын түрү: Протокол
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17745/edition/297836/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Евразиялык экономикалык коомдоштукту түзүү жөнүндө 2000-жылдын 10-октябрындагы келишимге Өзбекстан Республикасынын кошулушу жөнүндө Протокол (25.01.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17745

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын19-июлундагы №119

Мыйзамы менен ратификацияланган

Санкт-Петербург шаары

2006-жылдын 25 январы

Евразиялык экономикалык коомдоштукту түзүү жӨнүндӨ

2000-жылдын 10-октябрындагы келишимге Өзбекстан

Республикасыньш кошулушу жӨнүндӨ

Протокол

Мындан ары Макулдашуучу тараптар деп аталуучу Евразиялык экономикалык

коомдоштуктун (мындан ары - ЕврАзЭС) мүчӨ-мамлекеттери болуп саналган

Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия

Федерациясы жана Тажикстан Республикасы бир тараптан жана Өзбекстан

Республикасы экинчи тараптан,

Өзбекстан Республикасынын ЕврАзЭСтин мүчӨлүгүнӨ кирүү жӨнүндӨ

кайрылуусун эске алып,

Евразиялык экономикалык коомдоштукту түзүү жӨнүндӨ 2000-жылдын 10-

октябрындагы келишимдин 9-статьясын жетекчиликке алып,

тӨмӨнкүлӨр жӨнүндӨ макулдашты:

1-статья

Бул Протокол аркылуу Өзбекстан Республикасы Евразиялык экономикалык

коомдоштукту түзүү жӨнүндӨ 2000-жылдын 10-октябрындагы келишимге кошулат

жана андан келип чыккан укуктарды жана милдеттенмелерди ӨзүнӨ толугу менен

алат.

2-статья

Бул Протокол кол коюлган күндӨн баштап убактылуу колдонулат,

Макулдашуучу Тараптар тарабынан ратификацияланууга тийиш жана депозитарий

болуп саналган ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетине бул Протоколдун күчүнӨ

кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы

жӨнүндӨ акыркы жазуу жүзүндӨгү билдирүү ӨткӨрүлгӨн күндӨн тартып күчүнӨ

кирет.

3-статья

Бул Протокол БУУнун Уставынын 102-статьясына ылайык Бириккен Улуттар

Уюмунун Секретариатында катталууга тийиш.

Санкт-Петербург шаарында 2006-жылдын 25-январында беларусь, казак,

кыргыз, орус, тажик жана Өзбек тилдериндеги бир нускада түзүлдү, мында

бардык тексттер бирдей күчкӨ ээ. Ушул Протоколдун тексти боюнча пикир

келишпестиктер келип чыккан учурда Макулдашуучу Тараптар орус тилиндеги

текстти колдонушат.

Бул Протоколдун түп нускасы ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинде

сакталат, ал Макулдашуучу Тараптарга Протоколдун күбӨлӨндүрүлгӨн

кӨчүрмӨсүн жиберет.

Беларусь Республикасы үчүн

Казакстан Республикасы үчүн

Кыргыз Республикасы үчүн

Россия Федерациясы үчүн

Өзбекстан Республикасы үчүн

Таджикистан Республикасы үчүн
