Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы карызды консолидациялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган) Макулдашуу
Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-июлундагы № 96
Мыйзамы менен ратификацияланган
Париж шаары
2005-жылдын 29-сентябры
Расмий эмес котормо
(консолидациялык мезгилди узартуу жөнүндө Макулдашуу)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Франция Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы карызды консолидациялоо жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Кыргыз Өкмөтү) менен Франция Рес-
публикасынын Өкмөтү (Француз Өкмөтү) Париждик Клубдун Секретариатынын
2002-жылдын 7-мартындагы Протоколуна толуктоо болуп эсептелген
2005-жылдын 25-февралындагы катын аткаруу максатында, төмөндөгүлөр
жөнүндө макулдашышты:
I-статья. Карыздын суммасы
1) Консолидацияланган карыз алгачкы тындыруу мөөнөтү бир жылдан
ашык болгон жана 2001-жылдын 31-августуна чейин кол коюлган макулдашуу-
га же башка каржылык документке ылайык Француз Өкмөтүнүн атынан Кыргыз
Өкмөтүнө же Кыргызстандын Улуттук Банкына берилген же алардын кепилдиги
алдында берилген Natexis Bangues Populaires заемдорунан (анын ичинде
консолидациялоо жөнүндө мурдагы кош тараптуу макулдашуулар боюнча тын-
дырылууга тийиш болгон төлөмдөрдөн) турат.
2) Аталган консолидация 1-1-статьяда көрсөтүлгөн карыздар боюнча
2004-жылдын 6-декабрынан тартып 2005-жылдын толук 28-февралына чейинки
мезгилде тындырылууга тийиш болгон жана төлөнбөгөн негизги сумманын
100%на жана пайыздарга карата колдонулат.
3) 1-1 жана 2-статьяга ылайык карыздын тындырылууга тийиш болгон
суммасы 39589,06 ЕВРОну түзөт (1-тиркеме).
4) Ушул Макулдашуунун Тараптар аталган Макулдашууда эскертилген
макулдашуулар боюнча кабыл алган, ушул Макулдашуунун жоболоруна зыян
келтирбеген мыйзамдарга же милдеттенмелерге ылайык укуктарына тиешелүү
болбойт.
II статья. Франция Банкы тарабынан кайра каржылоо
I тиркемеде көрсөтүлгөн карыз төмөндөгүдөй кайра каржыланат:
1) Франция Банкы Кыргызстандын Улуттук Банкынын агымдагы эсебине
кайра каржылануучу карыздын суммасын кредиттейт; ошол эле мезгилде
Франция Банкы накта кредиторго карызды тындыруу үчүн Кыргызстандын
Улуттук Банкынын агымдагы эсебин дебеттейт.
2) Тараптар тиешелүү түрдө кол коюлган I тиркеме топтолгон жана
кайра каржылануучу карызды тындыруунун графиги болуп калаарына макул
болушту.
3) VI статьяга тиешелүү болгон Аткаруу каты ушул статьяны аткаруу
үчүн Кыргызстандын Улуттук Банкынын агымдагы эсебин дебеттөө үчүн урук-
сат берүү болуп саналат.
III статья. Кайра каржылануучу карызды тындыруу
Кыргыз Өкмөтү кайра каржыланучу карыздын суммасынын 100%ын
түздөн-түз Франция Банкына 20 бирдей жана ырааттуу жарым жылдык
төлөмдөр менен тындырат, мында биринчи төлөм 2013-жылдын 6-декабрында
жана акыркы төлөм 2023-жылдын 6-июнунда жүзөгө ашырылууга тийиш.
IV статья. Пайыздар
1) Кыргыз Өкмөтү кайра каржылануучу карызды II статьяга ылайык жа-
на пролонгацияланган карызды VII-3 статьяга ылайык жылдык 3% пайыздык
ставка боюнча тындырат.
2) Ушул пайыздык ставка кайра каржылоо датасынан тартып колдонулат
жана накта ставканы алмаштырат (накта контракттык ставкалар жана шарт-
тар, анын ичинде акыркы айып акылар кайра каржылоо датасына чейин кол-
донулат).
3) a) Пайыздарды эсептөө жыл ичиндеги 360 күндүн базасында жана ар
бир жылдын 1-мартында жана 1-сентябрында аяктаган алты айлык мезгилдер-
дин негизинде жүзөгө ашырылат.
b) Чегерилген пайыздар ар бир жылдын 1-мартында жана 1-сентябрында
төлөнүүгө тийиш, мында биринчи төлөм 2005-жылдын 30-ноябрында жүзөгө
ашырылууга тийиш. Бирок кайра каржылануучу датага карата чегерилген па-
йыздар Кыргызстандын Улуттук Банкына коюлган инвойсторго ылайык бир ай-
дын ичинде төлөмгө коюлууга жана НАТЕКСИС Банкка төлөнүүгө тийиш.
4) Ушул Макулдашуу боюнча төлөм кечиктирилген учурда айыптык па-
йыздык ставка жылдык 4% ставканы түзөт.
V статья. Төлөм валютасы
Ушул Макулдашуу боюнча бардык милдеттенмелер ЕВРО менен эсеп-
телүүгө жана тындырылууга тийиш.
Жалпы жоболор
VI статья.
Кыргызстандын Улуттук Банкы жана Франция Банкы ушул Макулдашуунун
жоболорун аткарууда өз Өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары
аракеттенүүгө тийиш. Ушул Макулдашуу боюнча бардык суммаларды төлөөнүн
ыкмасы Кыргызстандын Улуттук Банкы жана Франция Банкы тарабынан кол ко-
юлган Аткаруу катында аныкталат.
VII статья.
1) Бардык тышкы мамлекеттик жана жеке менчик кредиторлордун алдын-
дагы карызды тындырууда салыштырмалуулуктун шарттарын аткаруу максатын-
да Кыргыз Өкмөтү кредиторлордун ар кандай категорияларынын арасында
ушул Макулдашууда белгиленген шарттар менен салыштырмалуу шарттарда
аларды басмырлабай турган макулдашууга жетишүүгө милдеттенет. Ошондук-
тан Кыргыз Өкмөтү бардык кредиторлор менен тындыруу мөөнөттөрү жана
структурасы боюнча ушул Макулдашууда белгиленгенден ашпаган жагымдуу
шарттарда макулдашууга жетишүүгө милдеттенет.
2) Француз Өкмөтү ушул Макулдашуунун көчүрмөсүн Париждик Клубдун
төрагасына жиберет.
3) II статьяда көрсөтүлгөн кайра каржылануучу суммага 2004-жылдын
6-декабрынан тартып 2005-жылдын толук 28-февралына чейинки мезгилде че-
герилген пайыздардын 70%ы капиталдаштырылат жана жарым жылдык төрт бир-
дей жана ырааттуу төлөмдөр менен төлөнөт, мында биринчи төлөм 2006-жыл-
дын 6-декабрында жана акыркы төлөм 2008-жылдын 6-июнунда жүзөгө ашыры-
лууга тийиш.
VIII статья.
I тиркеме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Жањылыштык кеткендиги өз ара туура деп табылганда ага Тараптардын ма-
кулдугу менен өзгөртүү киргизилиши мүмкүн.
IX статья.
Ушул Макулдашуу Тараптар бири бирин Макулдашууну күчүнө киргизүү
үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы
жөнүндө билдирген учурдан тартып күчүнө кирет.
Парижде эки түп нускада, француз жана англис тилдеринде кол коюл-
ду. Эки нуска тењ бирдей күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Француз Республикасынын
Өкмөтү Өкмөтү
1-тиркеме
NATEXIS BANQUES POPULAIRES
Башкы секретариат
Тышкы заемдор боюнча бөлүм
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Карызды тындыруу графигинин
ТҮШҮНДҮРМӨ ТАБЛИЦАСЫ
2004-жылдын 6-декабрынан 2005-жылдын 28-февралына чейин
эсептелген пайыздардын жана негизги карыздын бөлүгү
| Кредиттин | кол коюлган | төлөмдүн | төлөмдөрдүн | негизги | пайыздар | бардыгы |
| номери | датасы | мөөнөтү | графиги | сумма | ||
| 903 ОА1 | 24.12.1996 | 31.12. | 002 | 10130,54 | 2355,35 | 12485,89 |
| 2004 | 004 | 21717,28 | 5385,89 | 27103,17 | ||
| жыйынтыгы | 31847,82 | 7741,24 | 39589,06 |
I тиркеме
NATEXIS BANQUES POPULAIRES
Башкы секретариат
Тышкы заемдор боюнча бөлүм
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ТӨЛӨМДӨРДҮН ГРАФИГИ
2004-жылдын 6-декабрынан 2005-жылдын 28-февралына чейин
эсептелген пайыздардын жана негизги карыздын бөлүгү
евро
| төлөө мөөнөтү | негизги сумма | пайыздар | бардыгы |
| 31847,82 | 7741,24 | 39589,06 | |
| жыйынтыгы | 31847,82 | 7741,24 | 39589,06 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.