Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы карызды консолидациялоо жөнүндө Макулдашуу (Кыргыз Республикасынын (Мыйзамы менен ратификацияланган))
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-июлундагы № 95
Мыйзамы менен ратификацияланган
Париж шаары
2005-жылдын 29-сентябры
Расмий эмес котормо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
карызды консолидациялоо жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Кыргыз Өкмөтү) менен Франция Рес-
публикасынын Өкмөтү (Француз Өкмөтү) Париждик Клубдун 2005-жылдын
11-мартындагы Протоколунун сунуштарын аткаруу үчүн:
1-статья. Карыздын суммасы
1) Консолидацияланган карыз:
а) Алгачкы тындыруу мөөнөтү бир жылдан ашык болгон жана 2001-жыл-
дын 31-августуна чейин кол коюлган макулдашууга же башка каржылык доку-
ментке ылайык Француз Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Өкмөтүнө же Кыргызстандын
Улуттук Банкына берилген же алардын кепилдиги алдында берилген Natexis
Banques Popularies заемдорунан (анын ичинде консолидациялоо жөнүндө
мурдагы кош тараптуу макулдашуулар боюнча тындырылууга тийиш болгон
төлөмдөрдөн);
б) Париждик Клубдун 2002-жылдын 7-мартындагы Протоколунун алкагын-
да кол коюлган 2002-жылдын 10-июнундагы Макулдашууга ылайык тындырылуу-
га тийиш болгон суммалардан (анын ичинде Париждик Клубдун Секретариаты-
нын 2005-жылдын 25-февралындагы катын аткаруу үчүн кол коюлган ушул Ма-
кулдашууга карата Толуктоодон) турат.
2) Ушул макулдашуу 2005-жылдын 1-мартына карата толук алынган,
I-1-статьяда көрсөтүлгөн чегерилген жана тындырыла элек сумманын (анын
ичинде айыптык пайыздардын) 100%на карата колдонулат.
3) 1-1 жана 2-статьяга ылайык тындырылууга тийиш болгон карыздын
суумасы ушул Макулдашууга кол коюлган датага карата эсептелет жана
4224899,93 ЕВРОну түзөт, анын ичинен 3177450,45 ЕВРО I-1 а) статьяга
ылайык Натсксис Банкка тындырылууга тийиш (1-тиркеме); 1047449,48 ЕВРО
I-1 б) статьяга ылайык Франция Банкына тындырылууга тийиш (2-тиркеме).
II статья.
Франция Банкы тарабынан кайра каржылоо
I жана II тиркемелерде көрсөтүлгөн карыз төмөндөгүдөй кайра каржы-
ланат:
1) Франция Банкы (Француз Өкмөтүнүн атынан аракеттенүү менен Кыр-
гызстандын Улуттук Банкынын (Кыргыз Өкмөтүнүн атынан аракеттенген)
агымдагы эсебине кайра каржылануучу карыздын суммасын кредиттейт; ошол
эле мезгилде Франция Банкы накта кредитторго карызды тындыруу үчүн Кыр-
гызстандын Улуттук Банкынын агымдагы эсебин дебеттейт.
2) Тараптар тиешелүү түрдө кол коюлган I жана II тиркемелер топ-
толгон жана кайра каржылануучу карызды тындыруунун графиги болуп калаа-
рына макул болушту.
3) VII статьяга тиешелүү болгон Аткаруу каты ушул статьяны аткаруу
үчүн Кыргызстандын Улуттук Банкынын агымдагы эсебин дебеттөө үчүн урук-
сат берүү болуп саналат.
III статья. Тындыруу
II статьяда көрсөтүлгөн кайра каржылануучу карыздын суммасы
түздөн-түз Франция Банкына 54 бирдей жана ырааттуу жарым жылдык
төлөмдөр менен төлөнүүгө тийиш, мында биринчи төлөм 2018-жылдын 1-сен-
тябрында жана акыркы төлөм 2045-жылдын 1-мартында жүзөгө ашырылууга ти-
йиш.
IV статья. Своптук операциялар
Француз Өкмөтү жана Кыргыз Өкмөтү Өнүктүрүүгө Расмий Жардамдын не-
гизинде берилген ар кандай кредиттерди ыктыярдуу же кош тараптуу негиз-
де экологияга, жардамга же жергиликтүү валютадагы активдерге сатышы же
алмаштырышы мүмкүн.
V статья. Пайыздар
1) Кыргыз Өкмөтү ушул Макулдашуу боюнча кайра каржыланган карызды
жылдык 2% пайыздык ставка боюнча тындырат.
2) Ушул пайыздык ставка накта пайыздык ставканы алмаштырат жана
2005-жылдын мартынан тартып колдонулат.
3) а) Пайыздарды эсептөө жыл ичиндеги 360 күндүн базасында жана ар
бир жылдын 1-мартында жана 1-сентябрында аяктаган алты айлык мезгилдер-
дин негизинде жүзөгө ашырылат.
б) Чегерилген пайыздар ар бир жылдын 1-мартында жана 1-сентябрында
төлөнүүгө тийиш, мында биринчи төлөм 2005-жылдын 30-ноябрында жүзөгө
ашырылууга тийиш.
4) Ушул Макулдашуу боюнча төлөм кечиктирилген учурда, пайыздык
ставка жылдык 4%дык ставкага барабар болот. Кайра каржылоо кечиктирил-
ген учурда айыптык пайыздар колдонулбайт.
VI статья. Төлөм валютасы
Ушул Макулдашуу боюнча бардык милдеттенмелер ЕВРО менен эсеп-
телүүгө жана тындырылууга тийиш.
Жалпы жоболор
VII статья.
Кыргызстандын Улуттук Банкы жана Франция Банкы ушул Макулдашуунун
жоболорун аткарууда өз Өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары
аракеттенүүгө тийиш. Ушул Макулдашуу боюнча бардык суммаларды төлөөнүн
ыкмасы Франция Банкы жана Кыргызстандын Улуттук Банкы тарабынан кол ко-
юлган Аткаруу катында аныкталат.
VIII статья.
1) Бардык тышкы мамлекеттик жана жеке менчик кредиторлордун алдын-
дагы карызды тындырууда салыштырмалуулуктун шарттарын аткаруу максатын-
да Кыргыз Өкмөтү кредиторлордун ар кандай категорияларынын арасында
ушул Макулдашууда белгиленген шарттар менен салыштырмалуу шарттарда
аларды басмырлабай турган макулдашууга жетишүүгө милдеттенет. Ошондук-
тан Кыргыз Өкмөтү бардык кредиторлор менен тындыруу мөөнөттөрү жана
структурасы боюнча ушул Макулдашууда белгиленгенден ашпаган жагымдуу
шарттарда макулдашууга жетишүүгө милдеттенет.
2) Француз Өкмөтү ушул Макулдашуунун көчүрмөсүн Париждик клубдун
төрагасына жиберет.
3) Кыргыз Өкмөтү Француз Өкмөтү же анын тиешелүү институттары та-
рабынан берилген же кепилдикке алынган жана ушул Макулдашууга киргизил-
беген консолидацияланган суммалар, заемдор, кредиттер же контрактар же
башка каржылык макулдашуулар боюнча төлөнүүгө тийиш болгон жана
2005-жылдын 10-мартына карата тындырылбаган карызды мүмкүн болушунча
жакынкы мезгилде, бирок 2005-жылдын 30-сентябрынан кечиктирбестен тын-
дырууга милдеттенет. Аталган суммаларга айыптык пайыздар чегерилүүгө
тийиш.
4) а) II статьяда көрсөтүлгөн консолидацияланган суммаларга
2005-жылдын 1-мартынан тартып 2005-жылдын толук 31-декабрына чейинки
мезгилде чегерилген пайыздардын 85%ы алар төлөнгөн датага карата капи-
талдаштырылат жана е) параграфына ылайык тындырылат;
Ь) II статьяда көрсөтүлгөн консолидацияланган суммаларга 2006-жыл-
дын 1-январынан тартып 2006-жылдын толук 31-декабрына чейинки мезгилде
чегерилген пайыздардын 75%ы алар төлөнгөн датага карата капиталдаштыры-
лат жана е) параграфына ылайык тындырылат;
с) II статьяда көрсөтүлгөн консолидацияланган суммаларга 2007-жыл-
дын 1-январынан тартып 2007-жылдын толук 31-декабрына чейинки мезгилде
чегерилген пайыздардын 70%ы алар төлөнгөн датага карата капиталдаштыры-
лат жана е) параграфына ылайык тындырылат;
d) II статьяда көрсөтүлгөн консолидацияланган суммаларга 2008-жыл-
дын 1-январынан тартып 2008-жылдын толук 31-декабрына чейинки мезгилде
чегерилген пайыздардын 65%ы алар төлөнгөн датага карата капиталдаштыры-
лат жшш е) параграфына ылайык тындырылат;
е) аталган суммалар төмөндөгүдөй тындырылат:
2012-жылдын 1-сентябрында - 0,28%;
2013-жылдын 1-сентябрында - 0,48%;
2014-жылдын 1-сентябрында - 0,70%;
2015-жылдын 1-сентябрында - 0,94%;
2016-жылдын 1-сентябрында - 1,22%;
2017-жылдын 1-сентябрында - 1,52%;
2018-жылдын 1-сентябрында - 1,86%;
2019-жылдын 1-сентябрында - 2,26%;
2020-жылдын 1-сентябрында - 2,68%;
2021-жылдын 1-сентябрында - 3,18%;
2022-жылдын 1-сентябрында - 3,70%;
2023-жылдын 1-сентябрында - 4,30%;
2024-жылдын 1-сентябрында - 4,98%;
2025-жылдын 1-сентябрында - 5,72%;
2026-жылдын 1-сентябрында - 6,63%;
2027-жылдын 1-сентябрында - 7,55%;
2013-жылдын 1-мартында - 0,38%;
2014-жылдын 1-мартында - 0,58%;
2015-жылдын 1-мартында - 0,82%;
2016-жылдын 1-мартында - 1,08%;
2017-жылдын 1-мартында - 1,36%;
2018-жылдын 1-мартында - 1,70%;
2019-жылдын 1-мартында - 2,06%;
2020-жылдын 1-мартында - 2,42%;
2021-жылдын 1-мартында - 2,92%;
2022-жылдын 1-мартында - 3,44%;
2023-жылдын 1-мартында - 4,00%;
2024-жылдын 1-мартында - 4,64%;
2025-жылдын 1-мартында - 5,34%;
2026-жылдын 1-мартында - 6,12%;
2027-жылдын 1-мартында - 7,09%;
2028-жылдын 1-мартында - 8,05%;
Реструктуризацияланбай турган суммалар алар төлөнгөн датада тынды-
рылат.
IX статья.
I жана II тиркемелер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп са-
налат. Жањылыштык кеткендиги өз ара туура деп табылганда ага Тараптар-
дын макулдугу менен өзгөртүү киргизилиши мүмкүн.
X статья.
Ушул Макулдашуу Тараптар бири бирин Макулдашууну күчүнө киргизүү
үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы
жөнүндө билдирген учурдан тартып күчүнө кирет.
Парижде эки түп нускада, француз жана англис тилдеринде кол коюл-
ду. Эки нуска тењ бирдей күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Француз Республикасынын
Өкмөтү Өкмөтү
I тиркеме
NATEXIS BANQUES POPULAIRES
Башкы секретариат
Тышкы заемдор боюнча бөлүм
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Негизги сумма: 2005-жылдын мартына карата калган карыз
ЕВРО
| Кредит- | Кол | 01.03.2005- | 01.03.2005- | 01.03.2005- | 01.03.2005- |
| тин | коюлган | жылга карата | жылга карата | жылга карата | жылга карата |
| номери | датасы | калган карыз | чегерилген | 31.12.2004- | негизги сумма |
| пайыздар | жылы тындыры- | ||||
| лууга тийиш | |||||
| болгон | |||||
| пайыздар | |||||
| 24.12. | |||||
| 903 ОА1 | 1996 | 3140037,10 | 37205,40 | 207,95 | 3177450,45 |
I-тиркеме
NATEXIS BANQUES POPULAIRES
Башкы секретариат
Тышкы заемдор боюнча бөлүм
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Негизги сумма: 2005-жылдын мартына карата калган карыз
ЕВРО
| ECHEANCES | № DE PRET | DATE DU PROTOCOLE | PRINCIPAL |
| Дата | Кредиттин номери | Кол коюлган датасы | Негизги |
| сумма | |||
| 1 квартал 2005 жылы | 903 ОА1 | 24.12.1996 | 179886,65 |
| 2 квартал 2005 жылы | 31847,82 | ||
| 3 квартал 2005 жылы | 179886,65 | ||
| 4 квартал 2005 жылы | 31847,82 | ||
| 1 квартал 2006 жылы | 179886,65 | ||
| 2 квартал 2006 жылы | 31847,82 | ||
| 3 квартал 2006 жылы | 179886,65 | ||
| 4 квартал 2006 жылы | 31847,82 | ||
| 1 квартал 2007 жылы | 179886,65 | ||
| 2 квартал 2007 жылы | 31847,82 | ||
| 3 квартал 2007 жылы | 179886,65 | ||
| 4 квартал 2007 жылы | 31847,82 | ||
| 1 квартал 2008 жылы | 179886,65 | ||
| 2 квартал 2008 жылы | 31847,82 | ||
| 3 квартал 2008 жылы | 179886,65 | ||
| 4 квартал 2008 жылы | 31847,82 | ||
| 1 квартал 2009 жылы | 179886,65 | ||
| 2 квартал 2009 жылы | 31847,82 | ||
| 3 квартал 2009 жылы | 179886,65 | ||
| 4 квартал 2009 жылы | 31847,82 | ||
| 1 квартал 2010 жылы | 179886,65 | ||
| 2 квартал 2010 жылы | 31847,82 | ||
| 3 квартал 2010 жылы | 179886,65 | ||
| 4 квартал 2010 жылы | 31847,82 | ||
| 1 квартал 2011 жылы | 179886,65 | ||
| 2 квартал 2011 жылы | 31847,82 | ||
| 3 квартал 2011 жылы | 179686,65 | ||
| 4 квартал 2011 жылы | 31647,82 | ||
| 1 квартал 2012 жылы | 139364,02 | ||
| 2 квартал 2012 жылы | 21717,28 | ||
| 3 квартал 2012 жылы | 14673,22 | ||
| Жалпы жыйынтыгы | 3140037,10 |
I-тиркеме
NATEXIS BANQUES POPULAIRES
Башкы секретариат
Тышкы заемдор боюнча бөлүм
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
КРЕДИТ № 903 ОА1
(евро менен)
| Тындыруу | 01/03/2005 | Ставка | Колдонулуш мезгили | Күн- | 01/03/ |
| графиги | карата | дөр- | 2005 | ||
| № | катталган | дүн | карата | ||
| карыз | саны | толук | |||
| чегерил- | |||||
| ген | |||||
| пайыздар | |||||
| 001 | 567316,82 | 3,10% | с 30/09/2004 по 01/03/2005 | 151 | 7376,69 |
| 002 | 141827,56 | 3,10% | с 31/12/2004 по 01/03/2005 | 61 | 744,99 |
| 003 | 1870362,00 | 3,10% | с 30/09/2004 по 01/03/2005 | 151 | 24319,90 |
| 004 | 325759,20 | 3,10% | с 31/12/2004 по 01/03/2005 | 61 | 1711,14 |
| 006 | 234771,52 | 3,10% | с 30/09/2004 по 01/03/2005 | 151 | 3052,68 |
| жыйынтыгы | 3140037,10 | 37205,40 |
I-тиркеме
NATEXIS BANQUES POPULAIRES
Башкы секретариат
Тышкы заемдор боюнча бөлүм
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
КРЕДИТ № 903 ОА1
(евро менен)
| Тындыруу | 01/03/2005 | Ставка | Колдонулуш мезгили | Күн- | 01/03/ |
| графиги | карата | дөр- | 2005 | ||
| № | тындыры- | дүн | карата | ||
| лууга | саны | толук | |||
| тийиш | чегерил- | ||||
| болгон | ген | ||||
| сумма | пайыздар | ||||
| 002 | 12485,89 | 3,10% | с 31/12/2004 по 01/03/2005 | 61 | 65,59 |
| 004 | 27103,17 | 3,10% | с 31/12/2004 по 01/03/2005 | 61 | 142,37 |
| Жыйынтыгы | 35589,06 | 207,95 |
II-тиркеме
Кыргызстан II
2005-жылдын 11-мартындагы Париждик Клубдун Протоколуна ылайык
2005-жылдын 1-мартына карата негизги карыздын суммасы
ОПР
| ПК n I 2002-жылдын | 1-эсеп | 2-эсеп | 3-эсеп | 4-эсеп | Карыз |
| 10-июну | |||||
| 01/03/2005 карата | |||||
| калган карыз | 983182,73 | 503,30 | 4185,46 | 13337,67 | 1001209,16 |
| 28/02/2005 чейин | |||||
| чегерилген пайыздар | 1450,19 | 3,30 | 27,44 | 87,44 | 1568,37 |
| Жыйынтыгы | 984632,92 | 506,60 | 4212,90 | 13425,11 | 1002777,53 |
| 2005-жылдын | 1-эсеп | 2-эсеп | 3-эсеп | 4-эсеп | Карыз |
| 25-февралындагы | |||||
| түзөтүү | |||||
| 01/03/2005 карата | 39589,06 | 5082,89 | 44671,95 | ||
| калган карыз | ((*) эс- | ||||
| Консолидацияланган | кертүүнү | ||||
| пайыздар боюнча | карањыз) | ||||
| мөөнөтү өткөн карыз | |||||
| Жыйынтыгы | 39589,06 | - | - | 5082,89 | 44671,95 |
| Жалпы жыйынтыгы | 1024221,98 | 506,60 | 4212,90 | 18508,00 | 1047449,48 |
Эскертүү:
(*) аталган сумма 06/12/2004 тартып 31/12/2004 чейинки мезгилде
чегерилген 1491,15 евро өлчөмүндөгү пайыздык төлөмдөрдүн суммасынын
70%ын + 01/01/2005 тартып 28/02/2005 чейинки мезгилде чегерилген
3383,79 евроөлчөмүндөгү пайыздык төлөмдөрдүн суммасынын 70%ын + 207,95
евро өлчөмүндөгү Natexis Banques Populares тарабынан чегерилген пайыз-
дарды камтып турат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.