Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Товарларды автомобиль транспорту менен транзиттик ташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ (КР Өкмөтүнүн Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 73
Мыйзамы менен ратификацияланган
2005-жылдын 22-июлу
Дүйшөмбү шаары
Товарларды автомобиль транспорту менен транзиттик
ташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-
на Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
1998-жылдын 22-январындагы Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин
аймагы аркылуу транзиттин бирдиктүү шарттары жөнүндө Макулдашууга не-
гизденип,
2002-жылдын 17-февралындагы Бажы союзуна катышкан мамлекеттердин
бажы органдарынын ортосунда ташылуучу товарларга жана транспорттук ка-
ражаттарга бажылык контролдук жөнүндө Протоколдун жоболорун аткаруу
үчүн,
транзиттик товарларды өз аймактары боюнча автомобиль транспорту
менен ташууну тездетүүгө умтулуп,
эл аралык ташуулардын шарттарын жөнөкөйлөтүүгө ниеттенип,
эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү каалап,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Ушул Макулдашууда колдонулган терминдер Көз карандысыз Мамлекет-
тердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 1995-жылдын 10-февралын-
дагы Бажы мыйзамдарынын негиздеринде аныкталган терминдерге ылайык ке-
лет.
2-статья.
Ушул Макулдашуунун күчү товарларды автомобиль транспорту менен Та-
раптардын мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзиттик ташууга карата
жайылтылат.
Ушул Макулдашуу 1975-жылдагы Эл аралык жолдо ташуу китепчеси кол-
донулган жүктөрдү эл аралык ташуу жөнүндө Бажы конвенциясына ылайык
жүзөгө ашырылып жаткан товарларды ташууга жайылтылбайт.
3-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашы-
руу боюнча ыйгарым укуктуу органдары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы инспекциясы;
Тажикистан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Тажикистан Республи-
касынын Мамлекеттик кирешелер жана жыйымдар министрлиги болуп саналат.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий
аталыштары же функциялары өзгөргөндө, Тараптарга дипломатиялык каналдар
боюнча өз убагында кабарланат.
4-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин аймагы аркылуу товарларды автомобиль
транспорту менен транзиттик ташуу товарлардын коштомо документтеринин
жана бажы органынын гарантиялык милдеттенмесинин (мындан ары - гаранти-
ялык милдеттенме) негизинде жүзөгө ашырылат.
Гарантиялык милдеттенме ташуучуга товар жеткириле турган же товар
жөнөтүлө турган өлкөнүн бажы органы тарабынан берилет.
5-статья.
Гарантиялык милдеттенме бажы төлөмдөрүн жана салыктарды Тараптар-
дын мамлекеттик улуттук мыйзамдарында каралган ыкмалар менен
төлөнгөндүгүн камсыз кылууну ырастаган документ болуп эсептелет.
Ушул Макулдашууга ылайык транзиттик товарлар жеткирилбей калганда
Тараптар транзиттин Тарабына гарантиялык милдеттенме боюнча төлөнүүгө
тийиш болгон сумма эркин жүгүртүлгөн валютада акчалай түрдө гарантиялык
милдеттенме берген бажы органы тарабынан төлөнүп берилеринин милдетин
алышат.
6-статья.
Товарлар гарантиялык милдеттенмесиз ташылган учурда товарларды жа-
на транспорт каражаттарын жеткирүүнү камсыз кылуунун Тараптардын мамле-
кеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган чаралары колдонулат.
7-статья.
Товарларды автомобиль транспорту аркылуу Тараптардын мамлекеттик
аймагы аркылуу ташуу Тараптардын ортосундагы эл аралык келишимдердин
жоболорунда аныкталган өткөрүү пункттарында жүзөгө ашырылат.
8-статья.
Ушул Макулдашуунун күчү товарлардын коопсуздугу жана экспорттук
контролдоо жагындагы чаралар боюнча ошондой эле бажы төлөмдөрүн жана
салыктарды төлөөнү камсыз кылуу боюнча Тараптардын мамлекеттик улуттук
мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен гана ишке ашырылуучу
Тараптардын мамлекеттеринин аймагы аркылуу транзиттелүүчү товарларга
жайылтылбайт.
9-статья.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ай сайын ушу Макулдашууга
ылайык бажы контролдугу алдында ташылган товарлар жана транспорт кара-
жаттары жөнүндө маалымат алмашып турат.
10-статья.
Товар жеткириле турган бажы органына жеткирилбеген учурда, гаран-
тиялык милдеттенме берген бажы органы транзиттик Тарапка товардын жет-
кирилбегендиги аныкталгандыгы жөнүндө экинчи Тараптан жазуу жүзүндө
билдирүү алгандан кийин 60 күндүн ичинде зыяндын ордун толтурууну кам-
сыз кылат.
Транзиттик Тарап товардын жеткирилбей калышына байланыштуу ордун
толтурууну алуу үчүн гарантиялык милдеттенме берген Тарапка алардын
түрлөрүн, ставкаларын жана суммаларын баяндоо менен төлөнүүгө тийиш
болгон бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөө боюнча жазуу жүзүндө талап
жиберилиши керек.
Товар автомобиль транспорту менен жеткириле турган бажы органына
жеткирилбеген учурда, тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн жана салыктардын сум-
масын эсептөө транзиттик мамлекеттик улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө
ашырылат.
11-статья.
Товар автомобиль транспорту менен жеткириле турган бажы органына
жеткирилбеген учурда, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары мындай фак-
тылар боюнча териштирүү жүргүзүүгө милдеттенет жана териштирүүнүн на-
тыйжалары жөнүндө товардын жетпей калышынын фактысы табылган аймактагы
Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо жиберет.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча автомобиль транспорту менен
товарлардын жеткирилбей калышынын талаш фактылары боюнча териштирүү
жүргүзүү үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн ичи-
нен биргелешкен жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда тран-
зиттик Тарапка зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу Тараптар макулдаш-
кан мөөнөттөрдө белгиленет.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары Тараптардын бажы чек аралары
аркылуу бажы эрежелеринин бузулушунун жана товарлардын контрабандасынын
алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүшү
мүмкүн.
12-статья.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуу-
нун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө Протокол менен таризделет.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик
ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү
акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын би-
ри бул Макулдашуунун аракетин токтотуу жөнүндө өз ниетин тийиштүү
мөөнөт аяктаганга алты ай калганга чейин экинчи Тарапка билдирбесе, ан-
да анын аракети кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылат.
Бул Макулдашуу Тараптар катышуучулары болуп саналган башка эл ара-
лык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарын жана милдеттенмелерин
козгобойт.
Бул Макулдашуу 2005-жылдын 22-июлунда Дүйшөмбү шаарында эки түп
нускада, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бар-
дык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда кайчы пи-
кирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке
алышат.
Кыргыз Республикасынын Тажикистан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Соглашение о единых условиях транзита через территории государств-участников Таможенного союза (Ратифицировано Законом КР от 24 июля 1998 года N 105)Соглашение · 22.01.1998
- Таможенная Конвенция о международной перевозке грузов с применением книжки МДП (Конвенция МДП)Конвенция · 14.11.1975
- Постановление Правительства КР от 19 мая 2000 года №277 "Об утверждении Протокола о таможенном контроле за товарами и транспортными средствами, перемещаемыми между таможенными…Постановление · 19.05.2000 · № 277