Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чехия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө МАКУЛДАШУУ (КР Өкмөтүнүн Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-мартындагы № 68
Мыйзамы менен ратификацияланган
Прага шаары
2004-жылдын 29-апрелиндеги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Чехия Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосунда аба катнашы жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу, Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү жана Чехия Республикасынын Өкмөтү,
Чикагодо 1944-жылдын 7-декабрында кол коюу үчүн ачык болгон эл
аралык граждандык авиация жөнүндө Конвенциянын катышуучулары болуп са-
налышып, жана
өздөрүнүн тийиштүү аймактарынын ортосунда жана алардын чегинен
сырткары аба катнаштарын орнотуу максатында макулдашуу түзүүнү каала-
шып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-статья. (Аныктамалар)
Контекстте кандайдыр бир башкача каралбаса, бул Макулдашуу үчүн
төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
(а) "Конвенция" термини 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу
үчүн ачык болгон эл аралык граждандык авиация жөнүндө Конвенцияны бил-
дирет, ал Конвенциянын 90-статьясына ылайык кабыл алынган бардык Тирке-
мени, 90- жана 94-статьяларына ылайык Тиркемеге же Конвенцияга бардык
түзөтүүлөрдү Макулдашуучу эки Тарапка карата мындай тиркемелер же
түзөтүүлөр алгылыктуу экендигине жараша камтыйт;
(Ь) "авиациялык бийликтер" термини Кыргыз Республикасына карата
Транспорт жана коммуникациялар министрлигин жана Чехия Республикасына
карата Транспорт министрлигин же эки Тарапка карата учурда аталган ави-
ациялык бийликтер тарабынан аткарылып жаткан функцияларды аткарууга
юридикалык жактан ыйгарым укук берилген башка бардык органдарды билди-
рет;
(с) "дайындалган авиакомпания" термини Макулдашуучу Тараптын бири
бул тууралуу экинчи Макулдашуучу Тарапка жазуу жүзүндө билдирип дайын-
далган жана ушул Макулдашуунун 2-статьясынын (1) пунктуна ылайык орно-
тулган маршрут боюнча келишимдик катнаштарды ишке ашырууга ушул Макул-
дашуунун 3-статьясына ылайык ыйгарым укук борилген бардык авиакомпания-
ларды билдирет:
(d) "аймак", "аба катнашы", "эл аралык аба катнашы", "авиакомпа-
ния" жана "коммерциялык эмес максаттар менен токтоо" терминдери Конвен-
циянын 2- жана 96-статьяларында тиешелүү түрдө аныкталган маанилерге
ээ;
(е) орнотулган аба катнашына карата "сыйымдуулук" термини мындай
катнашты аткаруу үчүн самолеттогу орундардын санын билдирет, ал маршрут
же маршруттун участогу боюнча белгилүү бир мезгилге мындай самолеттор-
дун учууларды аткаруу тездигине көбөйтүлөт;
(f) "Тиркеме" термини ушул Макулдашуунун 20-статьясынын жоболоруна
ылайык ушул Макулдашуунун Тиркемесин же түзөтүүлөрүн билдирет. Тиркеме
бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Макулдашууга тие-
шелүү бардык таянууларга кандайдыр бир башкача эскертилген учурлардан
тышкары, Тиркемелер кирет.
2-статья. (Ташууларга укук берүү)
(1) Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка Тиркеме-
нин тийиштүү бөлүгүндө аныкталган маршрут боюнча дайындалган авиакомпа-
нияларга же авиакомпанияга эл аралык аба катнаштарын орнотуу жана алар-
ды аткаруу максатында ушул Макулдашууда каралган укуктарды берет. Мын-
дай аба катнаштары жана маршруттар мындан ары "келишимдик катнаштар"
жана "орнотулган маршруттар" деп аталат.
(2) Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык ар бир Макулдашуучу Та-
раптын дайындалган авиакомпаниясына же авиакомпанияларына орнотулган
маршруттар боюнча келишимдик катнаштарды аткарууда төмөнкүдөй укуктар
берилүүгө тийиш:
(а) Макллдашуучу экинчи Тараптын аймагына конбостон учуп өтүү;
(Ь) Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагына коммерциялык эмес мак-
саттар менен конуу;
(с) Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагындагы Тиркемеде көрсөтүлгөн
пункттарда Макулдашуучу биринчи Тараптын аммагында жайгашкан пункттан
(пункттардан) кетип жаткан же ага келип жаткан жүргүнчүлөрдү салуу жана
түшүрүү, багажды жана жүктү, анын ичинде почтаны чогуу же өзүнчө жүктөө
жана түшүрүү;
(d) үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында Тиркемеде көрсөтүлгөн пункттарда
Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагында жайгашкан пункттан (пункттардан)
кетип жаткан же ага келип жаткан жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүү, ба-
гажды жана жүктү, анын ичинде почтаны чогуу же өзүнчө жүктөө жана
түшүрүү;
(3) Ар бир Макулдашуучу Тараптын ушул Макулдашуунун 3-статьясына
ылайык дайындалбаган авиакомпаниясына ушул статьянын (2) (а) жана (Ь)
пункттарында айгылган укуктар да берилет.
(4) Ушул статьянын (2) пунктунун бир дагы жобосу Макулдашуучу бир
Тараптын дайындалган авиакомпаниясына Макулдашуучу экинчи Тараптын ай-
магына почтаны кошо алганда, жүргүнчүлөрдү отургузууга, багаж менен
жүктөрдү жүктөөгө карата артыкчылык берүүчү катары каралбашы керек,
эгерде алар Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагындагы башка пунктка акы
төлөп же жалдап жеткириле турган болсо.
3-статья. (Дайындоо жана пайдалануу укуктары)
(1) Ар бир макулдашуучу тарап бул Макулдашуучу тараптын келишимдик
катнаштарын ишке ашыруу максатында авиакомпанияны же авиакомпанияларды
дайындоого жана дайындалышын жокко чыгарууга, же мурда дайындалгандын
ордуна башка авиакомпанияны дайындоого укуктуу. Мындай дайындоо Макул-
дашуучу эки Тараптын авиация бийликтеринин ортосунда жазуу жүзүндөгү
билдирүүлөр менен өз ара алмашылгандан кийин күчүнө кирет. Эгерде Ма-
кулдашуучу эки Тараптын авиациялык бийликтеринин ортосунда кандайдыр
бир башка нерсе так көрсөтүлбөсө, ар бир маршрутка Макулдашуучу ар бир
Тараптан бирден ашпаган авиакомпания дайындалууга тийиш.
(2) Дайындоо тууралуу билдирүүнү алган авиациялык бийликтер ушул
статьянын (3) жана (4) пункттарында көрсөтүлгөн жоболорго ылайык Макул-
дашуучу экинчи Тарапка дайындалган авиакомпаниясына керектүү пайдалануу
укуктарын токтоосуз берүүгө тийиш.
(3) Макулдашуучу бир Тараптын авиациялык бийликтери Макулдашуучу
экинчи Тараптын дайындалган авиакомпаниясынан Конвенциянын жоболоруна
ылайык эл аралык аба катнаштарын ишке ашырууга карата аталган бийликтер
тарабынан колдонулуучу мыйзамдар менен эрежелерде коюлган шарттарды
анын аткарууга жөндөмдүү экендиги тууралуу далилдерди талап кыла алат.
(4) Ар бир Макулдашуучу Тараптардын авиациялык бийликтери ушул
статьянын (2) пунктунда аталган пайдалануу укуктарын берүүдөн жана ави-
акомпаниянын дайындалышын кабыл алуудан баш тартууга же ушул Макулдашу-
унун 2-статьясында айтылган укуктарды колдонуу үчүн ал зарыл деп эсеп-
теген шарттарды киргизүүгө укуктуу, мында бул Макулдашуучу Тарап мындай
авиакомпанияларга ээлик кылуунун артыкчылыктуу үлүшү жана аны контрол-
доо экинчи Макулдашуучу Тарапка же анын граждандарына тиешелүү экенди-
гине далили болбосо жогоркудай болууга тийиш.
(5) Ушул статьяга ылайык дайындалган жана укук алышкан авиакомпа-
ния ал дайындалган келишимдик катнашты толук же жарым-жартылай ишке
ашыра алат, анда ушул Макулдашуунун 12- жана 15-статьясынын жоболоруна
ылайык белгиленген тарифтер жана расписаниелер ошол катнашка карата жа-
рактуу экендигинин шарты сакталууга тийиш.
4-статья. (Пайдалануу уруксатынын колдонулушун жоюу же
убактылуу токтото туруу)
Тараптын дайындалган авиакомпаниясына берилген пайдалануу укукта-
рын жоюуга же укуктардын колдонулушун убактылуу токтотуп коюуга же бул
укуктарды колдонуу үчүн ал зарыл деп эсептеген шарттарды убактылуу же
биротоло киргизүүгө укуктуу, эгерде көрсөтүлгөн авиакомпания:
(а) мындай укуктарды берген Макулдашуучу Тараптын авиациялык бий-
ликтерине Конвенциянын жоболоруна ылайык ошол бийликтер колдонуучу мый-
замдарда жана эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарды аткара ала тургандыгын
далилдей албаса;
(Ь) ээлик кылуунун артыкчылыктуу үлүшү жана аны контролдоо авиа-
компанияны дайындаган Макулдашуучу Тарапка же анын граждандарына тие-
шелүү экендигин далилдей албаса; же
(с) кандайдыр бир башка себептерден улам ушул Макулдашуунун чекте-
ринде амтылган шарттарга ылайык келишимдик катнашты ишке ашыра албаса.
(2) Бул статьянын (1) пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды колдонуу жо-
горуда көрсөтүлгөн мыйзамдар менен эрежелерди андан ары бузууну жол
бербөөгө багытталган кечиктирилгис чараларды ишке ашыруу зарыл болгон
учурларды кошпогондо. Макулдашуучу экинчи Тараптын авиациялык бийликте-
ри менен консультациялар өткөрүлгөндөн кийин гана ишке ашырылат. Эгерде
авиациялык бийликтердин ортосунда кандайдыр бир башкача макулдашылбаса,
анда Макулдашуучу эки Тараптын ортосундагы консультациялар ар бир авиа-
циялык бийлик тарабынан жиберилген суроо-талапты алган күндөн тартып
алтымыш (60) күндүн ичинде башталууга тийиш.
5-статья. (Мыйзамдарды, эрежелерди жана процедураларды колдонуу)
(1) Макулдашуучу бир Тараптын аймагына аба кемелеринин келишинде,
анда болушунда же андан кетишинде анын аба кемелерин пайдалануу жана
навигациялоо мыйзамдары, эрежелери жана процедуралары Макулдашуучу
экинчи Тараптын авиакомпаниялары тарабынан сакталууга тийиш.
(2) Келүү, жөнөтүү, иммиграция, паспорт, бажы, валюта жана сани-
тардык контролдоо мыйзамдары, эрежелери жана процедуралары сыяктуу Ма-
кулдашуучу бир Тараптын аймагына жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, багаждын
жана жүктүн, анын ичинде почтанын келишин, болушун, транзитин же андан
жөнөтүлүшүн жөнгө салуучу мыйзамдары, эрежелери жана процедуралары
аталган Макулдашуучу Тараптардын аймагына келгенде, андан жөнөтүлгөндө
жана анда болгонда Макулдашуучу экинчи Тараптын дайындалган авиакомпа-
ниясынын аба кемелери ташуучу жүргүнчүлөргө, экипажга, багажка, жүккө
жана почтага карата колдонулушу керек.
(3) Бир дагы Макулдашуучу Тарап Өзүнүн бажы, карантин жана ушул
сыяктуу эрежелерин колдонууда ушундай эле эл аралык аба катнашын ишке
ашыруучу экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына караганда өзүнүн
же бардык башка авиакомпанияларды артык көрбөөгө тийиш.
6-статья. (Авиациялык коопсуздук)
(1) Эл аралык укук боюнча өз укуктары менен милдеттерине ылайык
Макулдашуучу Тараптар бири-бирине карата алардын мыйзамсыз кийлигишүү
актыларынан граждандык авиациянын коопсуздугун сактоо ммлдеттенмелери
ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болоорун ырасташат.
(2) Макулдашуучу Тараптар тагыраак айтканда 1963-жылдын 14-сентяб-
рында Токио шаарында кол коюлган Аба кемесинин бортунда жасалган кыл-
мыштар жана кээ-бир башка актылар тууралуу Конвенциянын, 1970-жылдын
16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алууну
басуу туралуу Конвенциянын, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол
коюлган Граждандык авиациянын коопсуздугуна каршы мыйзамсыз актыларды
басуу тууралуу Конвенциянын, ошондой эле 1986-жылдын 24-февралында Мон-
реалда кол коюлган Эл аралык граждандык авиацияны тейлеген аэропорттор-
до мыйзамсыз зомбулук актыларын басуу тууралуу Протоколдун жоболоруна,
ошондой эле авиациялык коопсуздукту жөнгө салуучу жана Макулдашып жат-
кан эки Тарапка карата колдонулуп жаткан башка көп тараптуу макулдашуу-
ларга ылайык иштөөгө тийиш.
(3) Макулдашуучу Тараптар аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алуу актысы-
нын жана аба кемелеринин, алардын бортундагы жүргүнчүлөрүнүн жана эки-
пажынын, аэропорттордун жана аэронавигация каражаттарынын коопсуздугуна
каршы багытталган бардык ммйзамсыз актылардын же граждандык авиациянын
коопсуздугуна карата бардык башка коркунучтардын алдын алуу максатында
бири бирине бардык керектүү жардамды өтүнүч боюнча көрсөтүүгө тийиш.
(4) Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн кош тараптуу карым-катнашта-
рында Эл аралык граждандык авиация уюму тарабынан аныкталган жана бул
жоболор Тараптарга колдонулган дењгээлде Конвенциянын Тиркемеси деп
аталган авиациялык коопсуздук боюнча жоболорго ылайык аракеттенишет;
алар өздөрүнүн аймагында катталган аба кемелеринин пайдалануучуларынын
же негизги иштеген жана болгон орду алардын аймагында жайгашкан аба ке-
мелеринин пайдалануучуларынын жана алардын аймагындагы аэропортторду
пайдалануучулардын иш-аракеттери авиациялык коопсуздук боюнча мындай
жоболорго ылайык жүргүзүлүшүн талап кылууга тийиш.
(5) Ар бир Макулдашуучу Тарап аба кемелеринин мындай пайдалануучу-
лары экинчи Макулдашып жаткан Тараптын аймагына келүүгө, кетүүгө же ан-
да болууга тийиштүү (4) пунктта берилген, авиациялык коопсуздук жоболо-
рун сакташын талап кылышына макул болот.
(6) Ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн аймагында аба кемесин коргоо
жана аба кемесинин жүргүнчүлөрүн, экипажын, колундагы жүгүн, багажын,
жүктөрүн жана борттогу азыктарын жүктөөнүн же түшүрүүнүн алдында жана
анын учурунда текшерүү боюнча тийиштүү чаралардын колдонулушун камсыз
кылууга тийиш.
(7) Ар бир Макулдашууму Тарап белгилүү-бир коркунучка байланыштуу
коопсуздук чараларын колдонуу тууралуу экинчи Макулдашуучу Тараптын
бардык өтүнүчүн кичи пейил карап чыгууга тийиш.
(8) Граждандык аба кемесин мыйзамсыз ээлеп алуу инциденти же кор-
кунучу же мындай аба кемесинин, анын бортундагы жүргүнчүлөрүнүн, экипа-
жынын, аэропорттордун же аэронавигация каражаттарынын коопсуздугуна
каршы башка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда, Макулдашуучу Тараптар
мындай инцидентти же анын коркунучун тезинен жана коопсуз тыюу макса-
тында байланыштарды камсыз кылуу жаиа башка тийиштүү чараларды колдонуу
аркылуу бири-бирине жардам берүүгө тйииш.
(9) Эгерде Макулдашуучу Тараптардын бири бул статьяда көрсөтүлгөн
авиациялык коопсуздук жөнүндө жоболорду экинчи Макулдашуучу Тарап ат-
карган жок деп эсептесе, анда бул Макулдашуучу Таратын авиациялык бий-
ликтери эки Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери менен тезинен
консультация өткөрүүнү сурай алышат. Мындай суроо-талап келип түшкөн
күндөн тартып бир (1) айдын ичинде макулдашууга жетишилбесе, ушул Ма-
кулдашуунун 4-статьясынын жоболору күчүнө кирет. Олуттуу абал келип
чыккан учурда бардык Макулдашуучу Тарап бир айлык мөөнөт бүткөнгө чейин
убактылуу иш-аракеттерди жүргүзө алат.
7-статья. (Учуулардын коопсуздугу)
(1) Биринчи Макулдашуучу Тарап жарактуу деп тааныган жана күчүндө
кала берген учууга жарамдуулук сертификаттарынын, квалификациясынын
күбөлүктөрүнүн жана ырастамаларынын, качан мындай сертификаттар же
күбөлүктөр Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуу стандарттарга дал
келсе же андан ашып кетсе, келишимдик катнаштарды аткаруу максатында
күчүндө болушун экинчи Макулдашуучу Тарап таанууга тийиш.
(2) Бирок ар бир Макулдашуучу Тарап өзүнүн аймагынын үстүндө учуу-
ларды аткарууда анын граждандарына экинчи Макулдашуучу Тарап же үчүнчү
мамлекет берген квалификациясынын күбөлүктөрүн жана ырастамаларын таа-
нуудан баш тартууга укуктуу болот.
(3) Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарап кабыл ал-
ган экипаждарга, аба кемелерине же аларды пайдаланууга тийиштүү бардык
тармакта учуулардын коопсуздук стандарттары боюнча консультацияларды
өткөрүүнү каалаган убакта талап кыла алат. Мындай консультациялар бул
суроо-талап алынган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде өткөрүлүүгө
тийиш.
(4) Эгерде мындай консультациялардын акырында Макулдашуучу Тарап-
тардын бири экинчи Макулдашуучу Тарап жок дегенде ошол учурда Конвенци-
яга ылайык белгиленген минималдык стандарттарга дал келген мындай тар-
мактардын биринде учуулардын коопсуздугу боюнча стандарттарды тиешелүү
түрдө сактаган жок же колдонгон жок деп эсептесе, анда биринчи Макулда-
шуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка мындай жыйынтыктар жана ошол
минималдык стандарттарга дал келтирүү максатында аткарышы керек болгон
иш-аракеттер жөнүндө жана экинчи Макулдашуучу Тарап тиешелүү чараларды
колдонууга тийиш экендиги жөнүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде экинчи Ма-
кулдашуучу Тарап он беш (15) күндүн ичинде же белгилене турган узагыра-
ак мөөнөттө тийиштүү чараларды колдонбосо, бул Макулдашуунун 4-стать-
ясын колдонуу зарылчылыгы келип чыгат.
(5) Конвенциянын 33-статьясында көрсөтүлгөн абалдарга карабастан.
Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагына же аймагынан учууларды аткару
үчүн биринчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясынын же авиакомпанияла-
рынын атынан пайдаланылган же ижарага алынган бардык аба кемеси экинчи
Макулдашуучу Тараптын аймагында болгондо, рейсти себепсиз кармабастан,
бул Макулдашуучу Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан борт доку-
менттеринин жарамдуулугун жана экипажды, самолеттун жана анын шайманда-
рынын абалын (бул статьяда "перрондук инспектирлөө" деп аталат) тек-
шерүү максатында аба кемесннин бортунда же анын жанында текшерилет.
(6) Эгерде мындай инспектирлөө же бир топ башка инспектирлөөлөр:
(а) аба кемеси же аба кемесин пайдалануу Конвенцияга ылайык ошол
учурда аныкталган минималдык стандарттарга ылайык келбеши жөнүндө олут-
туу кабатырланууга, же
(Ь) техникалык жактан жетиштүү тейленбегендиги жана Конвенцияга
ылайык ошол учурда белгиленген стандарттарды аткарбагандыгы жөнүндө
олуттуу кабатырланууга алып келсе, анда инспектирлөөнү жүргүзүп жаткан
Макулдашуучу Тарап Конвенциянын 33-статьясына ылайык аба кемесине же
бул кеменин экипажына берилген же жарактуу деп таанылган сертификаттар
же ырастамалар же бул аба кемесин пайдалануу талаптары Конвенцияга ыла-
йык белгиленген минималдык стандарттарга ылайык келбеши жөнүндө бүтүм
чыгарууга укуктуу болот.
(7) (5) пунктка ылайык Макулдашып жаткан Тараптардын биринин авиа-
компаниясы тарабынан же авиакомпаниясынын атынан пайдаланылган аба ке-
месин перрондо инспектирлөө максатында кирүүгө бул авиакомпаниянын же
авиакомпанияларынын өкүлдөрү тыюу салса, экинчи Макулдашуучу Тарап жо-
горуда (6) пунктта көрсөтүлгөн олуттуу кемчиликтер бар деп болжолдоого
жана бул пунктка ылайык бүтүм чыгарууга укуктуу болот.
(8) Эгерде биринчи Макулдашуучу Тарап инспектирлөөнүн, бир топ
инспектирлөөлөрдүн, инспектирлөөнү жүргүзүүдө кирүү уруксатын берүүдөн
баш тартуунун, консультациялардын натыйжасында жана башка себеп боюнча
авиакомпаниялардын учууларды коопсуздукта аткарышы үчүн маанилүү болгон
шашылыш чараларды колдонуу зарылчылыгы жөнүндө бүтүм чыгарса, ар бир
Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына же
авиакомпанияларына берилген пайдалануу уруксатын тезинен токтото тууру-
уга же Өзгөртүүгө укуктуу болот.
(9) Жогорудагы (4) жана (8) пункттарга ылайык Макулдашуучу Тарап-
тардын бири тарабынан жасалган бардык иш-аракеттер мындай иш-аракеттер-
ди аткаруунун себеби жоголоор замат токтотулууга тийиш болот.
8-статья. (Бажылык эрежелер)
(I) Ар бир Макулдашуучу Тарап экмнчи Макулдашуучу Тараптын дайын-
далган авиакомпаниясына аба кемесине, отунга, майлоочу материалдарга
жана техникалык бөлүкчөлөргө запастык бөлүкчөлөргө, анын ичинде кыймыл-
даткычтарга, борттук жабдууларга, борттук тамак-ашка (анын ичинде
спирттик ичимдиктерге, тамеки заттарына, суусундуктарга жама учуу учу-
рунда чектелген санда жүргүнчүлөргө сатылуучу продуктыларга) жана кели-
шимдик катнаштарды аткарып жаткан мындай Макулдашуучу Тараптын дайын-
далган авиакомпаниясынын аба кемесин пайдаланууга же тейлөөгө байланыш-
туу колдонулуучу башка предметтерге, ошондой эле басылып чыккан билет-
тердин запасына, жүктүн коштомо кагаздарына, компаниянын фирмалык бел-
гиси коюлган бардык басма материалына, ошондой эле бул дайындалган ави-
акомпания акысыз таркатуучу кадимки жарнама материалдарына бажылык пош-
линаларды, кыйыр салыктарды, инспектирлөө жыйымдарын жана башка мамле-
кеттик жана жергиликтүү төлөмдөрдү жана жыйымдарды салбоого жана им-
порттук чектөөлөрдү койбоого тийиш.
(2) Бул статьяда көрсөтүлгөн бошотуулар ушул статьянын (1) пунк-
тунда көрсөтүлгөн төмөнкү предметтерге карата колдонулууга тийиш:
(а) бкринчи Макулдашуучу Тараптын аймагына экинчи Макулдашуучу Та-
раптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан же анын атынан алынып ке-
линүүчү;
(Ь) экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына келгенден кийин жана ан-
дан учуп кеткенге чейин биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиа-
компаниясы аба кемесинин бортунда калтыруучу;
(с) жинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында биринчи Макулдашуучу Та-
раптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортуна алынуччу жа-
на бошотучларды берип жаткан Макулдашуучу Тараптын аймагында бул пред-
меттер кемсинтилбеген шартта, аталган Макулдашуучу Тараптын аймагында
ушул предметтер толугу менен же жарым-жартылай колдонулуп же сарпталып
жатабы же жокпу, ага карабастан келишимдик катнаштарды аткарууда колдо-
нулуучу.
(3) Макулдашуучу бардык Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба
кемесинин бортунда демейде сактала турган борт шаймандары, ошондой эле
материалдар, жабдуу шаймандары жана борт азыктары Макулдашуучу экинчи
Тараптын аймагына ушул аймактын бажылык бийликтеринин макулдугу менен
гана түшүрүлүшү мүмкүн. Бул учурда алар кайрадан экспорттолуп кетмейин-
че же бажылык эрежелерге ылайык башкача түрдө алынып кетмейинче жогору-
да аталган бийликтердин көзөмөлүнө берилиши мүмкүн.
(4) Качан бардык Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы
башка авиакомпаниялар менен экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында
убактылуу колдонуу же берүү тууралуу макулдашкан учурларда, мындай ави-
акомпаниялар бул Макулдашуучу Тараптан ушуга окшош бошотууларды алган
шартта, ушул статьяга ылайык берилүүчү бошотуулар техникалык запастар-
га, запастык бөлүкчөлөргө, анын ичинде кыймылдаткычтарга, кадимки борт
шаймандарына карата дагы колдонулууга тийиш.
9-статья. (Аэропортторду же авиациялык жаблууларды колдонуу)
(1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын аймагында аэропортторду аэрона-
вигациялык жана башка жабдууларды колдонгондугу үчүн экинчи Макулдашуу-
чу Тараптын дайындалган авиакомпаниясынан алынуучу жыйымдар ушундай эл
аралык катнаштарды аткарып жаткан ошол эле класстагы мамлекеттик аба
кемелеринен алынуучу жыйымдардан ашпоого тийиш.
(2) Өзүнүн контролунун астында болгон аэропортторду, аба трассала-
рын, аба кыймылын тейлөө жана аларга байланышкан каражаттарды колдонуу-
да бир дагы Макулдашуучу Тарап ушундай эле эл аралык аба катнаштарын
аткарып жаткан экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясына караганда
өзүнүн же бардык башка авиакомпанияга артыкча укук берүүгө тийиш змес.
(3) Ар бир Макулдашуучу Тарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүн
компетенттүү органдары менен бул жыйымдар боюнча органдардын кызматта-
рын жана каражаттарын колдонуучу авиакомпаниялардын ортосунда бул авиа-
компаниялардын өкүлчүлүктөрү аркылуу мүмкүн болгон жерде консультация-
ларды өткөрүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Мындай жыйымдарды өзгөртүү боюнча
бардык сунуштар жөнүндө билдирүү колдонуучу тарабынан берилүүгө тийиш;
бул өзгөртүүлөр жасалганга чейин алардын өз оюн билдирүүгө мүмкүндүк
берет. Ар бир Макулдашчучу Тарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүн
компетенттүү органдарынын жана колдонуучулардын ортосунда мындай жыйым-
дар жөнүндө тийиштүү маалыматтар менен алмашууга колдоо көрсөтүүгө ти-
йиш.
10-статья. (Транзиттик ташуулар)
Макулдашуучу Тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен бараткан
жана ушул максатта колдонулуучу аэропорттун аймагынан чыгып кетпеген
жүргүнчүлөр ушул Макулдашуунун 6-статьясында көрсөтүлгөн коопсуздук
эрежелери колдонулган учурлардан тышкары, ошондой эле бањгилик жана
ањ-сезимге таасир берүүчү заттарды алып келүүгө тыюу салуу максатында
жөнөкөйлөтүлгөн контролдон өтүүгө тийиш. Түз транзит менен бара жаткан
багаж менен жүк бажылык алымдардан жана башка жыйымдардан бошотулууга
тийиш.
11-статья. (Тейлөөлөрдү сатуу жана акча каражаттарын которуу)
(1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтерине табышта-
ма берилгенден кийин жана биринчи Макулдашуучу Тараптын тийиштүү мамле-
кеттик мыйзамдары менен эрежелерине ылайык керектүү коммерциялык катто-
ого карай экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы же
авиакомпаниялары биринчи Макулдашуучу Тараптын аймагында өзүнүн аба ар-
кылуу ташууларын өзү же өзүнүн каалоосу боюнча агенттер аркылуу эркин
сатууга укуктуу болууга жана бардык жак бул аймакта иштеп жаткан банк-
тарда ошол учурда иштетилип жаткан эркин жүгүртүлүүчү валютада же жер-
гиликтүү акча бирдигинде мындай транспорттук тейлөөлөрдү сатып алууга
укуктуу болууга тийиш.
(2) Ар бир Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи
Макулдашуучу Тараптын аймагында авиакомпания эркин жүгүртүлүүчү валюта-
да чыгашадан калган киреше акча каражаттарын конвертирлөөгө жана өз ай-
магына которууга укуктуу болууга тийиш. Конвертирлөө же которуу акча
которулган күндө колдонулуп жаткан алмашуу курсу боюнча чектелбестен
жүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде мындай иштеп жаткан рыноктук курс системасы
болбосо, конвертирлөө жана которуу которуу жасалган күндө колдонулуп
жаткан расмий алмашуу курсу боюнча чектөөсүз аткарылууга тийиш. Котору-
унун өзү кармалуусуз аткарылууга тийиш жана мындай операциялар үчүн
банктар алган кадимки жыйымдардан тышкары, жыйымдар алынбайт.
(3) Эгерде Макулдашуучу Тараптардын ортосунда мындай акча каражат-
тарына карата атайын келишим болсо, ал келишим колдонулат.
12-статья. (Тарифтер)
(1) Мындан ары колдонулуучу "тариф" деген термин-жүргүнчүлөрдү,
багажды жана жүктү ташуу акысын же жыйымдарын (почтаны ташуу акысы жана
шарттары эске алынбайт), ошондой эле бул акылар жана жыйымдар колдону-
луучу шарттарды анын ичинде агенттик кызмат көрсөтүү акыларын, авиаком-
паниялар сунуш кылган кошумча тейлөөлөргө тийиштүү жыйымдарды жана
шарттарды билдирет, ошондой эле ташууга байланыштуу камсыз кылынган
бардык бир кыйла жењилдиктерди камтыйт.
(2) Экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагынан же аймагына ташуулар
үчүн бардык Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан
алынуучу тарифтер бардык маанилүү факторлорду, анын ичинде пайдалануу
чыгымдарын, негизделген пайданы жана аткаруу ылдамдыгы жана орундукта-
ры, комиссиялык акылар, башка авиакомпаниялардын тарифтери жана башка
коммерциялык шарттар сыяктуу тейлөө мүнөздөмөсүн эске алып, акылга сы-
ярдык өлчөмдө болууга тийиш.
(3) Эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык бийликтери негизсиз
дискриминациялоочу, өктөмдүк абалдын астында өтө эле жогору же чектел-
ген ылайыксыз тарифтерди же түз же кыйыр дотациялоо же колдоо аркылуу
жасалма түрдөгү же бааларды азайтуучу төмөн тарифтерди карап чыгууга
жана чечимдерди кабыл алууга тийиш.
(4) Бул статьянын (2) пунктунда көрсөтүлгөн тарифтер эки Макулда-
шуучу Тараптын тењ дайындалган авиакомпанияларынын ортосунда мүмкүн бо-
лушунча макулдашылууга тийиш.
(5) Эгерде мүмкүн болсо, жогорудагы (4) пунктка ылайык макулдашуу-
га Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (ИАТА) тарифтерин аныктоо
механизми аркылуу жетишүүгө болот.
(6) Мындайча макулдашылган тарифтер аларды киргизүүнүн болжолдуу
күнүнө чейин кеминде отуз (30) күн мурда Макулдашуучу Тараптардын авиа-
циялык бийликтеринин бекитүүсүнө берилүүгө тийиш; өзгөчө учурларда мын-
дай мөөнөт аталган бийликтердин макулдугу менен азайтылышы мүмкүн.
(7) Эгерде дайындалган авиакомпаниялар бул тарифтерге макул болбо-
со, же эгерде башка себептер боюнча тарифтер бул статьянын (4) пунктуна
ылайык аныкталбаса, же биринчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийлик-
тери бул статьянын (4) пунктунун жоболоруна ылайык макулдашылган бардык
тарифке өзүнүн макул эместиги жөнүндө экинчи Макулдашуучу Тараптын ави-
ациядык бийликтерине билдирүү жөнөтсө Макулдашуучу Тараптардын авиация-
лык бийликтери тарифтерди макулдашууга аракет жасоого тийиш.
(8) Эгерде авиациялык бийликтер жогоруда (6) пунктка ылайык анык-
талган кандайдыр-бир тарифти бекитүүгө же (7) пунктка ылайык кандай-
дыр-бир тарифти аныктоого макул болбосо, анда Макулдашуучу Тараптар та-
рифтерди макулдашуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого тийиш.
(9) Эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык бийликтери бекитме-
йинче, бир дагы тариф күчүнө кирбейт.
(10) Бул статьянын жоболоруна ылайык аныкталган тарифтер бул
статьянын жоболоруна ылайык жањы тарифтер аныкталмайынча күчүндө кала
берүүгө тийиш.
(11) Эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык бийликтери Макулда-
шуучу Тараптардын аймактарында жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү
ташуу үчүн өздөрүнүн тарифтерин бекитишине табыштама берүүнү талап кы-
лооого тийиш; бирок дайындалган авиакомпаниялар ушул статьянын (3)
пунктуна ылайык баа берүү үчүн эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык
бийликтерине аларды киргизүүнүн божомолдонгон күнүнө чейин жок дегенде
он төрт (14) күн мурда бул жөнүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде кызыкдар
дайындалган авиакомпания. Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери-
нен жогоруда аталган жүктөрдүн тарифтерин жактырбоо тууралуу билдирүүнү
катталган күндөн тартып сегиз (8) күндүн ичинде албаса, анда мындай
катталган жүктөрдүн тарифи ишке киргизилген күнү күчүнө кирет.
13-статья. (Сыйымдуулук)
(1) Эки Макулдашуучу Тараптын тењ дайындалган авиакомпаниялары
ушул Макулдашуунун Тиркемесинде аныкталган бардык маршрут боюнча аба
катнашын аткарууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш.
(2) Келишимдик катнаштарды аткарууда ар бир Макулдашуучу Тараптын
дайындалган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган
авиакомпаниялары ошол эле маршруттар же алардын участоктору боюнча ишке
ашырып жаткан аба катнашына тескери таасир тийгизбеш үчүн алардын кы-
зыкчылыгын эске алууга тийиш.
(3) Макулдашуучу Тараптардын дайындалган авиакомпаниялары аткарып
жаткан келишимдик катнаштарда белгилүү-бир маршруттарда ташуулар боюнча
коомчулуктун талаптары эске алынууга жана авиакомпанияны дайындаган Ма-
кулдашуучу Тараптын аймагынан чыккан же аймагына жөнөгөн жүргүнчүлөрдү
жана/же жүктөрдү, анын ичинде почтаны ташуу боюнча бар болгон жана
күтүлгөн талаптарды аткаруу үчүн тийиштүү коэффициенттеги жетиштүү
жүктөөнү, сыйымдуулукту камсыз кылууга тийиш. Үчүнчү мамлекеттердин ай-
магында эскерилген маршруттардагы пункттарда бортко алынган жана
түшүрүлгөн жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү, анын ичинде почтаны ташуу
жалпы принциптерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш; мында сыйымдуулук
төмөнкүлөргө жараша болот:
(а) авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу Тараптын аймагына же
аймагынан чыккан аба кыймылынын талаптарынан;
(Ь) бул регионго кирген мамлекеттердин авиакомпаниялары түзгөн
башка транспорттук катнаштарды эске алып, келишимдик катнаш өтүп жаткан
региондогу аба кыймылынын талаптарынан;
(с) авиакомпаниянын түз аба катнашынын талаптарынан.
14-статья. (Коддорду чогуу колдонуу)
(1) Эскертилген маршруттар боюнча аба катнаштарын аткарууда бирин-
чи Макулдашуучу Тараптын бардык дайындалган авиакомпаниясы төмөнкүлөр
менен жерлерди блокадалоо жана коддорду чогуу колдону тууралуу келишим-
ди түзө алат:
(а) бардык Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниясы же авиакомпанияла-
ры;
(Ь) үчүнчү Тараптын авиакомпаниясы же авиакомпаниялары Эгерде мын-
дай үчүнчү Тарап экинчи Макулдашуучу Тараптын авиакомпаниялары менен
башка авиакомпаниялардын ортосунда мындай үчүнчү өлкөнүн аймагына, ай-
магынан жана аймагы аркылуу катнаштарды аткарууда салыштырууга мүмкүн
болгон келишимдерди тааныбаса Макулдашуучу Тарап мындай келишимди кабыл
албай коюуга укуктуу.
(2) Бирок жогоруда аталган жоболор бардык авиакомпаниялар мындай
макулдашуулардын алкагында:
(а) алардын негизинде ушул Макулдашууда эскерилген ташуу укуктарын
жана принциптерин сактаарын; жана
(Ь) эки Макулдашуучу Тараптын тењ авиациялык бийликтеринин мындай
макулдашууларга карата колдонуучу, талаптарын аткараарын эске алууга
тийиш.
(3) Коддорду чогуу колдонуучу авиакомпаниялар коддорду чогуу кол-
донуу жана жерлерди блокадалоо тууралуу сунуш кылынган макулдашууларды
ишке божомолдуу киргизгенге чейин жок дегенде кырк беш (45) күн мурда
эки Макулдашып жаткан Тараптын авиациялык бийликтерине берүүгө тийиш.
Коддорду чогуу колдонуу жана жерлерди блокадалоо тууралуу мындай макул-
дашуулар эки Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери тарабынан жак-
тырылууга тийиш.
15-статья. (Учуулардын расписаниеси)
(1) Биринчи Макулдашуучу Тарап дайындаган авиакомпания аба кемеси-
нин ылдамдыгын, тибин, убактысын, түзүлүшүн жана орундуктарынын санын,
ошондой эле расписаниенин колдонуу мөөнөтүн көрсөтүп, жок дегенде кырк
беш (45) күн мурда өзүнүн божомолдонгон катнаштарынын расписаниесин
экинчи Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтерине жактырууга берүүгө
тийиш. Ушундай эле процедура мындай расписаниени бардык өзгөртүүдө кол-
донулат.
(2) Эгерде дайындалган авиакомпания расписаниеде көрсөтүлгөндөрдөн
тышкары кошумча рейстерди жасоону кааласа, ал экинчи Макулдашуучу Та-
раптын авиациялык бийликтеринен уруксат суроого тийиш. Мындай суроо-та-
лап ушундай рейстерди жасоого чейин жок дегенде эки (2) жумуш күнү му-
рун берилүүүгө тийиш.
16-статья. (Авиакомпаниялардын өкүлчүлүгү)
(1) Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы кели-
шимдик катнаштарды аткаруу үчүн өз ара негизде экинчи Макулдашуучу Та-
раптын аймагында өзүнүн өкүлдөрүн коммерциялык, техникалык жана башка
кызматкерлерин алып келүүгө жана анда кармоого укуктуу болот.
(2) Өкүл жана кызматкерлер экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында
колдонулуп жаткан мыйзамдарды жана эрежелерди сактоого тийиш.
(3) Тийиштүү аймакта колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана эрежелерге
ылайык эки Макулдашуучу Тараптын тењ дайындалган авиакомпаниялары аба
катнаштарын аткарууга көмөктөшүү жана аба аркылуу ташууларды сатуу үчүн
экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында офисти же офистерди ачууга укук-
туу.
17-статья. (Жердеги тейлөө)
(1) Тењ укуктуу негизде ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулда-
шуучу Тараптын ар бир дайындалган авиакомпаниясына жарым-жартылай же
толугу менен жерде тейлөө каражаттарын камсыз кылуу үчүн экинчи Макул-
дашуучу Тараптын аймагында мындай тейлөөлөрдү көрсөтүүгө экинчи Макул-
дашуучу Тараптын компетенттүү бийликтери тарабынан ыйгарым укуктуу бол-
гон атаандаштыктагы бардык тейлөө агенттерин тандоо укугун берет.
(2) Ушул статьянын (1) пунктуна толуктоо катары ар бир дайындалган
авиакомпания жүргүнчүлөрдү каттоо боюнча өзүнүн жерде тейлөө иштерин
жүргүзө алат. Бул укук учуулар коопсуздугунун жана авиациялык коопсуз-
дук талаптарынан келип чыккан чектөөлөрдү камтууга тийиш жана учуу аян-
тында жердеги тейлөө кызматын камтыйт. Эгерде учуулардын коопсуздугунун
жана авиациялык коопсуздуктун кызыкчылыктары үчүн ушул пунктта
көрсөтүлгөн өзүнүн жерде тейлөө кызматы керек болбосо, анда мындай жер-
де тейлөө ушундай эл аралык аба катнаштарын жасап жаткан бардык авиа-
компанияга артыкчылыксыз же дискриминациялоосуз көрсөтүлүүгө тийиш.
(3) Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экин-
чи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы ошол эле аэропортту колдонуп жат-
кан башка авиакомпанияларга толугу менен же жарым-жартылай ушул стать-
янын (2) пунктуна ылайык жерде тейлөө кызматын көрсөтө алат.
18-статья. (Маалымат берүү)
Ар бир Макулдашууну Тараптын авиациялык бийликтери экинчи макулда-
шууну тараптын авиациялык бийликтерине, алардын суроо-талабы боюнча,
мезгил-мезгили менен чыгуучу статистикалык маалыматтарды же келишимдик
катнаштарды аткаруу үчүн себептүү керек болгон ушул Макулдашууда анык-
талган маршруттар боюнча дайындалган авиакомпания жасаган ташуулар
жөнүндө бардык башка ушул сыяктуу маалыматты берүүгө же өзүнүн дайын-
далган авиакомпаниялары тарабынан беришин талап кылууга тийиш.
19-статья. (Консультациялар)
(1) Тыгыз кызматташуу маанайында Макулдашуучу Тараптардын авиация-
лык бийликтери ушул Макулдашууну ишке ашырууга таасирин тийгизүүчү бар-
дык маселелер боюнча тыгыз кызматташууну камсыз кылуу максатында мез-
гил-мезгили менен бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү же кат алышуу
аркылуу кызматташууга тийиш.
(2) Бардык Макулдашуучу Тарап каалаган убакта ушул Макулдашууга
байланышкан бардык маселе боюнча консультацияларды өткөрүүнү талап кыла
алат. Эгерде Макулдашып жаткан Тараптар башкача макулдашбаса, мындай
консультациялар экинчи Макулдашып жаткан Тарап суроо-талап берген
күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде башталууга тийиш.
20-статья. (Түзөтүүлөр)
(1) Эгерде бардык Макулдашуучу Тарап ушул Макулдашуунун кандай-
дыр-бир жоболоруна түзөтүүлөрдү киргизүүнү кааласа, мындай түзөтүүлөр,
эгерде алар Макулдашуучу Тараптардын ортосунда макулдашылса, дипломати-
ялык ноталар менен алмашуу жолу менен ырасталгандан кийин күчүнө кирет.
Ноталар менен алмашкан күн болуп ушул эки нотанын акыркысы алынган күн
саналат.
(2) Ушул Макулдашуунун Тиркемесине түзөтүүлөр Макулдашуучу тарап-
тардын авиациялык бийликтеринин ортосунда түздөн-түз макулдашылат. Алар
аталган бийликтер тарабынан бекитилген күндөн тартып убактылуу колдону-
лууга жана дипломатиялык ноталар менен алмашуу жолу менен ырасталгандан
кийин күчүнө кирүүгө тийиш.
(3) Эгерде эл аралык аба транспортуна тиешеси бар жана эки Макул-
дашуучу Тараптын ортосундагы карым-катнаштарга таасирин тийгизген жалпы
көп тараптуу конвенция күчүнө кирген учурда ушул Макулдашууга бул жобо-
лор эки Макулдашуучу тараптар аркылуу кабыл алынган дењгээлде мындай
көп тараптуу конвенциянын жободоруна дал келиши үчүн түзөтүүлөр кирги-
зилет.
21-статья. (Чатактарды чечүү)
(1) Макулдашуучу Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну
түшүндүрүүгө же колдонууга байланыштуу чатак маселелер келип чыккан
учурда, Макулдашуучу Тараптардын авиациялык бийликтери аларды биринчи
кезекте сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенишет.
(2) Эгерде авиациялык бийликтер макулдашууга жетишпесе, чатак Ма-
кулдашуучу Тараптардын ортосчнда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүгө тийиш.
(3) Эгерде Макулдашуучу Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чатакты
чече алышпаса, чатак Макулдашуучу Тараптардын чыгарган чечимине жараша
консультанттын пикирин же милдеттүү чечимин алуу үчүн алар макулдаша
ала турган бардык жеке адамдын же юридикалык жактын кароосуна берилет;
же бардык Макулдашуучу Тараптын биринин өтүнүчү боюнча чатак үч арбитр-
лар сотуна берилиши мүмкүн.
(4) Мындай арбитрлар соту төмөндөгүдөй түзүлөт: ар бир Макулдашуу-
чу Тарап бирден арбитрды дайындайт жана бул эки арбитр Үчүнчү мамлекет-
тин гражданын төрага кылып дайындоону макулдашышат жана данындашат.
Мындай арбитрлар Макулдашуучу Тараптардын бири чатакты арбитраждык сот-
ко кароого берүүчү каалагандыгы тууралуу экинчи Макулдашуучу Тарапка
кабарлаган күндөн тартып эки (2) айдын ичинде, ал эми төрага үч (3) ай-
дын ичинде дайындалууга тийиш.
(5) Эгерде (4) пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаса, бардык Ма-
кулдашуучу Тарап, бардык башка тиешелүү макулдашуу болбогон учурда, ке-
ректүү дайындоолорду жүргүзүү үчүн Эл аралык граждандык авиация уюмунун
кењешинин (ИКАО) Президентин чакыра алат. Эгерде Президент Макулдашуучу
Тараптардын биринин гражданы болсо же эгерде ал кандайдыр-бир башка се-
бептер боюнча бул милдетти аткара албаса, анда анын ордуна Вице-Прези-
дент керектүү дайындоону жүргүзүүгө тийиш.
(6) Арбитрлар соту добуштун көпчүлүгү менен чечим чыгарууга тийиш.
Мындай чечимдер Макулдашуучу Тараптар үчүн милдеттүү болууга тийиш. Ар
бир Макулдашуучу Тарап Өзүнүн арбитрынын, ошондой эле арбитраждык про-
цедурага анын катышкандыгы үчүн чыгымдарын төлөйт, ал эми төраганын чы-
гымдарын жана бардык башка чыгымдарды Макулдашуучу Тараптар тењме-тењ
төлөшөт. Калган бардык маселелер боюнча арбитраждык сот өз процедурала-
рын өзү аныктоого тийиш.
22-статья. (Каттоо)
Ушул Макулдашуу жана анын бардык кийинки түзөтүүлөрү Эл аралык
граждандык авиация уюмунда катталууга тийиш.
23-статья. (Аракетинин токтотулушу)
Бардык Макулдашуучу Тарап ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ту-
уралуу өзүнүн чечими жөнүндө экинчи Макулдашуучу Тарапка бардык убакта
дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтө алат. Мын-
дай билдирүү ошол эле учурда Эл аралык граждандык авнация уюмуна бе-
рилүүгө тийиш. Мындай учурда ушул Макулдашуу экинчи Макулдашуучу Тарап
билдирүүнү алган күндөн тартып он эки (12) айдын ичинде өз аракетин
токтотот, эгерде бул мөөнөт бүткөнгө чейин эки Макулдашуучу Тараптын
ортосунда макулдашуу боюнча аракетин токтотуу тууралуу мындай билдирүү
кайрадан артка суратылбаса. Экинчи Макулдашуучу Тараптын билдирүүнү ал-
гандыгы тууралуу ырастоосу бодбосо, аны Эл аралык граждандык авиация
уюму алгандан кийин он төрт (14) күн өткөндө билдирүү алынды деп эсеп-
телет.
24-статья. (Күчүнө кириши)
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички
процедуралардын аткарылгандыгы жөнүндө Макулдашуучу Тараптардын жазуу
жүзүндөгү акыркы билдирүүсү адынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Прага шаарында 2004-жылдын 29-апрелинде эки түп нускада, кыргыз,
чех, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей
күчкө ээ. Түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, англис
тилиндеги текст негиз катары колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Тиркеме
А. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиаком-
паниялар) эки багытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүктүз аба
катнаштарын аткарууга укуктуу:
| Чыгуу | Ортодогу | Келүү | Чехия |
| пункттары | пункттар | пункттары | Республикасынын |
| чегинен тышкаркы | |||
| пункттар | |||
| Кыргыз | үчүнчү | Чехия | үчүнчү өлкөлөрдөгү |
| Республика- | өлкөлөрдөгү | Республикасындагы | пункттар |
| сындагы | пункттар | пункттар | |
| пункттар |
В. Чехия Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпания (авиаком-
паниялар) эки багытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз аба
катнаштарын аткарууга укуктуу:
| Чыгуу | Ортодогу | Келүү | Кыргыз |
| пункттары | пункттар | пункттары | Республикасынын |
| чегинен тышкаркы | |||
| пункттар | |||
| Чехия | үчүнчү | Кыргыз | үчүнчү өлкөлөрдөгү |
| Республика- | өлкөлөрдөгү | Республика- | пункттар |
| сындагы | пункттар | сындагы | |
| пункттар | пункттар |
Эскертүү:
1. Бул Тиркемеде эскерилбеген ортодогу пункттар жана Макулдашуучу
Тараптардын мамлекеттик аймактарындагы келүү пункттары Макулдашуучу Та-
раптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен
аныкталууга тийиш.
2. Биринчи Макулдашуучу Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын
экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагындагы пункттарынын жана үчүнчү
өлкөлөрдөгү пункттарынын ортосунда жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны
ташуу укугу Макулдашуучу Тарамтардын авиациялык бийликтеринин ортосунда
өзүнчө макулдашылат.
3. Чегинен тышкаркы пункттар Макулдашуучу Тараптардын авиациялык
бийликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен аныкталууга тийиш.
4. Учуулар аткарылып баштаганда ар бир Макулдашуучу Тараптын да-
йындалган авиакомпанияларына бардык түрдөгү аба кемелери менен жумасына
үчтөн ашпаган рейстерди жасоого жол берилет. Учуулардын тездигин андан
аркы бардык күчөтүү эки Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийликтери та-
рабынан жактырылууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.