Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Греция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө МАКУЛДАШУУ (КР Өкмөтүнүн Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 51
Мыйзамы менен ратификацияланган
Афины шаары
2004-жылдын 1-ноябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Греция
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Аба катнашы жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
жана Греция Республикасынын Өкмөтү,
кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрында Чикаго шаарында ачылган Эл
аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга катышуучулар болушуп, жана
өздөрүнүн тийиштүү аймактарынын ортосунда жана алардын чектеринен
тышта аба катнашын ачуу максатында макулдашуу түзүү ниеттерин билдири-
шип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Аныктамалар
Эгер контекстте башкача каралбаса, бул Макулдашуу үчүн:
(а) "Конвенция" деген термин кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрын-
да Чикаго шаарында ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенци-
яны, анын ичинде ушул Конвенциянын 90-статьясына ылайык кабыл алынган
бардык Тиркемелерди жана 90 жана 94-статьяларга ылайык Тиркемелерге же
Конвенцияга киргизилген бардык оњдоолорду ал Тиркемелердин же оњдоолор-
дун эки Тарап үчүн колдонулуучу даражасында билдирет;
(Ь) "авиациялык бийликтер" деген термин Кыргыз Республикасына ка-
рата - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-
гине караштуу Жарандык авиация департаментин жана Греция Республикасына
карата - Жарандык авиация уюмунун башкармасын же эки тарапка карата -
азыркы учурда аталган авиациялык бийликтер тарабынан аткарылуучу функ-
цияларды аткарууга юридикалык жактан ыйгарым укук берилген башка ар
кандай органды билдирет;
(с) "дайындалган авиакомпания" деген термин бир Тарап экинчи Та-
рапка жазуу жүзүндө билдирүү менен дайындаган жана ушул Макулдашуунун
3-статьясына ылайык ушул Макулдашуунун 2-статьясынын (1) пункту менен
белгиленген маршруттар боюнча келишимдик катнаштарды аткарууга ыйгарым
укук берилген ар кандай авиакомпанияны билдирет;
(d) "аймак", "аба катнашы", "эл аралык аба катнаш", "авиакомпания"
жана "коммерциялык эмес максатта токтоо" деген терминдер Конвенциянын 2
жана 96-статьяларына ылайык аныкталган маанилерди билдиришет;
(е) белгиленген аба катнашына карата "сыйымдуулук" деген термин
андай катнашты аткаруу үчүн пайдаланылуучу самолеттогу орундардын марш-
рут же маршруттун участогу боюнча белгилүү бир мезгилде ошол самолет
менен учууларды аткаруунун жыштыгына көбөйтүлгөн санын билдирет;
(f) "тариф" деген термин жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү та-
шыгандык үчүн алынуучу бааларды же жыйымдарды (почтаны ташыгандык үчүн
акыдан жана шарттардан башкасын), ошондой эле ал баалар менен жыйымдар-
ды колдонуунун шарттарын, анын ичинде авиакомпаниялар сунуштоочу ар
кандай кошумча кызмат көрсөтүүгө тиешелүү комиссиялык жана агенттик
кызмат көрсөтүүлөрдү, жыйымдарды жана шарттарды билдирет, ошондой эле
ташууга байланыштуу камсыздалуучу ар кандай орчундуу жењилдиктерди
өзүнө камтыйт;
(g) "Тиркеме" деген термин ушул Макулдашууга Тиркемени же ушул Ма-
кулдашуунун 20-статьясынын жоболоруна ылайык ага киргизилген оњдоолорду
билдирет. Тиркеме ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана
башкасы өзгөчө белгиленген учурларды эске албаганда, Макулдашууга кара-
та болгон бардык шилтемелер өздөрүнө Тиркемени камтышы керек.
(h) "пайдалануучулардан алынуучу жыйымдар" деген термин авиакомпа-
ниялардан аэропорттук, аэронавигациялык каражаттарды жана коопсуздукту
камсыздоо боюнча каражаттарды бергендик үчүн алынуучу жыйымдарды билди-
рет.
Бул Макулдашуунун статьяларынын аталыштары ушул Макулдашуунун ар
кандай жоболорунун маанилерин эч кандай чектебестиги жана кењейтпестиги
белгиленмекчи.
2-статья. Ташууларга укук берүү
(1) Дайындалган авиакомпания же авиакомпаниялар менен Тиркеменин
тийиштүү бөлүмүндө аныкталган маршруттар боюнча эл аралык аба катнашын
ачуу жана жүргүзүү максатында ар бир Тарап экинчи тарапка ушул Макллда-
шууда каралган укуктарды беришет. Андай аба катнаштары жана маршруттар
мындан ары тиешесине жараша "келишимдик катнаштар" жана "белгиленген
маршруттар" деп аталышат.
(2) белгиленген маршруттар боюнча келишимдик катнаштарды аткарууда
дайындалган авиакомпанияга же авиакомпанияларга ушул Макулдашуунун жо-
болоруна ылайык төмөнкүдөй укуктар берилүүгө тийиш, алар:
(а) башка Тараптын аймагынын үстүнөн конбостон учуп өтүү;
(Ь) башка Тараптын аймагына коммерциялык эмес максатта конуу;
(с) биринчи Тараптын аймагында жайгашкан пункттан (пункттардан)
жөнөөчү же аларга келүүчү жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүү, багаж, жүк,
анын ичинде почтаны башка Тараптын аймагынан Тиркемеде көрсөтүлгөн
пункттарда бөлөк-бөлөк же чогуу жүктөө жана түшүрүү;
(3) Тараптардын ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык дайындалба-
ган авиакомпанияларына да ушул статьянын (2) (а) жана (Ь) пункттарында
көрсөтүлгөн укуктар берилет.
(4) Эгер башка Тараптын аймагындагы пунктка ташуу акы төлөө менен
же жалдоо боюнча жүргүзүлүп жатса, ушул статьянын (2) параграфында эч
нерсе бир Тараптын авиакомпаниясына (авиакомпанияларына) башка Тараптын
аймагында жүргүнчүлөрдү салуу, жүктөрдү, анын ичинде почтаны жүктөө жа-
гында артыкчылыктарды берүү катары каралууга тийиш эмес.
3-статья. Дайындоо жана эксплутациялык ыйгарым укуктар
(1) Ар бир Тарап келишимдик катнаштарды жүргүзүү максатында авиа-
компанияны же авиакомпанияларды дайындоого жана дипломатиялык каналдар
боюнча башка Тарапка маалымдоого, жана ар кандай авиакомпаниянын дайын-
далышын жокко чыгарууга, же мурда дайындалгандын ордуна башка авиаком-
панияны дайындоого укуктуу.
(2) Мындай дайындоо алынгандан жана дайындалган авиакомпаниядан
эксплуатациялык ыйгарым укуктарды алуу үчүн көрсөтүлгөн формада өтүнмө
берилгенден кийин башка Тараптын компетенттүү органдары мындай жол ме-
нен дайындалган авиакомпанияга керектүү эксплуатациялык ыйгарым укук-
тарды төмөнкүдөй шарттарда берүүгө тийиш, эгерде:
а) Греция Республикасы тараптан дайындалган авиакомпанияга карата:
(i) ал Греция Рсспубликасынын аймагында Европа Шериктештиги бел-
гилөөчү келишимге ылайык уюшулса жана Европа Шериктештигинин мыйзамына
ылайык Эксплуатациялоо Лицензиясын алса;
(ii) авиакомпанияны натыйжалуу башкаруучулук контролдоо Европа Ше-
риктештигине мүчө-Эксплуатанттын Күбөлүгүн берүү үчүн жооптуу мамлекет
тарабынан жүргүзүлсө же уюштурулса жана тийиштүү авиациялык бийлик да-
йындоодо так аныкталса;
Ь) Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга кара-
та:
i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюшулса жана Кыргыз Респуб-
ликасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык лицензияланса;
ii) Кыргыз Республикасы авиакомпанияны натыйжалуу башкаруучулук
контролдосо жана ал контролду уюштурса; жана
с) дайындалган авиакомпания адатта конвенциянын жоболоруна ылайык
колдонулуучу мыйзамдарда жана эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарга - эл
аралык аба катнаштарын дайындоо алуучу башка Тараптын эксплуатациялашы-
на ылайык келсе.
(3) Авиакомпания дайындалгандан жана ушул Статьяга ылайык ыйгарым
укуктар берилгенден кийин, ушул Макулдашуунун 13 жана 15-статьяларынын
жоболоруна ылайык белгиленген тарифтер жана расписаниелер ушул катнаш-
тарга карата жарактуу болгон шартта ал өзү аткарууга дайындалган кели-
шимдик катнаштарды толук же айрымдарын аткара алат.
4-статья. Эксплуатациялык ыйгарым укуктарды жокко чыгаруу же
убактылуу токтотуу
(1) Ар бир Тараптын авиациялык бийликтери ушул Макулдашуунун
2-статьясында айтылган, башка Тараптын дайындалган авиакомпаниясына бе-
рилген эксплуатациялык ыйгарым укуктарды жокко чыгарууга же колдонулу-
шун убактылуу токтотууга, же андай укуктарды пайдалануу үчүн зарыл деп
эсептеген шарттарды киргизүүгө укуктуу, эгерде:
а) Греция Республикасынын дайындалган авиакомпаниясына карата:
i) ал Греция Республикасынын аймагында Европа Шериктештиги бел-
гилөөчү келишимге ылайык уюшулбаса жана Европа Шериктештигинин мыйзамы-
на ылайык Эксплуатациялоо Лицензиясын албаса; же
ii) авиакомпанияны натыйжалуу башкаруучулук контролдоо Европа Ше-
риктештигине мүчө-Эксплуатанттын Күбөлүгүн берүү үчүн жооптуу мамлекет
тарабынан жүргүзүлбөсө же уюштурулбаса жана тийиштүү авиациялык бийлик
дайындоодо так аныкталбаса;
Ь) Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалган авиакомпанияга кара-
та:
i) ал Кыргыз Республикасынын аймагында уюшулбаса жана Кыргыз Рес-
публикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык лицензияланбаса;
ii) Кыргыз Республикасы авиакомпанияны натыйжалуу башкаруучулук
контролдобосо жана ал контролду уюштурбаса; же
с) андай авиакомпания адатта - Конвенциянын жоболоруна ылайык кол-
донулуучу мыйзамдар менен эрежелерде айтылган шарттарга шайкештигин -
дайындоо алган Тараптын эл аралык аба катнаштарын эксплуатациялоого
ылайыктыгын далилдей албаса;
d) авиакомпания ал укуктарды берген Тараптын мыйзамдарын жана/же
эрежелерин сактабаса; же
е) авиакомпания кайсы бир себептер боюнча эксплуатацияны ушул Ма-
кулдашууда айтылган шарттарга ылайык ишке ашырууга жараксыз болсо.
(2) Укуктарды ишке ашыруу, ушул Статьянын 1-пунктунда айтылган ко-
шумча шарттарды дароо кайра жокко чыгаруу, токтото туруу же киргизүү
зарыл болгондон башка учурларда, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарды жа-
на/же эрежелерди бузуу улантылбашы үчүн башка Тараптын авиациялык бий-
ликтери менен ушул Макулдашуунун 19-статьясына ылайык консультация
жүргүзүлгөндөн кийин гана башталат.
5-статья. Мыйзамдарды, эрежелерди жана процедураларды колдонуу
(1) Бир Тараптын авиакомпаниялары башка Тараптын аймагына келген-
де, турганда же кетип жатканда анын аба кемелерди эксплуатациялоо жана
навигациялоо боюнча мыйзамдарын, эрежелерин жана процедураларын сактоо-
го тийиш.
(2) Бир Тараптын өз аймагына жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын багаждын
жана жүктүн, анын ичинде почтанын келишин, болушун, транзитин же
жөнөтүлүшүн жөнгө салуучу, келүүгө, иммиграцияга, паспорттук, бажылык,
валюталык жана санитардык контролго тиешелүү мыйзамдар, эрежелер жана
процедуралар сыяктуу мыйзамдары, эрежелери жана процедуралары башка Та-
раптын дайындалган авиакомпаниясы ташыган жүргүнчүлөргө, экипаждарга,
багажга, жүккө жана почтага карата аталган Тараптын аймагына келген,
кетип жаткан же болуп турган учурда колдонулууга тийиш.
(3) Өзүнүн бажылык, карантиндик жана ушул сыяктуу эрежелерин кол-
донууда Тараптардын эч бири башка Тараптын авиакомпаниясына караганда
өзүнүн ушундай эл аралык аба катнашын ишке ашырган авиакомпаниясына же
башка ар кандай авиакомпанияга артыкчылык берүүгө тийиш эмес.
(4) Тараптар Макулдашууну колдонууда өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарынын
талаптарын ошондой эле Греция Республикасынын Европа Шериктештигинин
колдонуудагы мыйзамдарына карата милдеттенмелерин көњүлгө алышат.
6-статья. Авиациялык коопсуздук
(1) Тараптар эл аралык укуктун чегинде, өздөрүнүн укуктары менен
милдеттенмелерине ылайык, алардын бири бирине карата жарандык авиация-
нын коопсуздугун мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоого тиешелүү милдеттенме-
лери ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болот деп билдиришет.
(2) Тараптар атап айтканда, 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол
коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана башка иштер
жөнүндө конвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба
кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөш жөнүндө конвенциянын,
1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын
коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз иштерге каршы күрөш жөнүндө
конвенциянын жана 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган Эл
аралык жарандык авиацияны тейлеген аэропорттордо мыйзамсыз зомбулук ак-
тыларына каршы күрөшүү жөнүндө протоколдун жоболоруна ылайык, ошондой
эле авиациялык коопсуздукту жөнгө салуучу жана эки Тарапка тењ карата
жарактуу көп тараптуу макулдашууларга ылайык иш жүргүзүүгө тийиш.
(3) Тараптар жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алууну жана
андай аба кемелеринин учуусунун коопсуздугуна, алардын бортундагы
жүргүнчүлөргө жана экипаждарына, аэропортторго жана аэронавигациялык
каражаттарга, ошондой эле жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы ба-
гытталган иштерди болтурбоо максатында бири биринин талабы боюнча бар-
дык керектүү жардамдарды беришет.
(4) Тараптар өз ара мамилелеринде Эл аралык жарандык авиация уюму
белгилеген жана Конвенцияга Тиркеме деп аталуучу, авиациялык коопсуздук
жөнүндө жоболорго ылайык, ал жоболор Тараптарга карата колдонулуучу да-
ражада аракеттенүүгө тийиш; алар өз аймактарында катталган аба кемеле-
ринин эксплуатанттарынан, же алар дайындаган авиакомпаниялардын аба ке-
мелеринин эксплуатанттарынан, ошондой эле алардын аймактарындагы аэро-
порттордун эксплуатанттарынан ишти авиациялык коопсуздук жөнүндө ушун-
дай жоболорго ылайык жүргүзүшүн талап кылууга тийиш.
(5) Ар бир Тарап жогоруда (4) пунктта башка Тараптын аймагына
кирүүгө, чыгууга же болууга карата айтылган авиациялык коопсуздук
жөнүндө жоболорду аба кемелеринин мындай эксплуатанттары сактоосун баш-
ка Тараптын талап кыла алаарына макулдугун билдиришет.
(6) Ар бир Тарап анын аймагында аба кемелерин коргоо жана
жүргүнчүлөрдү, экипаждарды, кол жүктөрдү, багажды, жүктөрдү жана аба
кемелеринин борт жарактарын отургузуу же жүктөө алдында текшерүү боюнча
тийиштүү чаралар колдонулушун камсыздоого тийиш.
(7) Ар бир Тарап ошондой эле башка Тараптын конкреттүү коркунучка
байланыштуу коопсуздук чараларды камсыздоо жөнүндө ар кандай өтүнүчүнө
түшүнүү менен мамиле кылууга тийиш.
(8) Жарандык аба кемеси мыйзамсыз басып алынган же басып алуу кор-
кунучу же андай аба кемесинин, анын бортундагы жүргүнчүлөрдүн жана эки-
паждын, аэропорттордун же аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна
коркунуч болгон учурда Тараптар байланышты камсыздоо жана андай окуяны
же андай болуу коркунучун тез жана коркунучсуз токтотууга багытталган
башка чараларды көрүү жолу менен бири бирине жардам көрсөтүүгө тийиш.
(9) Эгер Тараптардын биринде башка Тарап ушул Статьяда айтылган
авиациялык коопсуздук жөнүндө жоболорду аткарбай жатат деп эсептөөгө
жетиштүү негиздер болсо, анда ал Тараптын авиациялык бийликтери башка
Тараптын авиациялык бийликтери менен токтоосуз консультация өткөрүүнү
талап кыла алышат. Мындай өтүнмө түшкөн күндөн кийин бир (1) айдын
ичинде керектүү макулдашууга жетишүүгө мүмкүн болбосо, ушул Макулдашуу-
нун 4-статьясы күчүнө кирет. Олуттуу кырдаал пайда болгон учурда Тарап-
тардын кайсынысы болбосун бир айлык мезгил өткөнгө чейин убактылуу ча-
раларды көрө алат.
7-статья. Сертификаттарды жана күбөлүктөрдү таануу
(1) Бир Тараптын эрежелерине жана процедураларына ылайык берилген
жана күчүндөгү учууга жарактуулуктун сертификаттары, квалификациялык
күбөлүктөр жана күбөлүктөр, Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуу
стандарттарга шайкеш келген же ашкан шартта келишимдик катнаштарды ат-
каруу максатында башка Тарапта күчүндөгү катары таанылууга тийиш.
(2) Ошондой болсо да, ар бир Тарап анын жарандарына башка Тарапта
же башка мамлекетте анын аймагынын үстүнөн учууларды аткаруу үчүн бе-
рилген квалификациялык күбөлүктөрдү жана күбөлүктөрдү таануудан баш
тартуу укугун сактап калышат.
(3) Эгер жогоруда (1) пунктта айтылып жаткан, бир Тараптын авиаци-
ялык бийликтери белгиленген маршруттар боюнча келишимдик катнаштарды
аткарууга дайындалган ар кандай жакка же авиакомпанияга берген укуктар
жана күбөлүктөр же күбөлүктөрдүн шарттары Конвенцияга ылайык аныкталган
стандарттардан айырмалуу болсо жана андай айырма Жарандык авиациянын эл
аралык уюмунда катталса, анда башка Тараптын авиациялык бийликтери ай-
тылып жаткан практика алар үчүн алгылыктуу экенине күмөндүгүн жайгаруу
максатында ушул Макулдашуунун 19-статьясына ылайык ал Тараптын авиация-
лык бийликтери менен консультация өткөрүүнү сурай алышат. Эгер канаат-
тандырарлык макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, ал ушул Макулдашуунун
4-статьясын колдонууга негиз болот.
8-статья. Учуулардын коопсуздугу
(1) Ар бир Тарап башка Тарап дайындаган авиакомпания аткаруучу
учуулардын коопсуздугунун стандарттары боюнча аба кемесинин экипажына,
аба кемесине же анын эксплуатацияланышы чөйрөсүндө консультация
өткөрүүнү кайсы убакта болбосун сурай алат.
(2) Эгер андай консультациянын жыйынтыгында Тараптардын бири башка
Тараптын дайындалган авиакомпаниялары (1) пунктта айтылган тармактардын
кайсынысында болбосун, Чикаго конвенциясына ылайык ошол мезгилге карата
белгиленген учуулардын коопсуздугу боюнча жок дегенде минималдуу стан-
дарттарга шайкеш келген стандарттарды тийиштүү түрдө сактабай же кол-
донбой жатышат деп эсептесе, анда биринчи Тарап башка Тарапка андай жы-
йынтыктар жана ИКАОнун стандарттарына шайкештик максатында көрүү зарыл
болгон чаралар тууралуу, жана берки Тарап тийиштүү чараларды көрүшү ке-
ректиги жөнүндө билдирүүгө тийиш. Эгер башка Тарап он беш (15) күндүн
ичинде же белгилениши мүмкүн болгон андан узагыраак мөөнөттө керектүү
чара көрбөсө, бул ушул Макулдашуунун 4-статьясын колдонууга негиз болу-
уга тийиш.
(3) Конвенциянын 33-статьясында көрсөтүлгөн милдеттенмелерге кара-
бастан, Тараптардын биринин авиакомпаниясынын же авиакомпанияларынын
атынан башка Тараптын аймагында же аймагынан учууларды аткаруу үчүн
эксплуатациялануучу ар кандай аба кемеси башка Тараптын аймагында бол-
гондо ал Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан бортто же аба ке-
месинин жанында борттук документтердин жана экипаждын жарактуулугун,
самолеттун жана анын жабдууларынын абалын текшерүү (бул Статьяда "пер-
рондо инспекциялоо" деп аталат) максатында, бул рейстин негизсиз карма-
лышына алып келбегендей шартта текшерүүгө алынышы мүмкүн.
(4) Эгер мындай инспекциялоо же бир нечелеген инспекциялоолор:
(а) аба кемеси же аба кемесинин эксплуатацияланышы Конвенцияга
ылайык ошол учурга карата белгиленген минималдуу стандарттарга ылайык
эмес экендиги жөнүндө олуттуу тынчсызданууга алып келсе; же
(Ь) тийиштүү техникалык тейлөөнүн жоктугу жана Конвенцияга ылайык
ошол учурга карата белгиленген учуулардын коопсуздугу боюнча стандарт-
тардын аткарылбай жатканы жөнүндө олуттуу тынчсызданууга алып келсе,
анда инспекциялоо жүргүзгөн Тарап Конвенциянын 33-статьясына ыла-
йык, ал аба кемесине же ал кеменин экипажына сертификат же күбөлүктөрдү
берүүгө негиз болгон талаптар жарактуу деп табылганы жөнүндө, же ал аба
кемесинин эксплуатацияланышына негиз болгон талаптар Конвенцияга ылайык
белгиленген минималдуу стандарттарга шайкеш эмес деген корутунду
берүүгө укуктуу.
(5) жогорудагы (3) пунктка ылайык Тараптардын биринин авиакомпани-
ясы тарабынан же авиакомпаниясынын атынан пайдаланылган аба кемесин
перрондо инспекциялоо максатында кирүүгө бул авиакомпаниянын же авиа-
компаниялардын өкүлдөрү тыюу салса, башка Тарап жогоруда (4) пунктта
көрсөтүлгөн олуттуу кемчиликтер бар деп болжолдоого жана бул пунктка
ылайык бүтүм чыгарууга укуктуу болот.
(6) Эгерде биринчи Тарап инспекциялоонун, бир топ инспекциялоолор-
дун, инспекция жүргүзүү үчүн кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуунун,
консультациялардын натыйжасында же башка себеп боюнча авиакомпаниялар-
дын учууларды коопсуз аткарышы үчүн маанилүү болгон шашылыш чараларды
колдонуу зарылчылыгы жөнүндө бүтүм чыгарса, ар бир Тарап башка Тараптын
авиакомпаниясына же авиакомпанияларына берилген эксплуатациялоо урукса-
тын тезинен токтото турууга же өзгөртүүгө укукту сактайт.
(7) Жогорудагы (2) жана (6) пункттарга ылайык Тараптардын бири та-
рабынан жасалган бардык иш-аракеттер мындай иш-аракеттерди колдонуунун
себеби жоголоор замат токтотулууга тийиш болот.
9-статья. Бажылык эрежелер
(1) Ар бир Тарап экинчи Тараптын дайындалган авиакомпаниясына аба
кемесине, отунга, майлоочу материалдарга жана техникалык бөлүкчөлөргө,
тетиктерге, анын ичинде кыймылдаткычтарга, борттук жабдууларга, борттук
запастарга жана келишимдик катнаштарды аткарып жаткан мындай Тараптын
дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесин пайдаланууга же тейлөөгө бай-
ланыштуу колдонулуучу башка предметтерге, ошондой эле басылып чыккан
билеттердин запасына, жүктүн коштомо кагаздарына, компаниянын фирмалык
белгиси коюлган бардык басма материалдарга, ошондой эле бул дайындалган
авиакомпания акысыз таркатуучу кадимки жарнама материалдарына бажылык
пошлиналарды, кыйыр салыктарды, инспекциялык жыйымдарды жана башка мам-
лекеттик жана жергиликтүү төлөмдөрдү жана жыйымдарды салбоого жана им-
порттук чектөөлөрдү койбоого тийиш.
(2) Бул статьяда көрсөтүлгөн бошотуулар ушул статьянын (1) пунк-
тунда көрсөтүлгөн төмөнкү предметтерге карата колдонулууга тийиш:
(а) биринчи Тараптын аймагына экинчи Тараптын дайындалган авиаком-
паниясы тарабынан же анын атынан алынып келүүчүлөр;
(Ь) экинчи Тараптын аймагына келгенден кийин жана андан учуп кет-
кенге чейин биринчи Тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемеси-
нин бортунда калтырылчулар;
(с) экинчи Тараптын аймагында биринчи Макулдашуучу Тараптын дайын-
далган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортуна алынган жана бошотуулар-
ды берген Тараптын аймагында бул предметтер жерилбеген шартта, аталган
Тараптын аймагында ушул предметтер толугу менен же жарым-жартылай кол-
донулуп же сарпталып жатабы же жокпу, ага карабастан, келишимдик кат-
наштарды аткарууда колдонулуучулар.
(3) Кайсы Тараптын болбосун дайындалган авиакомпаниясынын аба ке-
месинин бортунда демейде сактала турган борт шаймандары, ошондой эле
материалдар, жабдуу шаймандары жана борт запастары экинчи Тараптын ай-
магына ушул аймактын бажылык бийликтеринин макулдугу менен гана
түшүрүлүшү мүмкүн. Бул учурда алар кайрадан экспорттолуп кетмейинче же
бажылык эрежелерге ылайык башкача түрдө алынып кетмейинче жогоруда
аталган бийликтердин көзөмөлүнө берилиши мүмкүн.
(4) Кайсы болбосун Тараптын дайындалган авиакомпаниясы башка авиа-
компаниялар менен башка Тараптын аймагында убактылуу колдонуу же берүү
тууралуу макулдашкан учурда, мындай авиакомпаниялар бул Тараптан ушуга
окшош бошотууларды алган шартта, ушул статьяга ылайык берилүүчү бошоту-
улар техникалык запастарга, запастык тетиктерге, анын ичинде кыймылдат-
кычтарга, кадимки борт жабдууларына карата дагы колдонулууга тийиш.
10-статья. Аэропортторду жана авиациялык жабдууларды колдонуу
(1) Биринчи Тараптын аймагында аэропортторду, аэронавигациялык жа-
на башка жабдууларды колдонгондугу үчүн экинчи Тараптын дайындалган
авиакомпаниясынан алынуучу жыйымдар ушундай эл аралык катнаштарды атка-
рып жаткан ошол эле класстагы мамлекеттик аба кемелеринен алынуучу жы-
йымдардан ашпоого тийиш.
(2) Өзүнүн контролунун астында болгон аэропортторду, аба трассала-
рын, аба кыймылын тейлөө жана аларга байланышкан каражаттарды колдонуу-
да Тараптардын эч бири экинчи Тараптын ушундай эле эл аралык аба кат-
наштарын аткарып жаткан авиакомпаниясына караганда өзүнүн же бардык
башка авиакомпанияга артыкчылыктарды берүүгө тийиш эмес.
(3) Ар бир Тарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүн компетенттүү
органдары менен бул жыйымдар боюнча органдардын кызматтарын жана кара-
жаттарын пайдалануучу авиакомпаниялардын ортосунда бул авиакомпаниялар-
дын өкүлчүлүкторү аркылуу мүмкүн болгон жерде консультацияларды
өткөрүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Мындай жыйымдарды өзгөртүү боюнча бардык
сунуштар жөнүндө тийиштүү билдирүү пайдалануучуларга бул өзгөртүүлөр
киргизилгенге чейин, алардын өз оюн билдире алышы үчүн берилет. Ар бир
Тарап жыйымдар үчүн жооптуу болгон өзүнүн компетенттүү органдары жана
пайдалануучулар мындай жыйымдар жөнүндө тийиштүү маалыматтарды алмашуу-
суна шарт түзүүгө тийиш.
11-статья. Транзиттик ташуулар
Тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен бараткан жана дал ушун-
дай максаттарда пайдаланылган аэропорттун аймагынан чыгып кетпеген
жүргүнчүлөр ушул Макулдашуунун 6-статьясында көрсөтүлгөн коопсуздук
эрежелери колдонулгандан башка учурларда, ошондой эле бањгилик жана
ањ-сезимге таасир берүүчү заттарды алып келүүгө тыюу салуу максатында
жөнөкөйлөтүлгөн гана контролдон өтүүгө тийиш. Түз транзит менен бара
жаткан багаж жана жүк бажылык алымдардан жана башка жыйымдардан бошоту-
лууга тийиш.
12-статья. Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жана акча каражаттарын
которуу
(1) Ар бир дайындалган авиакомпания башка Тараптын аймагында авиа
ташууларды түздөн түз же өзүнүн агенттери аркылуу сатууга укуктуу жана
кандай гана жак болсо да андай транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү колдо-
нуудагы мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык сатып алууга укуктуу.
(2) Ар бир Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Тараптын ай-
магында алган, сарптоолордон кийин калган киреше акча каражаттарын кон-
вертирлөөгө жана валюта алмаштыруунун колдонуудагы эрежелерине ылайык
эркин жүгүртүлүүчү валютада өз аймагына которууга укуктуу болууга ти-
йиш. Конвертирлөө жана которуу акча которулган күндө андай которууларга
карата колдонулуп жаткан алмаштыруу курсу боюнча чектелбестен
жүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде мындай иштеп жаткан рыноктук курс системасы
болбосо, конвертирлөө жана которуу жасалган күндө колдонулуп жаткан
расмий алмаштыруу курсунун негизинде чектөөсүз аткарылууга тийиш. Кото-
руунун өзү кечиктирбестен аткарылууга тийиш жана мындай операциялар
үчүн банктар алган адаттагы жыйымдардан башка жыйымдар алынбайт.
(3) Эгер Тараптардын бири башка Тараптын дайындалган авиакомпания-
сы биринчи Тараптын аймагында алган сарптоодон кийин ашкан киреше сум-
маларын которуусуна чектөө койсо, анда башка Тарап да биринчи Тараптын
авиакомпаниясына ошондой чектөө коюуга укуктуу болот.
(4) Эгерде Тараптардын ортосунда мындай акча каражаттарына карата
атайын келишим болсо, ал келишим колдонулат.
13-статья. Тарифтер
(1) Экинчи Тараптын аймагынан же аймагына ташуулар үчүн Тараптар-
дын кайсынысынын болбосун дайындалган авиакомпаниясы тарабынан алынуучу
тарифтер бардык маанилүү факторлорду, анын ичинде эксплуатациялоо чы-
гымдарын, негизделген пайданы жана аткаруу ылдамдыгы жана орундуктары,
комиссиялык акылар, башка авиакомпаниялардын тарифтери жана башка ком-
мерциялык шарттар сыяктуу тейлөө мүнөздөмөсүн эске алып, алгылыктуу
өлчөмдө болууга тийиш.
(2) Эки Тараптын тењ авиациялык бийликтери негизсиз дискриминация-
лоочу, үстөмдүк абалды кыянат пайдалануудан улам өтө эле жогору же
чектөөчү, же түз же кыйыр дотациялоодон же колдоо көрсөтүүдөн улам жа-
салма түрдө арзан, же баалардын арзандатылышына алып келүүчү алгылыксыз
тарифтерди карап чыгууга жана чечим кабыл алууга тийиш.
(3) Эки Тараптын тењ дайындалган авиакомпаниялары бекитмейинче бир
да тариф күчүнө кирбөөгө тийиш.
(4) Ушул статьянын жоболоруна ылайык белгиленген тарифтер жањы та-
рифтер ушул Статьянын жоболоруна ылайык белгиленмейинче күчүндө калууга
тийиш.
(5) Эки Тараптын тењ авиациялык бийликтери Тараптардын аймактарын-
да жайгашкан пункттардын ортосунда жүктөрдү ташуу үчүн алардын тарифте-
рин бекитүүгө өтүнмө берүүнү талап кылбоого тийиш, бирок дайындалган
авиакомпаниялар ушул статьянын (2) пунктуна ылайык баа берүү үчүн эки
Тараптын тењ авиациялык бийликтерине аларды киргизүүнүн болжолдонгон
күнүнөн жок дегенде он төрт (14) күн мурда бул жөнүндө билдирүүгө тийиш
Эгерде дайындалган кызыкдар авиакомпания аймагында жүктү ташуу башталу-
учу Тараптын авиациялык бийликтеринен жогоруда аталган жүктүк тарифтер-
дин жактырылбаганы тууралуу билдирүүнү катталган күндөн тартып сегиз
(8) күндүн ичинде албаса, анда мындай катталган жүктүк тариф аны кир-
гизүү көрсөтүлгөн күндөн баштап күчүнө кирет.
14-статья. Сыйымдуулук
(1) Эки Тараптын тењ дайындалган авиакомпаниялары ушул Макулдашуу-
нун Тиркемесинде аныкталган ар кандай маршрут боюнча аба катнашын атка-
рууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш.
(2) Келишимдик катнаштарды аткарууда ар бир Тараптын дайындалган
авиакомпаниялары башка Тараптын дайындалган авиакомпаниялары ошол эле
маршруттар же алардын участоктору боюнча ишке ашырып жаткан аба катна-
шына тескери таасир тийгизбеш үчүн алардын кызыкчылыгын эске алууга ти-
йиш.
(3) Тараптардын дайындалган авиакомпаниялары аткарып жаткан кели-
шимдик катнаштарда белгилүү бир маршруттарда ташууларга карата коомдук
талаптар эске алынууга жана авиакомпанияны дайындаган Тараптын аймагы-
нан жөнөөчү же аймагына жөнөгөн жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү, анын
ичинде почтаны ташуу боюнча болгон жана күтүлгөн талаптарды аткаруу
үчүн тийиштүү коэффициенттеги жетиштүү жүктөөнү, сыйымдуулукту камсыз-
доону негизги максаты кылып коюуга тийиш Маршруттарда Үчүнчү мамлекет-
тердин аймагында мурдатан белгиленген пункттарда бортко алынган жана
түшүрүлгөн жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү, анын ичинде почтаны ташуу
жалпы принциптерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш, ал принциптер боюнча сы-
йымдуулук төмөнкүлөргө жараша болот:
(а) авиакомпанияны дайындаган Тараптын аймагына же аймагынан чык-
кан аба кыймылынын талаптарына;
(Ь) бул регионго кирген мамлекеттердин авиакомпаниялары түзгөн
башка транспорттук катнаштарды эске алып, келишимдик катнаш жүрүп жат-
кан региондогу аба кыймылынын талаптарына; жана
(с) авиакомпаниянын түз аба катнашынын талаптарына.
15-статья. Учуулардын расписаниеси
(1) Биринчи Тарап дайындаган авиакомпания калкты тейлөөгө бе-
рилүүчү аба кемесинин учуу жыштыгын, тибин, убактысын, түзүлүшүн жана
орундуктарынын санын, ошондой эле расписаниенин колдонулуу мөөнөтүн
көрсөтүп, өзүнүн божомолдонгон катнаштарынын расписаниесин экинчи Та-
раптын авиациялык бийликтерине жок дегенде кырк беш (45) күн мурда бе-
китүүгө берүүгө тийиш. Ушундай эле процедура мындай расписаниени бардык
өзгөртүүдө да колдонулат.
(2) Эгерде дайындалган авиакомпания расписаниеде көрсөтүлгөндөн
тышкары кошумча рейстерди жасоону кааласа, ал экинчи Тараптын авиация-
лык бийликтеринен уруксат суроого тийиш. Мындай өтүнүч ушундай рейстер-
ди жасоого чейин жок дегенде эки (2) иш күнү мурдатан берилүүгө тийиш.
16-статья. Авиакомпаниялардын өкүлчүлүгү
(1) Биринчи Тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Тараптын
аймагында өзүнүн өкүлчүлүгүн кармоого укуктуу.
(2) Ар бир Тараптын дайындалган авиакомпаниясы өзүнүн өкүлдөрүн,
коммерциялык, техникалык жана келишимдик катнаштарды аткаруу үчүн зарыл
негиздүү башка кызматкерлерин экинчи Тараптын мыйзамдары менен эрежеле-
рине ылайык башка Тараптын аймагына алып кирүүгө жана кармоого укуктуу.
(3) Тийиштүү аймакта колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана эрежелерге
ылайык Тараптардын экөөнүн тењ дайындалган авиакомпаниялары аба катнаш-
тарын аткарууга жана аба аркылуу ташууларды сатууга көмөктөшүү үчүн
экинчи Тараптын аймагында офисти же офистерди ачууга укуктуу.
17-статья. Жердеги тейлөө
Ар бир Тарап жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны авиа-
компаниянын өз алдынча тейлөөсү (өзүн өзү тейлөө) үчүн өзүнүн авиаком-
панияларына бергендей шарттарды экинчи Тараптын ар бир дайындалган ави-
акомпанияларына башка авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрдү, багажды,
жүктөрдү жана почтаны тейлөөсү (үчүнчү тарапты тейлөө) үчүн тењ укуктуу
негизде беришет. Буга мындай максат үчүн керектүү аэропорттук каражат-
тарга кирүү жана пайдалануу да кирет.
18-статья. Маалымат берүү
Ар бир Тараптын авиациялык бийликтери экинчи Тараптын авиациялык
бийликтерине, алардын суроо-талабы боюнча, келишимдик катнаштардын ат-
карылышын текшерүү үчүн негиздүү керек болгон мезгил-мезгили менен чы-
гуучу статистикалык маалыматтарды же дайындалган авиакомпания ушул Ма-
кулдашууда аныкталган маршруттар боюнча жасаган ташууларга тиешелүү
ушул сыяктуу бардык башка маалыматтарды берүүгө же өзүнүн дайындалган
авиакомпанияларынын беришин талап кылууга тийиш.
19-статья. Консультациялар
(1) Тараптардын авиациялык бийликтери тыгыз кызматташуу маанайында
ушул Макулдашууну ишке ашырууга таасирин тийгизүүчү бардык маселелер
боюнча тыгыз кызматташууну камсыз кылуу максатында мезгил-мезгили менен
бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү же кат алышуу аркылуу кызматташу-
уга тийиш.
(2) Ар бир Тарап каалаган убакта ушул Макулдашууга тиешеси бар
бардык маселелер боюнча консультацияларды өткөрүүнү талап кыла алат.
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, мындай консультациялар экинчи Та-
раптын өтүнмөсү алынган күндөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде башта-
лууга тийиш.
20-статья. Оњдоолор
(1) Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуунун кайсы бир жобосуна
оњдоолорду киргизүүнү кааласа, эгер мындай оњдоолор Тараптардын орто-
сунда макулдашылса, анда алар дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу ме-
нен ырасталгандан кийин күчүнө кирет. Ноталарды алмашкан күн болуп ушул
эки нотанын акыркысы алынган күн эсептелет.
(2) Ушул Макулдашуунун Тиркемесине оњдоолор Тараптардын авиациялык
бийликтеринин ортосунда түздөн-түз макулдашылышы мүмкүн. Алар аталган
бийликтер тарабынан бекитилген күндөн тартып убактылуу колдонулууга жа-
на дипломатиялык ноталарды алмашуу жолу менен ырасталгандан кийин
күчүнө кирүүгө тийиш.
(3) Эл аралык аба транспортуна тиешелүү жана эки Тараптын ортосун-
дагы карым-катнаштарга таасирин тийгизген жалпы көп тараптуу конвенция
күчүнө кирген учурда, бул Макулдашуу эки Тарап андай көп тараптуу кон-
венциянын жоболорун кабыл алган даражада ошол конвенциянын жоболоруна
ылайык оњдолду деп эсептелет.
21-статья. Талаштарды чечүү
(1) Тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдону-
уга байланыштуу талаш маселе чыккан учурда, Тараптардын авиациялык бий-
ликтери аларды адегенде сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенүүгө
тийиш.
(2) Эгерде авиациялык бийликтер макулдашууга жетишпесе, талаш Та-
раптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүгө тийиш.
(3) Эгерде Тараптар сүйлөшүү жолу менен талашты чече алышпаса, та-
лаш консультациялык корутунду же милдеттүү чечим алуу үчүн Тараптардын
макулдашуусуна жараша жеке адамдын же юридикалык жактын кароосуна бери-
лет, же Тараптардын биринин өтүнүчү боюнча талаш үч арбитрдин сотуна
берилиши мүмкүн.
(4) Мындай арбитрдик сот төмөнкүдөй түзүлүүгө тийиш ар бир Тарап
бирден арбитр дайындайт жана бул эки арбитр Үчүнчү мамлекеттин жаранын
төрага кылып дайындоону макулдашышат жана дайындашат. Мындай арбитрлер
Тараптардын бири талашты арбитраждык сотко кароого берүүнү каалагандыгы
тууралуу экинчи Тарапка кабарлаган күндөн тартып эки (2) айдын ичинде,
ал эми төрага - үч (3) айдын ичинде дайындалууга тийиш.
(5) Эгер жогоруда (4) пунктта көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаса жана
башка эч кандай тиешелүү макулдашуу болбогон учурда, Тараптардын кайсы-
нысы болсо да Эл аралык жарандык авиация уюмунун кењешинин (ИКАО) Пре-
зидентин керектүү дайындоолорду жүргүзүү үчүн чакыра алат. Эгерде Пре-
зидент Тараптардын биринин жараны болсо же эгерде ал кандайдыр-бир баш-
ка себептер боюнча бул милдетти аткара албаса, анда аны алмаштыруучу
вице-президент керектүү дайындоону жүргүзүүгө тийиш.
(6) Арбитраждык сот добуштардын көпчүлүгү менен бүтүмгө келүүгө
тийиш. Мындай чечимдер Тараптар үчүн милдеттүү болууга тийиш. Ар бир
Тарап өзүнүн арбитринин, ошондой эле өзүнүн арбитраждык процедурага ка-
тышкандагы чыгымдарын төлөйт; ал эми төраганын чыгымдарын жана бардык
башка чыгымдарды Тараптар тењ төлөшөт. Калган бардык маселелер боюнча
арбитраждык сот өз процедураларын өзү аныктоого тийиш.
22-статья. Каттоо
Ушул Макулдашуу жана анын бардык кийинки оњдоолору Эл аралык жа-
рандык авиация уюмунда катталууга тийиш.
23-статья. Күчүнө кириши
бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана Тараптар анын күчүнө
кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткарышкандыгы
жөнүндө акыркы дипломатиялык нота алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
24-статья. Колдонуунун токтотулушу
Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун жарактуулугун токтотуу тууралуу
өзүнүн чечими жөнүндө экинчи Тарапка каалаган убакта дипломатиялык ка-
налдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жибере алат. Мындай билдирүү ошол
эле учурда Эл аралык жарандык авиация уюмуна да берилүүгө тийиш. Мындай
учурда, эгер эки Тараптын ортосундагы макулдашуу боюнча жарактуулукту
токтотуу тууралуу андай билдирүү тийиштүү мөөнөт бүткөнгө чейин кайра-
дан алынбаса, ушул Макулдашуу экинчи Тарап билдирүүнү алган күндөн тар-
тып он эки (12) айдын ичинде өз аракетин токтотот. Экинчи Тараптан бил-
дирүүнү алгандык тууралуу ырастоо болбосо, билдирүү аны Эл аралык жа-
рандык авиация уюму алгандан он төрт (14) күн өткөндөн кийин алынды деп
эсептелет.
Афины шаарында 2004-жылдын 1-ноябрында кыргыз, орус, грек жана
англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бир-
дей күчкө ээ.
Чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда, англис тилиндеги текст
негиз катары колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Греция Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
ТИРКЕМЕ
А. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпаниялар эки
багытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз аба катнаштарын атка-
рууга укуктуу:
| Чыгуу пункттары | Келүү пункттары | Кыргыз Республикасынын |
| чегинен тышкаркы | ||
| пункттар | ||
| Бишкек жана Кыргыз | Афины | Үчүнчү өлкөлөрдөгү |
| Республикасындагы башка | пункттар | |
| пункттар |
В. Греция Республикасынын Өкмөтү дайындаган авиакомпаниялар эки
багытта тењ төмөнкү маршруттар боюнча үзгүлтүксүз аба катнаштарын атка-
рууга укуктуу:
| Чыгуу пункттары | Келүү пункттары | Греция Республикасынын |
| чегинен тышкаркы | ||
| пункттар | ||
| Греция Республикасынын | Бишкек жана Кыргыз | Үчүнчү өлкөлөрдөгү |
| чегинен тышкаркы | Республикасындагы | пункттар |
| пункттар | башка пункттар |
Эскертүү:
Ортодогу пункттар жана сырттагы пункттар дайындалган авиакомпания-
лар тарабынан тейлениши мүмкүн. Дайындалган авиакомпаниялардын ортосун-
да бул маселе боюнча жетишилген жана эки Тараптын тењ авиациялык бий-
ликтери тарабынан жактырылган макулдашуудан кийин мындай пункттардын
жана башка Тараптын аймагынын ортосунда абадагы бешинчи эркиндик укугу
колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.