Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурда үчүнчү өлкөлөрдөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандарын эвакуациялоодо алардын өз ара аракети жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 22-декабры № 164
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурда үчүнчү өлкөлөрдөн Көз
карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан
мамлекеттердин жарандарын эвакуациялоодо алардын
өз ара аракети жөнүндө
Макулдашууну ратификациялоо тууралу
2005 — жылдын 10 —ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. Өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурда үчүнчү өлкөлөрдөн Көз
карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин
жарандарын эвакуациялоодо алардын өз ара аракети жөнүндө 1996 — жылдын
12 —апрелинде Москва шаарында кол коюлган Макулдашуу
ратификациялансын.
2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик
ички жол — жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз
карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине
кабарласын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.