Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Аскер жаатындагы кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы КЕЛИШИМ (КР Өкмөтүнүн Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 50 максаттарын жана припциптерин
жакташкандыктарын ырасташып,
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы
мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндө 1996-жылдын 12-июлун-
дагы Келишимдин жоболорун жана 1992-жылдын 15-майындагы коллективдүү
коопсуздук жөнүндө Келишимдин жоболорун жетекчиликке алышып,
тењчилик, өнөктөштүк жана өз ара пайда принциптеринин негизинде
региондук коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо боюнча биргелешкен
күч-аракеттердин маанилүүлүгүн таанып,
Тараптардын биринин эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө, коопсузду-
гуна жана туруктуулугуна коркунуч түзүүчү жагдайлар пайда болгон учур-
ларда биргелешкен аракеттерди координациялоо максатында консультация
өткөрүү зарылдыгынан келип чыгып,
алардын куралдуу күчтөрүнүн жогорку даражадагы күжүрмөн жана моби-
лизациялык даярдыгын сактоо зарылдыгын эске алып,
аскердик жана аскер-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн
ыњгайлуу шарттарды камсыз кылууга умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Тараптар аскер жаатындагы өзүлөрүнүн мамилелеринде улуттук мыйзам-
дарга, эларалык укук нормаларына жана аларга ылайык кабыл алынган
өздөрүнүн Куралдуу Күчтөрү жөнүндөгү чечимдерине негизденишет.
2-статья.
Тараптар башка Тарапка каршы багытталган союздарга же аскердик
мүнөздөгү макулдашууларга катышпоого, ошондой эле үчүнчү мамлекет тара-
бынан же мыйзамсыз куралдуу топтор тарабынан куралдуу баскынчылыкты же
болбосо башка Тарапка каршы башкача душмандык иш-аракетти даярдоо же
жүргүзүү максатында өзүнүн аймагын, коммуникация тутумдарын жана башка
инфраструктураларды колдонууга жол бербөөгө милдеттенишет.
3-статья.
Тараптар тынчтыкты, региондук коопсуздукту жана туруктуулукту
чыњдоо, терроризм жана башка диверсиялык-террордук топтор менен
күрөшүүдө кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ак-
тивдүү аракеттенишет.
Тараптардын бирине үчүнчү мамлекет же мыйзамсыз куралдуу топтор
тарабынан куралдуу кол салуу коркунучу түзүлгөн кырдаалдар пайда болгон
учурларда Тараптар өзүлөрүнүн аракеттерин координациялоо максатында
токтоосуз консультация өткөрүшөт. Тиешелүү Тарапка аскердик-техникалык
жардамды кошо алганда, зарыл болгон жардам көрсөтүлүшү мүмкүн.
4-статья.
Тараптар региондогу түзүлгөн аскердик-саясий жагдайды эске алуу
менен, Тараптардын өз ара коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында ку-
ралдуу күчтөрдү биргелешип колдонууну, ошондой эле аскерлердин жана
алардын башкаруу органдарынын күжүрмөн даярдыктары боюнча биргелешкен
иш-чараларды өткөрүүнү ишке ашырат.
5-статья.
Тараптардын ар бири өз ара макулдашуу боюнча экинчи Тараптын ку-
ралдуу күчтөрүнө өзүнүн аймагында биргелешкен атайын, анын ичинде ку-
ралдуу күчтөрдүн контингентин пайдалануу менен Тараптардын туруктуулу-
гуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү террордук топторду жана ди-
версиялык-террордук топторду нейтралдаштыруу боюнча операцияларды
жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
6-статья.
Тараптар аскердик шарттарга максималдуу жакындатылган, терроризм
жана диверсиялык иш-аракеттер менен күрөшүүнүн азыркы учурдагы ыкмала-
рына атайын жана аскердик бөлүкчөлөрдү окутууга, ошондой эле Тараптар-
дын аймагындагы жашоону камсыздоочу өзгөчө маанилүү объекттердин кооп-
суздугуна болгон реалдуу жана потенциалдык коркунучтарды жоюуга багыт-
талган, Тараптардын куралдуу күчтөрүнө атайын биргелешкен опера-
тивдүү-тактикалык окууларды жана командалык-штабдык машыктырууларды
жүргүзүшөт.
7-статья.
Тараптар диверсиялык-бөлүп жаруучу, жашырын экстремисттик борбор-
лорду аныктоого жана жок кылууга багытталган атайын иш-чараларды уюшту-
рууда жана өткөрүүдө тыгыз өз ара байланышта болушат.
Тараптар террордук топтордун турган жерлери, алардын структурасы
жана согуштук аракеттерди жүргүзүү тактикасынын, аскердик
мүмкүнчүлүктөрүнүн жана пайдаланылуучу куралдарынын аныкталган курамы
жөнүндө маалымат алмашууну жүргүзүшөт.
8-статья.
Тараптар курал, аскердик техника жана башка аскердик-техникалык
мүлк менен камсыз кылуу, ошондой эле аскердик техниканы жана курал-жа-
рактарды ремонттоо, жањылоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
Эки тараптуу кызматташтык пландарынын алкагында продукцияларды
берүү жана аскердик багыттагы кызматтарды көрсөтүү Тараптардын өз ара
макулдашууларынын негизинде жүргүзүлөт.
9-статья.
Аскердик багыттагы продукциялардын номенклатурасы жана берүү
көлөмдөрү, бул берүүлөр боюнча эсептөөлөрдүн шарттары жана тартиби Та-
раптардын ар биринин мыйзамдарына ылайык Тараптардын ыйгарым укуктуу
уюмдары тарабынан түзүлүүчү контракттарда жана башка келишимдик доку-
менттерде аныкталат.
10-статья.
Ар бир Тарап Тараптардын региондук коопсуздугун жана туруктуулугун
камсыз кылуу таламында аскердик командалардын, аскердик техникалардын,
куралдардын жана аскердик мүлктүн Тараптардын биринин аймагынан экинчи
Тараптын аймагына өтүшүн, ошондой эле транзиттик ташууларды өз ара ма-
кулдашуу боюнча пошлина, салык жана башка ушул сыяктуу жыйымдарды ал-
бастан тоскоолдуксуз жүргүзүүнү камсыз кылат.
11-статья.
Тараптар үчүнчү тарапка, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юриди-
калык жактарга же эл аралык уюмдарга ушул Келишимде ишке ашыруунун
жүрүшүндө алынган же сатып алынган аскердик багыттагы продукцияларды
сатпайт же өткөрүп бербейт.
Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Келишимди ишке
ашыруунун алкагында кызматташуунун жүрүшүндө аларга берилген мамлекет-
тик купуя сырды камтуучу маалыматтарды коргоону камсыз кылууга милдет-
тенишет.
Жашырындык грифин ыйгаруу, маалыматтын жашырындык дењгээлин азай-
туу же алып салуу маалымат берүүчү Тараптын өзгөчө укугу болуп эсепте-
лет.
12-статья.
Тараптар абада каршы коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын өз
ара аракетин камсыз кылышат жана аба кырдаалы жөнүндө маалымат алмашуу
кырсыкка туш болгон же багытын жоготкон аба кемелерине жардам көрсөтүү
жана аба кемелерин айдай качууга же ээлеп алууга бөгөт коюу менен бай-
ланышкан маселелер боюнча кызматташат.
13-статья.
Аскер окуу жайларында аскердик кадрларды даярдоо жана кайра даяр-
доо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен тажик Тараптын ый-
гарым укуктуу органдарынын ортосундагы жетишилген келишимдердин неги-
зинде жүргүзүлөт.
14-статья.
Тараптар аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, Коргоо
министрликтеринин жумушчуларын жана кызматкерлерин медициналык жактан
камсыз кылуу, санатория-курорттук дарылоо жана эс алуу жаатында кели-
шимдик шарттарда кызматташат.
15-статья.
Тараптардын ар бири өзүнүн аймагындагы аскер кызматчыларына жана
алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эки тараптуу келишимге ылайык билим берүү,
медициналык жактан камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик жана транс-
порттук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жаатында өздөрүнүн улуттук
мыйзамдарына ылайык социалдык укуктарын камсыз кылууга кепилдик бери-
шет.
16-статья.
Тараптар куралдуу күчтөрдө социалдык-укуктук, тарбиялык жана мада-
ний-агартуу иштер жаатында уюштуруучулук, методикалык жана практикалык
тажрыйбаларды алмашуу боюнча кызматташууну чыњдашат жана өнүктүрүшөт.
17-статья.
Тараптар ушул Келишимдин конкреттүү жоболорун ишке ашыруу макса-
тында өзүнчө эки тараптуу өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык ке-
лишимдерди түзө алышат.
18-статья.
Бул Келишим үчүнчү мамлекетке каршы багытталбаЙт жана Тараптардын
башка мамлекеттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдеринен
келип чыгуучу кандайдыр бир укуктарына жана милдеттенмелерине зыян кел-
тирбейт.
19-статья.
Бул Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор өз ара макулдашуунун
негизинде Тараптардын биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү ички мамлекеттик процедураларды өткөндөн кийин
күчүнө кирүүчү жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө про-
токолдор менен таризделет.
20-статья.
Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө же чечмелөөдө пайда болушу
мүмкүн болгон бардык талаш маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
21-статья.
Бул Келишим ратификацияланууга тийиш жана ратификациялоо грамота-
лары алмашкан күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул Келишим беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптардын бири
да тиешелүү мезгил өткөнгө алты ай калганга чейин анын колдонулушун
токтотууга өзүнүн ниеттенгендиги жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө
билдирбесе, анын колдонулушу ар бир жолу кийинки беш жылдык мезгилге
өзүнөн-өзү узартылат.
Бул Келишим ага кол коюлган күндөн баштап убактылуу колдонулат.
Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында, ар бири кыргыз, тажик жа-
на орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей
күчкө ээ.
Бул Келишимдин жоболорун чечмелөө максаттары үчүн орус тилиндеги
текст колдонулат.
Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы
үчүн үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Договор о коллективной безопасности (Ратифицирован постановлением Жогорку Кенеша КР от 18 декабря 1992 года № 1113-XII)Договор · 15.05.1992
- Договор об основах межгосударственных отношений между Кыргызской Республикой и Республикой Таджикистан (Ратифицирован Законом КР от 5 июля 1997 года N 45)Договор · 12.07.1996
- Дүйшөмбү шаарында 2004-жылдын 26-майында аскер тармагында кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кол коюлган келишимди…Закон · 13.02.2006 · № 50
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Устав Организации Объединенных НацийУстав · 26.06.1945