Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ
Душанбе шаары
2004-жылдын 26-майы
Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу өткөрүү
пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-
на Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
2000-жылдын 26-ноябрындагы Терроризм, саясий жана диний экстре-
мизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана туруктуулук менен коопсуз-
дуктун башка коркунучтары менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер
жөнүндө келишимди, 1998-жылдын 25-ноябрындагы Шериктештикке кирбеген
мамлекеттер менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу
мамлекеттердин чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чек аралык конт-
ролдоо чөйрөсүндө чек ара аскерлеринин кызматташуусу жөнүндө макулдашу-
уну өнүктүрүүдө,
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы
жакшы коњшулук, достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү үчүн
ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында,
тењ укуктуулук жана өз ара пайда көрүү принциптеринин негизинде
кызматташтыкты жана сооданы ар тараптуу өнүктүрүү үчүн шарттарды
түзүүгө умтулууну, мыйзамсыз миграцияны, курал-жарактардын, бањги кара-
жаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун контрабандасын
аныктоо жана бөгөт коюу максатында кыргыз-тажик чек арасы аркылуу
өткөрүү тартибин өркүндөтүү зарылчылыгын жетекчиликке алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу адамдарды, товарларды, транспорт
каражаттарын, жаныбарларды жана башка предметтерди өткөрүү үчүн Тарап-
тар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү, ага Тиркемеде
кыргыз-тажик чек арасы аркылуу эл аралык жана эки тараптуу өткөрүү
пункттарын (мындан ары - өткөрүү пункттары) ачууну чечишти.
Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптар Тараптардын
мамлекеттеринин жарандарын өткөрүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн пункттарын белги-
леши мүмкүн.
Эл аралык өткөрүү пункттары Тараптардын мамлекеттеринин жана башка
мамлекеттердин адамдарын, товарларын, транспорт каражаттарын, жаныбар-
ларын жана башка предметтерин өткөрүүнү ишке ашырат.
Эки тараптуу өткөрүү пункттары Тараптардын мамлекеттеринин адамда-
рын, товарларын, транспорт каражаттарын, жаныбарларын жана башка пред-
меттерин өткөрүүнү ишке ашырат.
Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү пункттары Тараптардын мамлекеттеринин жа-
рандарын өткөрүүнү жүзөгө ашырат. Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү пункттарынын
иш тартиби Тараптардын мамлекеттеринин чек аралык жана бажылык ведомс-
тволорунун макулдашуусу боюнча аныкталат.
2-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин жарандары 2000-жылдын 30-ноябрындагы
жарандардын өз ара визасыз келип-кетүүлөрү жөнүндө Беларусь Республика-
сынын Өкмөтү, Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү, Россия Федерациясынын Өкмөтү жана Тажикстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууда каралган шарттарда, ушул Макулдашуу-
га Тиркемеде көрсөтүлгөн өткөрүү пункттары аркылуу аймактан аймакка ке-
лишет жана кетишет.
3-статья.
Тараптардын мамлекеттеринин өткөрүү пункттарынын иш режими ушул
Макулдашууга Тиркемеге ылайык белгиленет.
Иш режимин сактоого контроль, ошондой эле адамдарды, товарларды,
транспорт каражаттарын, жаныбарларды жана башка предметтерди өткөрүү
тартиби Тараптардын мамлекеттеринин чек аралык жана бажылык ведомство-
лорунун макулдугу боюнча аныкталат.
4-статья.
Адамдарды, товарларды, транспорт каражаттырын, жаныбарларды жана
башка предметтерди контролдоонун чек аралык, бажылык жана зарыл учурда
башка түрлөрү (мындан ары - контроль) Тараптардын мамлекеттеринин улут-
тук мыйзамдарына жана алар катышуучулары болуп эсептелген эл аралык ке-
лишимдерге ылайык өткөрүү пункттарында ишке ашырылат. Зарыл учурда Та-
раптар биргелешкен контроль үчүн шарттарды түзөт.
Биргелешкен контролду уюштуруу жана ишке ашыруу тартиби Тараптар-
дын мамлекеттеринин чек аралык жана бажылык ведомстволорунун ортосунда
өзүнчө келишимдер менен аныкталат.
5-статья.
Өткөрүү пункттарынын тиешелүү иш-аракеттерин камсыз кылуу үчүн Та-
раптардын ар бири өз мамлекетинин аймагында зарыл инфраструктураны
түзөт.
Эгерде өткөрүү пунктунда биргелешкен контроль жүргүзүү
мүмкүнчүлүгү каралса өткөрүү пунктун долбоорлоо жана куруу Тараптардын
өз ара макулдашуусу боюнча ишке ашырылат.
6-статья.
Жањы өткөрүү пункттарын ачуу, иштеп жаткандарын жабуу (анын ичинде
жөнөкөйлөтүлгөндөрүн) же алардын статусун жана иштөө режимин өзгөртүү
дипломатиялык каналдар боюнча Тараптар тарабынан макулдашылат жана ушул
Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзүнчө протокол менен
таризделет.
7-статья.
Өзгөчө учурларда (табигый кырсык, өрт, суу ташкыны, эпидемия, эпи-
зоотия, кыйроо, кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү ж.б.) Тарап-
тардын мамлекеттеринин чек аралык жана бажылык ведомстволору өз ара ке-
лишим боюнча контролдун белгиленген тартибин сактоо менен иштеп жаткан
өткөрүү пункттарынан сырткары мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды,
товарларды, транспорт каражаттарын, жаныбарларды жана башка предметтер-
ди өткөрүүнү жүргүзүүлөрү мүмкүн.
8-статья.
Бул Макулдашуу алар катышуучусу болуп эсептелген башка эл аралык
келишимдер боюнча Тараптардын укуктарына жана милдеттерине тиешеси жок.
9-статья.
Өз ара макулдашуу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толук-
тоолор киргизилиши мүмкүн, ал анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген
өзүнчө протокол менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 11-статьясында
каралган тартипте күчүнө кирет.
10-статья.
Ушул Макулдашууну колдонуу жана жоболорун чечмелөө боюнча та-
лаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар
аларды сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечи-
шет.
11-статья.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик
ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу
жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу беш жыл мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын
бири да кезектеги беш жылдык мезгил өткөнгө 6 ай калганга чейин экинчи
Тарапка анын колдонулушун токтотууга өзүнүн ниети жөнүндө билдирбесе ар
бир жолу кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылат.
Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында, ар бири кыргыз, тажик жа-
на орус тилдеринде болгон эки түп нускада аткарылды, бардык тексттер
бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө түрдүү көз караштар пайда
болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти пайдаланышат.
Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу
өткөрүү пункттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
менен Тажикстан Республикасынын
Өкмөтүнүн ортосундагы
макулдашууга
ТИРКЕМЕ
| № | Кыргыз | Кыргыз | Тажикстан | Тажикстан | Өткөрүү | Иштөө |
| Респуб- | Респуб- | Республи- | Республи- | пунктунун | режими | |
| ликасынын | ликасында | касынын | касында | статусу | ||
| өткөрүү | жайгашкан | өткөрүү | жайгашкан | |||
| пунктта- | жери | пунктта- | жери | |||
| рынын | рынын | |||||
| аталышы | аталышы | |||||
| 1 | Кызыл-Бел | Баткен | Гулистон - | Согду | эл | күнү- |
| - автожол | облусу | автожол | облусу | аралык | түнү | |
| Баткен | Исфара | |||||
| району | району | |||||
| 2 | Кулунду - | Баткен | Овчикалача | Согду | эл аралык | күнү- |
| автожол | облусу | - автожол | облусу | түнү | ||
| Лейлек | Ж.Расулов | |||||
| району | району | |||||
| 3 | Карамык - | Ош облусу | Карамык - | Республи- | эки | сутка- |
| автожол | Чоњалай | автожол | калык баш | тараптуу | нын | |
| району | ийүүдөгү | жарык | ||||
| Жергетал | мезги- | |||||
| району | линде | |||||
| 4 | Бордөбө - | Ош облусу | Кызыларт - | ГБАО | эл аралык | күнү- |
| автожол | Алай | автожол | Мургаб | түнү | ||
| району | району | |||||
| 5 | Кайрагач - | Баткен | Маданият - | Согду | эки | күнү- |
| автожол | облусу | автожол | облусу | тараптуу | түнү | |
| Лейлек | Канибадам | |||||
| району | району |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.