# Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө МАКУЛДАШУУ

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
- Актынын түрү: Соглашение
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17593/edition/297650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө МАКУЛДАШУУ (11.09.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17593

---

Киев шаары

2004-жылдын 25-февралы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Украинанын Министрлер Кабинетинин

ортосунда граждандардын өз ара

барып-келүүлөрү жөнүндө

МАКУЛДАШУУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабине-

ти, мындан ары - "Тараптар",

эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди чындан ары

өнүктүрүү максатында,

эки мамлекеттин граждандарынын өз ара барып-келүү тартибин жөнгө

салууну каалоону нуска тутушуп,

төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:

1-статья

1. Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары, анын ичинде үчүнчү

мамлекеттерде жашап жатышкан граждандары чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу

документтердин негизинде мамлекеттик, чек араны кесип өткөн күндөн тар-

тып 90 (токсон) сутканын ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына

визасыс келишет, транзит, менен өтүшөт, кетишет жана анда болушат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн болуу мөөнөтү ар бир Та-

раптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык 30 (отуз) суткадан ашпаган

мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

2-статья.

1. Бул Макулдашуу боюнча чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу документ-

тер төмөнкүлөр:

а) Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн:

- Кыргыз Республикасынын граждандык паспорту;

- дипломаттык паспорту;

- кызматтык паспорту;

- Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү (Кыргыз Республика-

сына кайтып келүү үчүн гана);

- аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн күбөлүгү (учуу тапшырмасында жа-

зылуу болсо);

- поезд бригадасынын кызматкеринин күбөлүгү (маршрут баракчасы

болгон учурда);

- моряктын ким экендиги жөнүндөгү күбөлүгү (кеменин штатындагы ро-

лу же анын көчүрмөсү бар болсо);

- өкмөттөр ортосундагы фельдъегердик байланыш кызматчысынын

күбөлүгү;

б) Украинанын граждандары үчүн:

- Украинанын гражданынын чет өлкөгө кетүү үчүн паспорту;

- баланын жолдо жүрүү документи;

- Украинанын дипломаттык паспорту;

- Украинанын кызматтык паспорту;

- моряктын ким экендиги жөнүндөгү күбөлүгү (кемедеги ролу же анын

көчүрмөсү бар болгон учурда);

- аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн күбөлүгү (учуу тапшырмасында жа-

зылган учурда);

- адамдын ким экендигин ырастаган Украинага кайтып келүү тастыкта-

масы (Украинага кайтып келүү үчүн гана).

2. Тараптар чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу жањы документтерди ки-

риштүү, ошондой эле колдонулуп жаткан документтерге өзгөртүүлөрдү кир-

гизүү жөнүндө 30 (отуз) күн мурда бири-бирине дипломаттык жолдор аркы-

луу кабарлашат жана алардын үлгүлөрү менен алмашышат.

3-статья

1. Чыныгы дипломаттык же кызматтык паспортторду пайдаланган жана

экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында аккредиттелген дипломаттык

өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкерлери болуп саналган бирин-

чи Тараптын мамлекетинин граждандары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин

аткарып жаткан бүткүл мөөнөттүн ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин ай-

магына визасыс келиши, кетиши жана анда болушу мүмкүн.

2. Бул статьянын 1-пунктунун жоболору аталган адамдар менен бирге

жашап жатышкан жана бул Макулдашуунун 2-статьясынын 1-пунктунда

көрсөтүлгөн документтерге ээ болгон алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы ти-

йиштүү.

4-статья

1. Экинчн Тараптын мамлекетиннн аймагына 90 (токсон) күндөн ашык

мөөнөткө, же жумушка орношуу, же болбосо, туруктуу жашоо үчүн келе жа-

тышкан биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары кабыл алып жаткан мам-

лекеттин визасын алууга тийиш.

2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында туруктуу жашап жатышкан

биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары алардын бул мамлекеттин айма-

гында туруктуу жашап жатышкандыгын ырастоочу документтери бар болгон

учурда, бул мамлекеттин аймагынан визасыз чыгышы же кайтадан кириши

мүмкүн.

5-статья

Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары экинчи Тараптын мамлеке-

тинин аймагында эл аралык катнаштар үчүн ачык болгон чек аралык өткөрүү

пункттары аркылуу келишет, кетишет, транзит менен өтүшөт.

6-статья

Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары экинчи Тараптын мамлеке-

тинин чек арасын кесип өтүп жатканда жана анын аймагында жүргөн учурда

бул мамлекеттин чет элдиктер үчүн колдонулуп жаткан мыйзамдарын жана

анда болуу эрежелерин сактоого милдеттүү.

7-статья

Бул Макулдашуу бардык Тараптын мыйзамдарына ылайык анын экинчи Та-

раптын мамлекетинин граждандарынын келишинен баш тартуу же анда болуу

мөөнөтүн кыскартуу укугун чектебейт.

8-статья

1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында бул Макулдашуунун

2-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жоготуп алышкан би-

ринчи Тараптын мамлекетинин граждандары документтердин жоголгондугу

жөнүндө арызды ырастоочу справканы берүүчү келген мамлекеттин компе-

тенттүү органдарына бул жөнүндө тезинен билдирүүго тийиш.

2. Тиешелүү Тараптын мамлекетинин дипломаттык өкүлчүлүктөрү же

консулдук мекемелери ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга

чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу болгон жањы документ берүүгө милдетүү.

Мындай адамдардын келген мамлекеттин аймагынан кетиши визасыз жана ко-

шумча уруксат жазууларсыз ишке ашырылат.

9-статья

1. Тараптар бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин бул Макулдашуунун

2-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин үлгүлөрү менен

дипломаттык жолдор аркылуу алмашышат.

2. Тараптар өз граждандарынын келүү, анда болуу жана кетүү шартта-

рын өзгөртүү жөнүндө кыска мөөнөттүн ичинде дипломаттык жолдор аркылуу

бири-бирине кабарлап турушат.

10-статья

Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашуунун жоболорун

түшүндүрүүгө жана аткарууга байланышкан чатак маселелер консультация-

лар, сүйлөшүүлөр жана ноталар менен алмашуулар аркылуу жөнгө салынат.

11-статья

1. Эгерде бул мамлекеттин коопсуздугун, коомдук тартипти же калк-

тын денсоолугун сактоону камсыз кылуу үчүн керек болсо, Тараптардын ар

бири бул Макулдашуунун кээ-бир жоболорун толугу менен, же болбосо, анын

бир бөлүгүн колдонууну токтото турууга укуктуу.

2. Тараптар ушул статьянын 1-пунктунда каралган иш-чараларды кабыл

алуу жана жок кылуу жөнүндө бири-бирине дипломаттык жолдор аркылуу күн

мурунтан кабарлап турушат.

12-статья

Тараптар өз ара макулдук боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизе алат, алар ушул Макулдашуунун 13-статьясынын

1-пунктунда белгиленген тартипте күчүнө киргенден кийин анын ажырагыс

бөлүгү болуп эсептелет.

13-статья

1. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөтко түзүлөт жана анын күчүнө кири-

ши үчүн керектүү болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын ат-

каргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тар-

тып отузунчу күнү күчүнө кирет.

2. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жолу

менен бул Макулдашуунун аракетин токтото алат. Бул учурда мындай бил-

дирүү жасалган күндөн тартып токсон күн өткөндөн кийин Макуллашуу күчүн

жоготот.

Киев шаарында 2004-жылдын 25-февралында эки нускада, ар бири кыр-

гыз, украина жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей

юридикалык күчкө ээ.

Бул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер пай-

да болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат.

Кыргыз Республикасынын Украинанын

Өкмөтү үчүн Министрлер Кабинети үчүн
