Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабинетинин ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Киев шаары
2004-жылдын 25-февралы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Украинанын Министрлер Кабинетинин
ортосунда граждандардын өз ара
барып-келүүлөрү жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украинанын Министрлер Кабине-
ти, мындан ары - "Тараптар",
эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди чындан ары
өнүктүрүү максатында,
эки мамлекеттин граждандарынын өз ара барып-келүү тартибин жөнгө
салууну каалоону нуска тутушуп,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-статья
1. Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары, анын ичинде үчүнчү
мамлекеттерде жашап жатышкан граждандары чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу
документтердин негизинде мамлекеттик, чек араны кесип өткөн күндөн тар-
тып 90 (токсон) сутканын ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына
визасыс келишет, транзит, менен өтүшөт, кетишет жана анда болушат.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн болуу мөөнөтү ар бир Та-
раптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык 30 (отуз) суткадан ашпаган
мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
2-статья.
1. Бул Макулдашуу боюнча чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу документ-
тер төмөнкүлөр:
а) Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын граждандык паспорту;
- дипломаттык паспорту;
- кызматтык паспорту;
- Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү (Кыргыз Республика-
сына кайтып келүү үчүн гана);
- аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн күбөлүгү (учуу тапшырмасында жа-
зылуу болсо);
- поезд бригадасынын кызматкеринин күбөлүгү (маршрут баракчасы
болгон учурда);
- моряктын ким экендиги жөнүндөгү күбөлүгү (кеменин штатындагы ро-
лу же анын көчүрмөсү бар болсо);
- өкмөттөр ортосундагы фельдъегердик байланыш кызматчысынын
күбөлүгү;
б) Украинанын граждандары үчүн:
- Украинанын гражданынын чет өлкөгө кетүү үчүн паспорту;
- баланын жолдо жүрүү документи;
- Украинанын дипломаттык паспорту;
- Украинанын кызматтык паспорту;
- моряктын ким экендиги жөнүндөгү күбөлүгү (кемедеги ролу же анын
көчүрмөсү бар болгон учурда);
- аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн күбөлүгү (учуу тапшырмасында жа-
зылган учурда);
- адамдын ким экендигин ырастаган Украинага кайтып келүү тастыкта-
масы (Украинага кайтып келүү үчүн гана).
2. Тараптар чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу жањы документтерди ки-
риштүү, ошондой эле колдонулуп жаткан документтерге өзгөртүүлөрдү кир-
гизүү жөнүндө 30 (отуз) күн мурда бири-бирине дипломаттык жолдор аркы-
луу кабарлашат жана алардын үлгүлөрү менен алмашышат.
3-статья
1. Чыныгы дипломаттык же кызматтык паспортторду пайдаланган жана
экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында аккредиттелген дипломаттык
өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкерлери болуп саналган бирин-
чи Тараптын мамлекетинин граждандары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин
аткарып жаткан бүткүл мөөнөттүн ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин ай-
магына визасыс келиши, кетиши жана анда болушу мүмкүн.
2. Бул статьянын 1-пунктунун жоболору аталган адамдар менен бирге
жашап жатышкан жана бул Макулдашуунун 2-статьясынын 1-пунктунда
көрсөтүлгөн документтерге ээ болгон алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы ти-
йиштүү.
4-статья
1. Экинчн Тараптын мамлекетиннн аймагына 90 (токсон) күндөн ашык
мөөнөткө, же жумушка орношуу, же болбосо, туруктуу жашоо үчүн келе жа-
тышкан биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары кабыл алып жаткан мам-
лекеттин визасын алууга тийиш.
2. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында туруктуу жашап жатышкан
биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары алардын бул мамлекеттин айма-
гында туруктуу жашап жатышкандыгын ырастоочу документтери бар болгон
учурда, бул мамлекеттин аймагынан визасыз чыгышы же кайтадан кириши
мүмкүн.
5-статья
Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары экинчи Тараптын мамлеке-
тинин аймагында эл аралык катнаштар үчүн ачык болгон чек аралык өткөрүү
пункттары аркылуу келишет, кетишет, транзит менен өтүшөт.
6-статья
Биринчи Тараптын мамлекетинин граждандары экинчи Тараптын мамлеке-
тинин чек арасын кесип өтүп жатканда жана анын аймагында жүргөн учурда
бул мамлекеттин чет элдиктер үчүн колдонулуп жаткан мыйзамдарын жана
анда болуу эрежелерин сактоого милдеттүү.
7-статья
Бул Макулдашуу бардык Тараптын мыйзамдарына ылайык анын экинчи Та-
раптын мамлекетинин граждандарынын келишинен баш тартуу же анда болуу
мөөнөтүн кыскартуу укугун чектебейт.
8-статья
1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында бул Макулдашуунун
2-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жоготуп алышкан би-
ринчи Тараптын мамлекетинин граждандары документтердин жоголгондугу
жөнүндө арызды ырастоочу справканы берүүчү келген мамлекеттин компе-
тенттүү органдарына бул жөнүндө тезинен билдирүүго тийиш.
2. Тиешелүү Тараптын мамлекетинин дипломаттык өкүлчүлүктөрү же
консулдук мекемелери ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга
чет өлкөгө кетүү үчүн жарактуу болгон жањы документ берүүгө милдетүү.
Мындай адамдардын келген мамлекеттин аймагынан кетиши визасыз жана ко-
шумча уруксат жазууларсыз ишке ашырылат.
9-статья
1. Тараптар бул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин бул Макулдашуунун
2-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин үлгүлөрү менен
дипломаттык жолдор аркылуу алмашышат.
2. Тараптар өз граждандарынын келүү, анда болуу жана кетүү шартта-
рын өзгөртүү жөнүндө кыска мөөнөттүн ичинде дипломаттык жолдор аркылуу
бири-бирине кабарлап турушат.
10-статья
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашуунун жоболорун
түшүндүрүүгө жана аткарууга байланышкан чатак маселелер консультация-
лар, сүйлөшүүлөр жана ноталар менен алмашуулар аркылуу жөнгө салынат.
11-статья
1. Эгерде бул мамлекеттин коопсуздугун, коомдук тартипти же калк-
тын денсоолугун сактоону камсыз кылуу үчүн керек болсо, Тараптардын ар
бири бул Макулдашуунун кээ-бир жоболорун толугу менен, же болбосо, анын
бир бөлүгүн колдонууну токтото турууга укуктуу.
2. Тараптар ушул статьянын 1-пунктунда каралган иш-чараларды кабыл
алуу жана жок кылуу жөнүндө бири-бирине дипломаттык жолдор аркылуу күн
мурунтан кабарлап турушат.
12-статья
Тараптар өз ара макулдук боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизе алат, алар ушул Макулдашуунун 13-статьясынын
1-пунктунда белгиленген тартипте күчүнө киргенден кийин анын ажырагыс
бөлүгү болуп эсептелет.
13-статья
1. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөтко түзүлөт жана анын күчүнө кири-
ши үчүн керектүү болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын ат-
каргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тар-
тып отузунчу күнү күчүнө кирет.
2. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жолу
менен бул Макулдашуунун аракетин токтото алат. Бул учурда мындай бил-
дирүү жасалган күндөн тартып токсон күн өткөндөн кийин Макуллашуу күчүн
жоготот.
Киев шаарында 2004-жылдын 25-февралында эки нускада, ар бири кыр-
гыз, украина жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей
юридикалык күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер пай-
да болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат.
Кыргыз Республикасынын Украинанын
Өкмөтү үчүн Министрлер Кабинети үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.