49-5-статья. Банктык холдингдик компания тарабынан берилүүчү
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
отчеттор
1. Ар бир банктык холдинг компания Кыргыз банкына Кыргыз банкы та-
рабынан белгиленген мөөнөттө жылдык отчетту берүүлөрү керек. Бул отчет- тор төмөндөгүлөрдү кошо алганда, банктык холдингдик компаниянын иши жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш:
1) банктык холдингдик компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштер-
дин түрү же түрлөрү;
2) банктык холдингдик компаниялардын бардык туунду жана караштуу
компаниялары тууралу маалыматты, алардын аталышы, ээлик кылуу процент- тери, ар бир туунду же караштуу компания тартылган иштин түрү же түрлөрү жөнүндөгү маалыматтарды кошо;
3) холдингдик компаниянын жана анын туунду компанияларынын жекече
жана консолидациялык негиздеги финансылык жылдын акырына карата баланс- тык отчету, түшкөн пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчету. Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына банктык эмес туунду же караштуу компанияларды түзүү же сатып алуу жөнүндө отуз күндүн ичин- де билдирүүгө тийиш. Бул кабарлама ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты камтууга жана ага туунду компаниянын же караштуу компаниянын акыркы эки жылдагы иши боюнча финансылык отчеттору кошо тиркелүүгө тийиш. Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына качан компания банк- тык холдингдик компаниянын туунду же караштуу компаниясы болуусу токто- гон учурда ал тууралу отуз күндүн ичинде билдирүүгө тийиш.
2. Банктык холдингдик компаниялар Кыргыз банкына Директорлор
кењешинин (байкоочу органынын) жана Башкарманын (аткаруу органынын) ар бир жањы мүчөсү жөнүндө алар дайындагандан кийин он күндүн ичинде ушул Мыйзамдын 44-статьясына ылайык, бул кызмат адамдарынын Кыргыз банкы та- рабынан аныкталган критерийлерге ылайык келүүсүнө тиешелүү маалыматтар менен кошо маалымдоого тийиш.
3. Кыргыз банкы ошондой эле банктык холдингдик компаниялардан
банктык холдингдик компаниянын финансылык абалына жана тобокелдиктерди башкаруу тутумуна жана корпоративдик башкаруу тутумунун сапатына баа берүү, туунду банкка таасир этүүнү белгилөө жана ушул Мыйзамдын жоболо- рун сактоону камсыз кылуу үчүн башка отчетторду жана маалыматтарды та- лап кылууга да укуктуу.
4. Ар бир банктык холдингдик компания Кыргыз банкына банктык хол-
дингдик компания жана банктык топтор үчүн ички контролдун шайкештигине баа берүүнү камтыган жылдык отчетту жылдык финансылык отчет менен бирге берүүгө тийиш. Отчетко банктык холдингдик компаниянын Директорлор кењешинин (байкоочу органынын) төрагасы, Башкарманын жана башкы бухгал- тери кол коюуга тийиш. Отчеттун мазмунуна карата талаптар Кыргыз банкы- нын ченемдик актылары тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1757/st-49-5" title="49-5-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>