1-статья. "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө"
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши- нин Ведомосттору, 1997-ж., N 10, 471-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жа- на толуктоолор киргизилсин:
1. I глава төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:
"2-1-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: Аффилирленген жактар:
- банктарды кошо алганда, юридикалык жактардын олуттуу катышуучу-
лары;
- банктарды кошо алганда, башка юридикалык жактар олуттуу катышуу-
чу болуп саналган юридикалык жактар;
- банктарды кошо алганда, юридикалык жактарда олуттуу катышуучу
болуп саналган башка юридикалык жактар. Банктык топ банктардан жана анын туунду жана/же ага караштуу ком- паниялардан жана/же банктык холдингдик компаниялардан жана анын туунду жана/же ага караштуу компанияларынан турат. Аталган жактар банктык топ- тун катышуучулары болуп саналышат. Банктык холдингдик компания - банк, анын туунду компаниясы же ту- унду компаниясынын бири болуп саналган башкы компания. Туунду компания
- башка юридикалык жак тарабынан (башкы компания) контролдонуучу юриди-
калык жак. Башка туунду компаниянын туунду компаниясы да башкы компани- янын туунду компаниясы (биринчи) катары каралат. Туунду банк - башка банк же башка юридикалык жак (башкы компания) тарабынан контролдонуучу банк. Туунду банктын туунду банкы да башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. Банктын кызмат адамдары - банктын Директорлор кењешинин төрагасы жана башка мүчөлөрү, Башкармалыктын төрагасы, банктын Башкармасынын мүчөлөрү, финансы, кредит боюнча банктын башкы кызматкерлери. Банктын саясатын аныктаган же бул адамдар акысыз негизде иштешеби же сыйакы алышабы ага карабастан, банктын саясатын жүргүзгөн негизги операциялар- га катышууга ыйгарым укугу бар же реалдуу катыша алышкан жактарды да "банктын кызмат адамдары" деп түшүнүүгө болот. Бул аныктама банктын башкы компаниясынын кызмат адамдарына да таркатылат. Караштуу компания - бул анда кандайдыр бир жак жеке же башка жак- тар менен бирдикте бардык юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын жыйырма процентинен көбүрөөгүнө же капиталындагы үлүшүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырган юридикалык жак. Олуттуу катышуу - бул жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте:
- акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын (бардык түрүнүн)
он же андан көбүрөөк процентине, акционердик коом болуп саналбаган юри- дикалык жактын уставдык капиталынын он же андан көбүрөөк процентине ти- ке же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу;
- же юридикалык жактын уставдык капиталына катышканына карабастан,
келишимдин же башкача негизде ошол юридикалык жактын жетекчилигине жа- на/же саясатына олуттуу таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү. Олуттуу катышуучу - ушул Мыйзамга ылайык юридикалык жакта олуттуу катышууну жүзөгө ашырган жак. Банктын инсайдерлери (ички жактар) - Башкарманын мүчөлөрү, Дирек- торлор кењешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар жана аталган адамдар менен жалпы кызыкчылыктын негизинде байланышы бол- гон бардык башка жеке жактар. Компания - бардык юридикалык жак. Контроль - жеке, болбосо башка жактар менен бирдикте:
- акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын элүү же андан
көбүрөөк процентине же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталына тике же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу, же;
- юридикалык жактын Директорлор кењешинин (байкоочу органынын) жок
эле дегенде тењ жарымын тандоо мүмкүнчүлүгү, же;
- юридикалык жактын капиталга катышканына карабастан келишимдин же
башкача негизде аталган юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына белгилүү таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Контролдоочу жак - юридикалык жакка контролду жүзөгө ашырган жак. Башкы компания - башка юридикалык жакты контролго алуучу юридика- лык жак. Эки жана/же андан көп жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы жалпы кызыкчылыктар төмөндөгүдөй шарттардын бири эле болгон учурда таа- нылат:
- бир юридикалык же жеке жак башка жакты контролдоого алса;
- аталган жактар аффилирленген юридикалык жактар же инсайдерлер
болуп саналса;
- бул жактардын бири башка жакка караштуу компания болуп саналса.
Караштуу компаниянын олуттуу катышуучусун жана контролду аныктоо максаты үчүн:
- бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жак тарабы-
нан контролдукка алынган компаниялардын ээлигинде турган акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары кароого алынат жана ошол жакка та- андык болгон акциялардын жалпы саны аныкталган шартта аталган жактын тике ээлигинде турган акциялар менен бириктирилет;
- бир жакка же анын жакын туугандарына (жарандык мыйзамдарга ыла-
йык биринчи жана экинчи кезектеги мурасчылар) таандык болгон акциялар ошол жактын түздөн-түз ээлигинде турган катары каралат. Төмөндөгү жактар банктын акцияларына бирдиктүү ээлик кылган жактар катары таанылат:
- жакын туугандар болуп саналгандар;
-түзүлгөн келишимден улам же башкача түрүндө акцияларга биргелешип ээлик кылгандар;
- өз алдынча же биргелешип олуттуу катышуучулар болуп саналгандар;
- эгерде алардын бири акцияларды сатып алуу үчүн башка жакка заем
(кредит же ага тењештирилген каражат) берсе;
- эгерде алардын бири кызмат адамы же башка жактын өкүлү болуп са-
налса. Ишеним боюнча башкаруу - ушул Мыйзамдын максаттары үчүн ошол жак- тан активдерин башкаруучу ошол жак менен жалпы кызыкчылыктарга ээ эмес дегенди түшүндүрөт жана:
- ошол жак тарабынан эч кандай негизде контролдукка алынбайт же
ошол жактын активдерин башкарууда андан көзкаранды болбойт;
- ошол жактын кызматкери же анын иш боюнча өнөктөшү болгон эмес
жана болуп да саналбайт;
- ошол жактын жакын тууганы болуп саналбайт;
- ишеним боюнча башкаруу жөнүндөгү келишимде ошол жактын активде-
рин же мүлкүн башкарууга алуу учурунда башкаруучу ошол мүлктөрдү башка- рууга жана контролдоого ала тургандыгы жана мында ал ошол жак менен эч кандай негизде консулътацияларды жүргүзүүгө жана ага билдирип турууга тийиш эмес экендиги көрсөтүлүшү зарыл.".
2. 6-статьяда:
4-пункттун 2-пунктчасында:
- биринчи абзацтагы "беш" деген сөз "он" деген сөз менен алмашты-
рылсын;
- экинчи-төртүнчү абзацтар алып салынсын;
- пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Банктын же банктык холдингдик компаниялардын акцияларынын он же андан көбүрөөк процентине ээлик кылган адамдар алар мамлекеттик орган- дардын кызмат адамдары болуп дайындалышканда өз акцияларын мамлекеттик кызматта турган мезгил ичинде ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берүүгө тийиш."; 5-пункт алып салынсын.
3. 7-статьяда:
2-пункта:
- биринчи абзацтагы ", ошондой эле атайын мыйзамдын жана Кыргыз
банкынын нормативдик актыларынын" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банктык топко кирген компанияларды башкаруу максатында гана түзүлүүчү банктык холдингдик компаниялар (башкаруу компаниялары) акцио- нердик коом формасында түзүлүүгө тийиш."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Союздар, ассоциациялар жана банктардын башка бирикмелери мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде өздөрүнүн түзүлгөндүгү тууралу Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш.".
4. 8-статьяда:
2-пунктагы "типтеги" деген сөз алып салынсын; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишти алып барышпаган юридикалык жактар жеке же башка жактар менен бирдикте төмөнкүдөй иштерди жүзөгө ашыра алыш- пайт:
- банктын добуш берүүчү акцияларынын (бардык түрү) жыйырма про-
центтен көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же башкарууга;
- же, банктын уставдык капиталына катышканына карабастан, келишим-
дин же башкача негизде ошол банктын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир тийгизүүгө. Финансылык иштин жана банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштин түрлөрү жана критерийлери Кыргыз банкынын ченемдик укуктук акты- ларында аныкталат.".
5. 10-статьяда:
4-пункттун биринчи абзацындагы "банктардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-банктардын" деген сөздөр "Кыргыз Респуб- ликасынын аймагындагы банктардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Банктын аталышынын өзгөртүлгөндүгүн" байланыштуу мамлекеттик кат- тоодон өткөндөн кийин банктын жетекчилиги беш жумуш күнүнүн ичинде жал- пыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана банкта маалыматтарды жайгашты- руу жолу менен анын жаны аталышы тууралу маалымдоого тийиш.".
6. 13-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын: "5-1. Алдынала уруксат алынгандан жана Кыргыз банкы төмөндөгүлөрдүн аткарылгандыгына ынангандан кийин гана арыз берүүчүгө лицензия берилет:
1) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүк көрсөтүлсө;
2) тиешелүү минималдуу уставдык капитал толугу менен төлөнсө;
3) банктын имараты жана жабдуулары аманатчылардын каражаттарынын
коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз банкы тарабынан белгиленген та- лаптарга ылайык келсе;
4) уюмдаштыруучулар алдыдагы финансылык жылга банк үчүн көзкаран-
дысыз тышкы аудиторду тандап алышса;
5) банк Кыргыз банкынын талаптарына ылайык өзүнүн кадрдык курамын
аныктап жана банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтык системаларын тесттен өткөрсө;
6) колдонуудагы мыйзамдарга ылайык белгиленген башка талаптарды
аткарса."; 9-пункттун биринчи сүйлөмүндөгү "жараксыз" деген сөз "жетишсиз" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 14-статьяда:
1-пунктта:
- 1-пунктчадагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген
сөздөр "Кыргыз банкы тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"банк ишинин максаттарына жетишүү иш ыкмаларын чагылдырган жана банкты уюштурууда экономикалык негиздөөлөрү менен Кыргыз банкы тарабы- нан белгиленген тартипте түзүлгөн бизнес-планды;"
- 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) төмөнкүлөрдү кошо алганда, Кыргыз банкы тарабынан белгиленген жана уюмдаштырууга (акционерлерге) тиешелүү болгон маалыматтар:
- ар бир акционердин банктын капиталына катышуусунун болжолдуу
өлчөмү;
- алардын иши жана кесиптик тажрыйбалары тууралу маалыматтар;
- аудитордук уюмдун отчету же финансылык абал жөнүндөгү башка маа-
лыматтар;
- алар уставдык капиталга өз салымдары үчүн пайдаланууга ниеттенип
жатышкан каражаттардын булагын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;
- уюмдаштыруучулар же акционерлер менен жалпы таламдары бар бардык
жактар жөнүндө маалыматтар;";
- 5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрүнүн жана аудит боюнча Комитеттин төрагасы менен анын орунбасарларын көрсөтүү менен алардын тизмесин, ошондой эле аудит боюнча Комитеттин Директорлор кењешинин ар бир мүчөсүнүн аты-жөнү жана дареги жөнүндөгү маалыматтарды, жана ошон- дой эле алардын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарына ылайык- туулугун ырастоочу маалыматтарды;
- 9-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) эгерде банк банктык топтун бөлүгү болсо, төмөнкүлөр кошумча берилүүгө тийиш:
- банктык топтун түзүмү жөнүндө маалыматтар;
- алардын финансылык абалы жана иши жөнүндө маалыматтарды кошо ал-
ганда, банктык топтун катышуучулары тууралу маалыматтар;
- тобокелдиктерди башкаруу жана ички контроль боюнча банктык топ-
тордун саясаты;
- банктык топтун катышуучуларын контролдоочу жактар жөнүндө маалы-
маттар;
- банктык топто реалдуу контролду жүзөгө ашырышкан жактар жөнүндө
маалыматтар;";
- 11-пунктчадагы "лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн" деген сөздөр
"лицензия үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө төлөнгөндүгүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-пункттун акыркы абзацындагы "жарактуулугун критерийлери" деген сөздөр "жарактуулугу жөнүндөгү талаптар" деген сөздөр менен алмаштырыл- сын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын: "1-1. Уюмдаштыруучулар - юридикалык жактар ушул статьянын 1-пунк- тунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча төмөндөгүлөрдү берүүгө тийиш:
- өзүнүн бардык акционерлери жана контролду реалдуу жүзөгө ашырыш-
кан контролдоочу жактары жөнүндөгү маалыматты;
- өзүнүн бардык акционерлерине жана контролдоочу жактарына тие-
шелүү болгон, ушул статьянын 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн ма- алыматтарды;
- Директорлор кењешинин (байкоочу органынын) жана Башкармалыктын
(аткаруу органынын) бардык мүчөлөрүнүн Кыргыз банкы тарабынан белгилен- ген минималдуу критерийлерге ылайык келе тургандыгын тастыктаган маалы- матты;
- юридикалык жактын статусун тастыктаган уставды же башка доку-
ментти;
- банкты түзүүгө катышуу тууралу уюмдаштыруучунун ыйгарым укуктуу
башкаруу органынын чечимин. Четөлкөлүк уюмдаштыруучулар - өзү келген мамлекетте (каттоодон өткөн) көзөмөлгө алынууга тийиш болгон юридикалык жактар, эгерде бул өзү келген өлкөнүн (каттоодон өткөн) мыйзамдарына ылайык талап кылынса, түзүлүп жаткан банкты инвестициялоо үчүн тиешелүү четөлкөлүк көзөмөл органынын жазуу жүзүндөгү макулдугун же мындай макулдук уюмдаштыруучу мамлекеттин мыйзамы боюнча талап кылынбагандыгы тууралу жазуу жүзүндөгү тастыктоону кошумча берүүгө тийиш."; 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча, Кыргыз банкы четөлкө банкынын филиалын же туунду компаниясын түзүү ар- кылуу банктык банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия (уруксат) алууга ниеттенип жатышкан четөлкө компаниясынан же банкынан белгиленген тартипте легализацияланган төмөндөгү документтерди талап кыла алат:
- ошол четөлкө банкынын же компаниясынын Кыргыз Республикасынын
аймагында четөлкө банкынын филиалын ачууга же банктын туунду компания- сын түзүүгө тиешелүү банктык көзөмөл органынын жазуу жүзүндөгү макулду- гун же мындай макулдук ошол мамлекеттин мыйзамы боюнча талап кылынба- гандыгы тууралу жазуу жүзүндөгу тастыктоону;
- тиешелүү мамлекеттин банктык көзөмөл органынын уюмдаштыруу-
чу-банк ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тиешелүү банктык ли- цензияга ээ экендиги жана консолидацияланган негизде көзөмөлгө алына тургандыгынын жазуу жүзүндөгү тастыктоосун;
- юридикалык жактын статусун тастыктаган уставды же башка доку-
ментти жана көзкарандысыз аудитор тарабынан тастыкталган жана күбөлөндүрүлгөн акыркы үч жыл үчүн анын финансылык отчеттуулугун;
- Кыргыз Республикасынын аймагында туунду банкты же филиалды ачуу
тууралу четөлкөлүк уюмдаштыруучу-банкынын (катышуучунун) тиешелүү орга- нынын чечимин.".
8. 15-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасындагы "финансылык келече-
гин" деген сөздөр "банкты түзүүнүн экономикалык негиздөөлөрүн жана фи- нансылык келечектерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 16-статьяда:
1-пунктагы "төрт" деген сөз "алты" деген сөз менен алмаштырылсын; 2-пунттагы "четөлкөлүк инвестор катышкан" деген сөздөр "четөлкө компаниясы жана банкы катышкан" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "алты айга чейин" деген сөздөр "кошумча алты айга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 17-статьяда:
1-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган документтерди кароого алгандан кийин Кыргыз банкы банкка лицензия берүү жөнүндө алдынала уруксат бериши мүмкүн. Төмөнкүдөй себептердин бири эле болгондо Кыргыз банкы алдынала уруксат берүүдөн баш тартышы мүмкүн:";
- 3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) ушул Мыйзамдын 14-статьясынын 1-пунктундагы 4-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн жактардын Кыргыз банкы тарабынан белгилеген талаптарга ыла- йык келбөөсү;";
- 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) минималдуу уставдык капиталдын Кыргыз банкы тарабынан белгиле- ген мөөнөттө төлөнбөй калуусу;";
- 8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) лицензия үчүн төлөм төлөнбөгөндө;";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10, 11, 12-пунктчалар менен толук-
талсын: "10) Кыргыз банкына банк кирген банктык топ жөнүндө толук маалы- маттар берилбей калганда;
11) акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайлары жана булактары туу-
ралу толук маалыматтар Кыргыз банкына берилбей калган учурларда, атап айтканда:
- берилген маалыматтардан акча каражаттарынын келип чыгуу жагдайын
жана булактарын аныктоого мүмкүн болбосо;
- берилген маалыматка ылайык акча каражаттарынын келип чыгуу бу-
лактары Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптарга жана критерийлер- ге ылайык келбесе;
12) акционерлер ушул Мыйзамдын 44-статьясынын талаптарына ылайык
келбегенде;";
- 10-пунктча 13-пунктча деп эсептелсин;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-пункттар менен толукталсын: "2. Эгерде ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 51-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар алдынала уруксат берилгенден кийин алты ай аралыгында аткарыл- баса Кыргыз банкы лицензия берүүдөн баш тарта алат.
3. Лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу тууралу чечим ушул Мый-
замдын 13-статьясынын 51-пунктунун бардык шарттары аткарылгандыгы Кыр- гыз банкы тарабынан текшерилген учурдан тартып бир ай аралыгында кабыл алынууга тийиш.
4. Алардын негизинде алдынала уруксат берилген финансылык, укуктук
абалдын же башка жагдайлардын ар кандай өзгөрүүлөрүнө күбө болгон фак- тылар белгилүү болгондо Кыргыз банкы лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу. Алардын негизинде алдынала уруксат берилген банктын финансы- лык, укуктук абалынын же башка жагдайларынын олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгондугу жөнүндө арыз берүүчү он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз банкына билдирүүгө тийиш."; 2-пункт 5-пункт деп эсептелсин жана төмөнкүдөй редакцияда баяндал- сын: "5. Кыргыз банкы лицензия берүүгө алдынала уруксатты же лицензия берүүдөн баш тарткандыгынын негиздемелери тууралу арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.".
11. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Банктын туунду жана караштуу компанияларына талаптар
1. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкүдөй
шарттар орун алган учурда Кыргыз банкынын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат:
1) туунду компаниянын менчиктик структурасы жана башкаруусу, фи-
нансылык мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз банкы тарабынан белгиленген критерий- лерге ылайык келсе;
2) банкта туунду компаниялардын ишинен улам келип чыккан тобокел-
дикти контролдоо процедуралары жана банктын жана туунду компаниялардын корпоративдик өз алдынчалыгын колдоого багытталган процедуралар иштелип чыкса;
3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык ста-
билдүүлүгү үчүн олуттуу тобокелдиктерди алып келбесе;
4) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса.
Туунду компанияны түзүү же иштеп жаткан компанияны сатып алууга ниетин билдирген банк тарабынан берилүүгө тийиш маалыматтар жана банк- тын өтүнүчүн кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик актыларында аныкталат. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишти, ошон- дой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу иш- ти ушул Мыйзамда аныкталган негиздерде жана тартипте жүзөгө ашыра алат.
2. Кыргыз банкы, эгерде алардын негизинде банкты түзүүгө уруксат
берүүдөн баш тартууга негиз болгон фактылар ага белгилүү болгондо, же туунду компания ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында уруксат берилбеген ишке катышкан болсо, туунду компанияны түзүүгө же аларды сатып алууга берген макулдугун кайтарып алышы мүмкүн. Кыргыз банкы өзүнүн берген уруксатын кайтарып алган учурда банк туунду компа- ниялардын ага тиешелүү акцияларын банк менен байланышы болбогон жактар- га Кыргыз банкы тарабынан аныкталган убакыт ичинде сатууга тийиш.
3. Банк Кыргыз банкынын макулдугу менен караштуу компанияларды са-
тып алышы же түзүшү мүмкүн. Ага макулдук алуу үчүн берилген маалыматтар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат жана эч болбоду дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- караштуу компаниялардын аталышын;
- компаниянын ишинин түрүн;
- компаниянын ээлик кылуу структурасын (олуттуу катышуучуларын жа-
на контролдоочу жактарын кошо алганда) жана банктык инвестициялардын суммасын. Банкка караштуу компаниялар Кыргыз банкынын ченемдик укуктук акты- ларында аныкталган банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти ко- шо алганда, банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашыра алышат.".
12. 21-статьяда:
2-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 3-пункттагы ", текшерүү комиссиясын" деген сөздөр алып салынсын.
13. 24-статьяда:
1-пунктта:
- 1-пунктчадагы "бизнес-стратегияларын" деген сөздөрдөн кийин
", бизнес-пландарын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пунктчадагы "белгилүү" деген сөз "түзүү" деген сөз менен ал-
маштьфылсын. 2-пунктагы "жылдык" деген сөз "жалпы" деген сөз менен жана "үч жылдык" деген сөздөр "бир жылдык" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункттун экинчи абзацындагы "минималуу" деген сөз алып салынсын; 4-пунктта:
- биринчи абзацтагы "ээлери" деген сөз "акционерлери" деген сөз
менен алмаштырылсын;
- экинчи абзац алып салынсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Банк Башкармалыгынын Төрагасы Директорлор кењешинин заседаниесине кењеш берүү укугу менен катышууга тийиш."; 8-1-пунктта:
- 1-пунктчасындагы "банктын текшерүү комиссиясынын," деген сөздөр
алып салынсын;
- 7-пунктчасы "башка" деген сөздөн кийин "атаандаш" деген сөз ме-
нен толукталсын; 8-2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8-2. Банк ишине тиешелүү маселелер боюнча чечим кабыл алууда Ди- ректорлор кењешинин ар бир мүчөсү объективдүү болууга жана жеке өзүнүн же банктын айрым катышуучуларынын (уюмдаштыруучуларынын, акционерлери- нин) жана кызмат адамдарынын таламдары эмес, банктын кызыкчылыгын же- текчиликке алуулары тийиш. Директорлор кењешинин көпчүлүк мүчөлөрү көзкарандысыз болууга ти- йиш. Көзкарандысыз дегендик, бул:
1) акыркы үч жыл ичинде банктын кызматкери же банк Башкармалыгынын
мүчөсү болуп саналбаган же болбогон жана/же жогоруда көрсөтүлгөн адам- дардын жакын тууганы болуп эсептелбеген жак;
2) банктын олуттуу катышуучусунун жакын тууганы болуп саналбаган
жак;
3) банк жана/же аны менен жалпы кызыкчылыгы бар башка юридикалык
жак менен олуттуу коммерциялык, ишкердик же финансылык мамилелери ал адамдын банктын кызыкчылыгы үчүн объективдүү чечим кабыл алууда тааси- рин тийгизбеген жак. Директорлор кенешинин мүчөлөрүнүн көзкарандысыздыгынын белгилери, алардын көзкарандысыздык белгилерине ылайык келүүсү, ошондой эле ком- мерциялык, ишкердик жана финансылык мамилелердин олуттуулук белгилери Кыргыз банкы тарабынан аныкталат.". 9-пункттагы "аудитордук комитетти жана башка" деген сөздөр алып салынсын.
14. 25-статьянын 1-пунктунда:
үчүнчү абзацтагы "текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү," деген сөздөр алып салынсын; абзацтын акыркы сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндал- сын: "Банктын акционер болуп саналгандары сыяктуу эле саналбаган кыз- маткерлери да Башкарманын мүчөлөрү боло алышат.". 4-пунктчадагы "белгилөөгө" деген сөз "сатып өткөрүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 25-1-статьяда:
биринчи абзац алып салынсын; экинчи абзацтагы "минималдуу" деген сөз алып салынсын.
16. 26-статьянын 3-пунктунда;
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Банкта акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалуучу Директорлор кењешинин үч көзкарандысыз мүчөсүнөн турган Аудит боюнча комитет болууга тийиш."; 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) тиешелүү бухгалтердик жол-жоболорду жана ички контролду түзүүнү жана колдоп турууну камсыз кылуу;"; пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын: "4) ушул Мыйзамда каралган банктык холдингдик компаниялардын Аудит боюнча Комитетинин функцияларын жүзөгө ашыруу.".
17. 27-статьянын 8-пунктунда:
биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8. Банктын акционерлери, кызмат адамдары банктарга же алар менен жалпы кызыкчылыгы бар жактарга кредиттерди, гарантияларды берүүгө түрткү берген аракеттерди же депозиттер боюнча төлөнүүчү жогорулатылган проценттик ставкаларды белгилөөнү, эгерде алар банк менен жалпы кызык- чылыгы бар кардарлар үчүн көрсөтүлгөн кызматтарга салыштырганда бир кыйла пайдалуу шарттарда белгиленген болсо, кандайдыр бир пайда көрүү жагын көздөгөн башка аракеттерди жүзөгө ашырууну кошо алганда, банктын кардарларынын таламдарына кесепетин тийгизген аракеттерди жасоого тийиш эмес."; үчүнчү сүйлөм алып салынсын.
18. 28-статьяда:
2-пункттун үчүнчү абзацындагы "беш" деген сөз "он" деген сөз менен алмаштырылсын; 4-пункттун экинчи абзацы алып салынсын; 5-пункттун 2 жана 6-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
19. 29-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын.
20. 30-статьяда:
3-пункта:
- биринчи сүйлөмдөгү "беш" жана "он" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө
жараша "он" жана "отуз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөм алып салынсын.
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Банктын күрөөгө коюлган акцияларынан мажбурлап же өз эрки боюнча өндүрүүнү жүргүзүүгө, ушул Мыйзамдын 44-статьясына ылайык, Кыргыз бан- кынын макулдугусуз жол берилбейт. Кыргыз банкынын макулдугусуз күрөөгө коюлган акциялардан мажбурлап же өз эрки боюнча өндүрүүнү жүргүзүүгө байланыштуу банктын күрөөгө коюлган акцияларын ажыратып алуу боюнча бүтүмдөр аны жүзөгө ашырган учурдан тартып жетишсиз делип саналат.".
21. 33-статьяда:
1-пунктта:
- 3-пунктчадагы "граждандардын" деген сөз "жеке" деген сөз менен
алмаштырылсын;
- 6-пунктчадагы "карыздык тил каттар же векселдер боюнча төлөнүүгө
тийиш болгон карыздарды жана суммаларды чогултуу максатында банк карыз- дарын жана векселдерин сатып алып жаткан жактардын коммерциялык ишин каржылоо үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктчадагы "(депозиттик сертификаттар, облигациялар, жөнөкөй
векселдер)" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктчадагы "андан сатып алуу жана кредит шартында сатып алуу-
чуга сатуу жолу менен жөнөтүүчү же өндүрүүчүнүн мүлкүн сатууну финансы- лоо аркылуу банк жөнөтүүчү же өндүрүүчүнүн ортосунда ортомчу катары чыккан" деген сөздөр алып салынсын.
- 9-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пункттун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
22. 35-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Банк көзкарандысыз кредиттик текшерүүнүн туруктуу аракеттен- ген тутумун түзүүгө жана аныктоого тийиш. Мындай текшерүүлөрдүн жыйын- тыгы түздөн-түз банктын Директорлор кењешине жана Башкармалыгына бе- рилүүгө тийиш. Банк, эгерде ушул Мыйзамда, Кыргыз банкынын ченемдик ак- тыларында жана банктын ички чектөөлөрүндө белгиленген кредиттөө чекте- рин бузууга жол берген болсо, кредиттерди (бардык кредитти алмаштыруу- чуларды же өзүндө кредиттик жоготуулар тобокелдигин камтыган финансылык инструменттердин бардык түрүн) берүүгө укуксуз. Банк нормативдерде жана ички лимиттерде белгиленген чекте кармап туруу максатында кредиттик тобокелдиктерге контролдук кылуунун жөнгө салынган функциясына ээ болууга тийиш. Бардык потенциалдуу мыйзам бузу- уларга жол берүү, саясаттардан, процедуралардан жана ички лимиттерден четтөөлөр тууралу өз учурунда алар боюнча шашылыш чаралар көрүлүшү мак- сатында банктын жектечилерине билдирилүүгө тийиш.".
23. 37-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча чектөөлөр"; 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын; 2-пунктта:
- 1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) акыркы отчеттук күнгө карата утурумдук чыгымдарга жол берил- се;";
- 2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- акыркы абзац алып салынсын;
2-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2-1 . Эгерде бул учурда калыстык принцибинин талаптарын бузууга жол берилсе, банк инсайдерлерди жана аффилирленген жактарды кредиттөөгө укуксуз. Калыстык принциби банк менен жалпы кызыкчылыгы жок заемщиктер- ге жана банктын олуттуу катышуучуларына кредиттерди берүү шарттарынан айрымаланган бир кыйла ыњгайлуу шарттарда инсайдерлерге жана аффилир- ленген жактарга, ошондой эле олуттуу катышуучуларга банктын кредиттерди берүүгө укугу жоктугун тастыктайт. Кыргыз банкы ушул статьянын талапта- рына ылайык, байланышы бар жактар үчүн объективдүүлүк принциптин тала- бын белгилеши мүмкүн."; 3-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банк жана анын туунду компаниялары, эгерде алар жалпы өлчөм боюн- ча талаптарды кошо алганда, Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актылары- нын талаптарына жооп беришсе, аффилирленген жактар менен жүргүзүлүүчү операцияларга жана бүтүмдөргө катыша алышат.";
- экинчи абзац алып салынсын;
- үчүнчү абзацтагы "туунду ишканалары" деген сөздөр "туунду компа-
ниялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 4-пункттагы "баланстан тышкаркы милдеттенмелерди эске алуу менен банктын инсайдерлерине" деген сөздөр "Баланстан тышкаркы банктын инсай- дерлери менен аффилирленген жактардын баланстан тышкаркы милдеттенмеле- рин эске алуу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24. 39-статьянын 4-пунктундагы "банкка жана анын туунду же баштап-
кы компанияларына" деген сөздөр "банктын банктык топторуна жана аффи- лирленген жактарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. 39-1-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацындагы "ири" деген сөз
"олуттуу" деген сөз менен алмаштырылсын.
26. 40-статьяда:
- "Кыргыз банкы берилген финансылык жана башка отчеттор боюнча
банктардын ишине изилдөөлөрдү жана талдоолорду" деген сөздөр "Кыргыз банкы берилген финансылык жана башка отчеттор (тышкы көзөмөл) боюнча банктардын ишине, анын ичинде консолидациялоо негизинде, банктык топтор менен аффилирленген жактардын ишине изилдөөлөрдү жана талдоолорду" де- ген сөздөр менен алмаштырылсын.
27. 42-статьяда:
3-пункта:
- биринчи абзацтагы "Банк (анын ичинде Директорлор кењешинин жана
Башкарманын мүчөлөрү, башкаруучулар, ири акциялардын пакетине ээлик кы- луучулар, аткаруучу кызмат адамдары, аудиторлор жана башка адамдар)" деген сөздөр "Банк, аффилирленген жактар жана инсайдерлер (Директорлор жана Башкарманын кењешинин мүчөлөрүн, олуттуу катышуучуларды, кызмат адамдарын, аудиторлорду жана башка жактарды кошо алганда)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "банктын добуш берүүгө укук берген банктын ак-
циясынын беш процентине же андан ашыгына ээ болушкан акционерлер" деген сөздөр "банктын олуттуу катышуучулары, контролдоочу жактар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" - кредиттер жана ага тењештирилген активдер боюнча потенциалдуу жоготууларга шайкеш резервдерди түзүүгө жана аны колдоп турууга буйрут- маларды даярдоого укуктуу."; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Кыргыз банкы тарабынан банк ишине инспектирлөөнү жүзөгө ашыруу банктык топко кирген бардык компанияга, банк менен жалпы кызыкчылыгы бар бардык башка компанияларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ай- магында иштеп жаткан четөлкө банктарынын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө жана туунду банктарына карата колдонулат. Жогоруда белгиленген компани- ялар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз банкынын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунда ага ушундай эле дењгээлде банктан жана алардын кыз- мат адамдарынан талап кылынуучу көмөк көрсөтүүгө жана тоскоолдук кылбо- ого милдеттүү. Эгерде банктын аффилирленген жактын ишине башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдүк жүргүзүлүүгө (контролдук кылуу, текшерүү) тийиш болсо, ушул статьяга ылайык Кыргыз банкы тиешелүү маа- лыматтарды алуу үчүн ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын отчетто- рун жана башка материалдарын пайдаланууга укуктуу. Ошондой эле, эгерде башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз банкы үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтый албаса же Кыргыз банкынын пикири боюнча башка ый- гарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген маалыматтар жетишсиз болсо, Кыргыз банкы мындай аффилирленген жактарга инспектирлөөнү жүргүзүүгө укуктуу.".
28. 43-статьянын 1-пунктундагы "же анын туунду компаниясынын" де-
ген сөздөр "банктын, банктын олуттуу катышуучусунун же банктык топтогу бардык катышуучулардын жана банк менен жалпы кызыкчылыгы бар жактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
29. 44-статья төмөнкудөй редакцияда баяндалсын:
"44-статья. Банкка олуттуу катышууну жана контролду алуу тартиби
Бардык жеке же юридикалык жак жеке же башка жактар менен бирдикте:
- банктын олуттуу катышуучусу болууга;
- банктын добуш берген акцияларынын жыйырма процентинен
көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же башкарууга;
- банктын контролдоочу жагы болууга ниеттенип жатса Кыргыз банкы-
нан алдынала уруксат алууга милдеттүү. Кыргыз банкынан уруксат алуу үчүн аталган жактар Кыргыз банкына жазуу жүзүндө табыштама берүүгө милдеттүү. Эгерде банктын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында же башка жолдор менен бардык жеке же юридикалык жактар тике же кыйыр түрдө:
- банктын олуттуу катышуучусу болуп калса;
- банктын добуш берген акцияларынын жыйырма процентинен
көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылса же башкарууну жүзөгө ашыр- са;
- банктын контролдоочу жагы болуп калса Кыргыз банкынын уруксатын
алуулары зарыл.
2. Кыргыз банкы табыштаманы алган убактан тартып алтымыш күндөн
кечиктирбестен өтүнүч менен кайрылгандарга өзүнүн чечими - макулдугу же баш тарткандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт. Табыштаманын берилген күн катары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын та- лаптарына ылайык бардык тиешелүү түрдө таризделген документтер Кыргыз банкына берилген күн эсептелинет. Табыштама маалыматтарды берүүнүн бар- дык булактарына карабастан, Кыргыз банкы тарабынан бардык тиешелүү маа- лыматтар алынмайынча берилди деп эсептелинбейт. Баш тартуу себептери жүйөлүү болууга тийиш.
3. Кыргыз банкынын макулдугун алуу үчүн өтүнүч менен кайрылуучу
Кыргыз банкына юридикалык жактын келип чыгышы (эгерде билдирүүчү юриди- калык жак болсо), учурда жүзөгө ашырып жаткан иши, финансылык абалы жа- на финансылык мүмкүнчүлүктөрү, ишенимдүүлүк дењгээли жөнүндө, бил- дирүүчүнүн алар (ал) менен жалпы кызыкчылыктары бар жактар тууралу маа- лыматтарды, ал банктын акцияларын сатып алуу үчүн сарптай турган акча каражаттарынын алынган булактары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз банкынын талаптарына ылайык башка маалыматтарды да берүүгө ти- йиш. Эгерде билдирүүдө банктын акцияларын тике сатып алуу же аларга кы- йыр ээлик кылуу жөнүндө жазылса өтүнүч менен кайрылуучу байланыштуулук- тун дењгээли, анын бул максатта пайдалануу үчүн ниеттенип жаткан акча каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматтарды чечмелеп түшүндүрүүгө тийиш. Өтүнүч менен кайрылуучу ошондой эле өзүнүн банктын жетекчилигин жана саясатын өзгөртүүнү пландаштырып жаткандыгына тиешелүү маалымат- тарды да тактап берүүгө тийиш. Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу четөлкөлүк жак болсо - ал анын иш- кердик жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү ой-пикирин билдирген ишкердик аброю жо- гору болгон кеминде эки адамдын жолдомо катын берүүгө тийиш. Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу юридикалык жак болсо - ал өзүнүн байкоочу жана башкаруунун аткаруу органдарынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле башка кызмат адамдарынын Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө тийиш. Эгерде өтүнүч менен кайрылуучу - четөлкө банкы же түзүлгөн (катто- одон өткөн) өлкөдөгү финансылык көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө та- андык болгон башка жак болсо, өтүнүч менен кайрылуучу кошумча түрдө Кыргыз банкынын талаптарына ылайык, ал таандык болгон көзөмөл режимине тиешелүү маалыматты, тиешелүү мамлекеттин көзөмөл органынын бул өтүнүч менен кайрылуучу түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдө консолидацияланган негизде көзөмөлгө таандык жана көзөмөл органынын Кыргыз банкы менен ту- руктуу негизде кызматташуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү тастыктоону кошо берүүгө тийиш. Өтүнүч менен кайрылуучунун башка жак менен бирдикте аракеттене тургандыгы жөнүндө маалымат болгон учурда Кыргыз банкы андан бул факт боюнча маалыматты тактап берүүсүн талап кылууга укуктуу.
4. Кыргыз банкы төмөнкүдөй учурларда билдирүүнү канааттандыруудан
баш тарта алат, эгерде:
1) өтүнүчтү канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банк тутумунда
монополиянын түзүлүшүнө алып келсе;
2) өтүнүч менен кайрылуучунун финансылык абалы канааттандырарлык
эмес болсо;
3) Кыргыз банкына өтүнүч менен кайрылуучунун жана анын кызмат
адамдарынын (эгерде өтүнүч менен кайрылуучу юридикалык жак болсо) иш- кердик аброю алгылыксыз экендигин тастыктаган фактылар маалым болсо;
4) өтүнүч менен кайрылуучу тиешелүү маалыматты толук бербесе, бол-
босо бурмаланган же так эмес маалыматты берген болсо;
5) Кыргыз банкында банк тажрыйбасында белгиленген талаптарга ыла-
йык банк операцияларын жүзөгө ашырбай тургандыгы жөнүндө маалымат бар болсо;
6) өтүнүч менен кайрылуучунун мурдагы иши токтосо же кайсы бир
юридикалык жакты банкроттоого же ага олуттуу түрдө финансылык чыгым тарттырууга түрткү берген болсо;
7) өтүнүч менен кайрылуучунун (юридикалык жактын) банктын контрол-
доочу жагы болууга ниеттенип жаткан кызмат адамдары Кыргыз банкы тара- бынан белгиленген кесиптик жактан ылайык келүү талаптарына жооп бербе- се;
8) банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына доо кете турган болсо
же банкта банк менен өтүнүч менен кайрылуучунун жана/же аффилирленген жактардын же өтүнүч менен кайрылуучунун алар менен жалпы кызыкчылыгы бар компаниялардын ортосунда түзүлгөн мамилелердин натыйжасында натый- жалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу мүмкүн болбой калган учурда;
9) өтүнүч менен кайрылуучунун олуттуу реалдуу катышуучуларын же
контролдоочу жактарын идентификациялоого мүмкүн болбосо;
10) өтүнүч менен кайрылуучунун банктын саясатын олуттуу түрдө
өзгөртүү тууралу сунушу банктын финансылык туруктуулугуна жана ише- нимдүүлүгүнө же банктын аманатчыларынын кызыкчылыктарына коркунуч туу- дура турган болсо;
11) өтүнүч менен кайрылуучу ал түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдөгү
көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө алынуучу четөлкөлүк юридикалык жак болсо жана ал тарабынан, эгерде:
- Кыргыз банкына ал түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдө (банкка тие-
шелүү учурларда консолидацияланган) натыйжалуу көзөмөл жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө маалымат берилбесе;
- Кыргыз банкынын пикири боюнча, билдирүүчүнүн ишине (банкка тие-
шелүү учурларда консолидацияланган) натыйжалуу көзөмөл жүзөгө ашырылбай жатса;
- өтүнүч менен кайрылуучунун түзүлгөн (каттоодон өткөн) мамлекет-
теги кезөмөл органы менен кызматташуусу мүмкүн болбосо.
5. Өтүнүч берүүнүн жана кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик
актылары менен жөнгө салынат.
6. Кыргыз банкы ушул статьяга ылайык бардык учурда банктын конт-
ролдоочу жактарынан жана анын олуттуу катышуучуларынан маалыматты талап кылууга укуктуу. Олуттуу катышуучунун (юридикалык жактын) Директорлор кењешинин (байкоочу органынын) же Башкарманын (аткаруу органынын) жањы шайланган мүчөлөрү жөнүндө маалымат Кыргыз банкына алар дайындалган убактан тартып он жумуш күнүнүн ичинде жањыдан шайланган кызмат адамда- рынын ишкердик аброю жана ишенимдүүлүгү жөнүндө маалымат менен бирге берилүүгө тийиш.
7. Эгерде кандайдыр бир жак банкка олуттуу катышуучу болуу же
контролду жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн Кыргыз банкынын алдынала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз алган болсо, мындай бүтүм эч нерсеге арзыбаган бүтүм болуп саналат.
8. Кыргыз банкы өтүнүч менен кайрылуучуга ушул статьяга ылайык
мурда берген макулдугун, эгерде ал тарабынан ушул статьянын талабын бу- зууга жол берилгендиги фактысы маалым болсо, аны жокко чыгара алат.
9. Ушул статьянын 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, ал
тарабынан кемчиликтер кетирилгендиги аныкталган жак банктын жетекчили- гине жана саясатына таасир этүүсүн (тике жана кыйыр түрдөгү добуш берүүнү жүзөгө ашырууну кошо алганда) токтотууга тийиш жана банктын ус- тавдык капиталына өзүнүн катышуусун олуттуу катышуу же контролдоо бол- жолдонгон дењгээлден төмөн дењгээлге чейин Кыргыз банкы тарабынан бел- гиленген убакыт ичинде кыскартууга тийиш.
10. Кыргыз банкы Кыргыз банкынын алдынала уруксатысыз банктын
олуттуу катышуучусу жа контролдоочусу боло турган же банк анын натыйжа- сында бул жакка көзкаранды болуп калышы мүмкүн болуучу инвестицияны банкка жумшоосу мүмкүн болгон жак тарабынан контролдонуучу бардык юри- дикалык жактан кошумча маалыматтарды берүүсүн талап кылууга укуктуу.".
30. 45-1-статьяда:
1-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу ишти жүзөгө ашырган банктар же финансы-кредиттик мекемелер, алардын кызмат адамдары, олут- туу катышуучулары тарабынан банк мыйзамдарын, Кыргыз банкынын ченемдик актыларынын жана көрсөтмөлөрүнүн талаптарын сактабагандыгы жана аларды бузууга жол бергендиги, банктын анын туруктуулугуна коркунуч туудурган операцияларга тартылышында, ошондой эле маалыматтарды бербегендиги же такталбаган жана/же толук эмес маалыматтарды берген фактысы аныкталса, болбосо банктар же финансы-кредиттик мекемелер төлөөгө жөндөмсүз аба- лында калса, Кыргыз банкы ал тарабынан ыйгарым укук берилген орган же кызмат адамы аркылуу банкка, Директорлор кењешинин, Башкарманын мүчөлөрүнө, олуттуу катышуучуларга карата төмөндөгүдөй чаралардын жана санкциялардын бирин же айрымдарын колдоно алат:";
- акыркы абзацка чейинки абзац "чараларды көрүү" деген сөздөрдөн
кийин "жана санкциялар" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пунктта:
- 4-пунктчадагы "аткаруучу" деген сөз алып салынсын;
- 5-пунктчанын экинчи абзацы "жана алардын банктын ишине андан ары
катышуусуна тыюу салууга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар
менен толукталсын; "- белгилүү ишти же операцияны чектөөгө, убактылуу токтотуп коюуга же токтото турууга;
- дивиденддерди төлөп берүүнү же бардык түрдөгү пайдаларды
бөлүштүрүүнү токтото турууга."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-9-пункттар менен толукталсын: "7. Банктын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына ка- рата эскертцү чаралары жана санкциялары Кыргыз банкы тарабынан төмөнкүдөй учурларда кабыл алынууга тийиш:
- ошол адамдар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз банкынын ченемдик акты-
ларынын талаптарын бузууга жол берсе;
- ошол адамдар банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманат-
чыларынын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган абалга алып келсе;
- ошол адамдар кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланышкан
болсо;
- ошол адамдар мыйзамга каршы аракеттерди жүзөгө ашырса;
- эгерде ошол адамдар өз кызмат ордун ээлөө үчүн тиешелүү ишенимге
ээ болбосо. Банктын банктык холдинг компаниясынын кызмат адамдарына жана/же олуттуу катышуучуларына карата эскертүү чараларында жана санкцияларында аларга тиешелүү болгон акциялар боюнча добуш берүүгө укукту токтото ту- рууга Кыргыз банкынын талап кылуу укугу же банктын жана анын аффилир- ленген жактарынын ишине андан ары катышуусуна ушул Мыйзамдын 49-6-статьясынын 3 жана 4-пункттарында каралган тартипте тыюу салуулар камтылат. Эгерде мындай тыюу салуу бул адамга карата Кыргыз банкы тарабынан ушул статьяга ылайык белгиленсе, банктын же анын аффилирленген жакта- рында эч ким кызматта кала албайт же алардын ишине катыша албайт. Банктын же банктык холдингдик компаниянын кызмат адамына карата кылмыш иши козголгон учурда Кыргыз банкы ал адамды мыйзам тарабынан белгиленген тартипте кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө көрсөтмө чы- гарууга, ал эми бул адам кылмышкер катары күнөөлүү деп таанылган учурда
- кызматынан бошотууга тийиш.
Банктык холдингдик компаниянын кызмат адамдарына жана олуттуу ка- тышуучуларына карата чараларды жана санкцияларды колдонууну аныктоо учурунда Кыргыз банкы бул адамдар тарабынан кетирилген катачылыктар ту- унду банктын финансылык абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн экендигин эске алууга тийиш.
8. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн чаралар жана санкциялар банктык хол-
дингдик компаниялардын кызмат адамдарына жана олуттуу катышуучуларына жана ушул мыйзамдын талаптарын бузууга жол берген жана депозиттерди жа- на аларга тењештирилген каражаттарды Кыргыз банкынын тиешелүү лицензия- сыз же анын өзгөчө уруксатысыз тартууну жүзөгө ашырган бардык адамдарга карата да колдонулушу мүмкүн.
9. Кыргыз банкынын чараларына жана санкцияларына даттануу алардын
аткарылышын токтото албайт.".
31. 46-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46-статья. Кетирилген кемчиликтерди четтетүүгө көрсөтмөлөр
Банктык мыйзамдарды, Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын бузууга жол берүүнүн фактылары, банктын банктык тажрый- баны алгылыксыз жүргүзүп жаткандыгынын фактылары аныкталган учурда Кыр- гыз банкы банкка, анын Директорлор кењешинин жана Башкармасынын мүчөлөрүнө, ошондой эле олуттуу катышуучуларына карата белгиленген мөөнөт ичинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү кабыл алышы мүмкүн.".
32. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы V-I глава менен толукталсын:
"V-I глава Банктык топторго консолидацияланган негизде көзөмөл
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1757/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>