Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Өнүгүүгө жардам берүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ (Мыйзамы менен ратификацияланган)
2005-жылдын 6-августунда № 142 Мыйзамы менен ратификацияланган
Бишкек шаары
2004-жылдын 24-июну
Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү тарабынан
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Өнүгүүгө
жардам берүү жөнүндө
МЕМОРАНДУМ
Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы
достук мамилелерди,
ошондой эле эки Тараптын кош тараптуу экономикалык кызматташуусун
кењейтүүгө кызыккандыгын көнүлгө алып, эки өлкөнүн расмий жогорку кыз-
маттагы адамдарынын ортосунда Кыргыз Республикасынын экономикалык
өнүгүшүнө Иран Ислам Республикасынын жардам бөлүп бериши жөнүндө
сүйлөшүүлөр болуп өттү,
анын жүрүшүндө төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашылды:
1-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча Иран Ислам Респуб-
ликасы кош тараптуу экономикалык кызматташууну өнүктүрүү максатында
ушул Меморандумдун жоболорунун алкагында Кыргыз Республикасына бир мил-
лион АКШ доллары өлчөмүндө өнүгүүгө акысыз жардам (грант) берүүгө макул
болду.
2-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда келип түшкөн өтүнүчүнө ыла-
йык аталган сумма Чолпон-Ата шаарындагы өзгөчө шыктуу балдар үчүн мек-
теп-интернаттын долбоорун ишке ашырууга, ошондой эле балдардын кургак
учук санаторийин Чолпон-Ата шаарынан Ысык-Көл облусунун Түп айылына
көчүрүүгө зарыл болгон каражаттарды толугу менен же жарым-жартылай кар-
жылоого жумшалат.
3-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Экология жана
өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ушул Меморандумдун 2-статьясында эске-
рилген өнүгүүгө бөлүнүүчү гранттын пайдаланылышын текшерүү жана
көзөмөлдөө боюнча Компетенттүү орган кылып дайындады.
4-статья
Бул Меморандумга кол коюлгандан кийин Иран Ислам Республикасынын
Тышкы иштер министрлиги бөлүнүп жаткан гранттын суммасын (бир миллион
АКШ долларын) "Демир Банкында" (Кыргызстан) ачылган биргелешкен эсепке
которот, андагы каражаттар Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө
кырдаалдар министринин жана Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республи-
касындагы дипломаттык өкүлчүлүгүнүн башчысынын коюлган колдору болгондо
гана алынышы мүмкүн.
5-статья
Ушул Меморандумдун 2-статьясында аталган долбоор азыркы учурда
Чолпон-Ата шаарында өзгөчө шыктуу балдардын мектеп-интернатынын долбоо-
рунун Подрядчысы болуп эсептелген "Машхад Сазэ" иран компаниясы тарабы-
нан ишке ашырылат Долбоорду ишке ашыруунун тийиштүү келишимине ушул
компания жана кыргыз Тарап кийин кол коет.
6-статья
Долбоордун материалдары жана шаймандары иран булактарынан камсыз
кылынууга тийиш Керек болгон учурда, үнөмдөө жана долбоорду тездетип
ишке ашыруу максатында бул материалдардын эњ көп дегенде 30% башка
өлкөлөрдөн сатылып алынышы мүмкүн.
7-статья
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги
долбоордун Подрядчысынын иш-аракетин текшерүүнү жүргүзүүдө Кыргыз Рес-
публикасынын долбоорду ишке ашырууга керектүү кызматкерлерди жана шай-
мандарды алып келүүгө, жайгаштырууга жана алып кетүүгө керектүү урук-
саттарды алууга дагы жардам берет.
8-статья
Ушул Меморандумдун 2-статьясында аталган долбоорду ишке ашыруу
максатында Кыргыз Республикасына долбоордун Подрядчысы тарабынан алып
келинген бардык материалдар жана шаймандар Кыргыз Республикасына алынып
келип жана кийин алынып кетип жатканда бажылык жыйымдарды жана пошлина-
ларды төлөөдөн бошотулат.
9-статья
Долбоордун Подрядчысы ушул Меморандумдун 2-статьясында көрсөтүлгөн
долбоорду ишке ашыруу үчүн региондук, облустук жана улуттук салыктарды
жана жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.
10-статья
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги
дайыма, алты айда бир жолу, долбоордун Подрядчысынын отчетторун алып
турат жана долбоордун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Иран Тарапка билди-
рип турат.
11-статья
Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги
биргелешкен эсептен каражаттарды алуу жөнүндө өтүнүчтү жөнөтүү макса-
тында долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү боюнча эсептин финансылык
абалы жөнүндө тийиштүү формадагы отчетторду Иран Тарапка берет.
12-статья
Жогоруда аталган отчетторду кароо жана жашыртуу боюнча Иран Ислам
Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык маселелер боюн-
ча департаменти аткарылган жумуш үчүн төлөнүүчү финансылык каражаттарды
биргелешкен эсептен алууга керектүү уруксатты берет.
13-статья
Кыргыз Тарап менен долбоордун Подрядчысынын ортосунда кандайдыр
бир пикир келишпестик болгон учурда, Тараптар бул жөнүндө маалыматты
тезинен Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигине билдирет
Бул учурда гранттан каражаттарды андан ары төлөө Тараптардын ортосунда-
гы пикир келишпестиктерди жок кылууга шартталат.
Бишкек шаарында 2004-жылдын 24-июнунда, бул күн хиджрасынын
1383-жылынын 04 Тир айына дал келет, эки нускада, ар бири фарсы, кыр-
гыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей
юридикалык күчкө ээ жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Тышкы иштер министри Тышкы иштер министри
Сейед Камаль Харрази Аскар Чыњгызович Айтматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.