Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда ынак коңшулаштык жана өнөктүк мамилелер жөнүндө КЕЛИШИМ (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2005-жылдын 12-июлундагы № 101
Мыйзамы менен ратификацияланган
Душанбе шаары
2004-жылдын 26-майы
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан
Республикасынын ортосунда ынак
коњшулаштык жана өнөктүк
мамилелер жөнүндө
КЕЛИШИМ
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы, мындан ары Ма-
кулдашуучу Тараптар деп аталышып,
Макулдашуучу Тараптардын элдеринин ортосундагы достуктун жана ынак
коњшулаштыктын түпкү адаттарына негизденишип,
1996-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Та-
жикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттер аралык мамилелердин не-
гиздери жөнүндө Келишимди жетекчиликке алышып,
Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматта-
шуусунун сапатын жањыртууга умтулушуп,
өз ара урматтоонун, ишенимдин, макулдуктун жана тењ укуктуулуктун
негизинде ынак коњшулаштыкты бекемдөө кош тараптуу көп пландуу кызмат-
ташууну мындан ары өнүктүрүүгө негиз болооруна жана Макулдашуучу Тарап-
тардын элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп береерине азыртадан ишени-
шип,
кызматташуунун өз ара макулдашылган багыттары боюнча өнөктүк мами-
лелерди орнотуу Макулдашуучу Тараптардын социалдык жана экономикалык
өсүш кызыкчылыгында күч-аракеттерди бириктирүүгө жол берет деп эсепте-
шип,
региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, улуттук
коопсуздуктун жањы коркунучтарына биргелешип каршы туруу маселелери бо-
юнча Макулдашуучу Тараптардын өз ара иш-аракеттерин терењдетүү керекти-
гине таянышып,
эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларына жана принциптерине
өздөрүнүн умтулгандыгын кайрадан ырасташып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-статья.
1. Макулдашуучу Тараптар ынак коњшулаштык, өнөктүк жана өз ара
пайда көрүү принциптеринин негизинде саясий, экономикалык, аскердик,
социалдык, илимий, технологиялык, маданий, гуманитардык жана башка тар-
мактарда көп пландуу кызматташууну мындан ары улантуу, күчөтүү жана
формалары менен механизмдерин жакшыртуу максатында өздөрүнүн көп кырдуу
мамилелерин өнүктүрүшөт.
2. Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин ортосунда өз ара
түшүнүшүүнү жана достукту бекемдөөгө көмөктөшүшөт.
2-статья.
1. Макулдашуучу Тараптардын ортосундагы кызматташуу мамлекеттердин
эгемендүү тењ укуктуулугун сактоо, көз карандысыздык, бири-биринин ички
иштерине кийлигишпөө, өз ара пайда көрүү, өздөрүнө алган милдеттенме-
лерди ыктыярдуу жана ак ниет аткаруу принциптерине ылайык жүргүзүлөт.
2. Макулдашуучу Тараптар эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу, ка-
гылышууларды болтурбоо жана мамлекеттердин ортосунда эл аралык укуктун
сакталышы үчүн бардык күч-аракеттерин жумшашат.
3-статья.
Макулдашуучу Тараптар өздөрү мүчө болгон эл аралык уюмдардын, би-
ринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында керек болгон учурда өз
позицияларын жакындаштыруу жана бул уюмдардын алкагында кабыл алынган
чараларды эффективдүү ишке ашыруу максатында бири-бирине консультация
беришет.
4-статья.
Макулдашуучу Тараптар тийиштүү консультацияларды жүргүзүшүп, өз
ара кызыкчылык туудурган негизги эл аралык проблемалар жана маселелер
боюнча тыгыз кызматташышат.
5-статья.
Макулдашуучу Тараптар экинчи Макулдашуучу Тарапка каршы багыттал-
ган куралдуу коркунучту жана башка каршы иш-аракеттерди жүргүзүү макса-
тында өз аймагын башка мамлекеттер же адамдардын топтору тарабынан пай-
даланышына жол бербөөгө милдеттенишет.
6-статья.
Макулдашуучу Тараптардын биринин пикири боюнча коркунуч туудурган
же тынчтыкты бузган же анын коопсуздугунун кызыкчылыктарын козгогон
абал пайда болгон учурда, бул Макулдашуучу Тараптар мындай абалды жөнгө
салуу боюнча жалпы позицияларды иштеп чыгуу үчүн консультацияларды те-
зинен өткөрүү өтүнүчү менен экинчи Макулдашуучу Тарапка кайрыла алат.
7-статья.
Макулдашуучу Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара районунда
туруктуулукту, бейпилдикти бекемдөө жана ишеним чараларын ишке ашыруу
маселелери боюнча тыгыз кызматташышат.
8-статья.
Макулдашуучу Тараптар өздөрү мүчө болгон эл аралык келишимдерге
ылайык аскер тармаганда тыгыз кызматташышат.
9-статья.
Макулдашуучу Тараптар эл аралык терроризм, экстремизм, уюшулган
кылмыштуулук, наркобизнес, мыйзамсыз миграция жана улуттук коопсуздук-
тун башка коркунучтары менен күрөшүүдө тыгыз кызматташышат.
Бул максаттарда Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн укук коргоо орган-
дарынын кызматташуусун уюштурушат.
10-статья.
Макулдашуучу Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо зарылдагын моюнга алы-
шып, бул тармакта тыгыз кызматташышат жана эл аралык жана регионалдык
дењгээлде биргелешкен иш-аракеттерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө милдетте-
нишет.
11-статья.
Макулдашуучу Тараптар өз ара экономикалык интеграцияны терењдетүү
үчүн шарт түзүшөт.
12-статья.
1. Макулдашуучу Тараптар өздөрү мүчө болгон эл аралык келишимдерге
ылайык суу объектилерин, суу-энергетика ресурстарын жана суу чарба ку-
рулуштарын үнөмдүү жана өз ара пайдалуу колдонуу тармагында макулдашыл-
ган иш-аракеттерди ишке ашырышат.
2. Макулдашуучу Тараптар эл аралык укук нормаларын, Макулдашуучу
Тараптардын улуттук мыйзамдарын жана кызыкчылыктарын эске алып, регион-
догу суу-энергетика маселелери боюнча позицияларын жакындатуу боюнча
кош тараптуу консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
13-статья.
1. Макулдашуучу Тараптар кадрларды даярдоого өзгөчө маани беришип,
билим берүү, маданият, илим жана техника тармагында кызматташууну
өнүктүрүшөт жана терењдетишет.
2. Макулдашуучу Тараптар билим берүү, маданият, илим жана техника
тармагында Макулдашуучу Тараптардын компетенттүү органдарынын катышуусу
менен алардын иш жүзүндөгү кызматташуусунун шарттары аныкталган бирге-
лешкен программалардын такай иштелип чыгышына көмөктөшүшөт.
3. Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын,
изилдөө борборлорунун жана маданият мекемелеринин ортосунда түз ка-
рым-катнаштарды колдошот.
14-статья.
Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин сот органдарынын ортосунда,
тагыраак айтканда граждандык, үй-бүлө жана кылмыш иштери боюнча укуктук
жардам көрсөтүү боюнча кызматташууга көмөктөшүшөт.
15-статья.
Макулдашуучу Тараптар эки мамлекеттин парламенттеринин ортосунда
кызматташууну терењдетүүгө жана кењейтүүгө көмөктөшүшөт.
16-статья.
Бул Келишим Макулдашуучу Тараптар өздөрү мүчө болгон башка эл ара-
лык келишимдерден чыккан алардын укуктары менен милдеттенмелерин козго-
бойт жана кандайдыр бир үчүнчү мамлекетке каршы багытталбайт.
17-статья.
Макулдашуучу Тараптар ушул Келишимдин жоболорун ишке ашыруу макса-
тында башка эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды түзүшөт.
18-статья.
Бул Келишимдин жоболорун түшүндүрүү жана колдонуу жөнүндө талаштар
Макулдашуучу Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жо-
лу менен чечилүүгө тийиш.
19-статья.
Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Келишимге
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Келишимдин
ажырагыс бөлүгүн түзгөн жана бул Келишимдин 21-статьясында каралган
тартипте күчүнө кире турган өзүнчө протоколдор менен теризделет.
20-статья.
БУУнун Уставынын 102-статьясына ылайык Келишим БУУнун Секретариа-
тында катталууга тийиш.
21-статья.
Бул Келишим ратафикацияланат жана аны ратификациялоо жөнүндө жазуу
жүзүндөгү акыркы билдирүүнү Макулдашуучу Тараптар алган күндөн тартып
күчүнө кирет.
Бул Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Макулдашуучу Тараптар-
дын бири экинчи Макулдашуучу Тарапка анын аракетин токтотууга ниеттен-
гендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөткөн күндөн тартып он
эки ай өткөнгө чейин күчүндө кала берет.
Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында, эки түп нускада, ар бири
кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-
дей күчкө ээ.
Бул Келишимдин жоболорун түшүндүрүүдө пикир келишпестиктер пайда
болгон учурда, Макулдашуучу Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат.
Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы
үчүн үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Устав Организации Объединенных НацийУстав · 26.06.1945