# 1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосунда Аскердик-техникалык кызматташ- тыктын негизги принциптери тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ПРОТОКОЛ

- Толук аталышы: 1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосунда Аскердик-техникалык кызматташ- тыктын негизги принциптери тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ПРОТОКОЛ
- Актынын түрү: Протокол
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2003
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17553>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17553/edition/297606/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17553.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2003 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосунда Аскердик-техникалык кызматташ- тыктын негизги принциптери тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ПРОТОКОЛ (18.09.2003 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17553

---

Ялта шаары

2003-жылдын 18-сентябры

1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук

жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин

ортосунда Аскердик-техникалык кызматташ-

тыктын негизги принциптери тууралуу

макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

ПРОТОКОЛ

Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, Коллективдүү коопсуздук

жөнүндө келишимдин Уюмуна катышкан мамлекеттер,

1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишимге

(мындан ары - Келишим) катышкан мамлекеттер алардын куралдуу күчтөрү

коллективдик коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын кура-

мына кириши жана Келишимдин 4-статьясын жүзөгө ашыруу максатында аскер-

лердин коалициялык (регионалдык) топторго кошулуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө

Коллективдүү коопсуздук концепциясынын жоболорун жана Коалициялык стра-

тегиянын негизги жоболорун жетекчиликке алып,

Келишимге катышкан мамлекеттер ортосунда Аскердик-техникалык кыз-

матташтыктын негизги принциптери тууралуу макулдашуунун (мындан ары -

Келишим) чегинде өз ара аракеттенишүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга

умтулуп,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-статья.

Макулдашуунун 2-статьясы төмөнкү редакцияда берилсин:

Жењилдетилген шарттарда аскер багытындагы продукцияларды берүү Та-

раптар тарабынан, эгер башкалар тиешелүү эларалык макулдашуулар менен

айтылбаса, 1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө ке-

лишимди практикалык жүзөгө ашыруу максатында алардын улуттук куралдуу

күчтөрүнүн кызыкчылыгында ишке ашырылат.

Көрсөтүлгөн берүүлөр Тараптардын ченемдик укуктук актыларына ыла-

йык, алардын аскердик-техникалык кызматташтык субъектилеринин ортосунда

түзүлүүчү өзүнчө контракттар (келишимдер) боюнча жүргүзүлөт.

2-статья.

Макулдашуунун 6-статьясынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда бе-

рилсин:

Тараптар бул Макулдашуунун 2-статьясында көрсөтүлгөн контракттар

(келишимдер) боюнча жењилдетилген шарттарда алынган аскер багытындагы

продукцияларды чет мамлекеттерге, жеке жана юридикалык жактарга же эла-

ралык уюмдарга аскер багытындагы продукцияларды берген Тараптардын бол-

жолдуу жазуу жүзүндөгү макулдугусуз сатпайт же бере албайт.

3-статья.

Макулдашуу кийинки статьялардын номерлерин алмаштыруу менен 10-но-

мердеги жањы статья төмөнкү редакцияда толукталсын:

Тараптар кыска мөөнөттө Тараптын бирине эгер келип чыккан абал

Коллективдүү коопсуздук кењеши тарабынан көрсөтүлгөн Тарапка каршы ба-

сып алуучулук актын жүргүзүү коркунучу катары бааланган учурда, же бол-

босо катышкан мамлекет БУУнун 51-статьясына ылайык өз укугун жекече же

коллективдүү өзүн-өзү коргоого колдонгон, же катышкан мамлекет террор

актысынын объекти же өз көзкарансыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө

башка коркунуч болгон учурда аскердик-техникалык жардам көрсөтө алышат.

Аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн финансы-экономикалык шарттары ар

бир конкреттүү учурда Тараптардын мүмкүнчүлүгүнөн аныкталат.

Аскер багытындагы продукцияларды берүү түрүндөгү аскердик-техника-

лык жардам тиешелүү контракттардын (келишимдердин) негизинде ишке ашы-

рылат.

4-статья.

Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

5-статья.

Бул Протокол Макулдашуунун 14-статьясында (жањы номерлөөдө) карал-

ган тартипте күчүнө кирет, бирок бул мамлекеттер үчүн 1992-жылдын

15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамле-

кеттердин ортосунда аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги прин-

циптери тууралуу Макулдашуунун чектеринде берилүүчү Аскер багытындагы

продукцияларды максаттуу пайдалануу үчүн контролду ишке ашыруу тартиби

жөнүндө протокол күчүнө киргенден кийин.

Орус тилинде бир түп нускада түзүлдү. Түп нускасы бул Протоколго

кол койгон ар бир мамлекегке анын ырасталган көчүрмөсүн жөнөтүүчү Кол-

лективдүү коопсуздук жөнүндө келишимдин Уюмунун Катчылыгында сакталат.

Армения Республикасы үчүн

Кыргыз Республикасы үчүн

Белорус Республикасы үчүн

Россия Федерациясы үчүн

Казакстан Республикасы үчүн

Тажикстан Республикасы үчүн
