# Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө МАКУЛДАШУУ ( КР 2005-жылдын 12-июлундагы № 99 Мыйзамы менен ратификацияланган)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө МАКУЛДАШУУ ( КР 2005-жылдын 12-июлундагы № 99 Мыйзамы менен ратификацияланган)
- Актынын түрү: Соглашение
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17549>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/17549/edition/297602/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17549.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө МАКУЛДАШУУ ( КР 2005-жылдын 12-июлундагы № 99 Мыйзамы менен ратификацияланган) (26.05.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17549

---

КР 2005-жылдын 12-июлундагы № 99

Мыйзамы менен ратификацияланган

Душанбе шаары

2004-жылдын 26-майы

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын

ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн

тартиби жөнүндө

МАКУЛДАШУУ

Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Та-

жикстан Республикасы,

эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жана салт болуп калган достук байла-

ныштарын жана жакшы коњшулаштык мамилелерин сактап калууга жана чындоо-

го болгон умтулууларына негизденип,

жалпы кабыл алынган эларалык нормаларга ылайык адамдын укуктары

менен эркиндиктерин камсыз кылуудагы милдеттенмелерди жактагындагын

ырастап,

Тараптардын жарандарына өз эркин билдирүүнүн негизинде башка Та-

раптын жарандыгын тандоо жана кабыл алуу укугун жүзөгө ашыруу үчүн жа-

гымдуу шарт түзүүнү камсыз кылууну каалап,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-статья.

1. Ар бир Тарап анын аймагына туруктуу жашоого келген башка Тарап-

тын жарандарына арыз ээсинде жарандыгын алуучу Тараптын аймагында мый-

замдуу негизде туруктуу жашаган жана анын жараны болуп саналган жок де-

генде бир жакын тууганы: күйөсү (аялы), ата-энелеринин бири (асыранды

бала же асыранды кызы), бала (анын ичинде асыранды бала), уул-кыздары,

чоњ ата же чоњ энеси, неберелери болгондо жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жа-

рандык алуу укугу берилет.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартип жарандыгын ала

турган Тараптын аймагында жашаган мөөнөтүнө карабастан колдонулат.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган туугандык байланыштардын

болушу тарыхый Мекенине туруктуу жашоого келген кыргыз этносундагылар

жана/же тажик этносуњдагылар болуп саналган жарандардын Тараптардын би-

ринин жарандыгын кабыл алууда милдеттүү болуп саналбайт.

4. Бир Тараптын жарандыгын кабыл алуу жана экинчи Тараптын жаран-

дыгынан чыгуу Тараптардын мыйзамдарына жана ушул Макулдашуунун жоболо-

руна ылайык таламдаш жактардын эркин пикирин билдирүүнүн негизинде

жүргүзүлөт.

2-статья.

1. Бир Тараптын жарандыгын алуу үчүн экинчи Тараптын жараны башка

Тараптын компетенттүү органына төмөнкү документтерди тапшырат:

мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө арызды;

паспортту жана жарандын ким экендигии тастыктаган жана Тараптардын

биринин жарандыгына таандыктыгын ырастаган башка документти;

туулгандыгы жөнүндө жана нике жөнүндө күбөлүктөрдүн нотариаттан

күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн.

2. Жарандыкты алуу жөнүндө арыз жана ушул статьянын 1-пунктунда

көрсөтүлгөн башка зарыл документтер үч айдан ашпаган мөөнөттө каралат.

Компетенттүү органдар арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө жарандык-

ка алуу күнүнөн баштап эки жумалык мөөнөттө маалымдар кылат.

3. Жарандык алуу жөнүндө арыз берген адамдардын жарандыгы арыз ээ-

син башка Тараптын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө оњ чечим кабыл алын-

ганга чейин сакталып калат.

4. Адамды жарандыкка кабыл алуу жөнүндө чечимдин негизинде компе-

тенттүү органдар анын улуттук паспорттун жана жарандык берүү жана мур-

дагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө арыздардын көчүрмөсүн кийин жаран-

дыктан чыгуу жол-жобосун жасоо үчүн мурда жарандыкта турган Тараптын

ички иштер органына же дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге

жиберет.

3-статья.

Ата-энелеринин жарандыгы өзгөргөндө, демек экөө тењ башка Тараптын

жараны болуп калганда тийиштүү түрдө алардын жашы жетелек балдарынын

жарандыгы да өзгөрөт.

Ата-энелеринин бири бир Тараптын жараны, ал эми экинчиси башка Та-

раптын жараны болуп саналган жашы жетелек балдардын жарандыгы улуттук

мыйзамдарга ылайык кабыл алынган ата-энелердин макулдашуусу боюнча

аныкталат, ал ушул Макулдашуунун 2-статьясына ылайык берилген арызда

көрсөтүлүүгө тийиш.

Ата-энелери эки бөлөк жашаган балдар, эгерде ата-энелердин орто-

суњца бул туурасында башка макулдашуу жок болсо, алар тарбиясында тур-

ган ата-энесинин жарандыгын сактал калат.

Ата-энелеринин бири бир Тараптын, экинчиси экинчи Тараптын жаран-

дыгына ээ болгон жарандыгы аныкталган балдардын жашы жеткенде Тараптар-

дын мыйзамдарына ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн.

Ата-энелик укуктан ажыраган ата-энелердин жарандыгы өзгөргөндө

балдардын жарандыгы өзгөрүүсүз калат.

4-статья.

Тараптар ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан маалы-

маттарды алмашуунун формасын, көлөмүн жана мөөнөтүн макулдашат.

5-статья.

Эгерде Тараптардын улуттук мыйзамдары же алар катышуучусу болуп

саналган эларалык макулдашуулар жарандык алуунун кыйла жењилдетилген

шарттарын белгилеген болсо, анда улуттук мыйзамдын же тийиштүү эларалык

мамилелердин нормалары колдонулат.

6-статья.

Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча бардык

талаштар жана кайчы пикирлер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана

консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.

7-статья.

Бул Макулдашууга Тараптардын өзара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ага өзүнчө Протокол толтурулат, ал

анын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана Макулдашуунун 8-статьясында

каралган тартипте күчүнө кирет.

8-статья.

Бул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана ал аны ратификациялоо

жөнүндө бир Тарап башка Тараптын жазуу жүзүндөгү соњку билдирмеси алын-

ган күндөн баштап күчүнө кирет.

Макулдашуунун колдонулушу бир Тарап экинчи Тараптын бул Макулдашу-

унун колдонулушун токтотууга ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмеси

алынган күндөн баштап алты ай өткөндөн кийин токтотулат.

Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында, ар бири кыргыз, тажик жа-

на орус тилдеринде, эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө

ээ.

Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чык-

канда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.

Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы

үчүн үчүн
