Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө МАКУЛДАШУУ (КР Мыйзамы менен ратификацияланган)
КР 2005-жылдын 12-июлундагы № 99
Мыйзамы менен ратификацияланган
Душанбе шаары
2004-жылдын 26-майы
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын
ортосунда жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн
тартиби жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасы менен Та-
жикстан Республикасы,
эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жана салт болуп калган достук байла-
ныштарын жана жакшы коњшулаштык мамилелерин сактап калууга жана чындоо-
го болгон умтулууларына негизденип,
жалпы кабыл алынган эларалык нормаларга ылайык адамдын укуктары
менен эркиндиктерин камсыз кылуудагы милдеттенмелерди жактагындагын
ырастап,
Тараптардын жарандарына өз эркин билдирүүнүн негизинде башка Та-
раптын жарандыгын тандоо жана кабыл алуу укугун жүзөгө ашыруу үчүн жа-
гымдуу шарт түзүүнү камсыз кылууну каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
1. Ар бир Тарап анын аймагына туруктуу жашоого келген башка Тарап-
тын жарандарына арыз ээсинде жарандыгын алуучу Тараптын аймагында мый-
замдуу негизде туруктуу жашаган жана анын жараны болуп саналган жок де-
генде бир жакын тууганы: күйөсү (аялы), ата-энелеринин бири (асыранды
бала же асыранды кызы), бала (анын ичинде асыранды бала), уул-кыздары,
чоњ ата же чоњ энеси, неберелери болгондо жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жа-
рандык алуу укугу берилет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартип жарандыгын ала
турган Тараптын аймагында жашаган мөөнөтүнө карабастан колдонулат.
3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган туугандык байланыштардын
болушу тарыхый Мекенине туруктуу жашоого келген кыргыз этносундагылар
жана/же тажик этносуњдагылар болуп саналган жарандардын Тараптардын би-
ринин жарандыгын кабыл алууда милдеттүү болуп саналбайт.
4. Бир Тараптын жарандыгын кабыл алуу жана экинчи Тараптын жаран-
дыгынан чыгуу Тараптардын мыйзамдарына жана ушул Макулдашуунун жоболо-
руна ылайык таламдаш жактардын эркин пикирин билдирүүнүн негизинде
жүргүзүлөт.
2-статья.
1. Бир Тараптын жарандыгын алуу үчүн экинчи Тараптын жараны башка
Тараптын компетенттүү органына төмөнкү документтерди тапшырат:
мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө арызды;
паспортту жана жарандын ким экендигии тастыктаган жана Тараптардын
биринин жарандыгына таандыктыгын ырастаган башка документти;
туулгандыгы жөнүндө жана нике жөнүндө күбөлүктөрдүн нотариаттан
күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн.
2. Жарандыкты алуу жөнүндө арыз жана ушул статьянын 1-пунктунда
көрсөтүлгөн башка зарыл документтер үч айдан ашпаган мөөнөттө каралат.
Компетенттүү органдар арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө жарандык-
ка алуу күнүнөн баштап эки жумалык мөөнөттө маалымдар кылат.
3. Жарандык алуу жөнүндө арыз берген адамдардын жарандыгы арыз ээ-
син башка Тараптын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө оњ чечим кабыл алын-
ганга чейин сакталып калат.
4. Адамды жарандыкка кабыл алуу жөнүндө чечимдин негизинде компе-
тенттүү органдар анын улуттук паспорттун жана жарандык берүү жана мур-
дагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө арыздардын көчүрмөсүн кийин жаран-
дыктан чыгуу жол-жобосун жасоо үчүн мурда жарандыкта турган Тараптын
ички иштер органына же дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге
жиберет.
3-статья.
Ата-энелеринин жарандыгы өзгөргөндө, демек экөө тењ башка Тараптын
жараны болуп калганда тийиштүү түрдө алардын жашы жетелек балдарынын
жарандыгы да өзгөрөт.
Ата-энелеринин бири бир Тараптын жараны, ал эми экинчиси башка Та-
раптын жараны болуп саналган жашы жетелек балдардын жарандыгы улуттук
мыйзамдарга ылайык кабыл алынган ата-энелердин макулдашуусу боюнча
аныкталат, ал ушул Макулдашуунун 2-статьясына ылайык берилген арызда
көрсөтүлүүгө тийиш.
Ата-энелери эки бөлөк жашаган балдар, эгерде ата-энелердин орто-
суњца бул туурасында башка макулдашуу жок болсо, алар тарбиясында тур-
ган ата-энесинин жарандыгын сактал калат.
Ата-энелеринин бири бир Тараптын, экинчиси экинчи Тараптын жаран-
дыгына ээ болгон жарандыгы аныкталган балдардын жашы жеткенде Тараптар-
дын мыйзамдарына ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн.
Ата-энелик укуктан ажыраган ата-энелердин жарандыгы өзгөргөндө
балдардын жарандыгы өзгөрүүсүз калат.
4-статья.
Тараптар ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан маалы-
маттарды алмашуунун формасын, көлөмүн жана мөөнөтүн макулдашат.
5-статья.
Эгерде Тараптардын улуттук мыйзамдары же алар катышуучусу болуп
саналган эларалык макулдашуулар жарандык алуунун кыйла жењилдетилген
шарттарын белгилеген болсо, анда улуттук мыйзамдын же тийиштүү эларалык
мамилелердин нормалары колдонулат.
6-статья.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча бардык
талаштар жана кайчы пикирлер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана
консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
7-статья.
Бул Макулдашууга Тараптардын өзара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ага өзүнчө Протокол толтурулат, ал
анын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана Макулдашуунун 8-статьясында
каралган тартипте күчүнө кирет.
8-статья.
Бул Макулдашуу ратификацияланууга тийиш жана ал аны ратификациялоо
жөнүндө бир Тарап башка Тараптын жазуу жүзүндөгү соњку билдирмеси алын-
ган күндөн баштап күчүнө кирет.
Макулдашуунун колдонулушу бир Тарап экинчи Тараптын бул Макулдашу-
унун колдонулушун токтотууга ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмеси
алынган күндөн баштап алты ай өткөндөн кийин токтотулат.
Душанбе шаарында 2004-жылдын 26-майында, ар бири кыргыз, тажик жа-
на орус тилдеринде, эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө
ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чык-
канда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы
үчүн үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.