Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун түзүү Концепциясы жөнүндө ЧЕЧИМ
Ялта шаары
2003-жылдын 18-сентябры
Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине
катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн
биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун
түзүү Концепциясы жөнүндө
ЧЕЧИМ
Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин өкмөт башчыларынын
кењеши 2001-жылдын 31-майындагы Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктеш-
тигинин өкмөт башчыларынын кењешинин Чечими менен бекитилген, 2005-жыл-
га чейин Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекет-
тердин аскердик кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечектүү планын жетекчи-
ликке алып, төмөнкүлөрдү чечти:
1. Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекет-
тердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш тутумүн
түзүү Концепциясы (тиркелет) бекитилсин.
2. Бул Концепция ченемдик укуктук документтерди иштеп чыгуу жана
Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ку-
ралдуу күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун түзүүдө ма-
кулдашылган саясатты түзүү үчүн негиз катары аныкталсын.
3. Бул Чечим ага кол коюлган күндөн баштап, ал эми анын күчүнө ки-
риши үчүн мыйзамдары ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылышын талап
кылган мамлекеттер үчүн - депозитарийге тиешелүү документтерди берген
датадан баштап күчүнө кирет.
Ялта шаарында 2003-жылдын 18-сентябрында орус тилиндеги бир түп
нускада түзүлдү. Түп нуска бул Чечимге кол койгон ар бир мамлекетке
анын ырасталган көчүрмөсүн жөнөтүүчү Көзкарандысыз Мамлекеттердин Ше-
риктештигинин Аткаруу комитетинде сакталат.
Азербайжан Өкмөтү үчүн Молдова Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Армения Өкмөтү үчүн Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн
Белорус Өкмөтү үчүн Тажикстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн
Грузия Өкмөтү үчүн Түркмөнстан Өкмөтү үчүн
Казакстан Республикасынын Өзбекстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Кыргызстан Республикасынын Украина Өкмөтү үчүн
Өкмөтү үчүн
2003-жылдын 18-сентябрындагы
Көзкарандысыз Мамлекеттердин
Шериктештигине катышкан
мамлекеттердин куралдуу
күчтөрүнүн биргелешкен
(бириккен) байланыш тутумун
түзүү Концепциясы жөнүндө
Көзкарандысыз Мамлекеттердин
Шериктештигинин өкмөт
башчыларынын кењешинин чечими
менен бекитилген
Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан
мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен
(бириккен) байланыш тутумун түзүү
КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Жалпы жоболор
II. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн
биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун түзүү
III. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн
биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун түзүүнүн негизги
принциптери
IV. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен
(бириккен) байланыш тутумунда маалыматтык коопсуздукту камсыз
кылуу
V. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен
(бириккен) байланыш тутумун түзүүнүн этаптары
VI. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен
(бириккен) байланыш тутумун түзүү Концепциясын жүзөгө ашыруу
механизми
Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттер-
дин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун түзүү
Концепциясы (мындан ары - Концепция) Көзкарандысыз Мамлекеттердин Ше-
риктештигине катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен
(бириккен) байланыш тутумун түзүүнүн максатына, маселелерине жана прин-
циптерине расмий түрдө кабыл алынган көзкараштардын тутумун туюндурат.
Концепция Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан
мамлекеттердин (мындан ары - КМШга катышкан мамлекеттер) аскердик
чөйрөдө жалпы стратегиялык кызыкчылыктардын негизинде Байланыш тутумун
түзүү жаатында кызматташтыгын өнүктүрүүнү божомолдойт.
Байланыш тутуму тынчтык, ошондой эле согуш мезгилиндегидей, анын
ичинде өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышында КМШга катышкан мамлекеттер-
дин аскерлеринин (күчтөрдүн) коалициялык (региондук) топторун туруктуу
жана ыкчам башкарууну камсыз кылышы керек.
I. Жалпы жоболор
1.1. Концепциянын дайындалышы:
Концепция Байланыш тутумун түзүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар-
ды иштеп чыгуу жана өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.
Байланыш тутуму сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, билдирүүлөрдү берүүнү,
кабыл алууну жана жеткирүүнү, автоматташтырылган жана атайын тутумдарда
маалыматтар менен алмашууну камсыз кылат.
1.2. Концепцияны иштеп чыгуу үчүн объективдүү негиз болуп мамле-
кеттердин КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн, аскерлердин
(күчтөрдүн) коалициялык (региондук) топторун башкаруу тутумун уюштуруу
чөйрөсүндө макулдашылган саясатты өткөрүүгө жана көп тараптуу кызмат-
таштык алкагындагы милдеттенмелерди аткарууга утулуусу болуп саналат.
1.3. Концепциянын укуктук негизи болуп Көзкарандысыз Мамлекеттер-
дин Шериктештигинин Уставы, мамлекет башчыларынын кењешинин жана КМШ
өкмөт башчыларынын кењешинин, КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо ми-
нистрлеринин Кењешинин Чечимдери, ошондой эле улуттук мыйзамдар эсепте-
лет.
1.4. Концепциянын жоболору байланыш жана телекоммуникация маселе-
леринде мамлекеттик саясатты түзүүдө КМШга катышкан мамлекеттердин ар
бири менен эске алынышы мүмкүн.
1.5. Байланыш тутуму Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине
катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн башкаруу тутумунун маанилүү
курамдык бөлүгү болуп саналат жана аскерлердин (күчтөрдүн) коалициялык
(региондук) топторун башкарууну камсыздоо үчүн түзүлгөн (жайылтылган)
КМШга катышкан мамлекеттердин улуттук куралдуу күчтөрүнүн байланыш
күчтөрүн жана каражаттарын уюштуруу-техникалык бириктирүүнү элестетет.
1.6. Байланыш тутуму түзүлгөн аскерлердин (күчтөрдүн) коалициялык
(региондук) топторунун аймактык жалпылыгын, ыкчам жабдууну жана коллек-
тивдик коопсуздуктун региондорунун (райондорунун) инфратүзүмүн эске
алуу менен региондук тутумчаларда жайгаштырылат.
1.7. Концепцияны иштеп чыгуу төмөнкүлөр менен шартталган:
а) аскердик-саясий факторлор менен:
регионалдык масштабда террордук жана диверсиялык ишкердүүлүктүн
активдешүүсүнөн келип чыгуучу дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаалдын та-
таалдыгы;
куралдуу күрөштүн формаларына жана ыкмаларына көзкараштардын
өзгөрүүсү (аскерлердин топторунун коалициялык мүнөзү, согуштук аракет-
терди физикалык контактсыз жүргүзүүгө умтулуу);
КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн реформалоо жана
аларды кыскартуу, өздүк курам, куралдар жана аскердик техника менен жо-
горку даражада комплекттелген согушка жөндөмдүү аскер түзүлүштөрүн
түзүү;
ыкчам-стратегиялык багыттарда аскердик балансты кармоо үчүн аскер-
лердин (күчтөрдүн) коалициялык (региондук) топторун ыкчам түзүү зарыл-
дыгы;
б) аскердик-техникалык факторлор менен:
өзүнүн маалыматтык артыкчылыгын жүзөгө ашырууга башкы шилтеме ка-
тары маалыматташтыруу жаатында дүйнөнүн алдыњкы өлкөлөрүнүн технология-
лык алдыга чыгуусунун ролунун жогорулоосу:
биргелешкен операцияларды жүргүзүү жана согуштук аракеттердин зо-
наларында душмандын бейтүзүмдүк аракетинен корголгон жана өз аскерлери-
нин күжүрмөн тартиптеги бардык элементтери үчүн жалпы жеткиликтүү бир-
дей маалыматтык мейкиндикти түзүү зарылдыгы;
убакыттын реалдуу масштабында аскерлер жана курал менен күжүрмөн
башкаруу циклин жүзөгө ашыруу;
аскерлер жана курал менен башкарууну камсыз кылуу тууралуу иштелип
чыгуучу тутум техникалык жана аппараттык-программалык чечимдерди бирдей
калыпка келтирүү, пайдаланылуучу импорттук каражаттарды сертификаттоо,
эларалык стандарттарга жана сунуштарга багыт алуу колдонулуучу башкаруу
жана байланыш каражаттарынын тизмесин кыскартуу:
в) техника-экономикалык факторлор менен;
КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүндө башкарууну авто-
матташтырууда колдонулуучу каражаттардын тизмесинин кыйла кењейиши;
башкаруу тутумдарынын функцияланышын камсыздоочу көбүнчө өзүнүн
моралдык жактан эскирген автоматташтыруу жана байланыш каражаттарынын
жетишсиз натыйжалуулугу;
"натыйжалуулук-жүзөгө ашыруучулүк-нарк" критерийине жооп берүүчү
аскерлерди башкаруунун байланышынын жана автоматташтыруунун жањыланган
комплекстерин түзүү боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин өндүрүшүндө
жана коргоо министрликтеринин илимий-изилдөө мекемелеринде илимий-тех-
никалык бүтөөлөрдүн жетиштүүлүгү;
дүйнөлүк маалымат чөйрөсүндө КМШга катышкан мамлекеттердин жањы
маалымат технологияларына жеткиликтүүлүгүнө каршы аракетке маалыматтык
каражаттардын жана маалыматтык продукттардын индустриясында эмгекти
дүйнөлүк бөлүштүрүүдө КМШга катышкан мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн өз
ара пайдага жана тењ укуктуу катышууга, ошондой эле маалыматташтыруу
жаатында технологиялык көзкарандылыкты күчөтүү үчүн шарттарды түзүүгө
багытталган бир катар мамлекеттер тарабынан өткөрүлүүчү бийиктикте ту-
руу саясаты;
куралдуу күрөштүн максаттарына жетишүүдө маалыматтык каршы туруу-
нун ролунун өсүшү.
II. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу
күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш
тутумун түзүү
2.1. Байланыш тутумун түзүүнүн башкы максаты болуп улуттук курал-
дуу күчтөрдүн учурдагы жана кайра түзүлгөн байланыш түйүндөрүнүн башка-
руу пунктарын, КМШга катышкан мамлекеттердин мамлекеттик байланыш тар-
мактарын пайдаланууга негизделген КМШга катышкан мамлекеттердин курал-
дуу күчтөрүн, аскерлердин (күчтөрдүн) коалициялык (региондук) топторун
натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо болуп саналат.
2.2. Байланыш тутумун түзүүнүн негизги маселелерине төмөнкүлөр ти-
ешелүү:
Байланыш тутумуна ыкчам-техникалык талаптарды түзүү;
коллективдүү коопсуздук кызыкчылыгында корголгон маалыматтык мей-
киндик түзүү;
аскер байланышынын тутумун, комплекстерин жана каражаттарын
өнүктүрүүдө алардын КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн
илимий-техникалык бүтөөлөрүн модернизациялоонун жана жүзөгө ашыруунун
негизинде ишин улантуучулукту камсыздоо;
КМШга катышкан мамлекеттердин куралдануусунда турган атамекендик
жана чет өлкөлүк өндүрүштөгү байланыштын комплекстеринин жана каражат-
тарынын сыйышуусун камсыздоо боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу;
байланыштын комплекстерин жана каражаттарын бирдей калыпка кел-
тирүү жана стандартташтыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
коллективдүү коопсуздук кызыкчылыгында биргелешкен маселелерди
чечүүдө Байланыш тутумун түзүү үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү.
III. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн
биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун түзүүнүн
негизги принциптери
3.1. Байланыш тутумун түзүүнүн максаттарын жана маселелерин жүзөгө
ашыруу үчүн КМШга катышкан мамлекеттер төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат:
Байланыш тутумун түзүүдө КМШга катышкан мамлекеттердин катышуусу-
нун жана алардын Байланыш тутумунун жогорку күжүрмөн даярдыгы, турукту-
улугу, мобилдүүлүгү үчүн өз ара жоопкерчилигинин эркиндиги;
Байланыш тутумунда маалыматтык алмашуу үчүн орус тилин колдонуу;
улуттук куралдуу күчтөрдүн байланыш тутумун техникалык жана техно-
логиялык тутумдаш макулдашылган талаптарды камсыздоо;
Байланыш тутумунун куралдуу күчтөргө жана аскерлердин (күчтөрдүн)
коалициялык (региондук) топторуна, КМШга катышкан мамлекеттердин аскер-
леринин (күчтөрүнүн) коалициялык (региондук) топторунун түзүмүнө,
күжүрмөн жана эсептик курамына жүктөлгөн маселелерге ылайык келиши;
региондордун географиялык шарттарынын эсеби, операциялык багыттар-
ды ажыратуу, алардын чектериндеги чечилүүчү маселелердин көлөмү;
аскердик аракеттерди баштоонун жана жүргүзүүнүн каалаган шартта-
рында аскерлердин (күчтөрдүн) коалициялык (региондук) топторун башкару-
уда байланыштын маселелерин чечүүнүн минималдык мүмкүн болгон дењгээлин
кепилдүү камсыздоонун жетиштүүлүгү;
"натыйжалуулук-нарк" критерийи боюнча КМШга катышкан мамлекеттер-
дин ар биринин бөлүнгөн акча каражаттарынын чектеринде КМШга катышкан
мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн башкаруу жана байланыш тутумунун не-
гизги багыттарын өнүктүрүүнүн баланстуулугу.
IV. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн
биргелешкен (бириккен) байланыш тутумунда маалыматтык
коопсуздукту камсыз кылуу
4.1. Байланыш тутумунда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга
байланыш тутумун жана техникалык каражаттарын колдонууда КМШга катышкан
мамлекеттердин мамлекеттик (мамлекет аралык) сырларды сактоого багыт-
талган уюштуруу-техникалык, административдик-укуктук жана башка чара-
лардын комплексин өткөрүү, жашырындатылган аппаратураны пайдалануу эре-
жесин так сактоо, БЖА (байланыштын жашырындатылган аппаратынын) (под-
разделениелеринин) органдары үчүн жайларды тандоо жана жабдуу талапта-
рын жана БЖА аппараттарын жайгаштыруу жана монтаждоо, жашырындуулук ре-
жимин бекем сактоо менен жетишүү керек.
4.2. Байланыш тутумунда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу
темөнкүлөр менен жетишилет:
маалыматты коргоонун белгиленген бирдей укуктук, программа-техни-
калык жана уюштуруу ыкмаларын сактоо менен;
байланыш жана башкаруу каражаттарын колдонууда маалыматтык кооп-
суздукту камсыздоо менен;
Байланыш тутумунда персоналдардын аракетин контролдоону камсыздоо
менен.
V. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн
биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун түзүүнүн этаптары
5.1. Байланыш тутумун түзүү КМШга катышкан мамлекеттерден улуттук
жана мамлекет аралык дењгээлдерде кењири чөйрөдөгү ченемдик укуктук,
техникалык жана финансылык маселелерди жүзөгө ашыруу процессинде алгы-
лыктуулукту талап кылуучу масштабдуу жана татаал маселе болуп саналат.
5.2. Байланыш тутумун түзүү бир нече этаптарда ишке ашырылат.
Биринчи этап (2003-2005-ж.ж.):
Байланыш тутумун түзүүнүн келишим-укуктук негизин аныктоочу доку-
менттерди иштеп чыгуу;
Байланыш тутуму жөнүндө жобону кабыл алуу;
тынчтык, ошондой эле согуш мезгилиндегидей, анын ичинде өзгөчө
кырдаалдардын келип чыгышында КМШга катышкан мамлекеттердин аскерлери-
нин (күчтөрдүн) коалициялык (региондук) топторун башкарууну камсыз кы-
лууда Байланыш тутумунун түзүмүн аныктоо;
улуттук байланыш тутумун өнүктүрүү, модернизациялоо жаатында бир-
гелешкен аскердик-техникалык саясатты иштеп чыгуу жана аныктоо макса-
тында илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү;
КМШга катышкан мамлекеттердин АӨК (аскердик өндүрүш комплекси) иш-
каналарынын аскер багытындагы байланыш комплекстеринин жана каражатта-
рынын өндүрүшү жана оњдоосу жана байланыштын жана БАТтын ("АСУ") техни-
касынын жањы иштеп чыгууларынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды
анализдөө жана алмашууларды жүргүзүү;
коллективдүү коопсуздук региондорундагы байланыш тутумдарына ана-
лиз жүргүзүү, алардын КМШга катышкан мамлекеттердин аскерлеринин
(күчтөрдүн) коалициялык (региондук) топторун башкаруу маселелерине тие-
шелүүлүгүн баалоо, КМШга катышкан мамлекеттердин аймагында байланыш
инфратүзүмдөрүн түзүү боюнча пикирлерди (сунуштарды) иштеп чыгуу;
КМШга катышкан мамлекеттердин байланыш каражаттарынын сыйымдуулугу
жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдык каталог түзүү жана алардын кайта-
рымдуу ишин камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн генералдык штаб-
дарынын, аскерлеринин (күчтөрдүн) коалициялык (региондук) топторунун
курамына киргизилген биригүүлөрдүн, бирикмелердин жана бөлүктөрдүн
КМШга катышкан мамлекеттердин байланыш тармактарынын учурдагы сыйымдуу
ресурстарынын эсебинен башкаруу пункттарынын байланыш тутумдарынын жана
түйүндөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүн уюштуруу;
КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн байланыш тармак-
тарынын каналдары менен өз ара алмашууларды пландоо;
штабдардын жана аскерлердин тынчтык жана согуш мезгилиндеги өз ара
аракеттенишүүсүн камсыздоо кызыкчылыгында КМШга катышкан мамлекеттердин
байланыш министрликтеринин кошумча байланыш каналдарын пландоо;
байланыштын негизги тармактарын жана жашырындатылган байланыштын
багыттарын пландоо;
радио- жана космикалык байланышты колдонууну биргелешип пландоо;
башкаруу пункттарынын байланыш түйүндөрүнүн чакырыктарын иштеп чы-
гуу жана алмашуу.
Экинчи этап (2005-2010-ж.ж.):
Байланыш тутумун ар тараптуу камсыздоону пландоо;
Байланыш тутумун жайылтуу боюнча практикалык иш-чараларды даярдоо
жана өткөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
макулдашылган пландардын негизинде күжүрмөн даярдыкта Байланыш ту-
тумун кармоо боюнча окууларды, машыгууларды өткөрүү;
аскердик-саясий кырдаалдардын бардык шарттарында натыйжалуу колдо-
нуу даярдыгына байланыштын колдонуудагы тутумунун бөлүнгөн ресурстарын
өнүктүрүү жана кубаттоо;
КМШга катышкан мамлекеттердин армиясынын куралдануусунда турган
атамекендик жана чет өлкөлүк өндүрүштөгү байланыштын комплекстеринин
жана каражаттарынын сыйымдуулугун камсыздоо жана байланыш тутумун андан
ары интеграциялоо жана эларалык стандарттардын жана учурдагы технологи-
ялардын негизинде байланышты башкаруу;
улуттук куралдуу күчтөрдүн байланыш аскерлерин жабдуу үчүн КМШга
катышкан мамлекеттерде иштелип чыккан жана өндүрүлгөн аскердик байланыш
техникасын артыкчылыктуу сатып алуу;
илимий жеткиликтүү жана технологиялык татаал багыттар боюнча бай-
ланыштын буюмдарын жана комплекстерин иштеп чыгууга багытталган бирге-
лешкен КРИИО пландоо;
мурда берилген жана өндүрүлгөн АТКны модернизациялоону ишке ашы-
руу.
VI. КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн
биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун түзүү Концепциясын
жүзөгө ашыруу механизми
6.1. Концепцияны жүзөгө ашыруунун негизги механизми болуп КМШга
катышкан мамлекеттердин бюджетинен каржылануучу КМШга катышкан мамле-
кеттердин куралдануунун улуттук программалары жана коргонуу заказдары,
КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн курулуш жана өнүгүү
пландары эсептелет.
6.2. Концепциянын негизги жоболорун жүзөгө ашыруунун тартиби КМШга
катышкан мамлекеттердин коргоо министрлеринин Кењешинин сунушу боюнча
КМШнын Өкмөт башчыларынын Кењеши тарабынан аныкталат.
25-пунктка
Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан
мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен)
байланыш тутумун түзүү Концепциясы жөнүндө
Белорус Республикасын тарабынан киргизилет.
КМШ ӨБКнын бул Чечими менен КМШга катышкан мамлекеттердин куралдуу
күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш тутумун түзүү жаатында че-
немдик укуктук документтерди иштеп чыгуу жана макулдашылган саясатты
түзүү үчүн негиз катары көрсөтүлгөн Концепцияны бекитүү каралууда.
Концепциянын долбоору 2002-жылдын 20-ноябрында КМШнын коргоо ми-
нистрлеринин Кењешинин отурумунда байланыш тутумун түзүүдө Казакстандын
катышуусу бул максаттарга бюджеттик каражаттарды бөлүүнү эске алуу ме-
нен ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө сүйлөшүлүп, жактырылган.
КРнын көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөр менен (тиркелет) КМШ ӨБКнын чечимине
кол коюу сунушталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.