# 43-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык коом менен өз

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 марта 2008 года № 37 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754#diff=479303..479304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 43-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-43

---

ара мамилелери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясий партияларды, диний уюмдар-

ды жана башка коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле мамлекеттик эмес

жалпыга маалымдоо каражаттарын кошуп алганда, жарандык коом менен өз

ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, конституциялык

мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын, адамдын

жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү чечимдерди кабыл

алууда конструктивдүү мамлекеттик-коомдук пикир алышуунун жана коомдук

пикирди эске алуунун негизинде түзүлөт.

Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө жол берилбейт:

- Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана партиялык

институттардын биригишине, ошондой эле алардын ишмердиктеринин партия-

лык программаларга жана чечимдерге баш ийдирилишине;

- мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдардын

түзүлүшүнө жана ишмердигине; мындай жумуштар кызматтык иштерден сыртка-

ры жүргүзүлгөн учурларды кошпогондо мамлекеттик кызматкерлер тарабынан

партиялык жумуштарды жүзөгө ашырууга;

- диний уюмдардын жана диний табынуу кызматкерлеринин мамлекеттик

органдардын иштерине кийлигишүүсүнө.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

VI глава

Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-42)  
Кийинки берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-44)
