# 41-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 41-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-41

---

Эсептөө палатасы менен өз ара аракети

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө

палатасы менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы,

Кыргыз Республикасынын ушул конституциялык Мыйзамынын жана башка мый-

замдарынын негизинде түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик жана башка органдарда

ревизиялар менен текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына киргизүүгө укуктуу. Кыргыз

Республикасынын Эсептөө палатасынын ревизиялар менен текшерүүлөрдүн жы-

йынтыктары боюнча токтомдору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилет.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштамалары Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан аларды алган күндөн тартып отуз күндөн

кечиктирилбестен каралууга тийиш. Аларды ишке ашыруу боюнча көрүлгөн

чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына токтоосуз ка-

барланат.

Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын баяндамалары боюнча бекити-

лет.

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-42)
