41-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
Эсептөө палатасы менен өз ара аракети
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө
палатасы менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
Кыргыз Республикасынын ушул конституциялык Мыйзамынын жана башка мый-
замдарынын негизинде түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик жана башка органдарда
ревизиялар менен текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына киргизүүгө укуктуу. Кыргыз
Республикасынын Эсептөө палатасынын ревизиялар менен текшерүүлөрдүн жы-
йынтыктары боюнча токтомдору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилет.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштамалары Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан аларды алган күндөн тартып отуз күндөн
кечиктирилбестен каралууга тийиш. Аларды ишке ашыруу боюнча көрүлгөн
чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына токтоосуз ка-
барланат.
Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын баяндамалары боюнча бекити-
лет.
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1754/st-41" title="41-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>