# 38-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 38-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-38

---

башкаруу органдары менен өз ара мамилелери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы-

нын, конституциялык жана башка мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Рес-

публикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларга ыйгарылган мамлекеттик ыйга-

рым укуктар жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине

жетекчилик кылат. Ыйгарылган мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

отчет берип турат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчиле-

ринин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тиешелүү аткарбагандыгы

үчүн жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-

бынан каралат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү мамлекеттик

администрациялардын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-39)
