# 33-статья. Өкмөттүн Президент менен өзара мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 марта 2008 года № 37 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754#diff=479303..479304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 33-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-33

---

Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул консти-

туциялык Мыйзамга ылайык Өкмөттүн жана мамлекеттик бийликтин башка ор-

гандарынын макулдашып иштешүүлөрүн жана өзара аракеттенүүлөрүн камсыз

кылат.

Президент Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө, мамлекеттин ич-

ки жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууга багытталган

максаттарды жана милдеттерди аныктоого укуктуу.

Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган

чектерде Президенттин алдында жоопкер.

Өкмөт белгиленген тартипте өз ишинин натыйжалары жөнүндө Президен-

ттин алдында отчет берет.

Президент Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кара-

ма-каршы келген учурда алардын колдонулушун токтото турууга же жокко

чыгарууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган учурларда

Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн, Өкмөттүн, Премьер-министрдин отставкасы туу-

ралу маселени чечүүгө, ошондой эле Өкмөткө, Премьер-министрге же Өкмөт-

түн айрым мүчөсүнө тапшырмаларды берүүгө укуктуу. Президенттен тапшырма

алган Өкмөт мүчөсү бул тууралу Премьер-министрди кабардар кылууга мил-

деттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-34)
