33-статья. Өкмөттүн Президент менен өзара мамилелери
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 марта 2008 года № 37
Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул консти-
туциялык Мыйзамга ылайык Өкмөттүн жана мамлекеттик бийликтин башка ор-
гандарынын макулдашып иштешүүлөрүн жана өзара аракеттенүүлөрүн камсыз
кылат.
Президент Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө, мамлекеттин ич-
ки жана тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашырууга багытталган
максаттарды жана милдеттерди аныктоого укуктуу.
Өкмөт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган
чектерде Президенттин алдында жоопкер.
Өкмөт белгиленген тартипте өз ишинин натыйжалары жөнүндө Президен-
ттин алдында отчет берет.
Президент Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кара-
ма-каршы келген учурда алардын колдонулушун токтото турууга же жокко
чыгарууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган учурларда
Өкмөттүн айрым мүчөсүнүн, Өкмөттүн, Премьер-министрдин отставкасы туу-
ралу маселени чечүүгө, ошондой эле Өкмөткө, Премьер-министрге же Өкмөт-
түн айрым мүчөсүнө тапшырмаларды берүүгө укуктуу. Президенттен тапшырма
алган Өкмөт мүчөсү бул тууралу Премьер-министрди кабардар кылууга мил-
деттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1754/st-33" title="33-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>