# 31-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 31-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-31

---

Жогорку Кењешинин жана анын комитеттеринин, убактылуу

комиссияларынын жыйналыштарына катышуусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинде туруктуу өкүлү болот, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаттары менен туруктуу эриш-аркак иштөө жолу менен Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн керт

башы менен жооп берет.

Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан

кызматка дайындалат жана бошотулат жана өз ыйгарым укуктарын анын

түздөн-түз жетекчилиги астында жүзөгө ашырат.

Өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

туруктуу өкүлү:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, ошондой эле анын коми-

теттери менен убактылуу комиссияларынын жыйналыштарына катышат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин, анын комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын жыйналыштары-

на чакырылган башка кызмат адамдарынын келишин камсыз кылат;

- каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизет,

түшүндүрмөлөрдү берет;

- башка ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн дагы башка

иш-милдеттери жана ишинин маселелери, ошондой эле ага коюлуучу талаптар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү (министр, мамлекет-

тик комитеттин төрагасы, ыйгарым укуктуу адамдар) Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү тарабынан берилген мыйзам долбоорлорун жана Кыргыз Республи-

касынын башка ченемдик укуктук актыларын караганда Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин жана анын комитеттеринин, убактылуу комиссиялары-

нын жыйналыштарына белгиленген тартипте катышат.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-32)
