# 30-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан анын макулдугун

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 30-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-30

---

талап кылган мыйзам долбоорлорунун каралышы

Ушул Конституциялык мыйзамдын 28-статьясында көрсөтүлгөн жана

алардын карамагындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президен-

ти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары тарабынан де-

милге көтөрүлгөн мыйзам долбоорлорун алар Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө макулдашууга жиберет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү макулдук берүүнү талап кылган мыйзам

долбоорлорун мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып отуз күндөн ке-

чиктирбестен белгиленген тартипте карайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган

учурда мыйзам долбоору макулдашылды деп эсептелинет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө байланыштуу болбогон жагдайлар бо-

юнча (корутунду, финансы-экономикалык негиздемелерди, социалдык-эконо-

микалык болжолдоону берүү жана долбоорду кабыл алуунун дагы башка на-

тыйжалары үчүн зарыл маалыматтарды бербөө) корутундуну өз убагында

берүүнүн мүмкүнчүлүгү жок болгондо жазуу жүзүндөгү корутундуну берүүнүн

мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча чечилет.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-31)
