# 29-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мыйзам чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 29-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-29

---

демилгеси иретинде киргизилүүчү мыйзам долбоорлорун

кароо

Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти менен белгиленген тартипте кара-

лат.

Мыйзамдардын долбоорлору жактырылган учурда Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн токтому менен расмий өкүлү көрсөтүлүп бекитилет жана ушул

конституциялык Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын та-

лаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Жогорку Кењешке берилген

мыйзам долбоору толук, ар тараптан жүйөлөштүрүлүп жана аны кабыл алууда

мыйзам долбоорунун кењири мүнөздөмөсү, анын максаттары, негизги жоболо-

ру, колдонуудагы мыйзамдардын тутумундагы орду, аны кабыл алуунун соци-

алдык-экономикалык жана башка натыйжалары, ошондой эле финансылык-эко-

номикалык негиздемеси (мыйзам долбоору киргизилген учурда аны ишке ашы-

руу кошумча материалдык жана башка чыгымдарды талап кылганда) кирген

анын кабыл алынышынын зарылдыгынын негиздемеси камтылууга тийиш.

Эгерде киргизилген мыйзам долбоору башка ченемдик укуктук актылар-

дын жоболоруна ылайык келтирүүнү талап кылса, анда алар бир эле убакта

берилүүгө жана ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн талаптарына жооп берүүгө

тийиш.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-30)
