# 28-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишине

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 28-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-28

---

катышуусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мыйзам чыгаруу демилге укугу таан-

дык.

Мыйзам чыгаруу демилге укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-

нан мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык мыйзам долбоорло-

рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизүү (кезек менен) же

өзгөчө учурларда, бул пландан тышкары (кезексиз) ишке ашырылат.

Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

тарабынан жыл сайын бекитилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам чыгаруу ишине:

- республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна түзөтүүлөр;

- республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр;

- салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу, аларды төлөөдөн бошотуу;

- мамлекеттин финансы милдеттерин өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө;

- мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү

же анын киреше бөлүгүн кыскартууну караган мыйзам долбоорлоруна макул-

дук берүү жолу менен да катышат.

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-29)
