# 21-статья. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 марта 2008 года № 37 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754#diff=479303..479304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 21-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-21

---

комитеттери

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мамлекеттик комитетте-

ри, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук

актыралынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн иштейт, алардын кыйшаюу-

суз аткарылышы боюнча текшерүүлөрдү уюштурат жана алардын аткарылышы

боюнча чараларды көрөт.

Кыргыз Республикасынын министрлиги аткаруу бийлигинин мамлекеттик

саясатты жүргүзүүчү жана тиешелүү чөйрөдө башкарууну жүзөгө ашыруучу

борбордук органы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитети тармактар аралык коор-

динациялоону жана тийиштүү чөйрөдө мамлекеттик органдардын иштерин

координациялоо боюнча башка аткаруучу-тескөөчү ишмилдеттерди жүзөгө

ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук орган болуп саналат.

Эгерде алар Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, министрликтер менен

мамлекеттик комитеттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына

кирбеген маселелер боюнча өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде өз ал-

дынча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу болот.

Министрликтерди министрлер, мамлекеттик комитеттерди - төрагалар

башкарышат, алар министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге

жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн керт башы менен жооп беришет.

Министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын орун

басарларынын (анын ичинде биринчи) ыйгарым укуктары, аларга коюлган та-

лаптар, алардын ишинин жоопкерчилиги жана кепилдиктери министр, мамле-

кеттик комитеттин төрагасы тарабынан аныкталат.

Министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведо-

мостволордо жана аткаруу бийлигинин органдарында консультация-

лык-кењешүү органдары түзүлүшү мүмкүн.

Консультациялык-кењешүү органдарынын чечимдери сунуштоо мүнөзүндө

болот жана аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын ченемдик укуктук акты-

ларды кабыл алуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.

Министрлик, мамлекеттик комитет жөнүндө жоболор Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү тарабынан бекитилет, коргоо, улуттук коопсуздук, ички иш-

тер, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик органдарды кошпогон-

до.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-22)
