20-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштары жана
Күчүн жоготкон · 18.06.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 марта 2008 года № 37
чечимдерди кабыл алуу тартиби
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштары зарылдыгына жараша,
бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарында министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергилик-
түү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органда-
рынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, менчиктин мамлекет-
тик үлүшүнө ээ болгон уюмдардын жана ишканалардын отчеттору үзгүлтүксүз
угулуп турат, алардын ишинин натыйжалары боюнча токтомдор кабыл алынат,
кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарында Кыргыз Республи-
касынын Премьер-министри төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри жок болгондо төрагалык кылуучунун милдетин Кыргыз Республи-
касынын биринчи вице-премьер-министри же Кыргыз Республикасынын ви-
це-премьер-министрлеринин бири аткарат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты, Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту-
нун судьялары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республи-
касынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук
Банкынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына катышууга укуктуу.
Эгерде анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышса, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышы укуктуу болот.
Өкмөттүн жыйналыштарында чечим Өкмөт мүчөлөрүнүн жалпы санынын
көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп калган учурда
Премьер-министр добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарынын материалдары жана
ал боюнча кабыл алынган чечимдер кызматтык маалыматтарга кирет, эгерде
конституциялык жана башка мыйзамдар менен башкача аныкталбаса, аларды
таратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти менен
белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарды өткөрүү жана чечим-
дерди кабыл алуу тартиби ушул статьянын жоболоруна ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн Регламенти менен белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2010 · № 168 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1754/st-20" title="20-статья - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>