# 19-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсүнүн эмгектенүүсүнүн

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1754)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.06.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 18 июня 2012 года № 85 "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 марта 2008 года № 37 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202387)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754#diff=479303..479304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1679/edition/479302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1754/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 19-статья (18.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-19

---

кепилдиктери

Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү өз милдеттерин аткарууга бай-

ланыштуу айткан ой-пикири үчүн же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жый-

налышындагы добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтукка алынышы, анын

ичинде отставкага кеткенден кийин да куугунтукка алынышы мүмкүн эмес.

Өкмөт мүчөсү оор же өзгөчө оор кылмыш үстүнөн кармалгандан тышкаркы

учурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши (анын ичинен турак

жайы, кызматтык жайы, кол жүгү, жеке жана кызматтык транспорт каража-

ты), суракка алынышы же жекече текшерилиши мүмкүн эмес, ошондой эле

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү кызматтык милдеттерин аткаруу

үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү өзүнүн кызматтык иши үчүн ак-

чалай акы алат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-

типте медициналык тейлөө жана социалдык-тиричилик кызмат көрсөтүүлөр

менен камсыз кылынат.

Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жоболор административдик

ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери-

не карата да бирдей түрдө колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

IV глава

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтеринин,

мамлекеттик комитеттеринин жана башка аткаруу бийлик

органдарынын ишин уюштуруу жана анын тартиби

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1754/st-20)
