# КР 2005-жылдын 27-сентябрындагы №153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү" жөнүндө Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2005-жылдын 27-сентябрындагы №153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү" жөнүндө Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 27.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.02.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1752>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1677/edition/284976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1752.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2005-жылдын 27-сентябрындагы №153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү" жөнүндө Мыйзамы (06.02.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1752

---

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

(Кыргыз Республикасынын

2007-жылдын 6-февралындагы № 12

Мыйзамына ылайык)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 27-сентябры, № 153

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТҮЗҮМҮ ЖӨНҮНДӨ

2005 - жылдын 11 - сектябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кенеши тарабынан кабыл алынган

1 статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүдой түзүмү

бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Маданят министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай

иштетүү министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо

министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик

комитети;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети.

### [2-статья. Ушул Мыйзамга ылайык бекитилген түзүм боюнча Кыргыз](https://aqlex.ai/kg/doc/1752/st-2)

Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөрдөн турары белгиленсин:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринен;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринен;

Премьер-министрдин Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын

министринен;

Кыргыз Республикасынын министрлеринен;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан.

### [3-статья. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик](https://aqlex.ai/kg/doc/1752/st-3)

комитеттеринин компетенциясына кирген негизги маселелерди караштырган

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына тиркеме ушул Мыйзамдын ажырагыс бөлүгү болуп

саналат. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана мамлекеттик

комитеттеринин компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан

аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү бекитилген

күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин бекитүүсүнө киргизилет.

### [4-статья. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз](https://aqlex.ai/kg/doc/1752/st-4)

Республикасынын 2004-жылдын 6-февралындагы №10 Мыйзамы күчүн жоготту

деп табылсын.

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1752/st-5)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
