# 9-статья. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1751)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-августандагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267 "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1676/edition/284970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1751/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 9-статья (18.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-9

---

1. Жогорку Кењештин депутаты төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бардык талкууланып жаткан маселелер боюнча тийиштүү түрдө Жо-

горку Кењештин, өзү мүчөсү болгон комитеттин жана комиссиянын жыйналыш-

тарында добуш берүүгө;

2) Жогорку Кењештин ар кандай кызмат ордуна жана органдарына шай-

лоого жана шайланууга;

3) Жогорку Кењеш тарабынан түзүлүүчү органдардын жекече курамы жа-

на Жогорку Кењеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кыз-

мат адамдарынын талапкердиктери боюнча ой-пикирин айтууга;

4) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жана Жогорку Кењештин кароо-

суна киргизүүгө, ошондой эле Жогорку Кењеште каралууга тийиш болгон че-

немдик укуктук актылар боюнча сунуштар киргизүүгө;

5) талкуулоо үчүн Жогорку Кењештин жыйналышында маселелерди сунуш

кылууга, аларды негиздөөгө, күн тартиби боюнча, жыйналышты алып баруу

тартиби боюнча, жол-жобо жана башка маселелер боюнча сунуштар кир-

гизүүгө жана сын-пикирлерин айтууга;

6) талкууланып жаткан бардык маселелер боюнча жарыш сөздөргө каты-

шууга, билдирүү жасоого, реплика жасоого, добуш берүүнүн себеп-жүйөөсү

боюнча чыгып сүйлөөгө, оозеки жана жазуу жүзүндө сунуштар, сын-пикир-

лер, түзөтүүлөр киргизүүгө;

7) Жогорку Кењештин жыйналышында ар кандай мамлекеттик органдын же

болбосо Жогорку Кењеш шайлаган же өзүнүн контролдугу астындагы кызмат

адамынын, ошондой эле алардын мыйзамдарды жана Жогорку Кењештин чечим-

дерин аткаруусу жөнүндө отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуш кир-

гизүүгө;

8) Жогорку Кењешке жана анын органдарына мамлекеттик органдардын

жана коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруусун текшерүүнү жүргүзүүнүн

зарылдыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин карамагына

кирген маселелер боюнча депутаттык иликтөөлөр жүргүзүү жөнүндө сунуш

киргизүүгө;

9) баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга, ошондой эле жый-

налышта төрагалык кылуучуга суроолор берүүгө;

10) Жогорку Кењештин жыйналышында жарандардын коомдук мааниге ээ

болгон кайрылууларын жарыялоого;

11) өзүнүн айтылбай калган сөзүнүн текстин жыйналыштын стенограм-

масына киргизүү үчүн төрагалык кылуучуга өткөрүп берүүгө;

12) Жогорку Кењештин жана анын органдарынын жыйналыштарынын сте-

нограммаларындагы жана протоколдорундагы өзүнүн чыгып сүйлөгөн

сөздөрүнүн тексттери менен жарыяланганга чейин таанышууга;

13) Жогорку Кењештин жыйналыштарына, ошондой эле анын комитеттери

менен комиссияларынын жыйналыштарына, ал эми зарыл болгон учурда-мамле-

кеттик бийлик органдарынын өзү койгон маселелер каралып жаткан жыйна-

лыштарына катышууга;

14) өздөрү мүчө болбогон комитеттер менен комиссиялардын жыйналыш-

тарына катышууга, сунуштарды киргизүүгө, кењешчи добуш берүү укугу ме-

нен маселелерди жана чечимдерди кабыл алууга акылуу;

15) катталган мыйзамдардын долбоорлорунун, Өкмөттүн жана башка

мамлекеттик органдардын токтомдорунун долбоорлорунун көчүрмөлөрүн,

ошондой эле Жогорку Кењеш кабыл алган чечимдердин жана башка документ-

тердин көчүрмөлөрүн алууга;

16) суроо-талаптар менен аткаруу бийлигинин органдарына кайрылуу-

га;

17) өзүнүн депутаттык ишинин маселелери боюнча айына кеминде бир

жолу мамлекеттик радиону жана телекөрсөтүүнү акысыз пайдаланууга.

2. Депутат тарабынан Жогорку Кењештин жыйналышында киргизилген су-

нуштар менен сын-пикирлер ченемдик укуктук актыларды бышыктап иштеп чы-

гууда жана кабыл алууда каралат жана эске алынат.

3. Депутаттардын аталган жана башка укуктарын жүзөгө ашыруусунун

тартиби ушул Мыйзамдын башка статьялары, "Кыргыз Республикасынын Жогор-

ку Кењешинин Регламенти жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын башка мый-

замдык актылары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-10)
