# 7-статья. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарынын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1751)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-августандагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267 "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1676/edition/284970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1751/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 7-статья (18.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-7

---

мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жана алардан ажыратылышы

1. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учур-

ларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

- ал депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө

арыз бергенде;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши таратылганда;

- сот депутатты аракетке жөндөмсүз деп тапканда;

- соттун аны дайынсыз жок же өлдү деп жарыялагандыгы жөнүндөгү че-

чими мыйзамдуу күчүнө кирген учурларда;

- ошондой эле депутат өлгөндө.

2. Жогорку Кењештин депутаты төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укукта-

рынан ажыратылат:

- ага карата соттун күнөө койгон өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен сыйышпаган ишке

өткөндө же андай ишти калтырбаганда;

- шайлоо жараксыз деп табылганда;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышка туруктуу жашоого кеткенде;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же Кыргыз Республи-

касынын жарандыгын жоготкондо.

3. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарынын токтотулушу,

ошондой эле аны ыйгарым укуктарынан ажыратуу Кыргыз Республикасында

Шайлоо жана референдумдар өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтому

менен жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жыйналыштарында бир

сессия ичинде жүйөөлүү себептерсиз дайыма катышпагандыгы үчүн Жогорку

Кењештин депутаты "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Жогорку

Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алын-

ган чечими боюнча депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылат.

II глава

Депутаттын Жогорку Кењештеги иши

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-8)
