# 6-статья. Жогорку Кењештин депутатынын шайлоочулар менен өз ара

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1751)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-августандагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267 "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1676/edition/284970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1751/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 6-статья (18.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-6

---

мамилеси

1. Жогорку Кењештин депутаты Кыргыз Республикасында Мыйзам чыгаруу

бийлигин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү органдагы элдин ыйгарым укуктуу

өкүлү катары өзүнүн статусун жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана

мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, алардын ар-намысын жана ка-

дыр-баркын коргоо үчүн пайдаланат.

2. Жогорку Кењештин депутаты өзүнүн шайлоочуларынын алдында жооп-

туу болот жана аларга отчет берип турат.

3. Жогорку Кењештин депутаты шайлоочулар, саясий партиялар жана

аны депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн коомдук бирикмелер, ошондой

эле анын шайлоо округунун аймагында жайгашкан мамлекеттик органдар жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышта болуп турат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-7)
