# 27-статья. Депутаттын эмгектик укуктарынын кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1751)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-августандагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2008
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267 "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202483)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1676/edition/284970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1751/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө, 27-статья (18.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-27

---

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кењештин

депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын туруктуу негизде иштеген Жогорку

Кењеште жүзөгө ашырат.

2. Жогорку Кењештин депутатына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Өкмөттүн мүчөсү

кызматынан жана башкаруу органдарындагы шайлануучу кызматтан тышкары

мамлекеттик мекемелердеги, ишканалардагы жана уюмдардагы мурда аткарып

келген иши (кызмат орду) берилет, ал эми мурдагы кызматынын жоюлушу же

ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жоюлушуна байланыштуу мындай

мүмкүнчүлүк болбосо, ошол эле ишканада, мекемеде жана уюмда же болбосо

депутаттын макулдугу менен бөлөк ишканада, мекемеде, уюмда мурдагысына

тете башка иш же кызмат орду берилет.

3. Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкер-

леринин ичинен болгон Жогорку Кењештин депутатына ээлеген кызматына

ылайык кезектеги аскердик же атайын наам ыйгаруу кечиктирилиши мүмкүн

эмес.

4. Ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктагандан кийин эмгекке орноштуруу

мезгилинде туруктуу негизде иштеген Жогорку Кењештин депутатынын орточо

эмгек акысы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып алты айдан

ашпаган мезгилге сакталат.

5. Жогорку Кењештин депутатынын депутаттык милдеттерин аткаруу ме-

нен байланыштуу алар шайланган тиешелүү областтын, болбосо Бишкек шаа-

рынын аймагынан тышкары жашаган убактысы, эгерде ал шайланганга чейин

ошол жерде жашаса, көрсөтүлгөн административдик аймактарда туруктуу жа-

шаган убакыт болуп эсептелинет.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1751/st-28)
