12-статья. Депутаттык суроо-талап
Күчүн жоготкон · 18.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267.
1. Жогорку Кењештин депутаты аткаруу бийлик органдарына жана алар-
дын кызмат адамдарына суроо-талап коюу укугуна ээ болушат, алар су-
роо-талапка бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жооп берүүгө милдеттүү.
2. Депутаттык суроо-талап жазуу жүзүндө болот. Эгер ал Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин жыйналышында киргизилсе, депутат же анын
өтүнүчү боюнча Жогорку Кењештин жыйналышында төрагалык кылуучу су-
роо-талапты жарыялайт.
3. Депутаттардын жазуу жүзүндөгү же Жогорку Кењештин жыйналышы
убагында оозеки айткан аткаруу бийлик органдарына жана алардын кызмат
адамдарына карата суроо-талаптары депутаттын жеке өзү тарабынан түзүлөт
жана ага депутат өзү кол коет.
4. Депутаттык суроо-талапка ушул статьянын биринчи бөлүгүндө бел-
гиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп алынбаган учурда жооптун ке-
чигүүсүнө күнөөлүү органдын өкүлү же кызмат адамы түшүндүрмө берүү үчүн
Жогорку Кењештин жыйналышына чакырылышы мүмкүн.
5. Кызмат адамы, эгерде бериле турган маалымат мамлекеттик же ас-
кердик сырды камтыса, суроо-талап жазуу жүзүндө жооп кайтаруудан баш
тартууга акылуу.
6. Министрликтердин, ведомстволордун жана менчигинин түрүнө кара-
бастан уюмдардын, аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ти-
йиштүү комитеттеринин суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењеши кабыл алган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылышын
текшерүү үчүн зарыл болгон материалдарды берүүгө, аны жүзөгө ашыруу
үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
Текшерүүчүлөр объекттерге тоскоолсуз кирүү, мыйзамдар менен чечим-
дерди турмушка ашыруу боюнча жетекчилер көргөн иш-чаралар менен тааны-
шуу укугуна ээ болушат.
7. Жогорку Кењештин депутаты суроо-талапка мамлекеттик органдардын
же кызмат адамдарынын берген жоопторуна баа берүүгө акылуу. Жогорку
Кењештин депутаттарынын 1/5 бөлүгүнүн кем эмеси колдогон талабы боюнча
депутаттык суроо-талапка байланыштуу маселе күн тартибине киргизилет.
Талкуулоонун натыйжасы боюнча токтом кабыл алынат. Суроо-талап, ага бе-
рилген жооп, суроо-талапты кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтому жалпыга маалымдоо ка-
ражаттарында жарыяланууга тийиш.
Берененин тексти 18.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1751/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>