# 1-статья

- Документ: [Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/1750)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы № 152 "Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1750/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1675/edition/284969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1750/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 1-статья (19.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1750/st-1

---

"Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4,

159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын аталышындагы бүткүл текстте ар түрдүү жөндөмөдөгү жа-

на сандардагы "коммуналдык" деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандар-

дагы "муниципалдык" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 1-статьяда:

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-

нын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө болгон жергиликтүү жама-

аттардын менчиги.";

төртүнчү абзацта "жергиликтүү өз алдынча башкаруу менчигинде тур-

ган мүлктү" деген сөздөр "муниципалдык менчикти" деген сөздөр менен ал-

маштырылсын;

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдар - муници-

палдык менчикти менчиктештирүү тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республи-

касынын ченемдик-укуктук актылары.".

3. 2-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мүлккө муниципалдык менчик укугунун пайда болушу, ишке ашыры-

лышы жана токтотулушу менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Жер кодексте-

ри, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктук

актылары менен жөнгө салынат.".

2-пункт "зарыл болгон" деген сөздөрдөн кийин "муниципалдык" деген

сөз менен толукталсын.

4. 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-глава.

Муниципалдык менчик укугунун пайда болушу

жана мамлекеттик каттоо. Муниципалдык менчик

объекттерин эсепке алуу".

5. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья. Жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчикти

башкарууга жана тескөөгө катышуусу

Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына

кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө

түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө ка-

ралышы керек.".

6. 5-статьяда:

үчүнчү абзацта "жергиликтүү коомчулуктун казынасына" деген сөздөр

"жергиликтүү бюджетке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- муниципалдык менчикке түшкөн ээсиз буюмду соттун чечими менен

таануунун натыйжасында;".

7. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик менчик объек-

ттерин кабыл алуу жергиликтүү кењештин макулдугу менен жүргүзүлөт.".

8. 7-статьяда:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлккө укуктарды

мамлекеттик каттоо жана алар менен жасалган бүтүм";

1-пунктта "коммуналдык менчикке" деген сөздөр "муниципалдык мен-

чиктеги кыймылсыз мүлккө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-статья. Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү

документтер

Муниципалдык менчик объекттерине укук белгилөөчү документтер болуп

мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, соттун чечимдери, келишимдер жана

башка бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал-

ган мүлккө муниципалдык менчик укугун белгилөөчү башка актылар сана-

лат.".

10. 10 -статьяда:

бешинчи абзац алып салынсын;

алтынчы абзацта "өзгөрүп кайра түзүлгөндө, бириктирилгенде же" де-

ген сөздөр алып салынсын.

11. 11-13-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-статья. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана

алып коюу

1. Муниципалдык менчиктеги мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү

же алмаштыруу жолу менен ажыратылышы мүмкүн.

2. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча

башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын чечиминин негизинде

жүргүзүлөт. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартиби жергиликтүү

кењеш тарабынан белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды копшо-

гондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү алып коюуга жол берилбейт.

---

Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1750/st-12)
